
Жарандардын турак-жайлуу болушуна ким кам көрөт
Бишкектин четинде жайгашкан «Анар-Бак» конушунда үйлөрдү бузуу маселеси жашоочулар менен бийликтин ортосунда ачык жаңжалга айланды. Конушта курулуштар мыйзамсыз деп табылып, адамдар жашап жатканына карабастан, муниципалдык кызматтар күч органдарынын коштоосунда бузуу иштерин баштаган эле.
Жашоочулардын айтымында, үйлөрдү бузуу так түшүндүрмөсүз жана альтернатива сунушталбастан жүргүзүлгөн. Көптөгөн адамдар бул үйлөрдө бир нече жылдан бери жашап келишет. Кыштын ызгаар чилдесинде турак жайларды бузуу аракети коомчулукта катуу нааразылык жаратты. Ушул себептен улам кыш мезгили аяктаганга чейин адамдар жашап жаткан үйлөрдү бузуу убактылуу токтотулду. Бул чечим алдын ала пландалган социалдык саясаттын эмес, дал ушул коомдук резонанстын натыйжасында кабыл алынды.
Учурда бузуу убактылуу токтотулганына карабастан, маселе толук чечиле элек. Тургундар кыш бүткөндөн кийин бул маселе кайрадан курч көтөрүлөт деп кооптонушууда. Ал эми бийлик курулуштар мыйзамсыз тургузулган деген позициясын өзгөрткөн жок.
«Анар-Бак» конушундагы маселе бир гана өзгөчө учур болуп эсептелбейт. Бул Бишкектин четиндеги бардык конуштардын маселеси десек болот, башка конуштарда да дал ушундай маселе курч бойдон калууда. Себеби жер тилкесин мыйзамдаштыруу боюнча амнистия 2021-жылга чейинки курулган үйлөрдү гана камтып, андан кийин курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу жараяны өткөрүлбөгөн. Ошондон улам, бийлик калаанын айланасындагы көптөгөн үйлөрдү мыйзамсыз деп таап, буздуруу аракетин көрүп жатат, ал эми бош жаткан жер тилкелерин мамлекетке өткөрүүнү талап кылууда.
Бул жагдай жарандардын аянычтуу абалын көрсөтүүдө. Себеби көптөгөн адамдар бир ууч тилкеге ээ болуп калайын деп карыз алышкан же болбосо чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Ар кимдин абалы ар түрдүү. Кээ бирлер дароо эле үй курганга жетишсе, кээ биринин андайга дарамети жетпейт, андайлар көпчүлүктү түзөт. Адамдар бир үй тургузуп алайын деп карызга малынып же болбосо жылдап чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Ошондуктан көпчүлүк эл жер тилкесин эчак эле алып койгон болсо да, бирок 2021-жылга чейин турак-жайын тургузганга үлгүрүшпөгөн. Мындан улам, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жараянында үй курулуштарын 2021-жылга чеийнки жана андан кийинки деп бөлүү адилетсиздик.
Ошол эле учурда, бийликтин позициясын колдоп бул конуштар мыйзамсыз, аларды эл басып алышкан дегендер да жок эмес. Бирок мындай абалдын жаралышына дал ушул бийлик себепкер. Анткени 30 жылдан бери элдин турак-жайлуу болушуна бийлик тарабынан эч бир аракеттер жасалган жок. Акыр-аягында бул маселе жарылып, адамдар кескин чарага барууга аргасыз болушкан. Ошентип учурдагы акылбалга келип олтурабыз.
Ал эми, бүгүнкү күндө бийлик жер бөлүштүрүүгө мораторий киргизип, Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу жарандарды турак-жай менен камсыздоо аракетин көрүүдө. Тагырак айтканда, МИК турак-жай курган подрядчы компаниялардан үйлөрдү чарчы метрин 650-700 доллардан сатып алып, үстүнө 250 доллар кошуп, элге 950 доллардан ипотека шарты, башкача айтканда сүткорлук негизинде сатууда. Инфляцияны эсепке алганда, элдин капчыгына караганда, бул үйлөрдү алууга колунда барлар гана кудуреттүү. Ошондой эле, бул жарандарды турак-жай менен камсыздоо маселесин чечпейт.
Ошентип бийлик бул көйгөйлүү маселени – адамдардын баштапкы негизги маселесин чечүүнү рынокко таштап койду. Адамдар үйлүү болуу үчүн кайра өзүн өзү камсыздоого мажбур болуп, МИКтен сүткорлук негизинде үй алууга барышууда. Ошол эле учурда, МИК жана жеке компаниялар элдин эсебинен «акча жасап» жатышат. Бул адилетсизик жана зулум, андан тышкары динибизде арам эсептелген сүткорлукка мажбурлоо болуп эсептелет.
Исламда турак-жай маселеси инсандын нигизги муктаждыктарына кирет. Ошондуктан, жеп-ичүү, кийим-кече сыяктуу адамдарды үй менен камсыздоо мамлекеттин баштапкы милдеттеринин бири. Бул үчүн каражат Байтулмадан алынат жана турак-жайга ээ болууга кудурети жетпеген жарандарга үй курулуп берилет. Ал эми, Байтулмалдын бир булагы бул – жер астындагы жана үстүндөгү кен байлыктар. Бул кен байлыктар элдик мүлк катары саналып, мамлекеттин да, жеке тараптардын да бул кен байлыктарга ээлик кылуусуна тыюу салынган. Алар бир гана элдин муктаждыгы үчүн иштелиши кажет.
Халиф Умар ибн Хаттаб (р.а.) доорунда Куфа, Басра жана Фустат сыяктуу шаарлар курулуп, үй-бүлөлөргө жер тилкеси, турак-жай, суу жана жол инфраструктурасы берилген. Ал эми, турак-жай сыяктуу адамдын жеке мүлкү Исламда кол тийгис укук болуп эсептелет.
Ошол эле Халиф Умардын (р.а.) доорунда мусулмандар көбөйгөндүктөн, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мечитин кеңейтүү зарылдыгы жаралат. Бул үчүн мечитке чектешкен жерлерди сатып алуу керек эле. Жер ээлеринин баары макул болушат, бирок Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) абасы Аббас гана өз жерин берүүдөн баш тартат. Умар (р.а.) ага адилеттүү, а түгүл жогору баа сунуштап, мечит үчүн жерди күч менен алуу туура эмес экенин айтат. Бирок Аббас жерин эч кандай акчага сатпай турганын билдирди.
Ошондо Умар казыга кайрылат. Казы Убайй ибн Кааб (р.а.) болуп, мындай чечим чыгарат: «Эч ким башка бирөөнүн мүлкүн – а түгүл мечитти кеңейтүү үчүн да – күч менен тартып ала албайт. Жер Аббаска таандык бойдон калат, ал тургай халиф да жерди сатууга мажбурлай албайт».
Казынын чечими чыккандан кийин Аббас өз жерин ыктыярдуу түрдө, акысыз мечитке өткөрүп берерин билдирет. Мунун себебин ал мындай деп түшүндүргөн:
«Мен муну Исламда адам укуктары канчалык жогору бааланарын көрсөтүү үчүн кылдым». Бул Исламдагы турак-жай саясатынын ачык мисалдары.
Бирок, бүгүнкү биз жашап жаткан капитализм шартында кен байлыктар элге жумшалуусунун ордуна жеке тараптарга берилип кеткен. Бул да капитализм шарттарынын бири. Ал эми, элдин социалдык маселелери базар экономикасына таштап коюлду. Башкача айтканда, кен байлыктарыбыз сокур тыйынга сатылып – талап-тонолуп, ал эми калкыбыз бир ууч тилкеге же болбосо үйгө ээ болуу үчүн карызга, сүткорлукка малынып же чет өлкөдө кор болуп, ден-соолугун тобокелге салып жүрүшөт.
Ошондуктан, адамдарды эзип, эксплуатация кылган капитализм шартында бир гана турак-жай эмес, башка негизги маселелер да оор бойдон кала берет. Бул капитализмдин натыйжасы. Андыктан капиталимзди кулатып, Ислам системасын орнотуу зарыл. Ошондо гана адамдар кара курсагын гана ойлоп жан багуудан арылып, азиз турмуш кечиришет.
Харун Абдулхак




