Макала

Каспийдин кокустан Евразиянын күрөө тамырына айланышы?

Каспийдин кокустан Евразиянын күрөө тамырына айланышы?

Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү Ормуз кысыгы жана Жакынкы Чыгыштагы согуш менен Ирандын айланасындагы жаңжалдарга бурулуп турган учурда, түндүгүндө жайгашкан Каспий деңизинде алда канча маанилүү процесстер башталууда. Жакында эле дүйнөлүк саясаттын перифериясы болуп эсептелген аймак, кокустан жаңы геосаясаттын негизги түйүндөрүнүн бирине айланууда.
Мунун себеби жөнөкөй: дүйнөлүк логистика бузула баштады.
Украинадагы согуштан улам Кара деңиз кооптуу болуп, Ормуз кысыгы иш жүзүндө курчоодо калды. Кызыл деңиз хуситтердин чабуулдарынан улам туруксуз абалда. Деңиз аркылуу ташуулар кымбаттап, камсыздандыруу баалары өсүүдө, ал эми тобокелдиктер өтө жогору.

Дал ушундай кырдаалдан улам Каспий чөлкөмүнүн мааниси кескин жогорулап барууда. Орусия менен Иран үчүн бул дээрлик идеалдуу каттам. АКШ ал жерге өз флотун киргизе албайт, НАТО ал жакта жок, ал эми ташууларды көзөмөлдөө өтө татаал. Андан сырткары, Орусия менен Ирандын портторунун ортосунда каттаган кемелер көп учурда транспондерлерин өчүрүп коюшат жана байкоо тутумдарынан жөн эле жок болуп кетишет.
Иш жүзүндө Каспий бара-бара дүйнөлүк сооданын «көмүскө жолуна», тагыраагы, санкцияларды айланып өтүүгө, жүктөрдү ташууга жана альтернативдик логистиканы курууга мүмкүн болгон жайга айланууда.
Москва менен Тегеран бул нерсени эчак эле ойлоштуруп келишкен. Мындан бир топ жыл мурун, алар биргеликте «Түндүк – Түштүк» транспорттук коридорун илгерилете башташкан: Орусиянын жүктөрү Волга аркылуу Каспийге, андан кийин Иранга, андан ары – Индия океанына жана Азия базарларына жол алат.

Эми бул долбоор капыстан өтө чоң мааниге ээ боло баштады. Орусия соодасынын бир бөлүгүн Кара деңизден Каспийге которуп жатат. Иран болсо Каспий порттору аркылуу АКШнын кысымын айланып өтүп, азык-түлүк, техника жана керектүү товарларды алууда. Кытай үчүн да бул пайдалуу. Анткени, Азияда кокус чоң кризис башталса, ал үчүн кошумча багыт болот.
Бирок Батышты эң эле тынчсыздандырган нерсе, бул дан же соода маселеси эмес. Каспий Орусия менен Ирандын кызматташуусу үчүн коопсуз каналга айланууда. 2022-жылдан кийин Москва менен Тегеран аскердик чөйрөдө кескин жакындашты. Орусия дрондорду массалык түрдө чыгаруу жана колдонуу тажрыйбасын алды, Иранга Орусиянын технологияларына жана аскердик иштеп чыгууларына жол ачылды.
Андыктан, батыштын басымы канчалык күчөсө, алар ошончолук АКШнын көзөмөлүсүз болгон башка системаны түзгөндү үйрөнө башташат. Вашингтон үчүн бул олуттуу маселе. Американын кубаты ондогон жылдар бою дүйнөлүк деңиз жолдорун көзөмөлдөөгө негизделип келген. Бирок Каспий – АКШ кире албай турган жабык деңиз. Дал ушул себептен америкалык аналитиктер Каспийди барган сайын «туюк зона» деп аташууда.
Бирок АКШ буга жооп кайтаруу аракеттерин көрө баштады. Эгерде Орусия менен Иран «Түндүк – Түштүк» багытын куруп жатышса, анда АКШ менен Түркия Түштүк Кавказ аркылуу өтүүчү башка «Чыгыш – Батыш» каттамын илгерилетүүдө. Азербайжан менен Нахичеванды Армения аркылуу байланыштырган транспорттук коридорго – TRIPP долбооруна болгон кызыгуунун өсүшү да ушуга байланыштуу.

Бул инфратүзүмдүк долбоор жалпы Евразиянын келечектеги соода жолдорун көзөмөлдөө үчүн болгон күрөшкө багытталган. Батыш Борбор Азия менен Кытайды Каспий, Кавказ жана Түркия аркылуу Европа менен туташтыруучу багытты түзүүнү каалап жатат. Бул жол Орусияны жана жарым-жартылай Иранды айланып өтүүсү керек.
Ушул себептүү Армениянын ролу күтүүсүздөн кескин жогорулады. Жакында эле Ереван Москвадан дээрлик толук көз каранды деп эсептелсе, эми аны темир жолдорду калыбына келтирүү, жаңы коридорлорду ачуу жана Түркия менен Батыштын байланыштарын бекемдөө аркылуу аймактык багыттардын жаңы системасына кошууга аракет кылып жатышат.
Бул жерде Анкара эң чоң пайдага ээ болууда. Түркия Европа менен Азиянын ортосундагы негизги көпүрөгө айланууну эбактан бери көздөп келет, ал эми азыркы кризис ага мындай мүмкүнчүлүктү берип жатат. Натыйжада эки ири долбоордун ортосунда күрөш жаралууда.
Биринчиси – Орусия-Иран багытындагы, Каспий деңизи аркылуу өткөн, жарым-жартылай жабык жана «көмүскө» долбоор. Экинчиси – Кавказ аркылуу өтүүчү жана Европа менен Азиянын ортосундагы соодага багытталган түрк-батыш долбоору.

Ошентип, Түштүк Кавказ менен Каспий бара-бара дүйнөлүк атаандаштыктын негизги чордондорунун бирине айланууда. Анткени азыр күрөш аймактар үчүн гана эмес, каттамдар, порттор, темир жолдор жана логистика үчүн жүрүүдө.
Бул жерде логика жөнөкөй: ким жеткирүү жолдорун көзөмөлдөсө, ошол үлкөн саясий жана экономикалык таасирге ээ болот. Дал ушул себептен, жакында эле унутулуп калган ички деңиз катары эсептелген Каспий, күтүүсүздөн дүйнөлүк «чоң оюндун» эң маанилүү чекиттеринин бирине айланды.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button