Роя гезити

Американын жаңы стратегиясы жана анын коопсуздук боюнча ар тараптуу кепилдиктерден баш тартышы

Американын жаңы стратегиясы жана анын коопсуздук боюнча ар тараптуу кепилдиктерден баш тартышы

Трамптын азыркы администрациясы ушул жылдын башында жаңы коопсуздук стратегиясын кабыл алып, анда өзүнүн артыкчылыктуу багыттарын кайрадан ирээтке келтирди. Бул стратегиядагы эң маанилүү элементтердин тартибин белгилеп көрсөттү. Алар, эң оболу, Американын өзүн жана Батыш жарым шардагы ага коңшу аймактарды коргоодон башталып, Кытайды ооздуктоо жана анын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылуу менен уланып, акырында союздаштарын, өзүнө көз каранды мамлекеттерди жана тарапташтарын өз өлкөлөрүн коргоо жоопкерчилигин өз мойнуна алууга мажбурлоо менен аяктайт. Мында Америка аларга чектелген, бирок маанилүү колдоо көрсөтөт.

Мисалы, Европа аскердик чыгымдарын ички дүң продукциясынын 3,5%ына чейин көбөйтүү, мындан тышкары коопсуздукка 1,5% бөлүү аркылуу, коргонуу жана коопсуздук үчүн жалпысынан 5% сарптап, өзүн коргоо жоопкерчилигин алышы керек.

Ал эми Жакынкы Чыгышта Америка аймактагы ири мамлекеттерди өзүнүн көрсөтмөсү астында аймактык коопсуздукту сактоо милдетин аткарууга үндөп жатат. Американын президенти Трамп кубаттаган Мекке альянсы мунун иш жүзүндөгү көрүнүшү болуп саналат. Ошондой эле яхудий мамлекети да Америка пландаштыргандай, аймакта Иранды жана анын кол алдындагы күчтөрдү ооздуктоодо, ошондой эле «экстремизмге» каршы күрөшүүдө Америка менен бирге катышып жатат.

Американын бул жаңы стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, ага шайкеш жана анын негизинде, Американын Сирия, Түркия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери боюнча атайын өкүлү Том Баррактын 2026-жылдын 20-октябрында Дохада өткөн Дүйнөлүк коопсуздук форумунда жасаган билдирүүлөрү орун алды. Ал бул билдирүүлөрүндө Американын Жакынкы Чыгыштагы коопсуздуктун кепили катары ролу төмөндөп жатканын баса белгиледи. Ал ачык-айкын түрдө мындай деди: «Кошмо Штаттар мындан ары мунай жана аскердик кызматташтыктын ордуна өз союздаштарына абсолюттук коопсуздук кепилдиктерин берүүнү каалабайт. Аймактагы мамлекеттер өз коопсуздугу үчүн көбүрөөк жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек».

Бул Америка мындан ары эч бир мамлекетке ар тараптуу кепилдик бербей калганын жана жергиликтүү, аймактык коргонуу милдетин аткарууда өз союздаштарына жана тарапташтарына таяна баштаганын билдирет.

Йемендеги согуш бул саясий чындыкты далилдеди. Ибн Салман Трамптан Америка Сауд Арабиясына ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүн суранганда, Трамп Сауд Арабиясы күчтүү мамлекет экенин жана өзүн өзү коргой аларын, Америка Сауд Арабиясын коргоо үчүн эч кандай согуштук аракеттерге катышпай турганын, болгону ага логистикалык колдоо гана көрсөтө аларын айтты.

Ал тургай Иранга карата Американын аскердик риторикасынын катуу болушу да маалымат каражаттарындагы пропаганда гана. Анткени Том Баррак анын президенти Трамп Катардын ортомчулук аракеттери аркылуу Иран менен тынчтык келишимине жетишүүгө олуттуу аракет кылып жатканын айтты.

Баррак форумда эч кандай кыйытмасыз, ачык-айкын түрдө Кошмо Штаттар «мындан ары дүйнөнүн эч бир жериндеги аймактардын коопсуздугунун кепили болбой калды» деп айтты.

Ал ошого карабастан Америка дүйнөдөгү саясий иштерге жетекчилик кылуудан баш тартууну каалабай турганын түшүндүрдү. Башкача айтканда, Америка маанилүү окуяларды көзөмөлдөөнү улантат жана чыгымдарды өз мойнуна албастан, дүйнөнү көшөгө артынан башкарууну улантат. Бирок көшөгө артынан жетекчилик кылуу жана чыгымдарды өз мойнуна албоо узак мөөнөттө эл аралык окуялардын жүрүшүн көзөмөлдөөдө ийгиликке жеткирбейт. Тескерисинче, Америка мурдагыдай ар тараптуу коопсуздук кепилдиктерин бербей калгандыктан, окуяларга болгон таасирин акырындык менен жоготот. Анткени дүйнө каражат жумшабаган жана каржылабаган тарапка баш ийбейт, согушту өзү жетектебеген тарапка моюн сунбайт жана көрсөтмөлөр менен буйруктарды түздөн-түз бербеген тараптын сөзүн укпайт. Себеби үстөмдүк кылуу чыгаша кылууну талап кылат. Ал эми чыгаша кылуу ишин башкага тапшырган тарап, бир аз убакыт өткөндөн кийин болсо да, өз үстөмдүгүн жоготот. Анткени өкүл аркылуу жүргүзүлгөн согуш менен түздөн-түз өзү жүргүзгөн согуш бири-биринен айырмаланат.

Ири мамлекеттер Америка дүйнөлүк коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуунун чыгымдарын өз мойнуна албагандыктан, дүйнөгө жетекчилик кылуудан четтеп жатканын эрте эле түшүнүштү. Маселен, Британиянын мурдагы тышкы иштер министри Иветт Купер дүйнөлүк түзүмдүн туруктуулугу үчүн Европа жана эл аралык деңгээлдеги биргелешкен кызматташтык, эл аралык түзүмдү жана жалпы эрежелерди сактоо, бир тараптуу аракеттенүү тенденцияларына каршы эл аралык укуктун үстөмдүгүн коргоо идеясын баса белгиледи. Башкача айтканда, ал эл аралык абалдын өзгөргөнүн жана Американын дүйнөгө жетекчилик кылуудан четтеп жатканын түшүнүп, мындай деди: «Дүйнө ачык-айкын өзгөрүп жатат жана биз кыйынчылыктарга карата реалист болушубуз керек… Британия менен Европа мындан ары эски коопсуздук моделдерине өзүнөн өзү түшүнүктүү нерсе катары таяна албайт. Биз өз алдынча суверендүү жетекчилигибизди жана улуттук туруктуулугубузду бекемдешибиз керек. Ошондой эле НАТОдо жана Европадагы жетекчилигибизди жана таасирибизди сактап калуу үчүн коргонуу чыгымдарыбызды ички дүң продукциянын 3%ына чейин көбөйтүү процессин тездетүү аркылуу коргонууга көбүрөөк инвестиция салышыбыз керек».

Анын «эски коопсуздук моделдери» деген сөзүнөн көздөгөнү — мурда Америка дүйнөлүк коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуу жоопкерчилигин жалгыз өзү же союздаштарынын экинчи даражадагы жардамы менен өз мойнуна алган моделдер.

Американын дүйнөгө түздөн-түз жетекчилик кылуудан, андагы эң маанилүү элемент болгон (коопсуздук кепилдиктеринен) баш тартуу аркылуу четтеп жатканы, шексиз, дүйнө мамлекеттерин Американын колонизатордук үстөмдүгүнөн куткара турган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул аларга чоң өлчөмдө көз карандысыздыкка жетүүгө шарт түзүп, эл аралык атаандаштык үчүн жаңы эшиктерди ачат. Ошондой эле, өзгөчө Ислам үммөтүнө жаңы эл аралык сахнада өз ордун жеңилирээк ээлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Айрыкча, эгер үммөт өзүн чыныгы мааниде өкүлчүлүк кылган жана Исламды аклий акыйда катары колдонгон, андан жашоо түзүмү келип чыккан чыныгы Ислам мамлекетин тикелөөгө жетишсе.

Роя гезити

Абу Хамза Аль-Хатвани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button