Өзбекстандын стратегиялык байлыктары колонизатор мамлекеттерине эмес, мусулман калкынын кызматына жумшалышы керек!

Басма сөз баянаты
Өзбекстандын стратегиялык байлыктары колонизатор мамлекеттерине эмес, мусулман калкынын кызматына жумшалышы керек!
Акыркы жылдары колонизатор мамлекеттердин жана чет элдик компаниялардын Өзбекстандагы алтын, уран, вольфрам, молибден, литий жана башка стратегиялык кен байлыктарга болгон кызыгуусу кескин өсүүдө. Бул жаатта Америка, Кытай, Япония, Британия, Франция жана Канада менен ар кандай келишимдер, инвестициялык долбоорлор жана кызматташтык механизмдери түзүлүүдө.
Биз бул процесске жөн гана кадимки инвестиция же тышкы соода маселеси катары кароого болбой турганын баса белгилейбиз. Анткени стратегиялык кен байлыктар өлкөнүн жөнөкөй экспорттук товары гана эмес, тескерисинче, алар Өзбекстандын экономикалык жана технологиялык келечегине, стратегиялык коопсуздугуна жана келечек муундардын байлыгына түздөн-түз тиешелүү ресурстар болуп саналат. Ушуга таянып, биз өз позициябызды ачык билдиребиз:
Биринчиден: Өзбекстандагы стратегиялык кен байлыктар эч кандай шартта менчиктештирүүгө болбой турган байлыктар катары каралышы керек. Өзбек режими аларды чет мамлекеттердин чийки затка болгон муктаждыктарын камсыздоо каражатына айлантпашы керек.
Экинчиден: Ар кандай инвестиция жана келишим эң оболу шаръий жактан, башкача айтканда, адал-арам жагынан, ошондой эле анын элге экономикалык жана турмуштук жактан кандай пайда алып келери боюнча бааланышы керек. Анткени «инвестициянын кириши» фактысынын өзү эле элдин кызыкчылыгы камсыз болду дегенди билдирбейт.
Үчүнчүдөн: Стратегиялык байлыктарды жана кендерди чийки зат түрүндө экспорттоого эмес, Өзбекстандын өзүндө иштетүүгө, өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө жана кошумча наркты өлкөнүн ичинде калтырууга артыкчылык берилиши керек.
Төртүнчүдөн: Чет элдик компанияларга же колонизатор мамлекеттерге кендердин жана стратегиялык ресурстардын үстүнөн узак мөөнөттүү чечүүчү көзөмөл орнотууга мүмкүнчүлүк берүүгө таптакыр болбойт. Анткени өзбек элинин жер астындагы баалуу байлыгы болгон газ боюнча Орусиянын «Газпром» жана «Лукойл» компаниялары менен 45 жылдык мөөнөткө түзүлгөн продукцияны бөлүштүрүү келишимдери Каримовдун доорундагы саясий каталардын бири болгонун биз али унута элекпиз. Анын кесепеттерин эл бүгүнкү күнгө чейин тартып келет.
Бешинчиден: Бүгүнкү күнгө чейин стратегиялык кендер боюнча түзүлгөн бардык келишимдер, аларда көрсөтүлгөн ресурстардын көлөмү, мамлекеттин жана инвесторлордун үлүштөрү, кирешелердин бөлүштүрүлүшү жана экспорттук милдеттенмелер элге ачык жарыяланышы керек.
Орусия болобу, Кытай болобу, Америка же Япония болобу, же болбосо Британия жана Франция сыяктуу колонизатор күчтөрдү кошкондо Европа мамлекеттери болобу, айтор алардын эч бири бул табигый байлыктарды Өзбекстан элинин кызыкчылыгы үчүн иштетпейт. Ошондуктан биз исламий көз караштан улам, элдин жалпы кызыкчылыгына тиешелүү болгон бул келишимдерге жана байлыктарга кадимки соода товары катары каралбашы керектигин кайра-кайра баса белгилейбиз. Ушуга ылайык, умумий мүлк болуп эсептелген ар кандай ресурстарда мусулмандардын акысы артыкчылыктуу маселе болушу керек. Расулуллах ﷺ айтты:
«الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: فِي الْكَلَأِ وَالْمَاءِ وَالنَّارِ»
«Мусулмандар үч нерседе шерик: жайытта, сууда жана отто». Абу Давуд риваят кылган.
Табигый байлыктарды башкаруунун өлчөмү тышкы инвестордун кызыкчылыгы эмес, тескерисинче, аларды Ислам өкүмдөрүнүн негизинде элдин кызыкчылыгы үчүн сарптоо болушу керек жана бул күн тартибиндеги негизги маселе катары каралышы зарыл. Өлкөнүн байлыктарын анын душмандарына тартуулоо саясатта же алысты көрө албастык, же өзүн-өзү өлтүрүү болуп эсептелери эч кимге сыр эмес.
Демек, Өзбекстандын жер астындагы жана жер үстүндөгү байлыктары азыркы муундун каалоосуна жараша түгөтүлө бере турган жөнөкөй ресурстар эмес, алар элдин жана келечек муундардын алдындагы аманат. Ушуга ылайык, элдин байлыгы элдин муктаждыктары жана бакубаттуулугу үчүн гана пайдаланылышы керек. Эгер максатыңар үммөттүн табигый байлыктарын душмандарына эң арзан баада берип, Батышты ыраазы кылуу болсо, анда Батышка кызмат кылууда силерден бир нече эсе ашып түшүп, үммөттүн байлыктарын Америка менен Британияга эсепсиз сарптаган Ибн Салман тууралуу Трамптын айтканын унутпагыла! Даанышман жана бардык нерседен Кабардар Аллах силерге эскертти:
﴿وَلَن تَرْضَى عَنكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ﴾
«Жөөт жана насранийлер, сен алардын динине ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт».
(Бакара: 120).
Ошондуктан бул нематтарды өзүнүн туура ордуна сарптагыла, үммөттүн акысын анын уулдарынын арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүргүлө жана душманды ооздуктоо үчүн зарыл болгон курал-жарактарды жана жабдууларды өндүрүүчү өнөр жайды түзгүлө. Ошондо душманыңарды дагы да күчтөндүрбөстөн, элиңердин күчүнө күч, байлыгына байлык кошосуңар. Аллах Таала айтат:
﴿وَأَعِدُّوا لَهُم مَّا اسْتَطَعْتُم مِّن قُوَّةٍ وَمِن رِّبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ﴾
«(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөрдүн барынча күч топтоп) жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Алланын жана өзүңөрдүн душманыңарды коркунучка саласыңар».
(Анфал: 60).
Хизб ут-Тахрирдин Өзбекстандагы маалымат бөлүмү
23.09.26




