Тафсирдин булактары

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо-жооп
Тафсирдин булактары
Саид Алиге
Суроо: Аллахтын аты менен, Аллахтын Элчисине, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны ээрчигендерге салам салаваттар болсун. Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху урматтуу Шейх.
Ислам үммөттүнө алып келген бардык жакшылыктарыңызда сизге ийгилик жана жетекчилик тилейм, ошондой эле Аллахтын убадасын жана Анын Пайгамбарынын ﷺ жакшы кабарын аткаруу менен сапарыңыз жеңиш жана күч-кубат менен аяктайт деп үмүттөнөм. Урматтуу шейхибиз: “Шахсия” китебинин биринчи бөлүгүнүн 296-бетиндеги (кырг. 236-бет) “Тафсир булактары” бөлүмүндө төмөнкүлөр айтылат: “… Ал эми Расулулла ﷺдан накл кылынган тафсир сахих болсо, ал хадистин бир бөлүгү деп эсептелет, тафсир деп айтылбайт, себеби мындай абалда ал Куран сыяктуу ташриъий нусус болуп калат, демек тафсирлер түркүмүнө кирбейт…”.
296-бетте айтылгандар хадисти тафсир булагы деп эсептейт, тафсирдин булагы деп эсептеген сөз кырг. нускада 232-беттин ортосунда келген: “1. Расулулла ﷺдан накл кылынган тафсир. Мисалы…”, бирок 301-бетте (кырг. 236-бетте) айтылгандар хадистин тафсир экенин четке кагат… Бул эки сөз бири-бирине карама-каршы келгендей сезилет, мен үчүн дал ушул нерсени түшүнүү кыйын. Сураныч, бул башаламандыкты тактап, маселенин акыйкатын түшүндүрүп бериңизчи: Хадис тафсирлер түркүмүнө киреби же кирбейби?
Рахмат Сиздин бир тууганыңыз Али Аль-Саиди – Тунис.
Жооп: Уа алейкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракаатуху. Бир тууганым, шахсия китебинин биринчи бөлүгүндө, 360-бетте (кырг. 232-бет) айтылгандар “тафсир булактары” деген темада айтылган. Ошол эле китептин 366-бетинде (кырг. 236-б) “Бүгүнкү күндө үммөттүн муфассирлерге болгон муктаждыгы” деген темада айтылган… Бул эки үзүндү кылдаттык менен изилденсе, алардын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок экенин көрсөтөт. Муну тактоо үчүн мен төмөнкүлөрдү түшүндүрүп берейин:
Биринчиден: Бул тууралуу (тафсир булактарында) мындай деп айтылат:
Муфассирлердин ар биринин Куран тафсиринде тавхид, фикх, балагат, тарых жана ушул сыяктуу фикратка ылайык кабыл алган нерселер бар, бирок, алар тафсир булактары боло албайт. Булар болгону муфассирге таасир кылган жана анын таасиринде аалым белгилүү бир жолду туткан иштер гана. Тафсир булактары деп муфассирлер накл кылышкан о.э. тафсирде туткан багыттары кандай болушуна карабастан, ушул булактан алган таасирленүүлөрү, шархынын этибарга алынуусу болот. Тафсир булактарын бир бирден текшерсек, алардын үч нерсеге чектелгенин көрөбүз:
Расулулла ﷺдан накл кылынган тафсир. Мисалы, Расулулла ﷺ мындай деген:
قال ﷺ: «الصَّلَاةُ الْوُسْطَى صَلَاةُ الْعَصْرِ» أخرجه الترمذي
“Орто намаз – аср намазы”. (Тирмизий риваят кылды).
Тафсир булактарынын бири рай болуп, ал тафсирдеги ижтихад деп аталат. Себеби, муфассир араб тилин жана сүйлөшүү усулдарын толук билет. Араб тилин жана ушул тилде жазылган шеърлер жана насрлардын маанисин түшүнөт жана бул васиталардан пайдаланган абалда аяттын түшүрүлүү себептерин үйрөнөт.
Исроилияттар. Яхудий жана насронийлердин айрымдары Исламга кирген болуп, алардын арасында Тоорат жана Инжил аалымдары бар эле. Көптөгөн яхудийлер Исламга карасанатайлык менен киришкен болчу. Себеби, яхудийлер мусулмандарга карата насронийлерге караганда көбүрөөк душмандыкта эле. Ошондуктан, ошол аалымдар тарабынан мусулмандарга көптөгөн исроилият кабарлары жылжып кирди жана бул кабарлар менен аяттарды шархтоону толукташтыруу максатында алар Куран тафсирине кошулуп калды.
Көрүнүп тургандай, бул жердеги маселе тафсирчилердин айтымындагы тафсир булактары жөнүндө болуп жатат жана жогоруда түшүндүрүлгөндөй алар үч булак.
Экинчиден: Биринчи шахсиянын , 366-беттеги, (кырг. 236-б) “Бүгүнкү күндө үммөттүн муфассирлерге болгон муктаждыгы” деген темада айтылган нерсеге келсек, ал бул булактардын муфассирлер арасында тууралыгы жана катасы жагынан вакыйлыгын тактайт. Алар айтып жаткан биринчи булак — “Алланын Элчисинен ﷺ накл кылынган тафсир” бул чындыгында тафсир деп аталбай турганын баяндайт. Тескерисинче, ал Пайгамбардын ﷺ сөздөрү, себеби тафсир – бул муфассирдин ижтихады. Ал эми Элчиден ﷺнакл кылынган риваятка келсек, ал тафсир же ижтихад эмес, тескерисинче, бул Элчинин ﷺхадиси, Кудуреттүү жана Даанышман Аллахтан келген вахий (аян). Бул бабдын башында эле келген бул сөзүнөн айкын көрүнүп турат: Ошондуктан, тафсирлердин терең жана жаркын пикирий китеп катары окулуусу үчүн мусулмандарда шыктануу жана каалоону козгоочу бир услуб болушу керек. Мындан тышкары, фалсафа китептери которулган жана андан таасирленген кылымдан кийин о.э. кресттүүлөр согушу болуп өткөн таназзул кылымынан кийин мусулмандар жүргөн тафсирдеги жол ушундай бир тафсирлердин пайда болушуна алып келди дейсиң, аларда негизги этибар Куран аяттарына тиешеси жок нерселерге каратылды.
Тафсирге кирип калган исроилияттар мусулмандар үчүн үчүнчү булак болуп калганын айтуунун кажети жок. Ошондуктан, Куранды түшүнүүдөгү ижтихад жагынан сахабалардын тафсир мыйзамы менен жүрө турган о.э. алардын тафсиринен пайдаланган тафсир болушу зарыл. Ал эми Расулулла ﷺдан накл кылынган тафсир сахих болсо, ал хадистин бир бөлүгү деп эсептелет, тафсир деп айтылбайт, себеби мындай абалда ал Куран сыяктуу ташриъий нусус болуп калат, демек тафсирлер түркүмүнө кирбейт.)
Бул бапта (бөлүмдө) келген нерселер — Аллах Субханахунун аяттарын тафсирлөөдө сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) карманган туура ижтихадга ылайык, тафсирдеги туура пикирди баяндоо үчүн келтирилген.
Ал эми Расулуллахтан ﷺ риваят кылынган нерселер ижтихад бабында эмес, хадистер бабында айтылат. Анткени вахий аркылуу келген Расулуллахтын ﷺ хадиси менен ижтихад бабына кирген сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) ижтихадынын ортосунда айырма бар.
Бул жетиштүү деп үмүттөнөм, жана Аллах билүүчү жана өкүмдар.
Боордошуңар Ато бин Халил абу Рашта.
1448-х, 4 – Робиъу саани.
2026-ж, 16-сентябрь.




