Америка Кубаны караңгылыкка түртүп, ымыркайлардын өлүмүн 148%га көбөйтүүдө!

Басма сөз баянаты
Америка Кубаны караңгылыкка түртүп, ымыркайлардын өлүмүн 148%га көбөйтүүдө!
2026-жылдын январь айынан тартып Америка Кариб деңизиндеги чакан Куба аралына мунай эмбаргосун (чектөө) киргизди. Америка 1962-жылдан бери Кубага каршы эмбарго колдонуп келгени менен, анын катуулугу убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турган. Бирок 2017-жылы Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө Америка менен Кубанын мамилеси кескин начарлады. Ал Кубага карата саякат жана соода тармактарында чектөөлөрдү киргизип, санкцияларды кайра күчөттү, Кубаны кайрадан терроризмди колдоочу мамлекеттердин тизмесине киргизди. Бул болсо Куба туш болуп жаткан экономикалык кыйынчылыктарды ого бетер күчөттү. Трамп ушул жылдын өзүндө эле эки буйрукка кол койду: бири январь айында, экинчиси май айында. Бул буйруктар Кубага түз же кыйыр түрдө мунай жеткирген ар кандай мамлекеттен, айрыкча Венесуэла менен Мексикадан келген импортко бажы тарифтерин жана чектөөлөрдү киргизет. Бул кубалыктардын жашоосуна өтө оор кесепеттерин тийгизди. Бензин менен дизелдин тартыштыгынан улам транспорт дээрлик токтоп калды. Электр энергиясы кеңири масштабда өчүрүлүп, күнүнө 20 саатка чейин созулууда. Натыйжада көптөгөн аймактарда агын суу үзгүлтүккө учурады, айыл чарба логистикасы менен коомдук транспортто көйгөйлөр жаралды, таштанды чогултуу токтоду жана азык-түлүктүн кескин тартыштыгы гуманитардык кырсыкка алып келди.
Учурдагы курчоонун эң оор жүгүн аялдар менен балдар көтөрүүдө. Мектептердин жабылышынан улам билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелип, айрым учурларда таптакыр жок болду. Ошондой эле азык-түлүктүн тартыштыгы, анын ичинде жети жашка чейинки ар бир балага күн сайын берилүүчү бир литр субсидияланган сүттү камсыз кылуудагы кыйынчылык начар тамактануу чөйрөсүн пайда кылды. Бул болсо балдардын эрте өсүшүнө, дене түзүлүшүнүн өнүгүшүнө жана иммундук системасынын бекемдигине терс таасирин тийгизүүдө. Канализация, суу менен камсыздоо жана муздатуу системаларынын иштен чыгышы суу жана ташуучу курт-кумурскалар аркылуу жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучун күчөттү. Натыйжада саламаттык сактоо тармагы кыйроонун босогосуна жетти. Кош бойлуу аялдар жетишсиз тамактануу менен эле чектелбестен, төрөт боюнча медициналык жардамга жана ультраүндүк текшерүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүнүн да чектелишинен жапа чегүүдө. Ошондой эле салмагы төмөн төрөлгөн ымыркайлардын үлүшү көбөйгөнү байкалууда.
Эң үрөй учурган көрүнүш — өзгөчө Батыш жарым шарында ымыркайлардын өлүмү эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бирине ээ болгон Кубада — Американын киргизген курчоосу жана чектөөлөрү натыйжасында ымыркайлардын өлүмү 148%га көбөйдү. Ошондой эле «Кубадебате» сайты жарыялаган баяндамада энергияга байланыштуу чектөөлөр 2026-жылдын январь айында киргизилгенге чейин рак менен ооруган балдардын аман калуу көрсөткүчү 85% болсо, андан кийин 65%га чейин төмөндөп кеткен. Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк жакында мындай деди: «Дарыгерлерде медициналык каражаттар жана негизги дары-дармектер жетишсиз болгондуктан, балдар каза болуп жатышат».
Куба жана бүтүндөй Латын Америкасы беш кылым мурда колонизаторлор келгенден бери кулчулуктун, жакырчылыктын жана зомбулуктун айлампасында жашап келет. Дүйнөгө үстөмдүк кылуу үчүн жапайычылык ыкмаларды колдонуп, бейкүнөө адамдарды акылга сыйбаган азаптарга калтырган Америка өзүнүн террордук доору Жаратуучунун шарияты менен өкүм жүргүзгөн мамлекеттин пайда болушу менен аяктаганга чейин Латын Америкасын муунтууну уланта берет. Ал мамлекет болсо адамдардын өмүрүнүн кол тийбестигине кам көрүп, дүйнө жүзүндөгү бардык зулумдуктарга каршы тура турган, пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Ал Латын Америкасын фатх кылууга, анын элдерине урмат-сый жана кадыр-барк менен мамиле кылууга жана колониялык державалар тарабынан кылымдар бою алардын жерлерине жасалган зулумду жоюуга аракет кылат.
VIII кылымда Испания өз элине оор салыктарды салып, алардын көбүнө зулумдук кылган залим падыша Родериктин башкаруусунда турган кезде, христиан жетекчилеринин бири граф Жулиан Умавийлер Халифалыгы тарабынан Түндүк Африкага вали болуп дайындалган Муса ибн Нусайрга кайрылып, Испаниянын мазлум элине жардам берүүсүн суранган. Буга жооп катары Муса жаш кол башчы Тарик ибн Зиядды 7000ден 10000ге чейинки жоокерден турган аскер менен Андалуска жөнөткөн. Өздөрүнөн он эсе көп деп айтылган аскерге каршы турушканына карабастан, мусулмандар жеңишке жетишип, Андалус Исламдын башкаруусуна өткөн. Бул жер Андалус деген ат менен белгилүү болуп, дүйнөдөгү эң улуу цивилизациялардын бирине айланган. Ошондуктан, Халифалык кайра тикеленсе, Аллахтын уруксаты менен мусулмандарга жана алардын жерлерине гана эмес, фатх кыла турган бардык элдерге жана аймактарга да коопсуздук менен ар-намыс алып келет.
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү
01.07.26




