Макала
Trending

Кремлдин Борбор Азия мамлекеттерине каршы каратылган cаясаты

Кремлдин Борбор Азия мамлекеттерине каршы каратылган cаясаты

Александр Дугиндин «Инфоцелина» YouTube-каналында айткан жана кийин бир катар массалык маалымат каражаттарында жарыяланган билдирүүлөрүн жөн гана россиялык коомдук ишмердин кезектеги радикалдуу пикири деп эсептөө туура эмес. Тескерисинче, бул Россиянын постсоветтик мейкиндикке карата кылган мамилесинин жыйынтыгы.

Буга чейин да, мындай идеялар журналист Владимир Соловьевдун оозунан чыккан, бирок Россиянын Тышкы иштер министрлиги, муну журналисттин жеке жана эркин пикири катары актап койгон. АКШнын Венесуэлага карата аракеттери жана Дональд Трамптын Гренландиянын эгемендүүлүгүнө багытталган коркутуулары, ачык кастыкка жана империялык принциптерди моюнга алууларга шылтоо болду. Бирок конкреттүү эл аралык окуяларды талдоонун ордуна, Соловьев, андан соң Дугин, бул кырдаалды эл аралык тартиптин принциптерин толугу менен кайра карап чыгуу жана бир катар мамлекеттердин эгемендүүлүгүн ачыктан-ачык четке кагуу үчүн шылтоо катары колдонушту.

„Согуштар кайсы бир учурда эл аралык укук алдыңкы державалардын кызыкчылыктары, талаптарына жооп бербей калганда келип чыгат… Азыр, дүйнө Американын кызыкчылыгына ылайык кайрадан түзүлүп, кайрадан бычылып жатат. Негизинен алганда, муну үчүнчү дүйнөлүк согуш деп санаса болот“, – деп билдирди Дугин. Андан соң ал негизги жыйынтыгын чыгарып жатып: „Россияны империя деп жарыялоодон жана эчак эле эч ким эсептешпей калган эл аралык укукту четке кагуудан башка бизде айла калбады“ – деп айтты.

Мындан соң, Дугиндин кебиндеги азыркы орус саясатынын маңызын ачып берген эң өзөктүү үзүндү келүүдө: „Эгемендүү Армения, Грузия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын бар болушуна макул болуу мүмкүн эмес. Бул жаңы моделде эч кандай эгемендүүлүк болушу мүмкүн эмес. Алар же биздин лагерде – бирдиктүү союздун курамында болушат, же Батыштын, Американын же Кытайдын согуш майданына айланышат“ – деди Дугин. Сөзүнүн аягында ал: „Эгемендүүлүктүн доору бүттү, улуттук мамлекеттер өткөн чакта калды. Бул – мындан ары таштанды“ – деп улуттук мамлекеттерге өз өкүмүн чыгарды.

Бул сөздөрдү жөн гана философиялык теория катары кабыл алуу мүмкүн эмес. Анткени, Александр Дугин, бүгүнкү күндө коомдон четтетилген маргинал же өзү жалгыз күрөшүн алып жүргөн адам эмес. Ал, Россиянын мамлекеттик гуманитардык университетине караштуу Иван Ильин атындагы жогорку саясий мектептин директорунун кызматын ээлейт. Бул институттун саясий элитаны калыптандыруучу мамлекеттик системага түздөн-түз байланышы бар.

Ондогон жылдар бою, ал евразиячыл идеянын дем берүүчүсү катары чыгып келет. Бул доктрина, мамлекеттердин тең укуктуулугун, эл аралык укуктун универсалдуулугун жана „цивилизациялык империялардан“ тышкары улуттук эгемендүүлүк идеясынын өзүн четке кагат. Анын ролу – чечим кабыл алууда эмес, тагыраагы чечимдерди маани-маңызы жагынан актап берүү анын милдети. Башкача айтканда, агрессияны „тарыхый зарылчылыкка“, ал эми колониялык саясатты „геополитикалык реализмге“ айлантуу, Дугиндин кууп жүргөн максаты.

«Дугиндин эл аралык укуктан ачыктан-ачык баш тартуусу, өзгөчкө мааниге ээ. Анын чечмелөөсүндө, укук – бул алсыздарды коргой турган универсалдуу механизм эмес. Тескерисинче, укуктар күчтүү державалардын кызыкчылыгына кызмат кылбай калган учурда, ыргытылып жибериле турган убактылуу курал. Муну менен Борбор Азия, иш жүзүндө, Украинанын мисалындагыдай эле „зомбулук көрсөтүүгө жол берилген аймак“ катары белгиленип жатат. Мындай шартта, эгемендүүлүк коопсуздукка кепилдик боло албайт, ал эми чек аралар – убактылуу түшүнбөстүк катары каралат. Мындай системада басым жасоо, коркутуп-үркүтүү жана согуш сценарийлери өзгөчө жагдай эмес, кадимки нормага айланат.

Бул билдирүүлөр менен бирге, россиялык теле алып баруучу Владимир Соловьёвдун Борбор Азия менен Арменияны Россиянын таасир этүү чөйрөсү деп ачык атаганы жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн башка өлкөлөрдө да «атайын аскердик операцияны»  баштоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбаганы өтө маанилүү белги. Эгерде Дугин эгемендүүлүктөн баш тартуунун идеологиялык негизин иштеп чыкса, Соловьёв бул логиканы массалык пропаганданын тилине которуп, өз колонияларына каршы согушууну жөн гана жол берилген кадам эмес, атүгүл зарыл аракет катары кадимки нормага айлантууда.

Азыркы Россия, колониялык түзүлүш процессинен кутулуп бүткөн жок. Мурда  Кремл өзүнүн колониялык саясатын моюнга албай келсе, эми ал четки аймактардын үстүнөн үстөмдүк кылууну табигый көрүнүш деп эсептей баштады. Бул көз карашта, Борбор Азия – эгемендүү мамлекеттердин жыйындысы эмес, тескерисинче, колдон чыгарылган аймак, убактылуу түз административдик көзөмөлдөн чыгып кеткен, тарыхый жактан баш ийдирилген зона катары каралууда. Ушул себептен улам, россиялык коомдук талкууларда, бул өлкөлөрдүн көз карандысыз тышкы саясатка жана өздөрүнүн өнүгүү моделине болгон укугу, дал ушундай оңой таризде четке кагылууда.

Дугиндин айткандары – бул жөн гана өзүнчө бир коркунуч катары эмес, олуттуу оорунун белгиси катары каралуусу зарыл. Анын сөздөрү, Борбор Азиянын эгемендүүлүгүнө болгон коркунучтун кокустугу, же кайсы бир адамдын жеке пикири эмес экенин көрсөтүп турат. Бул коркунуч, азыркы орус мамлекеттүүлүгүнүн идеологиялык түзүмүнө бекем орнотулган. Ал түзүмдө, империя – жашоонун жалгыз мүмкүн болгон формасы, ал эми мурдагы колониялардын көз карандысыздыгы – оңдолушу керек болгон „тарыхый ката“ деп чечмеленет.

Андыктан, Борбор Азия өлкөлөрү жана аймактын элдери, колонизаторлордун кастыгын жана алардын империялык пландарын моюнга алмайынча, ошондой эле өз өкүмдарларынан Ислам туусу астында бирдиктүү мамлекетке биригүү үчүн бардык саясий чараларды көрүүнү талап кылмайынча, Кремлдин көз карандылыгында кала беришет. Ислам идеологиясынын негизинде бириккенде гана, аймак Россия сыяктуу сөздө гана күчтүү болгон колонизатор өлкөлөрдүн коркутууларынан жана шантажынан арыла алат.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button