Харажий жер тууралуу

Харажий жер тууралуу
Суроо:
«Конституция долбоору» китебинин (2-бөлүк) 43-бетинин 10-сабында төмөнкүлөр келген:
«Ал эми кафир харажий жерге ээлик кылса, ал хараж төлөйт. Эгер ушрий жерге ээлик кылса, ага ушр эмес, хараж төлөө шарт болот. Анткени жер милдеттен куру болбошу керек (б.а. же хараж алынат же ушр алынат) о.э. кафир ушр калкынан болбогондуктан, ага хараж белгиленет».
Ушул эле пикир башка сөздөр менен «Ал-Амвал» китебинин 48-бетиндеги акыркы абзацта да келген: «Анткени жер ушр же хараж милдетинен куру болбошу керек», — деген сөздөр менен аяктаган.
«Анткени жер милдеттен куру болбошу керек» деген бул сөз ушрий жерге ээлик кылган кафирге хараж фарз кылынган өкүмдүн иллети катары келген. Бирок бул иллетке кандай далил келтирилгени баяндалган эмес. Иллет шаръий болушу үчүн шаръий насстарда ачык түрдө, далалат аркылуу, истинбат аркылуу же кыяс аркылуу келиши керек. Анда бул иллеттин далили эмне?
Эгер бул иллет сабит болсо, анда дагы бир суроо туулат: биз ушр зекет экенин, ал мусулманга гана важиб болорун жана кайсы мал-мүлктөн алынарын баяндаган өз өкүмдөрү бар экенин билебиз. Ошондой эле мусулман ээлик кылган ушрий жерден кээде ушр да, хараж да төлөнбөшүн билебиз. Бул ал жерге зекет фарз кылынбаган бадыраң сыяктуу өсүмдүктөр, шабдалы, зайтун жана башкалар эгилген учурда болот. Мындай абалда жер милдеттен куру калат. Анда биз: бадыраң менен зайтун зекет алынуучу түрлөрдөн эмес, ошондуктан жер милдеттен куру болбошу үчүн хараж төлөө белгиленет, — деп айта алабызбы?
Жооп:
Биринчиден: «Анткени жер ушр же хараж милдетинен куру болбошу керек» деген сүйлөм иллет үчүн айтылган эмес. Тескерисинче, бул — шаръий далилдерден келип чыккан айыл чарба жерлеринин вакыйлыгын баяндоо. Анткени айыл чарба жерлеринин өкүмдөрүнүн далилдери жерди ушрий же харажий гана кылган.
Мунун кандай экендигине келсек, баяны төмөнкүдөй:
Шариатта келген айыл чарба жерлеринин өкүмдөрүнүн далилдери:
1. Бардык жерге тиешелүү жалпы (ъаам) далилдер бар. Алар мусулманга ал жерде ушр (ондон бири же 10%) же жарым ушр (жыйырмадан бири же 5%) зекетин важиб кылат…
«فِيمَا سَقَتْ الأَنْهَارُ وَالْغَيْمُ الْعُشُورُ، وَفِيمَا سُقِيَ بِالسَّانِيَةِ نِصْفُ الْعُشْرِ»
«Дарыялар жана жамгыр сугарган нерседе ушр, ал эми суу чыгаруучу шайман менен сугарылган нерседе жарым ушр бар», жана башка далилдер.
2. Фатхтан кийин жерлерге байланыштуу жаңы маселе пайда болуп, ал жалпы насстан чыгарылып, ага хараж белгиленди:
«قَضَى رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم فِيمَنْ أَسْلَمَ مِنْ أَهْلِ البَحْرَيْنِ أَنَّهُ قَدْ أَحْرَزَ دَمَهُ وَمَالَهُ إِلاَّ أَرْضَهَ، فَإِنَّهَا فَيْءٌ لِلْمُسْلِمِينَ؛ لأَنَّهُمْ لَمْ يُسْلِمُوا وَهُمْ مُمْتَنِعُونَ»
«Расулуллах ﷺ Бахрейн калкынан Исламды кабыл алгандар жөнүндө: ал өз жанын жана мал-мүлкүн сактап калды, жеринен башка. Анткени ал жер мусулмандар үчүн фай болуп саналат. Себеби алар күчкө ээ болуп турган абалында Исламды кабыл алышкан эмес», — деп өкүм кылган.
Ошондой эле Умар رضي الله عنه Савад жери жөнүндө чыгарган өкүмдө:
«وقد رأيت أن أحبس الأرضين بعلوجها، وأضع فيها الخراج…»
«Мен жерлерди дыйкандары менен бирге калтырып, аларга хараж белгилөөнү туура көрдүм…», — деген жана башка далилдер да бар.
3. Ошондуктан Дарул Исламдагы ар бир жерде зекет бар, бирок белгилүү бир түрдөгү жерге хараж белгиленген.
4. Демек, жалпы өкүм өзүнүн умумийлигинде калат: «Дарул Исламдагы ар бир жерде мусулманга зекет бар». Андан башка насс менен хос кылынган нерсе гана чыгарылат, ал — харажий жер.
5. Айыл чарба жерлеринин өкүмү ушундай. Эгер харажий жер тууралуу насстар болбогондо, шаръий насстарга ылайык, жердин мусулман ээсине жердин зекети важиб деген өкүм өзүндө кала бермек.
6. Ошондуктан бул сүйлөм иллет эмес. Анын мантугу да ачык түрдө же далалат аркылуу иллетти билдирбейт. Башкача айтканда, анда иллеттин ачык белгилери да, иллетти далалат аркылуу билдирүүчү белгилер да айтылган эмес… Ошондой эле ал жердин ушрий же харажий болушунун ортосундагы айырманы баяндаган түшүнүктүү васф да эмес. Анткени жер — бул жер, башкача айтканда, ал жамид лафз. Бул жер ушрий болушу мүмкүн, анын жанындагы жер харажий болушу мүмкүн. Экөөнүн ортосунда топурагы жагынан да, эгини жагынан да айырма жок…
Демек, бул сүйлөм мантук жагынан да иллет эмес, башкача айтканда, насста иллетти билдирүүчү сөздөр жок. Мафхум жагынан да иллет эмес, анткени ал өкүмгө байланышкан түшүнүктүү васф эмес…
Жыйынтыгында, бул сүйлөм иллет эмес, тескерисинче, жерлерге тиешелүү өкүмдөрдүн далилдери жагынан алардын вакыйлыгын баяндоо болуп саналат…
Экинчиден: сиз келтирген: «…эгер жерге зекет алынуучу түрлөргө кирбеген өсүмдүктөр эгилсе… анда ал милдеттен куру калат…» деген мисалга келсек:
Сиз «милдет» дегенди туура эмес түшүнгөнсүз. Эгер жерге шабдалы эгилсе да, ал ушрий жер бойдон кала берет… Эгер сизден бирөө: «Бул жердин түрү кандай? Ушрийби же харажийби?» — деп сураса,
«Ушрий эмес», — деп айтасызбы? Жок, сөзсүз: «Анын түрү — ушрий», — деп айтасыз. Аны “харажий” деп айтпайсыз, о.э. “ушрий да эмес, харажий да эмес” деп да айтпайсыз…
Ал эми сизден: «Бул түшүмгө зекет барбы?» — деп суралса, «Жок», — деп жооп бересиз.
Демек, маселе эки нерседен турат:
Биринчиси: жердин түрү — ал ушрий.
Экинчиси: анын түшүмүнүн зекети — ага зекет жок.
01.09.2011




