Макала

Кыргызстандагы кымбатчылык жана анын чечими

Кыргызстандагы кымбатчылык жана анын чечими

Кыргызстандагы баалардын өсүшү негизинен күйүүчү майдын баасынын туруктуулугуна байланыштуу. Анткени, өлкө күйүүчү майды дээрлик толугу менен сырттан ташып келет. Ошондой эле, өлкөдө керектелүүчү товарлардын 70 пайызга жакыны сырттан ташылып келинет. Ошондуктан, эл аралык базарлардагы баалардын өзгөрүшү жергиликтүү бааларга түздөн-түз таасир этет.

Салыштыруу үчүн айтсак, Улуттук статистика комитети жыл башында дизелдин баасы 80 сомдон 102 сомго кымбаттаганын билдирди. Ал эми, АИ 95 бензиндин баасы 80 сомдон 109 сомго, АИ 92 бензини 76 сомдон 89 сомго көтөрүлдү. Өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин айтымында, өкмөт субсидияны токтотсо, дизел 130-140 сомго чейин, бензиндин баасы 110-120 сомго чейин чыгып кетет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2025-жылы азык-түлүк баасы ага чейинки жылдын декабрына салыштырганда 8,9% өскөн. Ал эми, үстүбүздөгү жылы 10 пайыздан ашуусу күтүлүп жатат. Мындан тышкары, акыркы жылдары кыймылсыз мүлктүн жана батирдин ижара баасы токтоосуз өсүп келе жатат. Бишкекте бир жылда баа 25–30 пайызга чейин өскөн.

Мындан улам, өлкөдө жылдан-жылга калктын сатып алуу жөндөмү төмөндөп бара жатат. Башкача айтканда, бир жыл мурда миң сомго алган азык-түлүк себетин бүгүн ал баага сатып ала албайсың. Ал эми, өкмөт көтөрүп жаткан айлык акы, пенсиялардын көлөмү мына ушул инфляция чуңкурунан чыкпай калууда. Бир учурда “каатчылык” деп аталган абал күнүмдүк турмушка айланып калды.

Азык-түлүк, ижара, кызмат акылар менен кошо калк үчүн электр энергия, суу, газ жана башка коммуналдык төлөмдөрдүн баасы да эселеп өсүп жатат. Маселен, электр энергиясынын баасы 1кВт саатына 27 тыйынга кымбаттады. Ичүүчү суунун кубу 10 сомдон 15 сомго, агынды суу 3 сомдон 7 сомго жакын кымбаттады. Ал эми, жаратылыш газынын баасы да ай сайын өзгөрүп турат. Болжол менен ай сайын кубуна 10-12 тыйын кошулууда. Мындай абал айрыкча жакырчылык чегинде жашап жаткан жүз миңдеген адамдын турмушун кыйындатууда. Бийликтегилер бул көрүнүштү глобалдык каатчылыктарга, согуштарга, геосаясий чыңалууларга шылтоо менен түшүндүрүүгө аракет кылышууда.

Ал эми, карапайым калкты ар дайым үнөмдөөгө чакырып жатышат. Бул чакырыктар акыркы учурда ар кайсы аткаминердин оозунан айтыла турган болуп калды. Алардын кеңештери да белгилүү: электр энергиясын үнөмдөгүлө, азыраак жылынгыла, азык-түлүктү дүңүнөн сатып алгыла, унаа колдонбогула ж.б. А бирок, мындай чаралар эсептерди абдан чектелген өлчөмдө азайтышы мүмкүн, бирок көйгөйдүн негизги булагын жогото албайт.

Негизги көйгөй калктын зарыл муктаждыктарын чечип берүү менен бирге саламаттыгын, коопсуздугун камсыздоо менен болот. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:

مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ آمِنًا فِي سِرْبِهِ، مُعَافًى فِي جَسَدِهِ، عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ، فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا

Кимде-ким өз журтунда аман-эсен, дени соо жана бир күндүк азыгы бар абалда таң аттырса, анда ага бүт дүйнө берилиптир.

Бул хадис бизге бакубат жашоону абдан ачык көрсөтүп турат. Байлык топтоо, статус же белгилүүлүк менен эмес, коопсуздукту, саламаттыкты сактоо жана жашоо муктаждыктарынын камсыздалышы адамга бакубатчылык тартуулай турганын көрсөтүүдө.

Ошондуктан, Исламда калктын негизги муктаждыктарын камсыздоо мамлекеттин мойнундагы милдет болуп эсептелет. Аларга:

Тамак-аш;

Кийим-кече;

Турак жай;

Энергия;

Саламаттыкты сактоо кызматы;

Билим берүү;

Коопсуздук жана адилеттүүлүк менен камсыздоо кирет.

Бүгүнкү күндө калктын кымбатчылык жана кыйынчылык ичинде турмуш кечирүүсүнө сүткордукка негизделген экономика системасы негизги себеп болууда. Адамдардын үйлөрү, жашоосу жана келечеги өздөрү көзөмөлдөй албаган пайыздык чендерге көз каранды. Ал эми, Ислам сүткордуктан кескин түрдө кайтарат жана банк кредиттерине байланган, жылдар бою бөлүп төлөнүүчү иллюзияга тыюу салат. Экономика чыныгы бар нерсе менен сизди камсыздоого негизделет.

Мындан тышкары, Исламда акча чектелбей басыла турган кагазга эмес, чыныгы баалуулукка негизделген алтын жана күмүшкө негизделет. Мындай система инфляцияны чектейт жана адамдардын топтогон каражаттарын коргойт.

Ошондой эле, Исламда туруктуу түрдө салык салууга тыюу бар. Карыз жана салыктар мамлекет шарият белгилеген айрым жоопкерчиликтерди аткара албай калган учурда гана ошол ишти бүтүрүү үчүн байлардан гана алынат. Ар бир жумушчунун тапкан кирешесинен салык алынбайт. Зекет байлыгы зекет нисабынан ашкан, топтолгон мүлктөн гана алынат. Бул болсо байлыктын жалпы элдин колунда айлануусун камсыз кылат. Бүгүнкү күндөгүдөй бир ууч адамдын колунда топтолушуна жол бербейт.

Исламда энергия булактары, кен байлыктар жана турмуштук маанилүү табигый ресурстар коомдук мүлк болуп саналат. Аларды менчиктештирүүгө болбойт. Бул жеке компаниялардын ашыкча баа коюу аркылуу бүткүл калкты барымтага алышына тоскоол болот. Энергия пайда табуу куралы эмес, коомдун коопсуздугу жана бакубатчылыгы үчүн мамлекет тарабынан башкарылуучу нээмат. Ушул сыяктуу эле, тамак-аш коопсуздугу да стратегиялык мааниге ээ. Ислам мамлекети өз элин багуу үчүн жетиштүү жергиликтүү өндүрүштү камсыз кылат, спекуляцияга же тышкы көз карандылыкка алып келүүчү импортко болгон муктаждыкты жоёт.

Исламда башкаруу мына ушундай жөнөкөй, ачык, жоопкерчиликтүү жана адилеттүү. Бүгүн көптөгөн мусулман өлкөлөр башынан өткөрүп жаткан ийгиликсиздик Исламдын эмес, Исламдын башкарууда колдонулбагандыгынын натыйжасы. Ал эми Ислам кийими кийгизилген капиталисттик түзүм менен адилеттүүлүктү камсыздоо мүмкүн эмес. Демек, Исламдагы экономика чексиз өндүрүшкө эмес, негизги муктаждыктарды камсыздоого, бир ууч адамдын баюусуна эмес, адилеттүү бөлүштүрүүгө негизделет.

Андыктан, Исламды жекече ибадат менен гана чектебей, адилеттүүлүккө, коопсуз жана бакубат жашоого алып баруучу жашоо образы катары түшүнүп, аны турмушка ашырууга аракет кылышыбыз шарт. Мусулмандар бүгүнкү бузук системага көнүшүүчү эмес, ал системаны өзгөрткөндөрдөн болушу керек. Аллах Таала айтат:

(эй Мухаммад, бул Куран) Биз сага адамдарды Жараткандын ыктыяры менен караңгылыктардан нурга — кудурет жана алкоо, мактоо ээси болгон Заттын жолуна алып чыгышың үчүн түшүргөн Китеп. (Ибрахим: 1).

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button