Режим кулагандан беш жыл өткөн соң: колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр жана алына турган сабактар

Басма сөз баянаты
Режим кулагандан беш жыл өткөн соң: колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр жана алына турган сабактар
Беш жыл мурун, 2021-жылдын 15-августунда, мусулман афган элинин акыйдасы жана баалуулуктарынын негизинде курулбаган, тескерисинче, баскынчылык астында калыптанып, жыйырма жыл бою Батыштын саясий жана фикрий таасирине, кеңири жайылган коррупцияга жана жат баалуулуктардын үстөмдүгүнө жол ачкан режим кулады. Анын кулашы мусулман, мужахид афган элинин баскынчылыкка жана ал таңуулаган режимге каршы көп жылдык күрөшүнүн, курмандыгынын жана туруктуулугунун жемиши болду.
Хизб ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү бул тарыхый өзгөрүүнүн беш жылдыгына карата мусулман афган элин, мужахиддерди, дааватчыларды жана баскынчылык менен малай режимге каршы турган ар бир адамды эң жылуу куттуктоолор менен куттуктайт.
Эми, беш жыл өткөн соң, олуттуу суроо бере турган убакыт келди: ал режимдин кулашы түп-тамырынан өзгөрүүгө алып келдиби же мурдагы режимдин фикрий жана саясий алкагынын чоң бөлүгү дагы эле сакталып калдыбы?
Ислам айрым тармактарда колдонулганы чын. Бирок биз режимди кулатканыбызга карабастан, анын фикрий жана саясий мурасын азыркыга чейин жок кыла албагандыгыбыз да ачуу чындык. Улуттук мамлекеттин карааны, саясий жана идарий түзүм, саясий аң-сезим, «улуттук кызыкчылыктардын» борбордук орунда турушу, ийгиликке жетүүгө экономикалык өнүгүү катары гана кароо, колонизатордук чек аралар жана өткөн жыйырма жылдагы саясий жана коомдук чөйрөнү калыптандырган көптөгөн түшүнүктөр дагы деле ой жүгүртүүгө жана саясат иштеп чыгууга тоскоолдук жаратып келет.
Малай режимдин кулашы дүйнө чоң өзгөрүүлөрдүн баскычына кирген учурга туш келди. Эл аралык түзүм атаандаштык менен күрөштүн таасирине көбүрөөк кабыла баштап, көп жылдар бою улуу державалардын карааны артында жашырылып келген алсыздык жана бөлүнүү чекиттери ачыкка чыкты. Америка тышкы саясатынын көңүлүн Кытайга бурду, Украинадагы согуш Россиянын алсыздыгын көрсөттү, ал эми Газадагы жана Ирандагы согуштар Американын кол тийгис күч экендиги жөнүндөгү иллюзияны ашкереледи. Бул жагдай Афганистандагы мужахиддер үчүн Афганистанды улуттук мамлекеттин алкагына камалган жөн гана географиялык аймактан исламий өлкөлөрдөгү улуу өзгөрүүнүн башталгыч чекитине айландырууга т.а. экинчи рошид Халифалыкты тикелөөгө тарыхый мүмкүнчүлүк түзмөк. Тилекке каршы, бул мүмкүнчүлүк пайдаланылган жок.
Ооба, даярдык жана күч-кубат Исламды колдонуу жана аны жаюу шарттарынын катарына кирет. Анткени оор өнөр жайы жана машина куруу өнөр жайы жок жер экономикалык көз карандылыктын туткуну бойдон калат. Ошого карабастан, бул беш жыл ичинде аскерий даярдык жана өнөр жай көз карандысыздыгы багытында эч кандай олуттуу кадам ташталган жок. Ал тургай, билим өндүрүүнүн жана элитанын өсүп-жетилишинин негизи болгон билим берүү, университеттик жана илимий-изилдөө мекемелерин күчөтүүгө да жетиштүү көңүл бурулган жок!
Режим кулагандан кийин жаңы бийликтин алдында турган эң чоң мүмкүнчүлүк экономиканы кайра куруу, киреше топтоо, жол куруу же коопсуздукту камсыз кылуу гана эмес эле. Тескерисинче, бардык башка көз карандысыздыктардын негизин түзгөн фикрий көз карандысыздыкка жетишүү болчу. Бирок бул мүмкүнчүлүк пайдаланылган жок!
Жыйырма жылдык баскынчылыктан кийин Афганистан исламий акыйдага негизделген жаңы саясий жана коомдук өздүктү түзө алмак. Ал өздүк исламий фикратты мамлекеттин, саясаттын жана акимдердин саясий фикратынын негизи кылып, улуу Ислам үммөтү түшүнүгүн кайрадан жандандырмак. Мындай чөйрөдө мусулмандар раса, тил, улутчулдук же материалдык кызыкчылыктардын айланасында эмес, исламий акыйданын айланасында биригишет. Халифа өзүнүн шаръий легитимдүүлүгүн Ислам үммөтүнөн туура шаръий байъат аркылуу алат. Үммөт акимдерге насаат жана кеңеш берет, аларды Исламдын негизинде мухасаба кылат, ал эми мамлекеттин өзү исламий өздүктүн коргоочусу жана анын ливасын көтөрүүчү болот. Бирок бул багытта чечкиндүү алга жылуунун ордуна улуттук жана расалык сезимдер, ошондой эле улутчулдук түшүнүктөр күчөдү. Насаат айтууга, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарууга жана саясий мухасаба кылууга кеңири жол ачуунун ордуна басым жана көзөмөл чөйрөсү күчөдү. Бул мамиле мамлекет менен элдин ортосундагы ажырымды кеңейтти. Ал эми өздүк, жакырчылык жана жумушсуздук көйгөйлөрүнөн жапа чеккен коом бул жерди таштап кетүүгө оңой эле даяр болуп калышы мүмкүн болгон жагдай жаралды.
Ошондуктан бийлик жана таасир жеке артыкчылык да, кайсы бир уруу, уюм же белгилүү бир топтун мүлкү да эмес, тескерисинче, шаръий аманат экенин түшүнүү керек. Жооптуулар бул тууралуу Аллах Тааланын алдында суракка алынат.
Алардан: “бул бийликти адамдарды Исламдын негизинде хидаятка баштоо үчүн колдонуштубу же учурдагы түзүмдөрдү сактап калуу үчүнбү? Адамдарды үммөттүн өздүгүнө багытташтыбы же расалык, тилдик жана улуттук өздүктөрдү өз абалында калтырыштыбы? Коомду Исламдын улуу рисалатына даярдаштыбы же жокпу? Коом дос менен душманды исламий акыйданын негизинде аныктадыбы же улуттук кызыкчылыктардын негизиндеби? Адамдар ийгиликти коопсуздук, соода, өнүгүү долбоорлору жана эл аралык түзүмдө кабыл алынуу чектеринде аныкташтыбы же ийгиликти өздөрүнүн исламий рисалатына ылайык өлчөштүбү? деп суралат.
Эгер малай режимдин кулашы биринчи күндөн тартып Халифалыктын тикеленишине жана коомдун түп-тамырынан өзгөрүшүнө алып келбесе, анда жок дегенде өткөн беш жыл Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө карай ачык-айкын, максаттуу жана белгилүү багыттагы өткөөл баскычка айландырылышы керек эле. Ошого карабастан, биз мүмкүнчүлүк дагы эле бар деп ишенебиз. Ошондой эле бийликтеги режимдин айрым жетекчилеринде жакшылык, үмүт жана ихлас дагы эле бар деп ишенебиз. Бирок бул мүмкүнчүлүк ибрат жана мүмкүнчүлүктөр көзү менен каралышы шарт. Болбосо, күрөшкөн жана Исламдын рухун алып жүргөндөр күн өткөн сайын өздөрүнүн исламий рисалатынан алыстап, анын ордун бузукулук ээлейт. Натыйжада алардын ордуна башкалар алмаштырылып, ошолор бул жолдо сыналат.
﴿وَإِن تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ﴾
«Эгер силер (Аллага моюн сунуудан) жүз буруп кетсеңер, Ал Зат (ордуңарга) силерден башка бир коомду алмаштырып койот. Андан кийин алар силерге окшогон болушпайт, (Тескерисинче Аллага моюн сунуп сыйынышат)!»
(Мухаммад: 38).
Хизб ут-Тахрирдин Афганистан вилаятындагы маалымат бөлүмү
15.08.26




