Басма сөз

Бахрейн менен Иран Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөөгө милдеттүү

Басма сөз баянаты

Бахрейн менен Иран Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөөгө милдеттүү

Бахрейн падышасы Хамад ибн Иса Аль Халифа мындай деп билдирди: «Ирандын бизди аны менен бириктирүүгө тийиш болгон диний байланышты этибарга албай жатканы жана караңгылык доорлорунан кийин фарс элинин цивилизациясына руханий, инсаний жана илимий тереңдик берген пайгамбарлык рисалаттын ага болгон артыкчылыгын унутуп жатканы бизди өкүндүрөт». Мындан бир нече күн мурда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Бакаи «X» платформасындагы баракчасына узун билдирүү жарыялап, Бахрейн падышасынын сөзүнө жооп берди. Анда ал Ирандын Ислам тарыхындагы жана цивилизациясындагы ролуна ишара кылып, Американын Иранга каршы агрессиясында Бахрейндин Америка тарапта турганын сынга алды жана Бахрейн падышасынан өз өлкөсүнүн жүрүм-турумун Ислам таразасы менен өлчөөнү талап кылды.

Исламды колдонуу менен жүрүп жаткан бул маалыматтык кайым айтышууга байланыштуу Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү төмөнкүлөрдү баяндайт:

Биринчиден: Бахрейн жана Иран тараптагы эки жооптуу тең мусулмандар башка адамдардан өзгөчө бир үммөт экенин жана алар бир халифа башкарып турган бирдиктүү саясий түзүмдө болууга милдеттүү экенин унутушту же унутумуш болушту. Ошондой эле алардын ар бири өкүлдүк кылган түзүм мусулмандарды бөлүп-жарып, аларды бириктирүүчү ошол түзүмдүн көлөкөсүндө биригүүсүнө тоскоол болуп жатканын көз жаздымда калтырышты. Муну менен экөө тең жана алардын эки режими тең күнөөкөр болуп, Аллах Таалага каршы чыгышууда.

Экинчиден: Иранды рошид Халифалар доорунда мусулмандар фатх кылгандан тартып, XVI кылымдын башында Иран улуттук мамлекети түзүлгөнгө чейинки Ислам цивилизациясындагы Ирандын ролун эч ким танбайт. Ошол мезгил бою Фарс өлкөлөрүндөгү мусулман аалымдарынын Ислам мурасындагы салымдарынын басымдуу бөлүгү араб тилинде болгон жана ал Ислам Халифалыгы мамлекетинин бир бөлүгү болгон. Бирок бул рол Ирандын азыркы акимдерин актабай турганын белгилеп коюу зарыл. Анткени алар Ислам үммөтүн бөлүп-жарууга салым кошуп, Иранда Халифалыктын тикеленишине тоскоол болуп жатышат. Алардын ошол тарыхый ролу менен гана мактанышы Аллах түшүргөн шарият менен өкүм жүргүзбөө күнөөсүн алардан кетирбейт.

Үчүнчүдөн: Бири-бирине Ислам таразасы менен далил келтирип жаткан бул эки жооптуу тең Исламга каршы чыгып, көптөгөн иштерде Аллах Таалага күнөөкөр болууда. Алардын арасында колонизатор куфр мамлекеттерин дос тутуу, аларга мусулман өлкөлөрүнө, байлыктарына жана ресурстарына ээлик кылууга мүмкүнчүлүк берүү бар. Бахрейн режими Британияга көз каранды болсо, Иран режими ушул жылдын февраль айынын аягында башталган акыркы согушка чейин Американын орбитасында айланып келген. Ирандын Америка кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн Ирак, Сирия жана башка көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө жасаган кылмыштарын эч бир мусулман унутпайт. Мындан тышкары, эки режим тең Ислам үммөтүнүн бөлүнүп-жарылышын сактап келүүдө.

Төртүнчүдөн: Аталган эки жооптуунун милдети катардагы ар бир мусулмандын милдетинен да чоң. Анткени алардын ар бири бир түзүмдүн өкүлү жана ар бири өзгөртүү жасоого жана Халифалыкты тикелөөгө көбүрөөк кудуреттүү. Ошондуктан алардын жоопкерчилиги жалпы мусулмандардыкынан чоң жана өз милдеттерин аткарбай жаткандыгы үчүн Аллахтын алдындагы күнөөсү да чоң. Ошондуктан биз бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аларды жана мусулман өлкөлөрүндөгү ар бир жооптуу адамды мусулмандардын бөлүнүүсүн бириктирип, бөлүнүп-жарылуусун жоюп, душмандарына каршы аларды бириктире турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат берүүгө чакырабыз.

﴿إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ

«(Эй инсандар), силердин диниңер чындыгында бир дин (Ислам) Мен болсо (бардыгыңардын) Раббиңермин. Демек, Мага гана сыйынгыла!»
(Анбия: 92).

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

04.08.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button