Инсан халифа болуу аманаты менен өткүнчү жашоонун жалган элесинин ортосунда

Инсан халифа болуу аманаты менен өткүнчү жашоонун жалган элесинин ортосунда
Мунис Хамид – Ирак
Аллах инсанды жаратканда аны максатсыз жараткан жок. Аны кең жер жүзүндө кароосуз калтырган жок. Тескерисинче, аны жер жүзүндө халифа кылып, бийик тоолор да, асмандар менен жер да көтөрбөгөн улуу аманатты ага жүктөдү. Ага Өзүнүн рухунан “үйлөп”, акыл жана тандоо мүмкүнчүлүгүн (ирода) берип сыйлады. Периштелерге анын даражасын урматтоо үчүн ага сажда кылууну буюрду. Анан анын затына бир сырды жайгаштырды. Ал сыр аркылуу ал Аллахка эң жакын даражаларга көтөрүлүүгө да, жоготуунун эң төмөнкү тепкичтерине кулап түшүүгө да жөндөмдүү болду.
Инсандын эң биринчи вазыйпасы акыйкатка күбө болуу, жакшылык үчүн аракет кылуу жана жер жүзүндө бузукулук кылуучу эмес, оңдоочу болуу эле. Андан дүйнөнү асмандын баалуулуктары менен көрктөндүрүшү жана өзүнүн жашоосун түбөлүк бейишке алып баруучу көпүрөгө айландырышы талап кылынган. Бирок инсандын эң чоң жоготуусу максатты унутуп, өтмүш каражаттар менен алек болгон күнү башталды. Дүйнө аны ушунчалык алек кылып койду, акыры ал өзүнүн негизги максатын унутту.
Көп адамдар үчүн дүйнө акыреттин эгин талаасы болуудан чыгып, өз алдынча максатка айланды. Натыйжада инсан түбөлүктүү жашоону сатып алчудай болуп мал-мүлктүн артынан чуркай баштады. Улуулук адамдар тарабынан берилчүдөй мансаптын артынан умтулду. Бир күнү сөзсүз артында таштап кетерин так билип туруп, өткүнчү дүйнө жыргалдарынын артынан чуркады. Дүйнөнү канчалык көбүрөөк сүйгөн сайын, аны жоготуп алуудан ошончолук көбүрөөк корко баштады. Ага канчалык жакындаган сайын, дал ошол жерден издеген бейпилдиктен ошончолук алыстай берди.
Эң таң калычтуусу, инсан элес экенин өзү да билген абалда анын артынан кууп жүрөт. Ошондой эле өлүм айланасындагы адамдарды биринин артынан бирин алып кетип жатканын көрөт. Сарайлар урандыга айланганын көрөт. Падышалар менен байлардын ысымдары унутулуп кеткенин көрөт. Ошентсе да жүрөгүнүн түпкүрүндө өзүнүн сапары өзүнөн мурункулардын сапарынан башкача болот деп ойлойт. Кудум адамзаттын узак тарыхы андан сабак албаган бир эле сабак болгондой мамиле кылат.
Көптөгөн адамдар халифалык аманаты болгон рисалатты таштап, анын ордуна керектөө рисалатын тандап алышты. Алардын ар биринин башкы максаты бергенинен көбүрөөк алуу, курганынан көбүрөөк ээлик кылуу жана чындыгында кандай болсо, андан бийигирек көрүнүү болуп калды. Рухтар сөз ташуу, куру кеп жана көңүл ачуунун деңизине чөгүп кетти. Натыйжада күндөр артында кала турган бир да сооптуу из калтырбастан, мурас болуп кала турган негизги фикратсыз жана ээсин Аллахка жакындата турган амалсыз өтүп калды.
Ушул тынымсыз алаксытуунун арасында убада кылынган бейиш унутулду. Ал бейиште көз көрбөгөн, кулак укпаган жана эч бир адамдын зээнине келбеген нематтар бар. Ал бир нече сааттык ырахат, саналуу жылдарга созулган жыргалчылык же атак-даңк менен бийликтин өткүнчү элестери үчүн унутулду. Ошентип көптөгөн адамдар түбөлүктүүнү өткүнчүгө, аныкты күмөнгө жана түбөлүк казынаны убактылуу жыргалчылыкка алмаштырып жиберишти. Ал жыргалчылык түтүндөй тез эле тарап кетет. Өлүм келгенде болсо жашоонун чыныгы жүзү ачылат.
Инсан жашап жаткан эң чоң кризис жакырчылык да, оору да, ресурстардын аздыгы да эмес. Тескерисинче, ал өзү эмне үчүн жаратылганын унутуп коюшу. Анткени инсан өзүнүн бар болушунун маанисин жоготкондо, анын сырткы бардык ийгиликтери артында терең руханий боштукту жашырган жасалма жеңиштерге окшоп калат. Ал эми инсан өзүнүн рисалатын кайра аңдап түшүнгөндө, дүйнөнүн акыйкатын көрөт: ал туруктуу жашай турган жай эмес, болгону өтүүчү бекет; максат эмес, каражат; түбөлүк мекен эмес, сыноо майданы экенин аңдайт.
Ошентип, кылымдар бою Аллахтын чакырыгы жаңырып келет. Ал инсанды өзүнүн түпкү вазыйпасына кайтууга чакырат, тактап айтканда жер жүзүндө Аллахтын халифасы болуп, акыйкаттын, адилеттүүлүктүн жана ырайымдын баалуулуктарын көтөрүп жүрүүгө, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылууга жана Роббисине жолугууга даяр болууга чакырат. Ким ушул акыйкатты билсе, дүйнөнү жүрөгүндө эмес, колунда алып жашайт. Анда туткун болуп эмес, жолоочу болуп басат. Андагы ар бир кадамын такыбаларга убада кылынган бейишке алып бара турган азыкка айлантат. Демек, сапары аяктаганга чейин өзүнүн рисалатын эстеген жана өмүр канчалык узун болсо да кыска, дүйнө канчалык кооздолсо да барксыз экенин аңдаган адамга сүйүнчү болсун.
Мына ушундан Исламдын улуулугу көрүнөт. Анткени ал белгилүү убактарда гана аткарылуучу ибадаттардын жыйындысы же мечиттердин дубалдары менен гана чектелген ритуалдар эмес. Тескерисинче, ал инсанга өзүн жана өзүнүн вазыйпасын кайра түшүндүргөн толук жашоо түзүмү. Ислам инсанды кайдыгерлигинен ойготуу, ага жер жүзүндө Аллахтын халифасы экенин жана Роббиси, дини, үммөтү жана жалпы адамзат алдында милдети бар экенин эскертүү үчүн келген.
Мусулмандын бул динге болгон ролу ага аты менен гана таандык болуу же динчилдиктин сырткы көрүнүштөрү менен гана чектелүү эмес. Тескерисинче, ал анын рисалатын көтөрүп жүрүүдө, баалуулуктарын коргоодо жана анын ахлагын турмушта иш жүзүндө чагылдырууда көрүнөт. Демек, мусулман өзүнүн чынчылдыгы, аманатка бекемдиги, адилеттүүлүгү, илими жана амалы аркылуу Исламдын тирүү үлгүсү болууга милдеттүү. Ал ошондой эле бузуучу эмес, куруучу; бузукулук кылуучу эмес, оңдоочу болууга милдеттүү.
Аллах Таала бул үммөттү адамдарга күбө болуучу үммөт кылып тандады. Аллах Субханаху ва Таала мындай деди:
﴿وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِّتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ﴾
«Биз силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдөн күбө болуусу үчүн орточо (адилеттүү) бир үммөт кылдык». (Бакара: 143).
Бул күбөлүк – мусулмандын дүйнөгө бул диндин инсанды туура жолго баштоого жана аны бактылуу кылууга жарактуу экенин далилдей турган үлгүнү көрсөтүүсүн талап кылган сакофий жана даават жоопкерчилиги.
Исламга аны ураандар менен көтөрө тургандарга караганда, аны ишке ашыруу жана амал менен көтөрө тургандар көбүрөөк керек. Мусулман өз үммөтүнө чынчыл жана ихластуу болуп, дини менен рисалаты алдындагы жоопкерчилигин аманаткөйлүк менен аткарганда жана өзүнүн динине болгон ушул терең түшүнүктү кайра жандантканда, Аллах ага белгилеген чыныгы ордуна – жер жүзүндөгү халифа, акыйкатка күбө жана ырайым менен туура жолдун рисалатын көтөрүүчү катары кайра кайтып келет. Ошондо жашоосу убактылуу жыргалчылык артынан жарышкан жашоодон түбөлүктүү жашоого карай сапарга айланат. Натыйжада ар бир сооптуу амал Аллах Өзүнүн момун пенделерине убада кылган бейишке алып баруучу жолдогу бир кадамга айланат.


