
Венесуэланы басып кирүүнүн артындагы чыныгы максаттар
Трамп администрациясынын Батыш жарым шарды баш ийдирүү аракети өтмүштө кандай жыйынтык бербесе, келечекте да пайда бербейт. Трамптын кеңешчиси Стивен Миллер «тарыхтын өзгөрбөс мыйзамдарынын бири — дүйнө күч аркылуу башкарылат» деп эсептейт [Араби 21, 10.01.2026]. Бирок ал көз жаздымда калтырган дагы бир өзгөрбөс мыйзам бар. Күч бардык нерсеге чечим деп эсептеген лидерлер сөзсүз түрдө көптөгөн акылсыздыктарга жол беришет. Макалда айтылгандай: «Алтын жүктөлгөн эшек, шаарларды ар кандай куралдан да көбүрөөк багындырат».
Трамп жана анын администрациясындагы өнөктөштөрү Латын Америка өлкөлөрү чыгымдардын төмөндүгү жана жөнгө салуу тоскоолдуктарынын аздыгынан улам башка мамлекеттер менен соода алакаларына киргенин түшүнүшөт. Алар бул өлкөлөрдү мындай жардамдардан баш тартууга мажбурлайбыз деп доомат кылышат. Ал эми Трамптын администрациясы жалпысынан тышкы жардамга каршы чыгып, бардык өнөр жай байланыштарынан эң чоң пайданы өзүнө ыйгарууну көздөгөн колонизатордук администрация болгондуктан, өз максаттарына жетүү үчүн коркутууларга таянууга аргасыз.
Трамптын Венесуэлага баруусун баңгизатка каршы күрөш жана демократияны калыбына келтирүү менен байланыштыруусу — негизсиз доомат. Бул операциядан кийин дароо Трамптын өзү, анын тышкы иштер министри Рубио жана администрациянын бардык көрүнүктүү мүчөлөрү себеп мунайга жана Венесуэланын башка байлыктарына көзөмөл орнотуу экенин ачык айтышты. Анткени өлкөдө ири мунай корлору, сейрек кездешүүчү минералдар, ошондой эле электр унааларынын аккумуляторлорун өндүрүү үчүн зарыл болгон литий бар. АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Венесуэладагы убактылуу өкмөт АКШга 50 миллион баррелге чейин мунай тапшырарын, ал эми кирешелер президент катары анын башкаруусунда болорун айтты [Sky News Arabia, 07.01.2026]. АКШ президенти Дональд Трамп Николаc Мадуро камакка алынгандан кийин Каракас менен түзүлгөн келишимге ылайык, Венесуэла АКШ саткан мунайдын кирешеси менен америкалык өндүрүштөгү гана товарларды сатып аларын жарыялады) [Al Jazeera Net, 08.01.2026]. АКШнын энергетика министри Крис Уайт «Вашингтон Венесуэланын мунай сатуусун белгисиз мөөнөткө чейин башкарат» деп билдирди [Al Jazeera Net, 08.01.2026].
Ак Үйдүн расмий өкүлү Каролайн Ливит АКШ президентинин «венесуэлалык мунайды коргоо үчүн аскерий күч колдонуу вариантына кайрылуу укугун сактап каларын» билдирди [Al Arabiya, 07.01.2026]. АКШнын тышкы иштер министри болсо Венесуэлага карата планынын экинчи баскычы «америкалык жана батыштык компаниялардын венесуэлалык рынокко адилеттүү жол менен жетишин камсыздоону» максат кыларын белгиледи [Al Jazeera Net, 07.01.2026]. Бул — куралдын күчү менен мамлекетке жасалган куралдуу талап-тоноо. Башында айтылгандай, бул кадам Трампты ички кризисинен да, кризистеги экономикасын да куткарбайт. Ошого карабастан, Трамп муну чыныгы себеп катары көрсөтүп, америкалык компаниялар ал жакка агылып барып мунайды өзүнө ыйгарып, Американы «кайра улуу» кылат деп өжөрлүк кылууда. Бирок ал дагы бир жолу жаңылууда. Трамп каалаганын ойлой берсин (ал муну көп учурда кылат), бирок жакын арада Американы күтүп турган ири мунай байлыгы жок. Анткени венесуэлалык мунай өндүрүү оор түргө кирет жана аны өндүрүү жогорку чыгымдарды талап кылат. Эксперттер бул чыгымдарды бир баррелине 10–40 доллар деп баалашкан. Учурдагы мунай баалары 50–60 доллардын айланасында экенин эске алганда, мындай чыгым өтө кымбат.
Венесуэланы бутага алуунун артындагы чыныгы максаттар төмөнкүлөр:
Биринчиден: Кытайды бутага алуу жана ага мунай жеткирүүнү үзүү. 2024-жылы Кытай экономикасынын өсүшү 5% түзсө, ошол эле мезгилде АКШ экономикасынын өсүшү 2,8% болду. Кытайдын ички дүң өнүмү болжол менен 20 триллион долларды, ал эми АКШ экономикасы 30 триллион долларды түздү. Маселенин түйүнү дал ушул жерде: Кытайдын мунай импортуна кирген жалпы көлөмдүн 5%ын жабуу (анткени Кытай Венесуэланын мунай экспортунун 5%ын алат). Ушуга байланыштуу Трамп администрациясы Кытайдын экономикалык алдыга жылышын ооздуктоо жана аны чектөө үчүн бул кечиккен кадамга барды.
Экинчиден: Трамп администрациясынан Батыш жарым шарга берилген билдирүү — баш ийүү милдеттерин аткаргыла, болбосо Мадурого эмне болгон болсо, силерге да ошол болот. Ал аларга: «Мен көргөндөн башкасын силерге көрсөтпөйм», — деп жатат. Ошондой эле дүйнө мамлекеттерине, айрыкча Жакынкы Чыгыштагы мунай өлкөлөрүнө, Иранга, Борбор Азияга жана Африкага: эгер Кытай менен кызматташууну жана аны мунай менен камсыздоону уланта берсеңер, силер да ушуга кабыласыңар, — деген эскертүү.
Үчүнчүдөн: өлкө башынан кечирип жаткан экономикалык кризистин кесепеттерин жашыруу. Алардын ичинде жакырчылык жана муктаждык эң жогорку чегине жетти. Маалыматтарга караганда, 100 миллион адам негизги жашоо каражаттарын камсыздай албай же турак жай жана автоунаа насыяларын төлөй албай калган. Америкалык шаарлардын көчөлөрүндө жүздөгөн нааразылык акциялары өтүп, Трамп администрациясынан элге көңүл бурууну талап кылышты. Ансыз да болжол менен 40 триллион долларга жеткен карыздык милдеттенмелер жана акча басып чыгаруу менен оорлогон экономика шартында бул басым күчөдү. «Иммиграция жана бажы кызматынын кеңири масштабдагы жайылтууларын токтотууну талап кылуу үчүн өлкөнүн ар кайсы аймактарында миңден ашык иш-чара пландалган» [Сада аль-Балад, 10/01/2025].
Төртүнчүдөн: демократ мыйзам чыгаруучулар Трамптын мойнуна кылычтай илинип жаткан Эпштейн чырынын үстүн жаап коюу. Ошондуктан ал көңүлдү сыртка буруп, Венесуэладагы айрым чөйрөлөр менен макулдашылган көрсөтмөлүү операцияга барды. Дал ушул себептен операция ийгиликтүү болуп, «голливуд» форматында көрсөтүлдү.
Бул операциядан кийин дүйнө мажбурлап лагерлерге бөлүнүү жолуна түшөт деген сценарийдин ыктымалы чоң. Ошондуктан Трамп чакан өлкөлөргө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизүү аракеттерин күчөтүп, аларды Кытайга каршы соода согушуна катышууга мажбурлайт. Бул товар тартыштыгына жана баалардын өсүшүнө алып келет. Бир-эки жыл ичинде инфляция глобалдык мүнөзгө айланып, чакан өлкөлөрдүн экономикалары биринен сала бири кулай баштайт, ал эми бүткүл дүйнө экономикалык туруксуздукка батып кетет. Демек, Трамптын убактылуу кубанычынын эч кандай мааниси жок.
Ал эми Булуң өлкөлөрүндөгү мунай мамлекеттери үчүн Мадуронун камакка алынышы кошумча коркунучту билдириши керек. Венесуэла сценарийинин кутумдар жана төңкөрүштөр аркылуу кайталанышы мүмкүн деген ыктымалдан тышкары, АКШнын дүйнөлүк мунайдын дээрлик жарымын көзөмөлдөп калуу коркунучу бар. Азырынча америкалык лагерь Кытай менен согуш чыгып кетсе да мунай жеткирүүнү камсыздап турат. Ошондуктан Трамп Кытай үчүн альтернативдүү мунай булактарын — Россияны, Иранды жана Булуң өлкөлөрүн — сөзсүз түрдө кесүүгө тийиш. Трамптын убактысы өтө тар, алдыдагы айларда ал бул багыттагы аракеттерин дагы да күчөтөт.
Суроо: дүйнөлүк экономика жакынкы мезгилде дүйнөгө таасир эте турган ушундай ашкере чараларга кантип туруштук берип, алардан кантип өтүп кетет?
Бүгүн биз көрүп жаткан нерсе — АКШнын жаңы улуттук коопсуздук стратегиясынын практикалык ишке ашырылышы. Анын негизги аталышы — Батыш жарым шарда үстөмдүк орнотуу, аны жана анын ресурстарын Американын пайдасына коопсуздандыруу, ошондой эле Европада НАТОнун айрым жүктөрүнөн арылып кайра жайгашуу. Бул — глобалдашууга карама-каршы багыт. Бул Американын дүйнөлүк улуу держава жана «дүйнөнүн жандармы» болуудан баш тартуусун билдиреби? Мен муну күтпөйм. Анткени Америка ачык эле Гренландия, Канада, Арктика жана Жакынкы Чыгыш боюнча чараларды жарыялап, ишке ашырып келет. Демек, ал дүйнөдө жаңы коопсуздук тең салмактарын түзүп жатат. Трампка таандык деп айтылган бир сөз бар: «Меники — меники, силердики — сүйлөшүүгө ылайык».
Империялар дал өздөрүнүн эң жогорку кеңейүү жана аскерий активдүүлүк учурунда кулайт. Анткени бул кеңейүү бир маалда борбордун аны сиңирип, башкарууга жана көзөмөлдөөгө болгон мүмкүнчүлүгүнөн ашып кетет. Ошондуктан кризистер сыртка чыгарылып, көбүрөөк ресурстарды издөө, мамлекеттерге проблемаларды таңуулоо, кризистерди жасалма жаратуу жана атаандаштарды алсыратуу аракеттери көрүлөт. Вашингтондун жетекчилигиндеги батыштык тутум башка дүйнөлүк күчтөрдү жеңдим деп жаңылыш ойлоп, дээрлик үч он жылдык бою бир уюлдуу дүйнө элесинде жашагандан кийин, бүт дүйнөдө мүмкүн болгон эң акыркы кеңейүү чекке жетти.
Менин оюмча, бул кризис Американын, балким, капиталисттик системанын бүтүндөй табытына кагылган акыркы мыктардын бири болушу мүмкүн.
Аллахтын жаратуудагы мыйзамы ушундай: бир коом келип, анын ордун башкасы алмаштырат, алар акыйкат ээлери болобу же жалган ээлери болобу айырмасы жок. Бүгүн батыл үстөмдүк, таасир жана байлыктар үчүн бири-бири менен кармашууда. Бул Аллах Тааланын «тадафуъ» (карама-каршылык) жөнүндөгү сөзүнүн чындыгын көрсөтөт:
﴿الَّذِينَ أُخْرِجُوا مِن دِيَارِهِمْ بِغَيْرِ حَقٍّ إِلَّا أَن يَقُولُوا رَبُّنَا اللَّهُ وَلَوْلَا دَفْعُ اللَّهِ النَّاسَ بَعْضَهُم بِبَعْضٍ لَّهُدِّمَتْ صَوَامِعُ وَبِيَعٌ وَصَلَوَاتٌ وَمَسَاجِدُ يُذْكَرُ فِيهَا اسْمُ اللَّهِ كَثِيراً وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهَ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾
«Алар Өз журттарынан жалаң «Биздин Раббибиз (жалгыз) Алла» дегендиги үчүн гана куулган заттар. Эгер Алла адамдардын айрымдарын айрымдары менен кайтарып турбаса, кадиксиз, Алланын наамы көп эстеле турган (рахибдердин) монастырлары, (насранийлердин) черкөөлөрү, (жөөттөрдүн) ибадатканалары жана (мусулмандардын) мечиттери ойрон кылынган болоор эле. Албетте, Алла Өзүнүн (динине) жардам бере турган заттарды үстөм кылып койот. Шексиз, Алла Күчтүү, Кудуреттүү». (Хаж: 40)
Биз, мусулмандар, бул дүйнөлүк окуяларды саясий «кызыкчылык» үчүн эмес, Аллахтын уруксаты менен келе турган жаңы дүйнөнүн келечегин Ислам көз карашынан чийүү үчүн талдайбыз. Анткени саясий аң-сезим бизден Ислам акыйдасы аркылуу кароону талап кылат. Ислам бизге каапырлардын текеберлигинен, Трамптын жана анын жан-жөкөрлөрүнүн зөөкүрлүгүнөн коркпогула, кайгырбагыла дейт. Анткени Фараон, андан мурда Ад жана Самуд да жер жүзүндө азгындап, бузукулукту көбөйткөн элдер болгон. Ошондо Раббибиз аларга азап камчысын жаадырган. Дал ушундай тагдыр Американы жана анын капиталисттик системасын да, Кудуреттүү, Каардуу Аллахтын күчү менен, андан соң өзгөрүү үчүн иш алып баргандардын аракеттери аркылуу пайгамбарлык минхажындагы Халифалыкты тикелөө менен күтүп турат. Бул Аллахтын убадасы жана Анын Элчисинин ﷺ Константинополь алынгандан кийин Рим да фатх болоору тууралуу сүйүнчүлөгөн кабары.
Ошондуктан, эй мусулмандар, талап кылынган өзгөрүү үчүн ишке киришели, батылды жерге уралы. Чынында, батыл жок болуучу. Алардын күрөшү менен текеберлиги өздөрүнүн кыйроосуна гана алып барат. Демек, ишке киришели, коркпойлу, алсыздыкка жана чабалдыкка түшпөйлү. Анткени батылдын көрүнгөн көтөрүлүшү селдин көбүгүндөй гана.
﴿فَأَمَّا الزَّبَدُ فَيَذْهَبُ جُفَاء وَأَمَّا مَا يَنفَعُ النَّاسَ فَيَمْكُثُ فِي الأَرْضِ كَذَلِكَ يَضْرِبُ اللّهُ الأَمْثَالَ﴾
«Эми ал көбүк-калдык өзүнчө эле жок болуп кетет. Адамдарга пайдалуу болгон нерсе болсо Жер жүзүндө калат. Алла мисалдарды мына ушундай баян кылат».
(Раъд: 17).
﴿الم * غُلِبَتِ الرُّومُ * فِي أَدْنَى الْأَرْضِ وَهُم مِّن بَعْدِ غَلَبِهِمْ سَيَغْلِبُونَ * فِي بِضْعِ سِنِينَ لِلَّهِ الْأَمْرُ مِن قَبْلُ وَمِن بَعْدُ وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَن يَشَاء وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ * وَعْدَ اللَّهِ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ وَعْدَهُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾
«Алиф, Лам, Мим. 2-3-4-5. Абдан жакын жайда Рум жеңилди. (Бирок) алар (румдуктар) бул жеңилүүлөрүнөн кийин бир нече жыл ичинде албетте жеңип чыгышат. Абалкы – акыркы бардык иш Алланын (ыктыярында). Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси. (Бул) Алланын убадасы. Алла Өз убадасына тескери иш кылбайг. Бирок көп адамдар билишпейт». (Рум: 1-6).
Сайфуддин Абду




