Роя гезити

Мусулман өлкөлөрүнүн 55и чогулуп, куру ураандардан башка эч нерсеси жок экенин жарыялашты!

Мусулман өлкөлөрүнүн 55и чогулуп, куру ураандардан башка эч нерсеси жок экенин жарыялашты!

Ишемби, 17-октябрда Ирактын борбору Багдад шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 52-сессиясы өз ишин баштады. Ага мүчө жана байкоочу өлкөлөрдөн 55 мамлекет, ошондой эле 40тан ашуун уюм катышты.

Белгилей кетсек, бул уюм 1969-жылдын 25-сентябрында Рабат шаарында негизделген. Анткени 1969-жылдын 21-августунда Акса мечитинде өрт чыккандан кийин Ислам өлкөлөрүнүн жетекчилери ортосунда биринчи жыйын өткөрүлгөн. Биринчи жыйындан алты ай өткөн соң, 1970-жылдын март айында Сауд Арабиясынын Жидда шаарында өткөрүлгөн Ислам өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин биринчи конференциясында мүчө мамлекеттер ортосундагы байланышты камсыздоо жана иштерди координациялоо үчүн уюмдун Башкы катчылыгын түзүү чечими кабыл кылынган. Ошол учурда Башкы катчы дайындалып, Жидда шаары уюмдун убактылуу штаб-квартирасы катары тандалган.

Бул жыйындын жыйынтыгында корутунду билдирүүдө айтылган бир катар чечимдер кабыл алынды. Алардын эң негизгилери Палестина жана Кудс маселесине байланыштуу болду. Бул маселе сессиянын күн тартибинде биринчи орунду ээледи. Ошондой эле Газада ок атышууну токтотуу келишимин бекемдөө, гуманитардык жардамдарды жеткирүү жана кайра куруу иштерин жүргүзүү, элди мажбурлап көчүрүүгө, конуштарды курууга жана аймактарды аннексиялоого каршы чыгуу, Палестина калкынын укуктарын жана БУУнун Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү жана иштерди уюштуруу агенттигин (UNRWA) колдоо зарылдыгы баса белгиленди.

Ошондой эле жыйындарда Йемен, Судан, Сирия жана Афганистандагы абал, мындан тышкары экономикалык кызматташтык, туруктуу өнүгүү, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн өз өлкөсү позицияларды бириктирүүгө жана исламий тилектештикти бекемдөөгө умтуларын баса белгиледи. Ал Палестина маселеси биргелешкен иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарынын башында турарын белгиледи. Хусейн оккупацияны токтотууга, конуштарды курууну, аннексиялоону жана мажбурлап көчүрүүнү токтотууга, Палестина калкынын мыйзамдуу укуктарын сактоого, гуманитардык жардамдардын жеткирилишин камсыздоого жана карапайым калкты коргоого чакырды.

Ирактын премьер-министри Али аз-Зайди Ислам Кызматташтык Уюмунун адамгерчиликти жана сабырдуулукту бекемдөөдөгү, өнүгүү менен туруктуулукту күчөтүүдөгү ролунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, аймакта тынчтыкка жетишүүгө багытталган аракеттерди күчөтүүгө чакырды.

Бул жерде төмөнкүлөрдү баяндап өтүшүбүз зарыл:

Чындыгында, бул уюм жана Араб Мамлекеттеринин Лигасы, Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу башка уюмдар Ислам өлкөлөрүнүн бөлүнүп-жарылышын бекемдөө жана алардын бир мамлекетке биригишине тоскоолдук кылуу үчүн гана түзүлгөн. Анткени «араб мамлекеттери» же «Ислам мамлекеттери» деген сыяктуу сөз айкаштарынын колдонулушунун өзү эле учурдагы абалга моюн сунууну жана Сайкс–Пико келишими менен белгиленген чек араларды коргоону моюнга алуу болуп саналат.

Мындан тышкары, алар ондогон жылдар бою ондогон конференцияларды өткөрүп, жүздөгөн маселелерди талкуулашты, бирок мусулман өлкөлөрүндөгү көйгөйлөргө, айрыкча оккупацияланган Палестина маселесине бир да чечим чыгара алышкан жок. Алар ар бир алааматтан же кыргындан кийин чогулуп, айыптоо жана нааразылык билдирүү менен гана чектелишет. А бирок алардын колунда эбегейсиз чоң армиялар бар. Эгер ниеттери чын болуп, жихад жарыялашса, алардын душманы ошол армиялардын бирине да каршылык көрсөтө албай турганчалык алсыз жана кор абалда.

Газа бизден алыс эмес. Ал азыркыга чейин канга бөлөнүп жатат жана яхудийлер ал жерде дагы эле адамдарды өлтүрүп, кыйратып жатышат. Ал эми бул конференцияга чогулган мамлекеттердин өкүмдарлары алардын шахиддеринин сөөгү үстүндө бийлеп жатышат! Бирок акыйкатты айтуу керек: мындай улуу шарапат бул акылсыз топко ылайык эмес. Анткени бул шарапатка өзүн Аллах жолуна арнаган ихластуу момун гана жетет. Ошондуктан биз мындай дейбиз: бул Үммөт — келечектүү Үммөт. Анын жакшылыгы башындабы же аягындабы белгисиз. Пайгамбарыбыз ﷺ айткандай:

«مَثَلُ أُمَّتِي مَثَلُ الْمَطَرِ؛ لَا يُدْرَى أَوَّلُهُ خَيْرٌ أَمْ آخِرُهُ»

«Менин Үммөтүмдүн мисалы жамгыр сыяктуу. Анын башы жакшыбы же аягы жакшыбы белгисиз». (Тирмизи риваят кылган).

Бул Үммөт — хидаят Үммөтү. Ал адамзатты капитализмдин зулумунан куткарууга жана адилеттүүлүктү жайылтууга жөндөмдүү болгон жалгыз Үммөт. Анткени бул Үммөт адамзаттын Жаратуучусу түшүргөн хазарий долбоорду алып жүрөт. Ал долбоор турмушта колдонулуп турган кезде эч ким бир да мусулманды кордоого батына алган эмес. Эгер мындай окуя болуп калса, мусулмандардын халифасы сөз менен эмес, иш жүзүндө жооп берген.

Бир жолу румдук бир каапыр мусулман аялга кол салып, аны Аммурия базарында сүйрөп кеткенде, аял: «Оо, Муътасим!» — деп кыйкырган. Ошондо момундардын амири Муътасим отуруп алып жыйындарды өткөрүп, айыптоо жана нааразылык билдирүүлөрүн чыгарган эмес. Ал аялдын кыйкырыгы ээн талаада жаңырган үн бойдон калган жок. Тескерисинче, ал кыйкырык румдуктардын эң улуу шаарларынын биринин дубалдарын кулатты.

Мына, мусулмандардын халифасы Абдулхамид II. Ага француз жазуучуларынын бири ардактуу Пайгамбарыбызды ﷺ мазактаган театрдык спектаклди коюуну көздөп жатканы тууралуу кабар жеткенде, ошол учурда Осмон мамлекетинин алсыздыгына карабастан, Расулуллахка ﷺ болгон кызганычынан улам армияны даярдоого жана согуштук даярдыкка келтирүүгө буйрук берген. Ошондой эле жанындагыларга согуштук кийим кийүүнү буйруп, өзү да аскерий форма кийген жана Франциянын консулун дароо чакыртууга буйрук берген. Консул мусулмандардын халифасынын чечкиндүүлүгүн көргөндө, өз мамлекетине шашылыш билдирүү жөнөтүп: «Осмон мамлекети согушка кирүүгө даяр. Ошондуктан спектаклдин коюлушун токтоткула», — деген. Натыйжада спектаклдин көрсөтүлүшү чындап эле жокко чыгарылган.

Мусулмандар бир мамлекет болуп, артында согуш жүргүзүлүүчү жана ал аркылуу коргонулуучу калкан болгон имам башкарган кездеги ошол азиздик кайда, жана бүгүнкү күндө алтымышка жакын мамлекетке бөлүнүп, Үммөткө кыянаттык кылган, калп айтуудан жана кордук менен баш ийүүдөн башканы билбеген коркок өкүмдарлар башкарган эки миллиард мусулмандын кордугу кайда?!

Ошондуктан хидаят Үммөтү Аллах ага фарз кылган өз ролун аткарууга, чечкиндүү кадам таштап, бул өкүмдарларды бузук түзүмдөрү менен кошо кулатууга жана Аллах Таала ага ыраазы болгон өз мамлекетин жарыялоого тийиш. Ошентип, өзүнө кордук менен басынтуудан башка эч нерсе алып келбеген бул уюмдардын жана лигалардын баарын талкалап, мусулман өлкөлөрү кайрадан бир имам башкарган бирдиктүү мамлекетке айланышы керек. Ал имам сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө азиздикти билдирген олуттуу кайрылууларды жөнөтүп, Аллах жолунда эч бир жемелөөчүнүн жемелөөсүнөн коркпойт.

Роя гезити

Устаз Ахмад ат-Таи — Ирак вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button