Сакофий
Пайгамбардын ﷺ мужтахид болушу мүмкүнбү?

Пайгамбардын ﷺ мужтахид болушу мүмкүнбү?
Суроо:
«Шахсия» китебинин биринчи бөлүгүндө: «Расулуллахтын ﷺ мужтахид болушу жаиз эмес», — дегенди окудум.
Ал эми «Конституция долбоору» китебинин экинчи бөлүгүндө мындай деп окудум:
«Расулуллах ﷺ фай малын өзүнүн райы жана ижтихады менен сарптаган, жизя малын өзүнүн райы жана ижтихады менен сарптаган, ошондой эле өлкөлөрдөн келип турган хараж малын да өзүнүн райы жана ижтихады менен сарптаган. Бул малдар тууралуу шаръий насс келип, Расулуллахка ﷺ аларды өзү туура көргөндөй сарптоону калтырган. Бул болсо имамдын да бул малдарды өзүнүн райы жана ижтихады менен сарптоого укуктуу экенине далил болду. Анткени Расулуллахтын ﷺ муну кылганы шаръий далил болуп саналат. Демек, имамга да бул малдарды өзүнүн райы жана ижтихады менен сарптоого уруксат болуп эсептелет». Цитатанын аягы.
Бул эки сөздүн ортосунда карама-каршылык бардай көрүнөт. Ушуну түшүндүрүп берүүңүздү өтүнөм.
Жооп:
«Шахсиянын» биринчи бөлүгүндө келген сөз менен «Конституция долбоорунун» экинчи бөлүгүндө келген сөздүн ортосунда эч кандай карама-каршылык жок.
«Шахсиянын» биринчи бөлүгүндө келген: «Расулуллахтын ﷺ мужтахид болушу жаиз эмес», — деген сөздүн далилдери «Шахсияда» ушул баптын астында баяндалган. Бул маселедеги далилдер ачык жана сахих. Алардын бири Аллах Субханахунун төмөнкү сөзү:
﴿قُلْ إِنَّمَا أُنْذِرُكُمْ بِالْوَحْيِ﴾
«Айткын: «Мен силерди вахий менен гана коркутуп – эскертүүчүмүн. (Бирок) дүлөйлөр (динсиздер өздөрү үчүн акыретте азап барлыгы жөнүндөгү вахий менен) коркутулуп жаткан убактыларында дааватты угушпайт».
(Анбия: 45).
Башкача айтканда: «Эй Мухаммад, аларга: “Мен силерди мага түшүрүлгөн вахий менен гана эскертем”, — деп айт». Демек, анын ﷺ адамдарды эскертүүсү вахийге гана чектелген.
Аллах Таала Нажм сүрөсүндө дагы мындай дейт:
﴿وَمَا يَنْطِقُ عَنِ الْهَوَى إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْيٌ يُوحَى﴾
«Жана ал (силерге келтирип жаткан Куранды) өз жеңил-ой каалоосу менен сүйлөбөйт. Ал (Куран) жалгыз (Алла тарабынан пайгамбарга) вахий кылынып жаткан (түшүрүлүп жаткан) бир вахий-кабар».
(Нажм: 3–4)
Башкача айтканда, Расулуллах ﷺ ташриъде вахийден башка нерсени айтпайт жана вахийден башка нерсеге амал кылбайт. Ошондуктан ал өз алдынча ижтихад кылбайт. Анткени мужтахид туура табышы да, ката кетириши да мүмкүн. Ал эми бул Расулуллахка ﷺ карата туура келбейт. Себеби ал ﷺ ташриъде вахий менен гана сүйлөйт жана вахийге гана амал кылат.
Ал эми «Конституция долбоорунун» экинчи бөлүгүндө келген сөз мамлекеттин иштерин жүргүзүүгө, мисалы, мусулмандардын кызыкчылыктарына мал сарптоого же валий, казы дайындоого байланыштуу.
Жизя, хараж, фай, муртаддардын малдары сыяктуу мамлекеттин мүлкүн мусулмандардын кызыкчылыктарына сарптоо алардын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн мамлекет башчысынын ижтихадына тапшырылган. Ошондой эле валий дайындоо да мусулмандардын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн мамлекет башчысынын ижтихадына тапшырылган.
Расулуллах ﷺ пайгамбар, расул жана ошол эле учурда Мединада аким болгон. Ал ﷺ ташриъде ижтихад кылган эмес, тескерисинче, вахий кылынган нерсени жеткирген. Бирок аким катары мусулмандардын кызыкчылыктарына мал сарптоодо, ал ﷺ муну мусулмандардын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн өзүнүн райы жана ижтихады менен кылган. Мисалы, Хунайнда ал ﷺ ганиматтан кээ бир адамдарга берип, башкаларга берген эмес. Мында бул нерсе шарият сарптоону мамлекет башчысына тапшырган малдарга гана тиешелүү экенин эске алуу керек. Ал эми мындан башка малдарга бул өкүм колдонулбайт. Мисалы, зекетти сарптоого бул колдонулбайт.
Ушул сыяктуу эле мамлекет аппаратынын идарий иштерин жүргүзүү да ушуга кирет. Мисалы, Расулуллах ﷺ баланча адамды валий же казы кылып дайындаса… ал валий тууралуу: «Анын валийлиги вахий аркылуу болду», — деп айтылбайт. Тескерисинче, бул валийлерди жана алар сыяктууларды дайындоо бабында мамлекеттин иштерин башкарууга кирет. Муну ал ﷺ мусулмандардын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн өзүнүн ижтихады менен кылган.
Ошентип, «Шахсиянын» биринчи бөлүгүндө келген сөз менен «Конституция долбоорунун» экинчи бөлүгүндө келген сөздүн ортосунда эч кандай карама-каршылык жок.
19.07.2012




