Комментарий

Үммөт Дарул-Исламга ынтызар

Үммөт Дарул-Исламга ынтызар

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 2026-жылдын 25-августунда Түркиянын Ахлат шаарында белгилүү Манцикерт салгылашынын 955 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Эрдоган мындай деди:

«Ахлат – шахиддердин, бакытка жана бейпилдикке жеткендердин, башкача айтканда саййиддердин; Аллахтын сөзүн жайылтуу жолунда күрөшкөндөрдүн, башкача айтканда газилердин мекени… Дияр-и Рум жерин Дарул-Исламга айландырган, бул жерлерди изгилик, жакшылык жана адилеттүүлүк менен саймалап кооздогон күч-кубат жана эрк да Ахлатта пайда болгон».

Комментарий: Манцикерт салгылашы Исламдын Кичи Азияга жайылуусунда маанилүү окуялардын бири болуп эсептелет. Манцикерт кармашы 1071-жылдын 26-августта Чыгыш Анатолияда Рум (Византия) менен Селжук султандыгынын ортосунда болгон. Рум императору Роман IV селжуктардын жайылышын токтотууну көздөгөн. Бирок султан Алп-Арслан Рум армиясын жеңип, Роман IVнү туткунга түшүргөн. Ушул жеңилүү Рум империясынын кыйроосунун башталышы болду.

Бул окуялар мусулмандардын ата-бабалары кандай улуу максаттар үчүн күрөшкөндүгүн, кандай курманчылыктарга барышканын, мал-жанын аябастан, Аллахтын сөзүн бийик кылуу үчүн шахид болгонго чейин салгылышканын айгинелеп турат. Алар эч тайманбастан ошол кездеги империялардын бирине каршы күрөшүп эрдик көрсөтүштү. Себеби, алардын көздөгөнү – Исламды жайып, Аллахтын ыраазылыгына жетүү болгон.

Бирок, бүгүнкү күндө мусулман башчылары ата-бабаларынын жолунан баш тартышты. Алар Исламды дүйнөгө жайылтуу бул жакта турсун, а түгүл өз өлкөсүндө шариятты колдонууну четке сүрүп, анын ордуна Батыштын куфр системасын колдонуп жатышат. Алар тар улутчулдукту карманып, өз бийликтерин бекемдөө менен алек. Анын натыйжасында элүүдөн ашык мамлекетчелерге бөлүнүп кетишкен.

Эрдоган өз сөзүндө «Дияр-и Рум жерин Дарул-Исламга айландырган» деп жатат. Бул орунда ал атайылап «Дияр-и Рум» сөзүн колдонду, а негизи «Дияр-куфр» же «Дарул-куфр» (куфр жери) деп айтышы керек эле. Себеби Рум империясынын аймагы куфр жери болгон. Ал эми, мусулмандар Румду жеңип, ал аймактарды – Эрдоган айткандай – Дарул-Исламга (Ислам жерлерине) айланткан. Башкача айтканда, ал жерлерде куфр системасы токтотулуп, шарият өкүм сүрө баштаган. Андыктан, эгер Эрдоган «Дияр-куфр» сөзүн колдонсо анын режими бул аныктамага түшүп калмак. Себеби, анын бийлиги шарият менен эмес, Батыштын куфр системасы менен өкүм жүргүзүп жатат. Ошондуктан, ал бул ыңгайсыз абалдан чыгуу үчүн «Дияр-куфр» сөзүн эмес, «Дияр-Рум» сөзүн колдонду.

Исламдын аныктамасы боюнча өлкөлөр Дарул-Ислам же Дарул-куфр болуп экиге бөлүнөт. Тагырак, айтканда Ислам менен өкүм жүргүзгөн аймак же куфр менен өкүм жүргүзгөн аймак. Ошон үчүн, бул бир гана Эрдоган режимине тиешелүү эмес. Бүгүн элүүдөн ашык мамлекетчелерге бөлүнүп кеткен бардык мусулман өлкөлөрүнүн абалы ушундай. Алардын баары Дарул-куфр болуп эсептелет. Себеби, алар шарият эмес, куфр системасы менен өкүм жүргүзүшүүдө.

Андыктан, бүгүнкү күндө Эрдоган жана башка мусулман башчылары ата-бабаларынын эрдиктеринен пайдалануу аркылуу элди манипуляция кылып өз бийликтерин бекемдөөгө канчалык аракет кылышпасын, акыйкат аттын кашкасындай болуп ачык көрүнүп тура берет. Силер менен ошол ата-бабаларыбыздын ортосунда асман менен жердей айырма бар. Силер Батыштын куфр системасын ыйык тутуп, шариятты колдонууну четке сүрдүңөр, Палестина сыяктуу өлкөлөрдө бурадарларыңар кан какшап жардам сурап жатса, аларды жардамсыз калтырдыңар, АКШ башында турган Батышты ээрчип, алардын коопсуздугун камсыздап, кен-байлыктарыбызды тартуу кылдыңар, терроризмди, экстремизмди шылтоолоп өз Үммөтүңөрдү кысымга алдыңар, акысын талап кылып чыккан адамды сабап, камактарга тыктыңар.

Үммөт силерди абдан жакшы аңдап турат. Үммөт Алп-Арслан, Салахиддин, Абдулхамид, Мухаммад Фатих, Абу Бакр, Умар сыяктуу чыныгы Ислам жетекчилерин күтүүдө. Алардын кол астында куфр жерлерин Ислам жерлерине айландырып, адилеттик жана бейпилдикти бүткүл дүйнөгө жаюуга ынтызар болуп турушат.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button