Өлкөдөгү диний кырдаал боюнча изилдөө

Өлкөдөгү диний кырдаал боюнча изилдөө
Кыргызстандыктардын 87,4 пайызы Жаратуучуга толук ишенет. Мындай маалымат Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору жүргүзгөн «Кыргызстандагы диний кырдаал» аттуу изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
Изилдөө 2024-жылдын сентябрь–октябрь айларында өлкөнүн бардык облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Сурамжылоого 18 жаштан жогорку курактагы 1546 жаран катышкан. Изилдөөнүн статистикалык катачылыгы болжол менен 4 пайызды түзөт.
Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, респонденттердин жооптору төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
87,4% — Жаратуучуга толук ишенет;
9,3% — жалпысынан ишенет;
1,7% — негизинен ишенбейт;
0,3% — өздөрүн атеист деп аташкан.
Өзүн мусулман деп эсептеген респонденттердин арасында диний ибадаттарды аткаруу көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду:
70,1% — орозо кармайт;
57,4% — садака берет;
41,9% — зекет төлөйт;
32,5% — беш маал намаз окуйт;
31,4% — түштөн кийинки намазды окуйт;
11,1% — ажылык парзын аткарган.
«Жамаат же диний коомдордун ишмердүүлүгүнө катышасызбы?» деген суроого берилген жооптор төмөнкүдөй болду:
68,9% — катышпайт;
22,4% — сейрек катышат;
6,5% — активдүү катышат.
Ал эми «Сиздин диний ишенимиңиз эмнеге негизделген?» деген суроого респонденттер төмөнкүдөй жооп беришкен:
55,5% — ата-энесинин ишенимине;
15,5% — өз этносунун салттуу ишенимине;
13% — өз алдынча изилдөөнүн жыйынтыгына;
5,3% — досторунун жана туугандарынын таасирине;
3,6% — диний үгүт-насаатка;
2,1% — бул тууралуу эч качан ойлонбогон;
1,8% — материалдык же руханий муктаждыкка байланыштуу.
Ошол эле учурда изилдөөдө коомдогу диний активдүүлүктүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болгон жума намазына, Орозо айт жана Курман айт намаздарына катышуунун деңгээли жана анын өсүү динамикасы боюнча маалыматтар жарыяланган эмес. Мындай көрсөткүчтөр калктын динге болгон муктаждыгынын улам өсүп жаткандыгын чагылдырган реалдуу коомдук-саясий көрсөткүчтөр болуп саналат. Ошол эле учурда алар Исламды жеке адамдын гана эмес, коомдун жана мамлекеттин турмушун жөнгө салуучу жашоо түзүмү катары орнотуунун зарылдыгын көрсөткөн негиздердин бири болуп эсептелет.




