Амр ибн Маъдикариб аз-Зубайди

Амр ибн Маъдикариб аз-Зубайди
Ал Амр ибн Маъди Кариб ибн Абдуллах ибн Амр ибн Исм ибн Амр ибн Зубайд ал-Асгар ибн Рабиа ибн Салама ибн Мазин ибн Рабиа ибн Мунаббих.
Маъдикариб деген ысым — Йеменден келип чыккан байыркы араб эркек ысымы. Ал «кайгы-капа, муң же бузгунчукулук буйтап өткөн, таасир этпеген адам» деген маанини билдирет. Ошондой эле бул ысым «күчтүү», «жардам берүүчү» же «берекелүү» деген маанилерди билдирери да айтылган.
Амр ибн Маъдикариб Пайгамбарга ﷺ келип, Исламды кабыл алганда, Пайгамбар ﷺ ажылык ибадаттарына байланыштуу – айрым риваяттарда – ага жана Зубайд уруусундагы бир туугандарына кайрылып: «Арафат өрөөнүнөн өтүп кеткиле. Анткени алар Исламды кабыл алышкан соң силердин бир туугандарыңар болуп калышты», – деген. Ошондой эле ага жана анын элине талбияны туура айтуунун тартибин үйрөткөн.
Жахилият доорунда ал чабуулдарды уюштурган адам болгон жана арабдардын арасында кеңири таанылган. Бул тууралуу Абу Мухаммад ал-Хамдани мындай деген: «Таслис — Нажд аймагындагы өрөөн. Ал Жараштан чыгышты көздөй түштүк тарапта эки күндүк, ал эми Нажрандан түндүк тарапта үч жарым күндүк жол аралыкта жайгашкан. Таслис Бану Зубайд уруусуна таандык. Алар бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде жашашат. Амр ибн Маъдикариб аз-Зубайдинин турак жайы да ошол жерде болгон».
Башка бир жерде ал: «Таслисте Амр ибн Маъдикарибдин чеби жана курма бактары болгон», – деген.
Анын Райхана аттуу карындашы ас-Симма ал-Асгардын аялы болгон. Ал андан Дурайд ибн ас-Симма менен Абдуллахты төрөгөн. Ошондой эле Амр аз-Зибрикан ибн Бадрдын таякеси тараптан бөлөсү болгон.
Ал сахабалардын бири болгон. Денеси зор, бою абдан узун эле. Умар ибн ал-Хаттаб (розияллаху анху) аны көргөн сайын анын дене түзүлүшүнө жана узун боюна таң калып: «Бизди да, сени да жараткан Аллах бардык кемчиликтерден аруу, оо Амр!», – деп айтчу.
Анын Исламды кабыл алышы:
Анын Исламды кабыл алышы тууралуу ушул окуя риваят кылынат. Пайгамбар ﷺ тууралуу кабар ага жана анын досу Кайс ибн Макшухка жеткенде, ал досуна мындай деген: «Бизге Курайш уруусунан Мухаммад деген бир адам Хижазда чыгып, өзүн пайгамбармын деп айтып жатканы тууралуу кабар жетти. Жүр, ага барып, анын ишин көрөлү. Эгер ал өзү айткандай пайгамбар болсо, бул сенден жашыруун калбайт. Эгер андай болбосо, аны да билебиз».
Бирок Кайс ибн Макшух буга макул болгон эмес. Ошондо Амр өзү Мадинага барып, Саъд ибн Убаданын үйүнө токтогон. Саъд аны сый-урмат менен тосуп алып, Пайгамбарга ﷺ ээрчитип барган. Ошентип, ал Исламды кабыл алган.
Ал акын жана атчан жоокер болгон. Эр жүрөктүүлүгү жана ат үстүндө согушуу чеберчилиги менен атагы чыгып, а түгүл «арабдардын баатыры» деген лакапка ээ болгон. Анын «ас-Самсама» деген кылычы бар эле.
Умар ибн ал-Хаттаб Амр ибн Маъдикарибден ошол атактуу кылычын жөнөтүүнү суранган. Амр кылычын момундардын амирине жөнөткөн. Умар аны менен чаап көргөндө, кылычтын күчү жана курчтугу өзү уккан деңгээлде эмес экенин байкаган. Ошондо Умар Амрга кат жазып, бул үчүн аны жемелеген. Амр ага мындай деп жооп берген: «Мен момундардын амирине кылычты гана жөнөттүм, аны менен чаба турган билекти жөнөткөн жокмун».
Ал Шам жана Ирактагы Ислам фатхтарынын согуштарына катышкан. Ярмук жана Кадисия салгылашууларына күбө болгон. Мусулмандар менен бирге алардын душмандарына каршы согуштардын эч биринен калбаган.
Момундардын амири Умар ибн ал-Хаттаб (розияллаху анху) Амрдын кадыр-баркын жана даражасын жакшы билгендиктен, аны миң атчан жоокерге тете деп эсептеген. Ошондой эле өзүнүн кол башчыларына Амр ибн Маъдикариб катышкан Ислам фатхтарынын салгылашууларын жүргүзүүдө аны менен кеңешүүнү осуят кылчу.
Ярмук салгылашуусу күнү ал шахид болууну көздөп, эр жүрөктүүлүк жана жан аябастык менен согушкан. Акыры душмандар жеңилип, Аллахтын аскерлеринен качышкан.
Кадисия салгылашуусунун алдында аскер башчысы Саъд ибн Абу Ваккас (розияллаху анху) перстерге каршы согушта жардам алуу үчүн момундардын амири Умар ибн ал-Хаттабдан кошумча күч жөнөтүүнү суранган.
Ошондо момундардын амири Саъдга болгону эки адамды жөнөткөн. Алар Амр ибн Маъдикариб жана Тулайха ибн Хувайлид эле. Ал Саъдга жазган катында: «Мен сага эки миң кишиге тете кошумча күч жөнөттүм», – деген.
Согуш башталганда Амр душмандардын катарына кирип барып, аларды оңду-солду кылычтап кирди. Мусулмандар аны көргөндө, артынан чабуулга өтүп, перстердин баштарын биринин артынан бирин кыя башташты. Согуш учурунда Амр жоокерлердин ортосунда туруп, аларды согушка шыктандырып: «Эй, мухажирлер жамааты! Күчтүү арстандардай болгула! Анткени атчан жоокер найзасын таштаганда үмүтүн үзгөн болот», – деди.
Перстердин кол башчыларынын бири анын өз жолдошторун согушка шыктандырып жатканын көрүп, ага жебе атты. Бирок жебе Амрга эмес, анын жаасына тийди. Ошондо Амр ага чабуул коюп, найза менен сайды. Андан соң аны мусулмандардын катарына алып келип, башын кесип алды да, мусулмандарга: «Силер да ушундай кылгыла», – деди. Аллах мусулмандарга толук жеңиш бергенге чейин согушууну улантты.
Ал Кадисия салгылашуусунда өзүнүн жана уруусунун кылган иштери тууралуу мындай деген:
والقادسية حين زاحم رستم … كنا الحماة بهن كالأشطـان..
الضاربين بكل أبيض مخذّم … والطاعنين مجامع الأضغان
«Кадисияда Рустам биз менен беттешкен кезде, биз ал жерде бекем аркандардай коргоочулар болдук.
Биз курч, миздүү кылычтар менен чапкандар, кек сакталган жүрөктөрдүн түпкүрүнө найза сайгандар болдук».
Нахаванд салгылашуусунда мусулмандар үчүн Нахавандды фатх кылуу кыйынга турду. Ошондо Умар ибн ал-Хаттаб аскер башчысы Нуъман ибн Мукарринге мындай деп кат жөнөттү: «Согушуңда Талха жана Амр ибн Маъдикариб менен кеңешип, алардан жардам ал. Согуш маселесинде экөөсү менен кеңеш, бирок аларга башкаруу иштеринен эч нерсени тапшырба. Анткени ар бир өнөр ээси өз өнөрүн жакшы билет».
Амр бул салгылашууда да өтө катуу согушту. Акыры Аллах мусулмандарга Нахавандды фатх кылууну насип кылды.
Анын дүйнөдөн кайтышы:
Эң күчтүү пикир боюнча, ал хижрий 21-жылы Нахаванд салгылашуусунда алган жарааттарынан улам мужахид катары дүйнөдөн кайткан. Бул салгылашууда ал көптөгөн жарааттарды алып, шахид болуу даражасына жеткен. Амр ибн Маъдикариб Нахаванддын айылдарынын бири болгон Равза айылына коюлган.

