Макала
Trending

Британия менен Кытайдын жакындашуусу

Британия менен Кытайдын жакындашуусу

Британиянын премьер-министри Кир Стармердин Кытайга жасаган сапары, маанилүү окуя катары бааланды. Ал акыркы 8 жыл ичинде Кытайга барган алгачкы британ премьер-министри болду. Бул сапардын маанилүүлүгү конкреттүү келишимдерде эмес, анын саясий маанисинде жашырылган. Бул окуя, Британиянын Кытайга болгон мамилеси өзгөрүп жатканынын ачык көрсөткүчү жана Батыштын тышкы саясатындагы кеңири өзгөрүүлөрдүн белгиси. Эмне үчүн дал учурда эки өлкө жакындашып жатат жана бул жакындоо эки өлкөнүн максаттарына канчалык деңгээлде ылайык келет?

Расмий көз караштан алганда, бул сапарды күтүүсүз деп эсептөөгө болбойт. Ал эксперттик жана министрлер деңгээлинде бир топ убакыттан бери жүрүп жаткан диалогду акырындык менен калыбына келтирүү багытына толук төп келет. Бирок, мындай жогорку деңгээлдеги байланыш узак убакыт бою саясий жактан өтө кылдат маселе катары каралып, улам артка жылдырылып келген. Бул, сапар түзүмдүк жактан эбак эле даяр болгонун, бирок аны ишке ашыруу үчүн тышкы шарттардын өзгөрүүсү талап кылынганын билдирет. Башкача айтканда, бул сапар алдын ала мүмкүнчүлүк катары пландаштырылып, ыңгайлуу учур келгенде гана ишке ашырылды.

Негизги түрткү берүүчү фактор – тышкы саясий чөйрөнүн, эң оболу АКШга байланыштуу кырдаалдын өзгөрүшү болду. Азырынча, кеп шериктештикти кайра карап чыгуу же Лондондун трансатлантикалык багыттан баш тартуусу жөнүндө боло элек. Тескерисинче, Британиянын саясаты да, Европа Биримдиги сыяктуу эле, Америка саясатында  өсүп жаткан белгисиздикке туш болду. Кытай маселеси боюнча союздаштарга кысым көрсөтүү, катаал соода риторикасы жана экономикалык куралдарды саясий таасир этүү рычагы катары колдонуу – мунун баары, бир гана АКШга таянуу тобокелдиктерди азайтпастан, тескерисинче, алсыз жана морт жагдайларды жаратат деген кооптонууну күчөттү.

Мындай шартта Кытай менен жакындашууну геосаясий багытты кескин өзгөртүү эмес, стратегиялык даярдык жана этияттык чаранын бир түрү катары кароо керек. Британия бир күч борборун экинчиси менен алмаштырууга аракет кылбайт. Ал өзүнүн кылдат жана айлакер саясатында коопсуздук менен экономика чөйрөлөрүн бири-биринен бөлүп, кадам таштоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү көздөйт. Мындай логика жалпы европалык тенденцияны чагылдырат: бул – идеологиялык «союздаш – душман» деген түшүнүктөн баш тартып, бир эле учурда бир нече күч борборлору менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты издөө аракети. Бирок мындай позиция, пайда-киреше жок болуп кеткенге чейин гана болот.

 Бул жерде экономикалык фактор жана пайда, негизги ролду ойнойт. Британия – тейлөө экономикасына негизделген өлкө, ал үчүн ири жана өсүп жаткан рынокторго кирүү өтө маанилүү. Кытай – британдык каржы, фармацевтика жана билим берүү компаниялары өсүү жөндөмүн сактап кала турган саналуу рыноктордун бири бойдон калууда. Ошол эле учурда, АКШ көлөм жагынан да, суроо-талаптын динамикасы жагынан да буга тең келе турган альтернатива сунуштай албайт. Американын соода саясаты, барган сайын манипуляциялык жана саясий мүнөзгө ээ болуп жаткан шартта, тышкы экономикалык байланыштарды диверсификациялоо, капиталисттик өлкөлөр үчүн идеологиялык эмес, рационалдуу жана акылга сыярлык кадам болуп калды.

Пайдаларды бөлүштүрүү жагынан алганда, бул жакындашуу тең эмес мүнөзгө ээ. Кыска мөөнөттүү келечекте, Кытай көбүрөөк утушка ээ болууда. Бээжин үчүн британ премьеринин сапары эле символикалык жана саясий ресурс. Бул окуя, эл аралык изоляция аракеттери ишке ашпай жатканын, жада калса АКШнын негизги союздаштары да обочолонуу позициясына карабастан, маектешүүгө даяр экенин көрсөтөт. Кытай эч кандай олуттуу системалык жеңилдиктерге барбастан, легитимдүүлүкнатыйжасына ээ болууда. Башкача айтканда, ашыкча чыгымсыз жана күч жумшабастан ал өз максатына жетүүдө.

Бириккен Падышалык үчүн көздөлгөн пайдалар дароо эле байкалбашы мүмкүн, бирок стратегиялык келечекте, алар ыктымалдуу түрдө чоң мааниге ээ. Лондон өзүнүн тышкы саясий эркиндигин бекемдөөгө, АКШ жана Кытай менен болгон диалогдо сүйлөшүү позицияларын күчөтүүгө, ошондой эле бирөөнүн стратегиясындагы «кичи өнөктөш» эмес, глобалдык деңгээлдеги оюнчу экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк алат. Бирок, бул пайдалар жогорку тобокелдиктер менен коштолот. Тагыраагы, тобокелдиктер ички саясий сын-пикирлерден баштап, союздаштары тарабынан болушу мүмкүн болгон басымга чейин жетиши ыктымал.

Ар кандай жакындашууда, өзүнүн утулган тараптары болорун белгилеп кетүү да маанилүү. Биринчи кезекте – бул АКШга байланыштуу. Бирок бул «утулуу» кескин эмес, түзүмдүк мүнөзгө ээ. Вашингтон, өз союздаштарынын сабында толук көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгүн жана экономикалык чөйрөдө Кытайга карата бирдиктүү багытты түзүү монополиясын жоготууда. Бул трансатлантикалык союзду азырынча бузбаганы менен, анын биримдигин алсыратат. Ошондой эле, Европа Биримдиги кайсы бир деңгээлде утулууда, анткени Британия өз алдынча аракеттенүү менен Кытай рыногу үчүн атаандаштыкты күчөтүп, Европанын жалпы сүйлөшүү жүргүзүү салмагын төмөндөтөт.

Тереңирээк алганда, Кытай менен катаал тирешүү багытында өз күн тартибин түзүп алган саясий жана эксперттик топтор утулуп жатышат. Мамилелерде прагматизм үстөмдүк кылган жагдайда, алардын жүйөлөрү мурдагыдай актуалдуу болбой калды. Ошондой эле, Чыгыш Азиядагы АКШнын өнөктөштөрү (Япония жана Түштүк Корея) кыйыр түрдө зыян тартышат. Алар үчүн Батыш биримдигинин ар кандай деңгээлде алсырашы, формалдуу коопсуздук саясатын өзгөртпөсө дагы, Кытайды ооздуктоодогу психологиялык таасирди төмөндөтөт.

Жыйынтык катары, Стармердин сапары Британия менен Кытайдын мамилесинде кескин бурулуш чекити болбогонун, бирок саясий диалогдогу өзүн-өзү чектөө доорунун аяктаганын тастыктайт. Тараптар өз ара иштешүүгө жана жакындашууга даяр экенин билдиришти. Ушуну менен Кытай тышкы кысымдарга туруктуу экенин далилдесе, Британия союздаштык милдеттенмелерин бузбастан, блоктогу катуу тартиптен тышкары аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Кыска мөөнөттүү келечекте, окуялардын өнүгүшү этият жана айрым тармактарда гана өзгөчө мүнөзгө ээ болот. Коопсуздук жана жогорку технологиялар маселелеринде ортодогу аралык сакталып, ошол эле учурда тейлөө экономикасы, инвестициялар жана гуманитардык байланыштар тармагында кызматташтык тереңдеши ыктымал. АКШ тараптан боло турган басымды же Британиянын ичиндеги саясий каршылыкты жаратпоо үчүн, эки тарап тең ар кандай кескин кадамдардан атайылап качышат.

Буга тийиштүү, келечекте Американын тышкы саясатында өзгөрүүлөр күтүлүүдө. АКШ тараптан басымдын күчөшү, Британиянын тандап алган багытынан кайтышына алып келиши күмөн. Тескерисинче, бул Лондондун автономияга болгон умтулуусун күчөтөт. Бул умтулуу ачык түрдө эмес, көшөгө артында жүрүшү мүмкүн, бирок ошол эле учурда, Британия тарабынан  кабыл алынган диверсификация логикасын жокко чыгарбайт.

Узак мөөнөттүү келечекте, Стармердин сапары Батыш дипломатиясынын терең өзгөрүүсүнүн алгачкы белгиси катары каралышы мүмкүн. Бул өзгөрүүнүн алкагында, идеологиялык мобилизация өз маанилүүлүгүн жоготуп, «аман калуу» жана пайда издөө негизиндеги прагматизм күчөй баштайт. Эгер бул тенденция күч алса, Лондон менен Бээжиндин ортосундагы жакындашуу, экономикалык жана стратегиялык этияттык чара бойдон гана кала берет. Мындай шартта союздаштык мамилелер формалдуу мүнөзгө ээ болуп, ал эми атаандаштык андан ары да улана берет.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button