«Таңкы чабуул» аттуу коррупцияга каршы операция: элес менен чындыктын ортосунда

«Таңкы чабуул» аттуу коррупцияга каршы операция: элес менен чындыктын ортосунда
Ирак 2003-жылы басып алынгандан бери каржылык жана административдик коррупциянын кеңири жайылышынан жапа чегип келет. Бул көрүнүш мамлекеттик мекемелерге жана элдин ишенимине олуттуу таасирин тийгизди. Бийликке келген ар бир өкмөт коррупцияга каршы күрөшүүнү убада кылганы менен, бул көрүнүш алардын баары үчүн чоң көйгөй бойдон калып, барган сайын күчөп келүүдө.
Американын колдоп-кубаттоосу менен Али аз-Зайди өкмөт башчысы болгондон кийин, Америка «ал-Итар» коалициясынын талапкери Нури аль-Маликини, ошондой эле куралдуу топтор менен байланышы бар бардык талапкерлерди четке кагып, экономикалык санкциялар менен коркуткан эле. Ошондон кийин аз-Зайди өзүнөн мурункулар сыяктуу эле коррупцияга каршы күрөштү өкмөтүнүн эң башкы артыкчылыгы катары жарыялады.
Өзүнүн убадаларынын ишенимдүүлүгүн көрсөтүү үчүн ал 2026-жылдын 28-июнунда, жекшемби күнү таңга маал мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланууга айыпталган коррупционерлерди жана шектүүлөрдү кармоого багытталган кеңири операцияны баштап, ага «Таңкы чабуул» деген ат берди.
Бул операцинын натыйжасында ушул убакка чейин ондогон жооптуу кызматкерлер, анын ичинде парламенттик блоктордун жетекчилери жана парламент мүчөлөрү камакка алынды. Ошондой эле болжол менен 100 миллион доллар, ондогон кыймылсыз мүлк объектилери жана көп көлөмдөгү алтын конфискацияланды.
Бул операциянын алдында 2026-жылдын 30-майында Аднан аль-Жумайли Исхаки аймагында кармалып, анда ири өлчөмдөгү акча каражаттары табылган. Бул окуя жүргүзүлгөн иликтөөлөргө негиз болуп, кийинчерээк ушул операциянын башталышына алып келди. Анын алкагында белгилүү саясатчылар, алардын ичинде Мутанна ас-Самарраи жана Алия Насиф да камакка алынды.
Бул операция Ирактын ар кайсы аймактарында, анын ичинде Жашыл аймак деп аталган, Багдаддагы эң катуу кайтарылган аймакта да тинтүүлөрдү камтыды. Ошентсе да көптөгөн талдоочулар бул иш-чаранын ишенимдүүлүгүнө күмөн санап келишет. Алардын пикиринде, эгер бул кампания парламенттик блоктордун эң таасирдүү жетекчилерин жана жогорку кызматтагы ири жооптуу адамдарды («чоң балыктарды») да камтыбаса, анын чыныгы максатына ишенүүгө негиз жок.
Ал эми айрым талдоочулар бул операциянын убактысы суроолорду жаратып жатканын белгилешти. Алардын пикиринде, бул операция чындап эле улуттук муктаждыкка жооп катары башталдыбы же өкмөт башчысынын Америка Кошмо Штаттарына боло турган сапарына даярдыкпы? Айрыкча, бул сапардын жүрүшүндө экономикалык жана инвестициялык реформаларга байланыштуу маселелер талкууланары айтылып жаткан шартта.
Бул операциянын чыныгы маңызын жана анын Ирактын көйгөйлөрүнө натыйжалуу даба боло алабы же жокпу деген суроого жооп алуу үчүн, төмөнкү чындыкты ачык айтуу зарыл: Ирактагы коррупция акча уурдоо менен эле чектелген жок. Ал андан да ашып өтүп, ахлакый бузулууга, кылмыштуулуктун күчөшүнө, баңгизаттардын кеңири жайылышына, куралдуу топтордун адамдарды коркутуп-үркүтүп талап-тоноосуна алып келди. Алардын эң чоң кылмышы – мазхабдык фитна жана «Давлат» уюму аркылуу жүз миңдеген күнөөсүз адамдардын өлтүрүлүшү болду. Мындан тышкары өлкөгө кеңири жайылган дагы көптөгөн бузукулуктар бар. Мунун баары коррупционерлерди коргогон жана квоталык бөлүштүрүүгө негизделген бузук түзүмдүн сөзсүз натыйжасы болду. Ошондуктан, ууруларды куугунтуктоого ушунчалык чоң маалыматтык шаң берүү менен бирге, аларды пайда кылган жана өлкөдөгү бардык түрдөгү кеңири жайылган коррупцияны жараткан түзүмдү ошол бойдон калтыруу – бул натыйжалуу дарылоо да эмес, жарадар болгон бул элдин азабына туура чечим да эмес.
Ирактагы көйгөй – курмандыкка чалынып, бузук түзүмдүн күнөөсүн өзүнө жүктөй турган бир ууч коррупционер-ууруларда эмес. Көйгөй баскынчы Америка мусулман өлкөлөрүнүн бири болгон Иракка таңуулаган коррупцияга негизделген түзүмдө. Оорунун түпкү себеби турганда, анын айрым белгилерин гана дарылоонун эч кандай пайдасы жок.
Оорунун түпкү себеби – баскынчы Американын болушу жана ал Иракты басып алгандан бери өлкөгө таңуулаган саясий түзүмдү көзөмөлдөп турушу. Ошондуктан бул негизги себеп тууралуу таптакыр сөз кылынбайт. Тескерисинче, Ирак элине маселе адамдарда гана деген элес берилет. Натыйжада саясий аң-сезими дагы эле жетиштүү деңгээлге жете элек бул эл адамдарды гана алмаштыруу айлампасында кала берет. Буга мисал катары мурдагы өкмөт башчы Мухаммад Шиа ас-Суданини айтса болот. Ал баскынчы Американын колдоосуна ээ болуп, аны көп жолу мактап, ашкере даңазалап келген. Эми болсо ал коррупциянын башкы жетекчилеринин бири экени айкын болуп жатат.
Американы коррупцияны түп-тамыры менен жок кыла турган куткаруучу катары көрсөтүү – саясий аң-сезим үстүрт экендигинин белгиси. Анткени Америка коррупциянын колдоочусу болуп саналат жана ушул кризистердин баарын пайда кылган саясий түзүмдү таңуулоо аркылуу анын тамырлашына өзү салым кошкон. Ошондуктан Ирактагы мусулмандар коррупциянын чыныгы себебин түшүнүүгө милдеттүү. Ал бир гана себептен турат: алардын үстүнөн өкүм жүргүзүп турган саясий түзүм. Анын натыйжаларын гана оңдоого аракет кылып, ошол түзүм бардык түрдөгү коррупциянын негизги себеби экенин аңдабаган ар кандай аракетти дарылоо, реформа деп айтууга болбойт.
Ошондой эле ар кандай көйгөйдүн чечими анын өзүнүн ичинен же аны пайда кылган тараптан чыкпай турганын түшүнүү зарыл. Көйгөйдү чечүү үчүн анын себебин жана аны пайда кылган нерсенин өзүн жоюу керек.
Мусулман өлкөлөрүнүн бүгүнкү абалын көрүү, ошондой эле эң улуу акыйдага жана эң бийик фикратка ээ болгон мусулмандардын өз көйгөйлөрүн чечимин душмандарынан сурап жатканын көрүү чындап эле кайгылуу жана жүрөк оорутат. Өз көйгөйлөрүн Жаратуучу Өзү тандап берген саясий түзүм аркылуу чечип келген эң жакшы үммөткө ушундай абал жарашабы?!
Ошондуктан мусулмандар өздөрүнүн улуулугу жана абалынын оңолушу Аллахтын шариятын өкүм жүргүзүү жана мал-мүлктү, ар-намысты жана адамдардын өмүрүн коргогон исламий башкаруу түзүмүн орнотуу менен гана ишке аша турганын түшүнүүгө милдеттүү. Бул түзүм үммөткө башкаруучуларды мухасаба кылуу укугун берет. Ошондой эле анда эч ким мыйзамдан жогору турбайт. Буга Аллахтын Элчисинин ﷺ төмөнкү сөзү далил болот:
«إِنَّمَا أَهْلَكَ الَّذِينَ قَبْلَكُمْ أَنَّهُمْ كَانُوا إِذَا سَرَقَ فِيهِمْ الشَّرِيفُ تَرَكُوهُ، وَإِذَا سَرَقَ فِيهِمْ الضَّعِيفُ أَقَامُوا عَلَيْهِ الْحَدَّ، وَايْمُ اللَّهِ لَوْ أَنَّ فَاطِمَةَ بِنْتَ مُحَمَّدٍ سَرَقَتْ لَقَطَعْتُ يَدَهَا»
«Силерден мурункулар ушул үчүн да кыйроого учурашкан, алардын арасында кадыр-барктуу адам уурулук кылса, аны коё беришчү, алсыз адам уурулук кылса, колун кесишкен. Жаным Анын колунда болгон Затка ант, эгер Мухаммаддын кызы Фатима уурулук кылганда да, албетте, анын колун кесмекмин».
Жыйынтыгында айта турган болсок, чыныгы өзгөрүү жана коррупциянын бардык түрлөрүн жок кылуу тандалма иш-чараларды жүргүзүү же айрым коррупционерлерди курмандыкка чалуу менен ишке ашпайт. Тескерисинче, бул коррупциянын баарын пайда кылган бузук түзүмдү жоюп, Улуу жана Кудуреттүү Рабби белгилеген түзүмдү орнотуу зарыл.
Роя гезити
Ахмад Ат-Таий — Ирак вилаяты




