Кабар

Шотландияда мусулмандарга кол салуу болду

Шотландияда мусулмандарга кол салуу болду

2026-жылдын 19-июну кечинде Эдинбург шаарында 36 жаштагы жергиликтүү тургун балта жана бычак менен куралданып, шаардын батышындагы Брумхаус мечитинин жанында мусулмандарга каршы бир катар кол салууларды жасап, кийинчерээк шаардын башка райондорунда да кол салууну уланткан. Мусулмандарга кол салган бул жарандын кармалганы айтылууда.

Британия ЖМКларынын маалыматына ылайык, кечинде Шотландия полициясына шаардын ар кайсы аймактарынан коркутуулар, кол салуулар, талап-тоноолор жана вандализм фактылары боюнча көптөгөн билдирүүлөр түшкөн.

Биринчи билдирүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:50 чамасында Сайтхилл районунан келип түшкөн. Ал жерде эки адам жаракат алганы аныкталган.

Шаардын батыш тарабындагы Брумхаус мечитинин жанында башталган кол салуулардан жабыркаган эки адам Эдинбургдун Королдук ооруканасына жеткирилген. Дагы үч адам Телфорд-роуд жана Лит-Уолк райондорунда жаракат алышкан.

Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белине чейин жылаңач эркектин колунда кесүүчү куралга окшогон буюм менен шаардын ар кайсы жерлеринде мүлктөрдү талкалап жатканы көрүнөт. Ал май куюучу жайдагы таксилердин айнектерин сындырып, Лит-Уолк районундагы пицериянын эшигин ургулап жаткандыгы да тасмаларга түшүп калган.

Шотландиянын мечиттер ассоциациясы билдиргендей, жаракат алган эки адам жергиликтүү мечиттерде намаз окуп чыккандан кийин кол салууга кабылган. Уюм бул окуяларды Шотландия боюнча мусулмандарга, мечиттерге жана ислам мекемелерине каршы багытталган кастык менен зомбулуктун «кооптуу жана тынчсыздандырган чынжырынын дагы бир бөлүгү» деп мүнөздөдү.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button