Комментарий

Кыргызстанда кышкы мезгилде кайрада свет өчүшү мүмкүн

Кыргызстанда кышкы мезгилде кайрада свет өчүшү мүмкүн

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстанда быйыл да электр энергиясына таңкыстык бар экенин маалымдап, кышта кубаттуулук жетишпей калган күндөрү жарык өчүрүүлөр болорун билдирди. Бул тууралуу министр Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда айтты.

Анын айтымында, электрди керектөө өлкөдө жыл сайын өскөнү менен кошумча кубаттуулуктарды түзүү аны кууп жетпей жатат. Натыйжада ар бир кыш сайын жарык берүү үзгүлтүккө учуроодо.

“Импорт менен жаап жатабыз, бирок биз сатып алып жаткан кошуна мамлекеттер керектөө көбөйгөн учурда аларда дагы бизге электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгү болбой калат. Ошол учурда кубаттуулук боюнча маселе жаралып калышы мүмкүн. Керектөө көбөйүп, кубаттуулук жетишпей калган учурда кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзүүгө туура келет”,-деди Рысбеков.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында керектөө 14,2 млрд кВт/саатты түзсө, анын 11,3 млрд’ын жергиликтүү станциялар иштеп чыгарды. Ал эми 2,9 млрд’дык көлөм, ушул күнгө чейин эле сырттан сатып алынды.

Комментарий:

Кыргызстанда жыл сайын электр энергиясынын тарифин кымбаттатуу чечими кабыл алынган. Мындай чечим өлкөдөгү энергетика тармагындагы тартыштыкты жөнгө салуу аракети менен негизделген. А бирок, турмуш көрсөткөндөй, өлкөдө электр энергиянын тарифи байма-бай кымбаттаган менен калкка электр энергиясы күн суук мезгилдерде жетиштүү деңгээлде берилбей келет. А түгүл, калк утуру менен светтин өчүрүлүүсүнө дуушар болууда. Ал эми, эртең мененки жана кечки убакта чектөөлөр киргизилүүдө.

Мунун каршысында өлкөдөгү капиталисттер электр энергиясын майнинг фермаларды иштетүү үчүн текейден арзан алышууда. Расмий бийлик электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 38 тыйынга жетерин айтып келет. А бирок, капиталисттердин кызыкчылыгына келгенде бул өздүк нарк 60 тыйындан да арзандап калууда.

Түпкүлүгүндө, Кыргызстандын энергетикалык кризистен чыга албай жатышынын себеби тарифтин арзандыгы эмес, тармактагы жемкорлук жана капиталисттердин ар кандай алдоо схемалары болуп эсептелет. Маселен, чиновниктер сугат учурунда Өзбекстан жана Казакстанга суу сатып акча жешет. Кайра кышкыга электр энергиясын сатып алуу үчүн келишимдер түзүп, жең ичинен дагы жейт. Мына ушундай чырмалган коррупциялык схемаларды жоюунун ордуна ар келген бийлик тарифти көтөрүү менен элдин жонунан кайыш тилүүнү эп көрүшөт. Алардын шайлоо астындагы куру ураандары убактылуу гана алдоо экени ар сапар ачыкталса да, калк акыркы үмүт менен кийинки саткын саясатчыларга алданып калууда.

Ар бир келген президенттин электр энергиясынын тарифин кымбаттатууда дагы бир жүйөлүү себеби бар. Бул тармакка алынган үлкөн кредиттер жана алардын коррупциялык жолдор менен сол чөнтөккө иштетилиши. Кыргызстан 1992-жылдан ушул кезге чейин энергетика тармагына 2 млрд доллардан ашык каражат жумшаган. Алардын негизги бөлүгү чет элдик каржы уюмдарынан кредит, ссуда, грант катары алынган. Ар сапар кредит алуу боюнча келишим түзүлүп жатканда тармакты «модернизациялоо» деген нерсе шылтоо катары айтылат. Бирок ушунча үлкөн көлөмдөгү кредиттерге карабастан өлкөнүн энергетика тармагы оор абалда. Бул да энергетика тармагы коррупциянын чордону экенин ырастап турат. Буга кошумча, ушул кредиттерди эл аралык каржы уюмдар өлкөдөгү тарифтерди кымбаттатуу талабы менен беришет. Ал эми, Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык каржы уюмдары колонизаторлордун куралы экендиги шексиз. Колонизаторлор алардын жардамында өлкөлөрдү карызга батырып, саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашырышат. Алар тарифти кымбаттатуу менен өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын өздүк наркын кымбаттатууну да каалашат. Натыйжада, жергиликтүү ишкерлер чет элдик капиталисттердин арзан баадагы товарларына атаандаша албай калат.

Жыйынтыктап айтканда, проблеманын негизги себеби башыбызда кара булут болуп айланган капиталисттик түзүм. Ошондой эле, алардын кызматын кылып берүүчү аткаминерлердин тармактагы коррупциялык схемалары. Алар калктын негизги муктаждыгы болгон энергияны менчиктештирүү жана коррупциялык аракеттер менен үлкөн пайда табышууда.

Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш.

Ибн Аббас риваят кылышынча, Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан:

اَلْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِى ثَلاَثٍ فِى الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ

“Мусулмандар үч нерседе – суу, жайыт жана отто шерик”.

Бул хадисти Анас да ибн Аббастан риваят кылып, “анын акчасы арам” деген сөздү кошкон.

Демек, умумий мүлктүн пайдасы же андан алынуучу киреше ар бир жаранга жетип барышын камсыздоо мамлекеттин мойнундагы милдет болуп эсептелет.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button