Саясий
Trending

АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясы

 Бисмиллаахи рахмаанир рахиим.

Суроо жооп

АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясы

Суроо: 2025-жылдын 5-декабрында Трамп коомчулукка АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясынын 33 беттен турган жаңы документин жарыялаган. Бул документтин мурункуларынан, мисалы, Байдендин стратегиясынан кандай айырмачылыктары бар?

Жооп:

Бул документтерди кылдаттык менен карап чыксак, республикачы Трамп тарабынан 2017 жана 2025-жылдары жарыяланган Улуттук коопсуздук стратегиясы ортосунда келип чыгышы же мазмуну боюнча эч кандай айырмачылык жок экенин көрсөтүп турат. Ошондой эле, 1988-жылы Рейган, 1990-жылы улуу Буш жана 2002-жылы кичүү Буш тарабынан жарыяланган документтер, Демократиялык партиянын президенттери Клинтон тарабынан 1994 жана 1998-жылдары, Обаманын 2010 жана 2015-жылдары, Байдендин 2022-жылы жарыялаган документтеринен айырмасы жок. Айырмачылык стилде жана тилде гана колдонулган. Алардын баары Американын глобалдык гегемониясын сактоого жана түбөлүккө калтырууга багытталган. Республикачылар Американын дүйнөгө болгон лидерлигин эч кандай эки анжы ой же жалганы жок сөз менен ачык айтышат, ал эми демократтар аны кооз жана алдамчы сөздөр менен кээде адаштыруу менен, ал эми кээде билдирүүнү бурмалап жана кеңейтүү менен формулировкалоого өтүшөт. Суроодо айтылгандай, жообумда, Байдендин стратегиясы менен Трамптын стратегиясынын ортосундагы айырмачылыкты тактоо үчүн зарыл болгон өлчөмдөн тышкары, мен майда-чүйдөсүнө чейин токтолбостон, стратегиялардын ортосундагы айырмачылыкка токтолом. Муну тактоо үчүн, мен Аллахтын жардамы менен төмөнкүлөрдү айтам:

  1. 1. 2016-жылдын 18-ноябрында берилген суроо-жоопто төмөнкүлөр айтылган: “…Америка саясатынын жалпы багыты Республикалык жана Демократиялык партиялардын ортосунда айырмаланбайт, бирок ыкмалары ар башка… Мунун себеби эки партиянын пайда болушунун тарыхына байланыштуу. Республикалык партия алар мактангандай демократиянын кейпин кийип чыгууга анчалык деле кызыкдар эмес, тескерисинче, анда текебердикке сугарылган ковбойлордун жүрүм-туруму үстөмдүк кылат жана ал ушул чөйрөдөн жаралган жана бул чөйрө дагы эле ага үстөмдүк кылып келет. “Ковбой маданияты” күчүн көрсөтүп, муну сабаган, тигини өлтүргөн жана ар кайсы жерди жардырган адамды жактайт… Алар бейкүнөө адамдарды өлтүрүү кылмыштарына маани беришпейт, анткени мындай кылмыштар алардын мекенинде кеңири таралган жана алар курал алып жүрүүнү жана аларды өз каалоолоруна жараша колдонууну жакшы көрүшөт. Дүйшөмбү күнү АКШ Сенаты ок атуучу курал сатып алууну каалагандардын кылмыш жана психологиялык тарыхын текшерүүнү кеңейтүүнү караган Демократиялык партиянын сунушун четке какты. Анткени республикачылар курал-жарак лоббиси тарабынан көзөмөлдөнгөндүктөн, курал-жарак ээлигин жөнгө салууга кызыкдар эмес. Ал эми Демократиялык партияга келсек, ал алдамчылык, жалган демократиянын кейпин кийип, британ стилин туурап, жасалмалык оромосунда уу берип, жылмайып туруп өлтүрөт, ал эми Республикалык партия таза уу берип, кычырата тиштенип туруп өлтүрөт… Ошондуктан, демократиялык президенттер алдап, акылсыздарды өзүнө тартууга көбүрөөк жөндөмдүү. Республикалык президенттер эч кимди алдабайт, анткени алардын душмандыгы ачык жана жарыяланган,  муну эки тараптын президенттеринин анча алыс эмес тарыхындагы мисалдар боюнча  карап чыгууда байкаса болот… Буш кресттүүлөр жортуулу жөнүндө айтып жатат, ал эми Обама Каирде Куран аятын келтирет… Экөө тең Исламга каршы кутум уюштуруп жатышат…! Ошондуктан, жогоруда айткандай: “демократиялык президенттер акылсыздарды алдап, аларга жагууга көбүрөөк жөндөмдүү, ал эми республикачыл президенттер эч кимди алдашпайт, анткени алардын душмандыгы ачык жана жарыяланган”. Эки партиянын ураандарында да биз айткандай мааниде айырмачылык бар. Немис тектүү америкалык карикатурачы Томас Наст (1870 жана 1874-жылдары) Harper’s Magazine журналына, айланасындагынын баарын талкалап жаткан чоң, каардуу пилди жана жаныбарлардын тобун коркутуу үчүн арстандын кийимин кийген эшектин сүрөтүн тарткан. Андан кийин эшек Демократиялык партиянын, ал эми пил Республикалык партиянын символуна айланган. Бул эки ураан эки партиянын имиджин чагылдырат. Ошондуктан, Трамптын аракеттери Республикалык партиянын талапкерлеринин аракеттерине салыштырмалуу адаттан тыш эмес, бир адамды экинчисинен айырмалап турган жеке мүнөздөмөлөр ар башка болгон учур мындан тышкары. Бирок Республикалык партиянын жалпы мүнөздөмөлөрү партиянын бардык талапкерлерине дээрлик тиешелүү бойдон калууда…” Цитата аяктады.
  2. 2. Ошондуктан, республикачылардын тубаса текебердиги жана демократтардын алдоо жана куулук стили эки партияга таандык президенттер тарабынан жарыяланган стратегиялык документтерден даана көрүнүп турат:

Мисалы, Байдендин стратегиясы Американын лидерлигин сактоого жана кызматташуу, демократия, адам укуктары жана дипломатия сыяктуу адаштыруучу терминдер аркылуу гегемонияны жана глобалдык тартипти бекемдөөгө багытталган.

Трампка келсек, анын мүнөзү ашыкча текебердик, бийликке таянуу, шоуну сүйүү, акылмандыктын жоктугу жана ички чыр-чатактарга жана оппоненттерди четке кагууга ыктоо менен мүнөздөлөт. Ал эйфория абалында “Алгач Америка” жана “Күч аркылуу тынчтык” сыяктуу ачык жана беткапсыз ураандар аркылуу Американын глобалдык лидерлигин сактап калууну көздөйт жана ал тургай, союздаштарын сөз менен айтып жеткире албай турган кемсинтүүгө чейин барат. Бул тууралуу Трамп өзүнүн стратегиялык документинде ачык айткан: “Бул стратегия Американын күчүн жана үстөмдүгүн күчөтүү жана өлкөбүздү мурдагыдан да улуу кылуу үчүн ушул жана башка артыкчылыктардын баарын бириктирүүнү көздөйт”. (АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясынын 2025-жылдагы документи https://www.mc-doualiya.com/). Ошо сыяктуу эле, “артыкчылыктар” деген аталыштагы дээрлик бардык Американын гегемониясын коргоо, бекемдөө жана колдоо баса белгиленген, атап айтканда: тынчтык аркылуу кайра түзүү, экономикалык коопсуздук, тең салмактуу соода жана жеткирүү чынжырларына жана маанилүү материалдарга жетүүнү камсыз кылуу. Коргонуу өнөр жайынын базасын, энергетикалык үстөмдүктү калыбына келтирүү жана каржы тармагында Американын гегемониясын коргоо жана өнүктүрүү.

  1. 3. Байден, Обама жана Клинтон сыяктуу демократ президенттер тарабынан жарыяланган Улуттук стратегиялык документтер. Ал Американын гегемониясын “жумшак күч” деп аталган нерсе жана Бириккен Улуттар Уюму жана НАТО сыяктуу эл аралык институттар аркылуу жүргүзүүгө негизделген. Анда демократия жана адам укуктары сыяктуу алдамчы терминдерди колдонулат. Демократтардын Улуттук стратегиялык документине ылайык, Америка дүйнөнүн полициясы болуп саналат жана бул ролдун жана түйшүктөрүнүн чыгымдарын- алар Американын дүйнөлүк тартибин улантуу жана анын колониялык таасирин кеңейтүүнү камсыз кылуу үчүн – зарылдык катары аны төлөшөт. Бирок, Никсон менен Трамптын документтеринде көрүнүп тургандай, республикачылардын стратегияларында логика башкача. Алар өнөктөштөрдөн Американын коргонуусу жана ал камсыз кылган коопсуздук кол чатыры үчүн баа төлөөнү ачык талап кылышат… Бул Трамптын 2025-жылдагы документинде “Жүктү бөлүштүрүү жана чыгымдарды жеңилдетүү” деген аталыш астында ачык белгиленген. Ал НАТО өлкөлөрүн “ички дүң продукциясынын 5% коргонууга бөлүүгө” милдеттендирген (АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясынын 2025-жылдагы документи mc-doualiya.com).

Көрүнүп тургандай, колдонулган ыкмалардын, колдонулган ар кандай каражаттардын жагдайларга жана өзгөрүүлөргө жараша ар кандай артыкчылыктардын ар түрдүүлүгүнө карабастан, Улуттук коопсуздук стратегия документтеринин негизги максаты бир. Трамп, Байден, Обама, Буш, Клинтон же башка мамлекет башчылары тарабынан айтылып жатабы айырмасы жок, бир максат туруктуу бойдон калат. Ал максат: Американын глобалдык лидерлигин сактап калуу жана анын үстөмдүгүн бекемдөө, ошондой эле Америка Кошмо Штаттары менен атаандаша турган кандайдыр бир державанын пайда болушуна жол бербөө!

  1. 4. Ушуга ылайык, Трамп жарыялаган стратегиялык документ максат жагынан түп-тамырынан бери өзгөрүү эмес, тескерисинче, ал максаттарга жетүү үчүн колдонулган ыкмалардын өзгөрүшү. 2016-жылдын 18-ноябрындагы суроо-жоопто төмөнкүлөр да айтылган: АКШнын мурунку президентинин учурунда талкууланган негизги маселелер боюнча саясатындагы өзгөрүүлөргө келсек, жалпы багыттар өзгөрөт деп күтүлбөйт. Америкалык система ар кандай институттар тарабынан башкарылгандыктан, ар биринин ыйгарым укуктары көбөйүп же азайып тургандыктан, ыкмалар өзгөрүшү мүмкүн. Бул ыкмалардагы айырмачылыктар менен Америка саясатынын жалпы багытын салыштырмалуу туруктуу түрдө сактоого таасир этет… Аягы.
  2. 5. Муну Америка Кошмо Штаттары түзүлгөндөн кийин Американын саясий партияларынын пайда болушун карап чыгуу менен тастыктаса болот. Американын гегемониясын жана тирандыгын сактап турган бул партиялар бири-биринен ыкмалары жана жеке тирандыгы менен гана айырмаланат:

А. Европалыктар (качкындар жана туристтер) Америкага, айрыкча Түндүк Америкага жеткенден кийин, Аны басып алып, анын түпкү тургундары болгон жергиликтүү америкалыктарды кул кылгандан кийин, алар мамлекет түзүү үчүн иштей башташкан. Биз Википедиядан цитата келтиребиз: “Атлантика жээгиндеги он үч британ колониясы, алардын биринчиси Вирджиния англичандар колониясы, 1776-жылы 4-июлда көз карандысыздык декларациясын жарыялап, алардын “Улуу” Британиядан көз карандысыздыгын жана федералдык өкмөттүн түзүлгөндүгүн тааныган. Филадельфия конвенциясы АКШнын азыркы Конституциясын 1787-жылы 17-сентябрда кабыл алган жана ал кийинки, 1788-жылы ратификацияланып, ал штаттарды борбордук өкмөтү бар бирдиктүү республиканын курамына киргизген. Андан кийин ал Франциядан, Испаниядан, Мексикадан жана Орусиядан жерлерди сатып алып, ошондой эле Техас Республикасы менен Гавайини аннексиялаган. Америка Кошмо Штаттары расмий түрдө кийинки жылы, 1789-жылы түзүлгөн. Жорж Вашингтон Америка Кошмо Штаттарынын биринчи президенти болгон (1789-1797).

Б.  Демократ-Республикалык партия Конгресстеги Жорж Вашингтондун президенттигинин тушунда Казыначылык катчысы болуп иштеген Александр Гамильтондун борборчул саясатына каршы чыккандардан турган фракциядан келип чыккан.

В. Демократ-Республикалык партия 1828-жылга чейин уланды. Ал азыркы Демократиялык партия Эндрю Жексондун жактоочулары тарабынан түзүлгөнгө чейин уланды. Азыркы Республикалык партия андан кийин 1854-жылы негизделген, ал эми Авраам Линкольн 1865-жылы АКШнын биринчи республикачыл президенти болгон…

  1. 6. Демек, бул партиялар Американын гегемониясын таңуулоодо жалпы ыкмалары, кара ниеттиктеринин деңгээли жана жеке тирандыгы даражасы боюнча гана айырмаланат. Айырмачылыктар бул үч жагдайдан ары кетпейт: Мисалы, Трамп жарыялаган жаңы стратегиялык документ, жогоруда айткандай, ковбойлордун жүрүм-турумунун эң текебер үлгүсү болуп саналат. Демократтар түлкүлөр сыяктуу жалган таттуу көрүнүштө (демократия, адам укуктары жана дипломатиялык тил менен ойноо деген шылтоо менен) күлүп туруп уу беришет. Республикачылар өздөрүнүн уусун азыркыдай кылып таңуулап, тиштерин кычырата тиштеп туруп, күч колдонуп беришет. Трамптын “Алгач Америка” деген урааны – бул колониялык опузалоо саясатынан башка эч нерсе эмес, ал тургай өнөктөштөрдөн да коргоо үчүн акча талап кылуу.
  2. 7. Ошондуктан Трамп менен Байдендин стратегияларын жакшылап карап чыкканда, алардын ортосунда стилден, айлакердиктен жана жеке тирандыктын деңгээлинен башка эч кандай айырма жок экени айкын болот. Жогоруда айтылгандар муну көрсөтүп турганы менен, эки стратегия бир катар эл аралык маселелерди карайт жана алардын көбү боюнча, мисалы, Европа жана Кытай сыяктуу маселелер боюнча көз караштары дээрлик айырмаланбайт. Алардын айрымдары Батыш жарым шарына карата стили, кара ниеттиги жана жеке тирандыгы боюнча айырмачылыктарды көрсөтүштү. Ал эми башкалары Жакынкы Чыгышка карата ага жана анын элине каршы жек көрүүчүлүк кутумуна макул болушту. Байдендин, андан кийин Трамптын Батыш жарым шары жана Жакынкы Чыгыш боюнча стратегияларында эмне айтылганын кыскача айтып өтөлү:

А. Батыш жарым шары (Эки америка материгинин аймагы): Монронун принциби ага байланыштуу болгондуктан, биз Монро жана анын принциби жөнүндө  кыскача айтабыз:

Ал 1817-жылдан 1825-жылга чейин Америка Кошмо Штаттарынын бешинчи президенти болгон. 1819-жылы ага Флорида штатын башкаруу укугу берилген. 1823-жылы Монро доктринасы жарыяланып, анда Америка Кошмо Штаттары Европанын эки Американын иштерине кийлигишүүсүнө каршы экенин билдирген. Бул АКШнын президенти Жеймс Монронун 1823-жылы 2-декабрда АКШ Конгрессине жөнөтүлгөн катында жарыяланган билдирүүсүндө айтылган. Монро доктринасы Батыш жарым шардагы бардык мамлекеттердин көз карандысыздыгын аларды эзүүгө же өз тагдырын өзү чечүүгө кийлигишүүгө багытталган европалык кийлигишүүгө каршы кепилдикке алууга чакырган. (Википедия, редакцияланган вариянты).

Кийинки Америка президенттери аны ишке ашырууну улантышкан, бирок ар кандай ыкмалар жана ар кандай деңгээлдеги кара ниеттик жана жеке тирандык менен уланган. Төмөндө Байден менен Трамптын ортосундагы айырмачылыкты көрсөтүү үчүн алардын стратегияларында эмнелер айтылганын кыскача айтып өтөбүз:

 Байдендин стратегиясы Америка материгиндеги төмөнкүлөрдү көрсөтүп турат: Ал Кошмо Штаттарга карата эң таасирдүү аймак болуп саналат, аны менен жылдык соода 1,9 триллион долларга жетет. Ошондой эле жалпы баалуулуктар, демократиялык салттар жана үй-бүлөлүк байланыштар бар. Бул стратегия Америка өлкөлөрүндөгү компанияларын жандандыруу боюнча Америка Кошмо Штаттарынын иш алып баруусун абдан маанилүү деп эсептейт. Байдендин стратегиясы Кошмо Штаттар чек ара инфраструктурасын модернизациялоону жана аймактын өлкөлөрү менен бирге адилеттүү, тартиптүү жана гумандуу иммиграция системасын курууну уланта берерин көрсөтүп турат. Ошондой эле, ал иммиграциянын мыйзамдуу жолдорун кеңейтүү жана аткезчиликке каршы күрөшүү миссиясын улантат. Ал башка эч бир ири державанын бул аймакта Американын таасирине атаандаш же андан ашып түшкөн активдүү таасирге ээ болушуна жол бербейт, тескерисинче, алдоо жана демократия менен адам укуктары  ыкмаларын колдонулат… Анан аскердик аракеттер башында эмес, аягында жардамга келет.

Трамптын стратегиясына келсек, ал башында эле ал ишке ашпаса дагы аскердик аракеттер менен коркутуу аркылуу башталат. Трамптын стратегиясы текебердиктен, коркутуулардан жана опузалоодон куру эмес. Анын стратегиясы төмөнкүлөрдү камтыган (редакцияланган вариянты): Монро доктринасын колдонуу Американын коопсуздугун коргоо жана Батыш жарым шарга (Американын өзү, Канада жана Түштүк Америка) көзөмөлүн калыбына келтирүү, ошондой эле тышкы державалардын ал жакка күчтөрүн жайгаштыруусуна жол бербөө максатында болгон. Ал аны “таза АКШнын аймагы” деп эсептейт… Ошондуктан, Трамп Канададан ага кошулууну талап кылып, аны 51-штат кылууну көздөдү. Ал Панаманы Кытай менен болгон келишимдерин жокко чыгар деп коркутту, ошондуктан Панама аларды жокко чыгарган… жана ал 2026-жылдын 3-январында да кол салды.

Венесуэла, анын борбору Каракас, бомбаланып, анын президенти Мадуро жана анын аялы салттуу, жийиркеничтүү колониализм жыттанган текебердик менен камакка алынды! Батыш жарым шарга карата мындай мамиле Монро доктринасын толуктаган Трамп доктринасы деп аталат. А түгүл, Трамп НАТОнун мүчөсү Данияга таандык Гренландияга да коркунуч келтирди! Трамптын тираниясы айдан ачык!!

Б. Жакынкы Чыгыш маселеси, жогоруда айткандай (анын ичинде ага жана анын элине каршы жек көрүүчүлүк кутум боюнча макулдашылган нерселер). Эки стратегия тең яхудий мамлекетин колдоо жана  аймактагы акимдер менен анын ортосундагы мамилелерди нормалдаштырууну кеңейтүү жөнүндөгү келишимдери менен гана чектелип калган жок. Ошондой эле, өлкөнүн байлыгын, айрыкча Перс булуңунун байлыгын, анын ичинде мунай жана башка ресурстарды талап-тоноо менен эле чектебеди. Алар Ормуз кысыгы жана Баб-эль-Мандеб кысыгы сыяктуу Жакынкы Чыгыштын суу жолдору аркылуу кеме жүрүүсүнө үстөмдүк кылууга да чектелип калган жок. Тескерисинче, алар терроризмге каршы күрөшүүнү шартташкан, алардын кара ниет түшүнүгүндө бул ислам жана ислам бийлиги. Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча стратегиясында мындай деп белгилейт: “аймактын терроризмдин очогуна айланышына жол бербөө үчүн”…. Байден өзүнүн стратегиясында мындай деп белгилейт: “ террористтик коркунучтарга каршы күрөшүү”… Мунун баарынын максаты – аймак элинин принциби болгон исламга коркунуч келтирүү, анткени анын эли ислам принцибинин негизинде өз мамлекетин курууга, өлкөсүн Америка менен Батыштын гегемониясынан бошотууга, аларга баш ийген режимдерди кулатууга жана жөн гана нормалдаштыруу келишимдерин көмүп салуу эмес… жөөт мамлекетин жок кылууга умтулган мусулмандар.

  1. 8. Жыйынтыктап айтканда, “Улуттук коопсуздук стратегия” тууралуу документтин өзөгү жана маңызы: Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Америка президенттери тарабынан жарыяланган саясат туруктуу жана өзгөрүлбөс бойдон калууда. Го Американын гегемониясын таңуулоодогу, коргоодогу жана түбөлүккө калтыруудагы ишке ашыруу ыкмалары, айлакерлиги жана жеке тирандыгы гана айырмаланат.

Ислам жана анын элине каршы күрөшүү, ошондой эле Пайгамбарлык үлгүгө негизделген Туура Жолдогу Халифалык, Ислам мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербөө үчүн колунан келгендин баарын жасоодо… Бирок алардын өкүмү кандай жаман! АКШнын Улуттук чалгындоо директору Тулси Габбард бир нече күн мурун, 2025-жылдын 21-декабрында айткандай, Туура жолдогу Халифалыктын айтылышы эле алардын түн уйкусун бузат: “Бул ислам идеологиясы биздин эркиндигибизге түздөн-түз коркунуч келтирет, анткени анын өзөгүндө дүйнөлүк халифат түзүүгө умтулган саясий идеология бар”. Анан биз: ﴿مُوتُوا بِغَيْظِكُمْ﴾ “Ачууңар менен өлгүлө!” – дейбиз. Ислам үммөттү, Ин шаа Аллах, биз жашап жаткан бул мажбурлоочу зордукчул башкаруудан кийин, пайгамбарлык үлгүнү ээрчип, өзүнүн мамлекетин, туура жолдогу Халифалыкты курат.

.ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ» أخرجه أحمد

“...Анан мажбурлоочу зордукчул падышалык болот жана ал Аллах каалаганча болот . Анан Ал  аны көтөрүүнү кааласа  аны көтөрөт. Анан  пайгамбарлык үлгүгө негизделген Халифалык болот. Анан ал унчукпай калды”. Ахмад риваят кылган.

Анан тиран Трамптын жана анын жан-жөкөрлөрүнүн тагдыры халифащ орнотулгандан кийинки Кисро менен Цезардын тагдырынан эч айырмаланбайт.

﴿بَلَاغٌ فَهَلْ يُهْلَكُ إِلَّا الْقَوْمُ الْفَاسِقُونَ﴾.

Бул кабар. Бир гана баш ийбеген коом  жок болот.

1447-х, 25-ражаб.

2026-ж, 14-январь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button