Иран “Мекке” келишимине кошулууну сунуштады

Иран “Мекке” келишимине кошулууну сунуштады
Ирандын Мамлекеттик кызыкчылыктарды аныктоо кеңешинин башкы катчысы, генерал-майор Мохсен Резаи өлкө Мекке альянсына «негиздөөчү өнөктөш» катары кошула аларын билдирди. Бул тууралуу ишемби күнү IRINN телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Иран менен Египет мындай макулдашуулардан четте калбашы керек жана эки өлкө тең келишимдин негизги принциптерин калыптандырууга катышуусу зарыл.
«Иран менен Египет мындай келишимдерден тышта кала албайт. Бирок алар ал жакта кол коюлган документтердин идеялык алкагын түзгөн негиздөөчү катары орун алышы керек», – деди Резаи.
Комментарий:
Эске салсак, Түркия, Сауд Арабия жана Пакистан 7-августта Меккеде биргелешкен коргонуу келишимине кол коюшкан. Келишимдин эң башкы принциби — үч өлкөнүн бирине жасалган чабуул бардык өлкөлөргө жасалган чабуул катары эсептелет.
Ушул учурда үч өлкөнүн ичинен Сауд Арабиясы Йемендеги Иран колдогон жамааттардын чабуулуна туш болуп жатат. Ал эми, үч өлкөнүн ортосундагы коргонуу келишимдерин карап чыксак, альянсты башкаруу жана анын каржылык чыгымдары Сауд Арабияга тиешелүү экени айкын болот. Демек, Сауд Арабиясы өз коопсуздугун кепилдөө үчүн Түркияга жана Пакистанга каражат салуу менен “ирандын каршылык көрсөтүү фронтунун” реакцияларынан өзүн коргоону максат кылууда. Бул үчүн Америкадан коопсуздукту сатып алууда.
Демек, Иран бул үч өлкөнүн коопсуздук келишими артында Америка турганын жакшы билет жана Ормуз кысыгын көзөмөлдөө Американын колуна өтмөйүнчө, бул альянска кошула албашын да түшүнүп турат. Андыктан, Резаинин билдирүүсү аталган альянстын чыныгы абалын көрсөтүүгө жана азырынча мүмкүн эмес нерсени талап кылуу менен аларды ыңгайсыз абалга калтырууга багытталган.
Негизи бул альянстын түзүлүшү Ислам өлкөлөрү бир калкан астында биригүүлөрү мүмкүн экенин ачык көрсөтүүчү окуя болуп калды. А бирок, алар үммөт кызыкчылыгын коргоонун ордуна Трамптын кызыкчылыгын жогору коюшууда. Түпкүлүгүндө, алар Аллахтын китеби жана Анын Элчисинин ﷺ сүннөтү менен башкарган бир халифанын бийлиги астындагы бир мамлекет болушу керек болчу. Аллах ачык аяттарда Анын арканына бекем карманууну буйруган, бөлүнүүнү жана өлкөнү мамлекеттерге бөлүүгө тыюу салган, каапырлар менен шериктеш болууну жана алар үчүн иштөөгө таптакыр тыюу салган, ошондой эле Өзү түшүргөндөн башка нерсе менен башкарууну арам кылган. Ошондо гана Аллахтын жеңиши, Анын уруксаты менен, сөзсүз келет.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾.
“Ал күнү момундар Аллахтын жеңишине кубанышат. Ал каалаган адамына жеңиш берет. Ал – Кудуреттүү, Мээримдүү”.
Акыл Исаков




