Макала
Trending

Газа боюнча «Тынчтык кеңеши»: кайрадан куру кыялдар менен соодалашуу

Газа боюнча «Тынчтык кеңеши»: кайрадан куру кыялдар менен соодалашуу

Газа секторунда уланып жаткан оор окуялардын шартында, эл аралык саясат дүйнөгө кайрадан «жаңы форматты» сунуштады. Бул АКШ президенти Дональд Трамп тарабынан өжөрлүк менен алга сүрүлүп жаткан Board of Peace же «Тынчтык кеңеши». Бул демилгеге ислам дүйнөсүндөгү өлкөлөр: Сауд Арабиясы, Түркия, Египет, Катар, Пакистан, Индонезия, Иордания жана БАЭ биринин артынан бири кошулууда. Буга чейин чакырууну Казакстан менен Өзбекстан да кабыл алышкан.

Географиялык алкактын өзү эле бул долбоордун канчалык тез кулач жайып жатканын көрсөтүп турат. Ал эми тынчтык орнотуу сөздөрү, дагы деле максатка жетүү үчүн колдонулууда. Бирок катышуучулардын саны көбөйгөн сайын: «Алар негизи эмнени колдоп жатышат –  деген суроо туулат.

Тынчтык кеңеши» согушту токтотуу, Газаны калыбына келтирүү жана туруктуу тынчтыкка карай кадам таштоо үчүн аянтча катары сунушталууда. Бул адаттагыдай эле абдан туура жана кемчиликсиз бир демилге катары угулушу мүмкүн. Бирок кооз сүйлөмдөрдүн артында дагы деле эң негизги нерселер, тактап айтканда, так мандат жана таасир этүүнүн реалдуу механизмдери көрүнбөйт. Ошондой эле, палестиналыктардын өз тагдырын аныктоого толук кандуу катыша албагандыктары өзгөчө көңүл бурдурат.

Азыркы Палестина кризисинин карама-каршылыгы – эң көп жабыркаган тараптан башка бардыгы, бул көйгөйдү “чечүүгө” киришип жаткандыгында. Жаңы «Тынчтык кеңеши» БУУнун системасына киргизилген эмес жана эл аралык-укуктук механизмдерге таянбайт. Иш жүзүндө бул кеңеш, учурда иштеп жаткан түзүмдөрдөн тышкары болот. Ал алардан жогору тургандай, бирок алардын жоопкерчиликтери сыяктуу милдеттерге ээ эмес. Бул болсо, демилгени альтернатива катары эмес, көбүнчө «кыйгап өтүүчү жол» катары кабыл алууга негиз берүүдө.

Бул көйгөйдүн саясий жагы да өзгөчө тынчсыздандырууда. «Тынчтык кеңеши» Газа талкаланып, гуманитардык катастрофа айдан ачык болуп турган жана дүйнөлүк коомчулук бул чыр-чатактан чарчаган учурда пайда болууда. Мындай шартта, ар кандай демилгелер адилеттүүлүктүн куралы эмес, тескерисинче, «башкарылуучу кризисти» легалдаштыруунун жолу болуп калуу коркунучу бар. Тагыраагы, алар үчүн тынчтыкты куруу жараяндары, чыныгы тынчтыкты орнотуудан көрө маанилүрөөк болууда.

Ислам өлкөлөрүнүн катышуусун түшүнсө болот жана алар муну өздөрүнчө актап жатышат. Алар муну демилгени колдон чыгарбоо жана Палестинанын келечегин талкуулоодо өз үнүн сактап калуу аракети катары көрсөтүүгө тырышууда, бирок форматтын өзү өтө күмөндүү бойдон калууда. Казакстан менен Өзбекстандын кошулуусу, долбоордун масштабын кеңейткени менен, анын мазмунун тереңдетпейт. Сүйлөшүү үстөлүндөгү желектердин көптүгү – ал жерде чындык талкууланып жатат дегенди билдирбейт.

Тынчтык кеңеши» дагы бир саясий «көргөзмөгө айланып», Трапмтын пайдасы үчүн гана иштей турган жана билдирүүлөрдү жасоого тыкан, ыңгайлуу, дипломатиялык долбоорго айлануу коркунучу бар деген сезим барган сайын күч алууда. Бирок Палестина окуясы,  эксперименттерди жасай турган же беделди көтөрүүчү долбоор эмес. Палестина көйгөйү, максаты бүдөмүк болгон Трамптын жаңы геосаясий аферасы үчүн шылтоо боло албайт. Анткени ал маселе, дагы деле жандуу жана кан бойдон калууда.

Ар кандай тынчтык демилгелеринин чыныгы баалуулугу жана натыйжалуулугу – катышуучулардын саны, же билдирүүлөрдүн уккулуктуулугу менен өлчөнбөйт. Тагыраагы, октордун астында калган адамдардын жашоосунун өзгөрүүсү менен өлчөнөт. Ал эми учурдагы «Тынчтык кеңеши» бул көйгөйдү чече элек. Мына ушул жагдай, ага үмүт менен эмес, этияттык, жада калса күмөн саноо менен мамиле кылууга түртөт.

Тынчтык, туруктуулук жана гуманитардык жоопкерчилик жөнүндөгү сөздөр, тынчтык орнотуу идеясынын өзүнө такыр төп келбеген иш-аракеттердин курчоосунда айтылууда. Андыктан, бул ураандар “Тынчтык кеңешине” карама-каршылыктарды жаратып, тынчсызданууга себеп болууда.

Бул демилгени көтөрүп чыккан ошол эле Доналд Трамп, күч менен басым жасоо, ультиматумдар жана эгемендүүлүктү тоготпоо аркылуу таптакыр өзүнүн демилгесине туура келбей турган саясий иш-аракеттерди көрсөтүүдө. Маселен Венесуэлага кирип келүү менен анын президентин колго түшүрүү, Гренландияны басып алуу коркунучтары, Ирандын жээктерине согуштук аракеттердин башталышына ачык ишарат кылган куралдуу деңиз флотун жөнөтүү – мунун баары «илгери заманда» эмес, Газадагы тынчтык жөнүндөгү сөздөр менен катарлаш кылынып жатат.

Сөз менен иштин ортосундагы бул ажырымды байкабай коюуга мүмкүн эмес. Бул жагдай, тынчтык жөнүндөгү сөздөрдүн өзүн кооптуу бир «декорацияга» айландырууда. Андыктан, бир эле саясий борбор, бир эле учурда тынчтыктын калысы болуп, бирок башка аймактарда чыңалууга себеп болуп жатса, анда сөз так ким үчүн жана кандай тынчтык жөнүндө болуп жатат? – деген логикалык суроо туулат.

Мындай жагдайда «Тынчтык кеңеши» жаңжалды чечүү аракети эмес, тескерисинче, элдин кабыл алуусун башкаруу үчүн каралган бир курал катары көрүнүүдө. Бир жерде согуш чарасыз ыкма болсо, башка жерде ал абройду көтөрүүчү курал болууда. Ошентип, Палестинанын каргашалуу абалы, чоң геосаясий спектаклдын бир бөлүгү болуп калуу коркунучунда турат. Тактап айтканда, адамдардын азап-кайгысы “бийик максаттар” жөнүндөгү билдирүүлөр үчүн тек гана кызмат кылуучу фон болуп калууда.

Дал ушул себептен, мындай демилгелердин айланасындагы күмөн саноолор – ишенбөөчүлүктүн көрүнүшү эмес, тагыраагы саясий сергектиктин бир түрү болот. Андыктан, күч колдонуу тышкы саясаттын негизги түркүгү бойдон кала берсе, анда сөз менен тынчтыкты куруу мүмкүн эмес.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button