Басма сөз

Колонизатор Батыштын күрөшү Мекке менен Мадинадан бир кадам жерде жүрүп жатат!

Басма сөз баянаты

Колонизатор Батыштын күрөшү Мекке менен Мадинадан бир кадам жерде жүрүп жатат!

Эй, Ислам үммөтү, тургула, аларды кууп чыккыла жана өз аймагыңарды алардын жамандыктарынан тазалагыла!

Сауд Арабиясы дагы 13 мамлекеттин катышуусу менен өзүнүн жетекчилиги астында көп улуттуу коргонуу деңиз альянсы түзүлгөнүн жарыялады. Алардын айтымында, бул кадам Кызыл деңизде, Бабел-Мандабде жана Аден булуңунда күчөп жаткан коркунучтардан эл аралык деңиз каттамдарын, соода жолдорун жана энергия жеткирүүлөрүн коргоого багытталган. Бул Иран менен союздаш хусийлер жамаатынын чабуулдары дүйнөдөгү эң жыш соода жолдорунун биринин ишине тоскоолдук жараткандан кийин болду.

Бул ишке назар салган адам анын чыныгы максаты — колонизатор кафир Батыш мамлекеттерине нефтинин жетип турушун камсыз кылуу үчүн алардын экономикасын коргоо экенин түшүнөт. Бул нефтинин өз ээлери болгон мусулмандардын эсебинен жана үммөттү бардык жерде эзип жаткан кафирлердин экономикасынын дөңгөлөгүн айлантуу үчүн чийки заттын жеткирилишин камсыздап жаткан алардын кыянатчы акимдеринин колу менен ишке ашырылууда! Жыйындын соңунда бул альянстын ага катышкан 14 мамлекет тарабынан т.а. Сауд Арабиясы, Кувейт, Бахрейн, Катар, Пакистан, Түркия, Египет, Иордания, Йемен, Бангладеш, Нигерия, Судан, Жибути жана Федеративдик Сомалиден бул альянстын түзулүшүн кубаттаган билдирүү жарыяланды. Ал эми Абу-Даби менен Маскат бул альянстын түзүлүшүн ачык түрдө кубаттаган жок жана чакырылган калган мамлекеттердин тизмеси жашырылды.

Бул альянс мусулман өлкөлөрүнүн жүрөгүндөгү туруктуулукту солгундатууга жана мазхабдык кагылышууга негиз түзүүгө алып барат. Анткени Сауд Арабиясы 2026-жылдын 27 жана 28-июлунда өз аймагында чабуулдар жасалды деген айыптоодон кийин, 2026-жылдын 29-июлунда Ирактын чыгышына аба соккуларын урууда Американын СЕНТКОМу менен бирге катышты. Муну Вашингтон өзүнүн ал жерде болушу жана аны башкаруусу аркылуу көзөмөлдөйт, ал эми Вашингтон жок болору менен ал тутанып кетет!

Бул шектүү альянс Америка жана анын кол баласы яхудий түзүмү 2026-жылдын 28-февралында Иранга каршы баштаган жана бүгүнкү күнгө чейин Ормуз кысыгында уланып жаткан агрессиянын шартында, ошондой эле хусийлер 2026-жылдын 20-июлунда Бабел-Мандебде Сауд Арабиясынын кемелерине деңиз блокадасын киргизгенден кийин түзүлүүдө.

Эр-Риядга 2015-жылы араб альянсын жетектөө милдети жүктөлгөн. Бул 1916-жылы Сайкс-Пико бөлүштүрүүсү белгиленгенден 100 жыл өткөн соң, Американын Ислам цивилизациясына каршы согушундагы пландарына ылайык Жакынкы Чыгыштын көрүнүшүн кайрадан түзүү үчүн болгон.

Кылдат назар салган адам Мекке Мукаррамадагы Аллахтын Ыйык Үйүнө, ошондой эле анын жанындагы Мадина Мунаввара менен Пайгамбардын ﷺ мечитине жакын жайгашкан Кызыл деңиз толугу менен Ислам деңизи бойдон калганын көрөт. Европалык кемелер менен деңизчилерге — португалдарга, британиялыктарга, француздарга жана башкаларга — ага жакындашына жол берилген эмес. Халифалык мамлекетинин күнү батышы менен ал эски колонизатор Британия менен жаңы колонизатор Американын ортосундагы күрөш аймагына айланды.

Эл аралык альянстар тынчтыкка жана башка мамлекеттерге коркунуч жаратып, эл аралык майданда кеңири жайылган жамандыкты пайда кылат. Америка 1991-жылы Иракка каршы, 2001-жылы Афганистанга каршы жана 2003-жылы кайрадан Иракка каршы эл аралык аскерий альянстарды жетектеп, биринчи кезекте өз кызыкчылыктарын ишке ашырды. Ошондуктан альянстар идеясын кабыл алган элдер менен мамлекеттердеги эл аралык альянстар түшүнүгүн өзгөртүү зарыл.

Эй, ыйман жана хикмат ээлери! Араңарда силерге жакырчылык менен балээлерди таттырып, колонизатор кафирлерге өз каалоолорун ишке ашыруу үчүн жол ачып берип, алардын кызыкчылыгы үчүн силердин каныңарды төгүп жаткан малай акимдерди шыпырып таштоо үчүн тынбай аракет кыла турган кайраттуу эркектер жокпу?! Араңардан ким Харамайн Шарифайнга жакын жердеги жараланган жердин ыпластарын кууп чыгаруу үчүн аракет кылат, ошондо ал жерге Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө болгон мурдагыдай тазалык кайра кайтып келет?!

Пайгамбар ﷺ айтты:

«ثُمَّ تَكُوْنُ خِلَاْفَةٌ عَلَى مِنْهَاْجِ النبُوّة»

«Андан кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

Хизб ут-Тахрирдин Йемен вилаятындагы маалымат бөлүмү

04.08.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button