Мусулман аялдар жана чет өлкөлүк окуучу кыздар Италиядагы шайлоо саясатынын көңүл борборунда!

Басма сөз баянаты
Мусулман аялдар жана чет өлкөлүк окуучу кыздар Италиядагы шайлоо саясатынын көңүл борборунда!
Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони анын өкмөтү мектептерде никаб жана бурка кийүүгө тыюу салган, ар бир класстагы чет өлкөлүк окуучулардын санына мыйзамдуу чек койгон жана билим берүү системасына аралашууда олуттуу кыйынчылыктарга туш болгон окуучулардын ата-энелерин итальян тилин үйрөнүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун даярдап жатканын жарыялады. 24-сентябрда анын Министрлер кабинети мектептерде беткап кийүүнү кылмыш катары караган жана класстардагы итальян тилинде сүйлөбөгөндөрдүн үлүшүн эң көп дегенде 30% менен чектеген мыйзамдык декретти кабыл алды.
Бул билдирүү Италия келерки жылы өтө турган жалпы шайлоого багыт алып, миграция маселесинин айланасында саясий атаандаштык күчөп жаткан учурда жасалды. Мусулман аялдар жана алардын исламий кийими Европадагы саясий талкуунун көңүл борборуна айланды. Аларды коомдун мүчөлөрү катары кароонун ордуна, алардын кийими саясатчылар тарабынан Исламга, миграцияга жана «интеграция» деп аталган нерсеге карата катаал позициясын көрсөтүү үчүн колдонулган саясий куралга айланды.
Мелони италиялык балдардын өз класстарында азчылыкка айланып калгандыктан өздөрүн «четке кагылгандай» сезиши кабыл алынгыс экенин айтты. Бирок чет өлкөлүк окуучулардын санына мыйзамдуу чек коюу маанилүү бир суроону жаратат: эмне үчүн баланын мектептеги орду ал мектепте канча чет өлкөлүк бала окуп жатканына жараша болушу керек?!
Ошондуктан бул сунуштар дайыма саясий чабуулга кабылып келген эки топту т.а. диний кийими көйгөй катары каралган муслима аялды жана анын ошол жерде болушу көзөмөлгө же чектөөгө тийиш болгон маселе катары талкууланган мигрант баланы бириктирүүдө.
Бул Италиянын гана көйгөйү эмес. Франция, Бельгия, Дания, Австрия, Швейцария жана Нидерланддар да никабга же хижабга чектөөлөрдү киргизишкен. Көп учурда мындай чаралар коопсуздук, светтештирүү, аялдардын укуктары жана интеграция деген жүйөлөр менен негизделет. Бирок алар ачык карама-каршылыкты көрсөтөт. Европа өкмөттөрү эркиндик, теңдик жана аялдын өз алдынча чечим кабыл алуу укугу жөнүндө сөз кылышат да, ошол эле учурда мусулман аялдар эмне кийиши керектигин жана аны кайсы жерде кие аларын аныктаган мыйзамдарды чыгарышат!
Саясий убакытты да көз жаздымда калтырбоо керек. Италия шайлоонун алдында турат, ал эми Мелони миграция боюнча дагы катаал саясатты талап кылган саясатчылардын атаандаштыгына туш болууда. Роберто Ванначчи дагы катаал чараларды көрүүгө чакырды. Мындай шартта Ислам, муслима аялдар жана мигранттар шайлоо өнөктүктөрүндө таасирдүү куралга айланышы мүмкүн. Анткени саясатчылар миграция жана интеграция маселесинде ким эң катаал позицияны карманарын көрсөтүүдө бири-бири менен атаандашып жатышат. Мындай көрүнүш Европанын башка жерлеринде да байкалган. Ал жактарда исламий кийим кайра-кайра экстремизм, коопсуздуктун жоктугу же интеграциянын ишке ашпай калышы деп эсептелген көрүнүштөр менен байланыштырылып келет.
Муслима аял көп учурда коргоого муктаж адам катары сүрөттөлөт, бирок ошол эле учурда саясат аны мектептерден, мамлекеттик мекемелерден жана коомдук жашоонун айрым бөлүктөрүнөн четтетүүдө! Интеграция коомго катышууну, билим алууну жана ар кандай чөйрөдөн чыккан адамдар менен өз ара урмат-сыйдын негизинде мамиле түзүүнү билдириши керек. Ал эми интеграция диний амалдарга чектөө коюу же адамды өзүнүн иденттүүлүгүнүн айрым жактарынан баш тартууга мажбурлоо менен байланыштырылса, анда бул тең укуктуу катышууга караганда мажбурлап сиңирүүгө көбүрөөк окшошот.
Мындан тышкары, светтик түзүмдүн өзү тууралуу дагы кеңири суроо туулат. Бул саясаттар айрым саясатчылардын чектен чыгууларынын жөн гана мисалдары эмес, тескерисинче, укуктар менен эркиндиктер саясий кызыкчылыктарга, коомдук басымга жана шайлоо эсептерине жараша өзгөрүп турган түзүмдөгү тереңирээк көйгөйдү ачыкка чыгарат. Өзүн эркиндик менен теңдиктин коргоочусу катары көрсөткөн түзүм аз сандуу этносторду коргой ала тургандай болушу керек. Бирок муслима аялдарга жана мигрант үй-бүлөлөргө кайра-кайра коюлуп жаткан чектөөлөр светтик саясаттын адамдарга бирдей мамиле кылууну камсыз кылуу жана ар түрдүү диний ишенимдеги, этникалык тектеги адамдардын ортосунда ынтымак жаратуу жөндөмүнө олуттуу күмөн жаратат.
Демек, маселе никаб же мектептердеги окуучулардын саны жөнүндөгү маселеден алда канча кеңири. Бул мусулман аялдар менен мигрант үй-бүлөлөр иденттүүлүк, миграция жана «улуттук» баалуулуктар тууралуу талкууларда оңой бутага айланган саясий чөйрөгө байланыштуу. Бул светтик түзүмдүн тууралыгы жана аз сандуу этностор өздөрүнүн негизги укуктарын пайдаланууга умтулган учурда анын эркиндик, теңдик жана сабырдуулук принциптери канчалык деңгээлде иштей турганы тууралуу олуттуу суроолорду жаратат.
Өкмөттөр Исламга же миграцияга карата катаал мамилесин көрсөткүсү келген сайын муслима аялдарды саясий курал катары колдонбошу керек. Балдар да өздөрүнүн улутуна же үй-бүлөлүк тегине байланыштуу класста болушу көйгөй катары кабыл алынып жаткандай сезбеши керек. Мунун баары, шексиз, коомду башкарууга жөндөмсүз түзүмдү чагылдырат.
Хизбут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Аялдар бөлүмү
28.09.26




