Секуляризмди Ислам өлкөлөрүнөн түп-тамыры менен жулуп таштоонун важибдиги

Секуляризмди Ислам өлкөлөрүнөн түп-тамыры менен жулуп таштоонун важибдиги
Суданда согуш уланып, саясий, экономикалык жана коопсуздук көйгөйлөрү күчөп жаткан шартта, Судандагы күчтөр жана саясий партиялар согушту токтотуунун жолу катары секуляризмди сунуштап жатышат. Алар Судан эли өлкөнү башкаруу үчүн саясий көз карашка макул болушу керек дешүүдө. Бул чакырыкка бир катар эркек жана аял журналисттер да кошулуп, ушул партиялар жана саясий күчтөрдүн секуляризмди чечим катары караган көз карашына шайкеш макалаларды жазышты. Бул күчтөр тарабынан 24-майда «Принциптер декларациясы» деп өткөрүлгөн Найроби конференциясы болду, анда мамлекеттин секулярдуулугун караган саясий документ кабыл алынды. Анда мындай деп айтылат: “Бирдиктүү жана демократиялык Судан мамлекетин куруу көздөлөт, ал федералдык болуп, борбордон ажыратылган системага таянат жана дин менен мамлекетти ажыратууга негизделет”.
Ал тургай Порт-Судандагы Бурхан өкмөтүнө параллелдүү Ыкчам колдоо күчтөрүнүн өкмөтү да ушуга чакырды. Анын премьер-министри 31-октябрда «Аль-Жазира Мубашир» каналында чыгып: “Биздин максатыбыз — секулярдык демократиялык система” деп айткан. Белгилей кетүүчү нерсе, мурдагы Судан премьер-министри Хамдок (аны Бурхан бийликтен четтеткен), азыр эл аралык сахнада аракет кылып жүрүп, ошондой эле секуляризмге кол коюп, эки куралдуу козголоңчу топ менен бирге келишим түзгөн. Ал топтор Суданды бошотуу кыймылынын лидери Абдулвахид Мухаммад Нурдун канаты жана элдик кыймылдын лидери Хилу. Алар 18/5/2024 күнү Түштүк Судандын борбору Жубада өткөн конференцияда динди мамлекеттен ажыратууга жана диндер менен иденттүүлүктөргө бирдей мамиле кылуу принцибине негизделген келишимге кол коюшкан. Ал тургай Суданды секуляризм менен башкарып жаткан Бурхан да, мамлекеттин дини катары Исламдан баш тартып, 04/07/2021 күнү Жубада Хилу менен келишимге кол койгон, анда мындай деп айтылат: “Мамлекет эч кимге дин таңуулабайт жана расмий динди кабыл албайт”.
Демек, бардык саясий күчтөр, топтор жана өкмөттөр секуляризмди кабыл алып, ага чакырып жатышат. Анда бул секуляризм деген эмне? Эмне үчүн бул күчтөр аны башкаруу жана саясат үчүн ылайыктуу деп эсептешет? Исламдын ага болгон көз карашы кандай? Жана аны тамыры менен кантип жулуп таштап, таштанды челегине ыргытып, өз жактоочуларынын колу менен өкүнбөстөн акыркы сапарына узатабыз?
Белгилүү болгондой, секуляризм Европада пайда болгон. Ал чиркөө менен ойчулдар жана философтор ортосундагы кагылышуунун натыйжасында жаралган. Европа элдери өздөрүн “жер жүзүндөгү Кудайдын көлөкөсү” деп эсептеген падышаларга жана чиркөөнүн бийлигине каршы көтөрүлүшкөн. Француз эли өз революциясында: «Акыркы падышаны акыркы поптун ичеги-карыны менен асып өлтүргүлө» деп ураан көтөргөн.
Акыры, убактылуу (дүйнөлүк) бийлик менен руханий бийликти ажыраткан орток чечимге келишкен. Натыйжада чиркөөнүн бийлиги жоюлуп, дин турмуштан ажыратылган. Демек, дин мамлекеттен да, саясаттан да бөлүнгөн. Дин адам менен Жаратуучусунун ортосундагы байланыш менен гана чектелип, Жаратуучунун жашоо, мамлекет жана коом иштерин жөнгө салууга тиешеси жок деп эсептелген.
Европа мамлекеттери динди турмуштан ажыратууну өздөрүнүн акыйдасы катары кабыл алышты. Бул капиталисттик мабданын акыйдасы болуп саналат. Кийин алар бул идеяны Ислам өлкөлөрүнө алып келип киргизишти. Европа мамлекеттери мусулман жерлерин басып алганда, бул пикирди күч менен таңуулашты: англичандар Мисирди басып алып, андагы исламий башкаруунун калдыктарын жок кылышты; Түркияга кирип, халифаны кууп чыккандан кийин аны секулярдык мамлекетке айландырышты; Суданга келип, өз мыйзамдары менен системаларын таңуулашты.
Ошондой эле, ушул секуляризм менен башкарган режимдерди орнотуп, саясий жана экономикалык көйгөйлөрдүн чечими катары секуляризмден башка жол көрбөгөн топторду пайда кылышты. Бул алардын малайлыгынан улам жана алар өздөрүнө чийилип берилген чектен чыга алышпайт. Мунун натыйжасында бүгүнкү күндөрдө секуляризмге чакырыктар күчөп, аймактык жана эл аралык конференциялар уюштурулуп, секуляризм идеясы кеңири жайылтылууда. Мунун максаты — Ислам үммөтүндө өсүп жаткан аң-сезимдин жолун тосуу, адамдарды секуляризмди кабыл алууга көндүрүү жана согуштарды токтотуу, коопсуздук менен туруктуулукка жетүү ушул аркылуу болот деген пикирди сиңирүү.
Ал эми Ислам секуляризмге куфрдун акыйдасы катары карайт. Анткени дин жашоодон ажыратылбайт, тескерисинче, жашоо менен тыгыз байланышта болот. Мамлекет да динден ажырабайт. Ислам дининен мамлекет да, саясат да ажырабайт. Исламдагы жамааттардын иши саясат болуп, мабдасы Ислам болушу керек. Мусулмандарга жамааттарды түзүүгө укук берилет, бирок алардын негизи Ислам болушу шарт.
Исламий акыйда мамлекеттин негизи болуп саналат. Анын түзүмүндө кандайдыр бир нерсенин болушу же аны эсепке алуу Исламды негиз кылуу менен гана мүмкүн. Жамааттардын байланыштары ички чөйрө менен чектелет. Мамлекет кайсы бир жамааттын тышкы тараптар менен байланышын тыят. Ошондуктан тышкы конференциялар да, саясий жолугушуулар да, мамлекеттин түзүлүшүнө таасир бере турган саясий документтерге кол коюу да, шариятка туура келбеген кандайдыр бир идеяга чакыруу да болбойт.
Ушундан улам бардык секулярдык пикирлерге тыюу салынат. Мисалы: демократия, эркиндик, элдик эгемендик, эл башкаруусу, эл бийликтин булагы деген түшүнүк, федерализм жана башкалар. Ал эми исламий пикирлер болсо, шаръий далилдерге таянган шартта гана көтөрүлөт. Алар таза, тунук түрдө, эч бир исламий эмес таасирге кабылбастан жеткирилет. Ислам көтөрүлөт, куфр болсо ташталат.
Ал эми эмне үчүн ушул күндөрү секуляризмге ушунчалык катуу чакырык болуп, калем ээлери жалданып, партиялар кыймылга келип жатат? Мунун себеби — каапырдын саясий максаты. Ал айрым Ислам өлкөлөрүнүн конституцияларында сакталып калган “Ислам — мамлекеттин расмий дини” же “шарият мыйзам чыгаруунун булактарынын бири” деген сыяктуу жоболорду жок кылууну каалайт.
Каапыр толук секулярдык конституцияны жана мыйзамдарды каалайт, анда эч бир динге шилтеме болбошу керек. Ошондой эле ал эркек менен аялдын ортосундагы нике, талак, хулъ, бала багуу сыяктуу шаръий өкүмдөрдүн калдыктарын да жоюуну каалайт. Булардын ордуна CEDAW келишимине ылайык нормаларды киргизүүнү көздөйт: эркек эркекке үйлөнөт, аял аялга турмушка чыгат, нике шаръий эмес, жарандык негизде болот ж.б. Мындан тышкары, каапыр жамааттык ибадат сезимдерин да — майрамдардагы жана башка диний иш-чаралардагы көрүнүштөрдү — жоюуга аракет кылат.
Бул секуляризмге болгон чакырыкка каршы туруу фикрий жана саясий күрөш менен болушу керек. Ал эми фикрий күрөш — бул секулярдык пикирлердеги жалганды ачык көрсөтүү. Бир караганда бул пикирлер жаркырагандай көрүнүп, адилеттүүлүк жана теңдикке чакыргандай сезилиши мүмкүн. Анткени үммөтүбүз темир жана от күчү менен башкарылып келгендиктен, эркиндик да, демократия да жок. Бирок исламий фикраттын күчү, аны көтөрүп чыгуу тарикаты менен кошо, бардык батыл пикирлерди жеңүүгө жана алардын жалгандыгын ашкерелөөгө жетиштүү.
Ал эми саясий ашкерелөө услубу боюнча айтсак, бул партиялар, кыймылдар жана жамааттар каапырдын кучагына кирип алгандыктан, үммөт үчүн чын ыкластуу тараптар эмес. Алар туйгу жагынан да, фикрий жактан да үммөттөн ажырап калган. Алар үчүн бийликке жетүү жана өз кожоюндарына кызмат кылуудан башка нерсе маанилүү эмес.
Ал эми Ислам системасы — жамааттар кабыл алышы жана аны бийликке алып келүү үчүн иштеши керек болгон жалгыз туура чечим. Бул фикрий жана саясий күрөш аркылуу, пландарды ашкерелөө жана үммөттүн кызыкчылыктарын кабыл алуу менен ишке ашат. Ошондой эле, каапырлар үммөт тартып жаткан бардык азаптардын — согуштардын, жакырчылыктын, оорулардын, коопсуздуктун жоктугунун, азык-түлүк жана дары-дармек тартыштыгынын — негизги себеби экенин түшүндүрүү зарыл.
Демек, исламий жашоону кайра баштоодон башка чыгуу жолу жок. Бул максат үчүн үммөт ичинде болуп көрбөгөндөй коомдук пикир жана аң-сезим пайда болду. Мына ушунда мусулман өлкөлөрүндөгү армиялардын ролу келип чыгат: алардан бул идеяны колдоп, аны бийликке жеткирүү ачык талап кылынат. Анткени, таяна турган күчү жок эч бир идея ишке ашпайт. Бул секулярдык партиялар бийликке жетүү үчүн үммөткө эмес, каапырга таянышат.
Ал эми ыкластуу хизб болсо, Аллах Тааладан кийин үммөттүн уулдарынан болгон ушул куралдуу күчкө таянат. Пайгамбар ﷺ ансарлар менен ушундай кылган: мамлекет куруп, адилеттикти орнотуп, зулумду жоготуп, үммөттү азиз кылган.
Эй партиялар! Колуңарды каапырдан үзгүлө да, Исламды кабыл алгыла. Ага каршы шек-күмөн таратып, аны жамандабагыла. Акыйкат дайыма үстөм болот, ага эч нерсе үстөм боло албайт. Ушундай улуу максат үчүн т.а. нубувват минхажы негизиндеги рошид Халифалык үчүн аракет кылуучулар аракет кылышсын!
Роя гезити
Др. Ахмад Абулфадыл — Судан вилаяты




