Сафия бинт Хуяй (разияллаху анха) душман үйүнөн Пайгамбарлык үйгө чейин

Сафия бинт Хуяй (разияллаху анха) душман үйүнөн Пайгамбарлык үйгө чейин
Устаз Абдуссалам аль-Бадрий
Исламда адамдын даражасы теги, расасы же ата-бабаларынын тарыхы менен эмес, ыйманы жана акыйкатка жооп берүүсү менен өлчөнөт. Алдыбызда жашоосунда улуу окуялар чогулган бир аялдын баяны турат. Ал Бану Надирдин эң көрүнүктүү башчыларынын бири Хуяй ибн Ахтабдын кызы болгон, кийин болсо Аллахтын Элчисинин ﷺ жубайы жана момундардын энеси болду. Ал Пайгамбарлык үйгө душмандыгы менен таанылган үй-бүлөдөн чыккан Сафийя бинт Хуяй (разияллаху анха).
Анын атасы Хуяй ибн Ахтаб Бану Надирдин башчыларынын бири болгон. Кийин ал мусулмандарга каршы согушка эң катуу үндөгөндөрдүн бирине айланып, Мадинага каршы ахзабдарды чогултууга аракет кылган жана Бану Курайзаны Аллахтын Элчиси ﷺ менен түзгөн келишимин бузууга үндөгөн. Бирок Ислам адамга атасынын күнөөсүн жүктөбөйт. Аллах Таала айтты:
﴿وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَى﴾
«Эч бир көтөрүүчү (б.а күнөөкөр жан) өзгө жандын жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт».
(Аль-Анъам: 164).
Демек, Сафия атасынын тандоосу үчүн да, өз коомунун позициясы үчүн да жооптуу эмес эле. Анын алдында өзүнүн сыноосу турган: акыйкат ага айкын болгондо ал эмне кылат? Мына ушул жерден хидаят баяндарынын улуу бир баяны башталат.
Сафиянын Ислам алдында турушу:
Хайбар фатх кылынгандан кийин Сафия (разияллаху анха) туткунга түшкөн. Ал кадыр-барктуу аял эле, анткени Бану Надирдин башчысынын кызы болчу.
Пайгамбар ﷺ анын даражасын билгенде, аны урматтап, ага тандоо берди: өз дининде калып, азат кылынат же Исламды кабыл алып, ага турмушка чыгат. Ал Исламды жана Аллахтын Элчисин ﷺ тандады. Ошондо Пайгамбар ﷺ аны азат кылып, ага үйлөндү жана аны азат кылуусун анын махры кылды. Бул Сахих аль-Бухарийде сабит болгон.
Бул жерде көбүрөөк токтолуп өтүү зарыл:
Сафия өз атасы жасаган катанын кунун төлөөгө милдеттүү эмес эле. Ал өзү үчүн жаңы жолду — ыйман жолун тандады. Ошентип, Ислам бизге адам акыйкаттан алыс чөйрөдө төрөлүшү мүмкүн экенин, бирок акыйкатты тааныганда аны тандай аларын үйрөтөт.
Туткундуктан урмат-сыйга:
Пайгамбар ﷺ Сафиянын өткөн тарыхын жана анын өз душмандары менен туугандык байланышын аны кемсинтүүгө себеп кылган жок. Тескерисинче, ал Пайгамбардын ﷺ жубайы жана момундардын энеси болду. Бул сийраттагы эң улуу сабактардын бири.
Ислам эч кимдин алдында хидаят эшигин жаппайт. Адам Исламга душман болгон үй-бүлөдөн чыгып, кийин өзү Ислам элинен болуп, урмат-сыйга ээ болушу мүмкүн. Атасы бир жолдо, баласы башка жолдо болушу мүмкүн. Өлчөм таквалык жана ыйман менен гана болот. Аллах Таала айтты:
﴿إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ﴾
«Албетте силердин Аллах алдындагы эң урматтууңар – эң такваларыңар». (Аль-Хужурат: 13).
Сафия Пайгамбардын үйүндө:
Сафия (разияллаху анха) Пайгамбардын ﷺ үйүнө кирип, момундардын энелеринин бири болду. Момундардын энелеринин ортосунда кызганыч болушу табигый инсаний көрүнүш эле. Бирок Пайгамбар ﷺ мындай жагдайларды даанышмандык жана мээримдүүлүк менен чеччү.
Таасирдүү окуялардын биринде Сафия (разияллаху анха) анын тегине байланыштуу айтылган сөздөрдөн жабыркаган. Ошондо Пайгамбар ﷺ аны сооротуп, анын даражасын эске салып, ага:
«إنك لإبنة نبي (يقصد موسى عليه السلام)، وإن عمك لنبي (يقصد هارون عليه السلام)، وإنك لتحت نبي».
«Чындыгында, сен пайгамбардын кызысың (Муса алейхиссаламды айтып жатат), сенин агаң да пайгамбар (Харун алейхиссаламды айтып жатат), өзүң да пайгамбардын никесиндесиң», – деди.
Андан соң Пайгамбар ﷺ ага ошол сөздөрдүн таасирин кетире турган сөздөрдү айтты…
Сафия Пайгамбардын ﷺ жубайы:
Пайгамбар ﷺ Сафия (разияллаху анха) менен жакшы мамиледе болгон. Буга мисал катары Анас (разияллаху анху) риваят кылган окуяны айтсак болот: Пайгамбар ﷺ Сафия миниши үчүн төөнүн үстүнө өзүнүн чапанын төшөгөн. Бул анын мээримдүүлүгүнүн жана жубайына жакшы мамиле кылуусунун бир көрүнүшү эле.
Ошондой эле Пайгамбар ﷺ Сафия менен жубайы Зайнабга (разияллаху анхума) кыйынчылыкка кабылган учурда:
«إنكما لابنتا نبي».
«Силер экөөңөр тең пайгамбардын кыздарысыңар», – деген. Мында көңүлдөрдү көтөрүү жана өз үй-бүлөсүн урматтоо бар.
Пайгамбардын ﷺ улуу ахлагын көрсөткөн окуя:
Бухарий жана Муслим риваят кылган окуя эң сонун окуялардын бири. Сафия (разияллаху анха) Пайгамбар ﷺ иътикафта отурганда аны зыярат кылган. Ал үйүнө кайтуу үчүн чыкканда, Пайгамбар ﷺ аны үйүнө чейин узатып коюу үчүн аны менен кошо чыкты. Ошол учурда ансарлардан эки киши өтүп баратып, Пайгамбарды ﷺ көргөндө кадамдарын тездетишти. Ошондо ал экөөнө:
«على رسلكما، إنها صفية بنت حيي».
«Шашпагыла, бул — Сафия бинт Хуяй», – деди.
Андан соң Пайгамбар ﷺ:
». «إن الشيطان يجري من ابن آدم مجرى الدم
«Чындыгында, шайтан адам баласынын кан тамырларында кан жүргөндөй жүрөт», – деди.
Пайгамбар ﷺ жаман күмөнгө эч кандай орун калтырган жок. Ал: «Мен Аллахтын Элчисимин, адамдар мен жөнүндө жакшы ойдо болууга милдеттүү», – деген жок. Тескерисинче, Үммөткө абийир-намысты коргоону, ушактын, жаман күмөндүн жана шек-күмөндүн эшиктерин жабууну үйрөттү.
Сафиядан (разияллаху анха) эмнелерди үйрөнөбүз?
Биринчиден: үй-бүлөңдүн мурунку тарыхы сенин келечегиңди аныкташына жол бербе.
Адам салих кишинин баласы болуп туруп, туура жолдон адашып кетиши мүмкүн. Ошондой эле акыйкаттан алыс болгон кишинин баласы болуп туруп, хидаят табышы мүмкүн. Ошондуктан эч ким: «Атам ушундай болгондуктан, мен да ушундаймын», – деп айтпашы керек. Ошондой эле эч бир адамды атасы же коому себептүү айыптоого болбойт.
Аллах Таала айтты:
﴿كُلُّ نَفْسٍ بِمَا كَسَبَتْ رَهِينَةٌ﴾
«Ар бир жан өзү (дүйнө тирүүлүгүндө) кесип кылган иштери себептүү (тозокто) кармалуучу». (Аль-Муддассир: 38).
Экинчиден: акыйкат айкын болгондо, ага жооп берүү керек.
Сафия (разияллаху анха) үй-бүлөлүк байланышын өзү менен акыйкаттын ортосуна тоскоолдук кылган жок. Бул ар бир адам үчүн сабак: эгер ага Аллахтын Китебинен жана Анын Элчисинин ﷺ Сүннөтүнөн далил айкын болсо, андан адатты да, улутчулукту да, хизбди да, кызыкчылыкты да, мурас болуп калган пикирди да жогору койбошу керек.
Үчүнчүдөн: Ислам адамдарды акыйда негизинде бириктирет.
Сафия (разияллаху анха) дини мусулмандардан башка болгон коомдон чыккан, кийин болсо момундардын энеси болду. Бул Ислам рабытасы кан, тек жана уруу рабыталарынан күчтүүрөөк экенин көрсөтөт. Аллах Таала айтты:
﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ﴾
«Момундар шек-күмөнсүз ага-инилер». (Аль-Хужурат: 10).
Төртүнчүдөн: адамга анын насабы себептүү зулум кылууга болбойт.
Адамды анын коому, үй-бүлөсү же теги себептүү айыптоо эң кооптуу каталардын бири болуп саналат. Сафия (разияллаху анха) мунун эң ачык далили. Анын атасы мусулмандардын душмандарынын бири болгон, бирок өзү момундардын энелеринин бири болду. Демек, күнөөсүз адам башка бирөөнүн күнөөсү үчүн жоопко тартылбайт.
Сафия жөн гана тарыхый баян эмес:
Сафиянын (разияллаху анха) баяны — Аллахтын Элчиси ﷺ үйлөнгөн бир аялдын гана баяны эмес. Бул — хидаят баяны. Бул — адамдын белгилүү бир чөйрөдөн чыгып, акыйкатка жете аларын көрсөткөн баян. Бул — Ислам адамга таассуб (фанатизм) көзү менен эмес, ыйман көзү менен карай турганын көрсөткөн баян. Ошондой эле Пайгамбардын үйү мээримдүүлүктүн, урмат-сыйдын, таалимдин жана тазалануунун үйү болгонун көрсөткөн баян.
Ошондуктан биз:
﴿فَبِهُدَاهُمُ اقْتَدِهْ﴾
«Демек, алардын Жолуна гана ээрчигиле» (Анъам: 90), – деген аятты окуганда, аны өтүп кеткен тарых катары эмес, пайгамбарлар жана аларды ээрчигендер алып келген хидаятка ээрчүүгө болгон чакырык катары окушубуз керек.
Бүгүн Сафийя бизге эмне дейт?
Ал бизге мындай дейт: ата-бабаларың акыйкатты ээрчигени үчүн гана акыйкатты ээрчибе. Ошондой эле акыйкатты душмандарың айткандыгы үчүн четке какпа. Таассубду өзүң менен хидаяттын ортосуна тоскоолдук кылба. Акыйкат айкын болсо, аны ээрчүүдө кайраттуу бол. Аллахты таанысаң, валааңды (бапаа кылуу) Ага арна. Аллахтын Элчисин ﷺ таанысаң, анын хидаятына ээрчи. Үй-бүлөңдөн бирөө ката кылса, анын катасын өзүңө жүктөбө. Эгер кимдир бирөө сага жамандык кылса, анын жамандыгын акыйкатты таштоого себеп кылба.
Сафия Хуяй ибн Ахтабдын үйүнөн чыкты, бирок атасынын позициясын өзү үчүн түбөлүктүү тагдыр кылган жок. Тескерисинче, өмүрүнүн соңунда Аллахтын Элчисинин ﷺ жубайы жана момундардын энеси болду.
Эй, хидаят жолун издеп жаткан адам! Кайдан келгениңе эмес, кайда бара жатканыңа кара.
Эй, Исламдын камын көтөргөн адам! Адамдардын хидаят табышынан үмүт үзбө. Сен акыйкаттан алыс деп ойлогон адам Аллахка эң жакын адамдардын бири болуп калышы мүмкүн.
Эй, үлгү алууну каалаган адам! Пайгамбарлардын хидаятынан, Аллахтын Элчисинин ﷺ ахлагынан жана ал алып келген хидаяттан, мээримдүүлүктөн жана адилеттүүлүктөн үлгү ал.
Аллах Таала айтты:
﴿لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِّمَن كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ وَذَكَرَ اللَّهَ كَثِيرًا﴾
«(Эй момундар), силер үчүн – Аллах жана Акырет күнүнөн үмүткөр болгон, ошондой эле Аллахты көп жат кылган кишилер үчүн Аллахтын пайгамбарында көркөм өрнөк бар». (Аль-Ахзаб: 21).
Аллах момундардын энеси Сафия бинт Хуяйды рахматына алсын жана бизди аны менен бирге Наим бейиштеринде чогултсун.


