Сакофат
Trending

Кайсы фирка тозокко да, кайсы фирка жаннатка

Кайсы фирка тозокко да, кайсы фирка жаннатка

Азыр көпчүлүк учурларда, кайсы бир мусулман бир тууган менен Исламга тиешелүү кай бир тема тууралуу талкуулашсаң, акыры чекит исламий жамааттар тууралуу кепке барып такала турган болуп калды. Эгер маектеш бир туугандын ушул темага тиешелүү Исламий билими жетишпей калса же ал жааттагы өкүмгө моюн сунгусу келбесе, анда болду, дароо сөздү алып качат да: “Азыр кайсы Исламды карманышымды деле билбей калдым, агымдар жана жамааттар эле көбөйүп кетти” дей салышат. Мейли, мындай көрүнүш хикматтуу талкуудан качуу, акыйкатты тан албоо абалдарына кирсе да, бирок чындыгында, мына ушул исламий жамааттар тууралуу талкуу жүргүзүү зарылдыгы бар.

Негизи, заманыбызда исламий жамааттарга жаман күмөн менен кароону империалист кафирлер пайда кылышкан. Алар дүйнөдө империализмди кулата турган күч келип калбашына жан үрөп аракет кылышат. Бул күч – Ислам. Ал эми Исламды кайра жашоого алып келүү исламий саясий хизбдердин аракети аркылуу болот. Ошондуктан да, империалист кафирлер жана алардын малайлары болгон мусулман акимдери – алардын ар кимиси өз өлкөлөрүндөгү шарттарга ылайык – исламий жамааттарды радикал, экстремисттик, террористтик, мээлүүн ж.б.у.с. – топторго бөлүшөт жана ушуга жараша ишмердүүлүктөрүнө тыюу салышат же урухсат беришет.

Империалист кафирлер малай акимдерге исламий жамааттарга мүмкүн болушунча тыюу салууну буйрушат. Арзыбаган дүйнө матасына азгырылган малай акимдер болсо, бул кампанияда өздөрүнө жакын сарай уламаларынан “керней” катары пайдаланышат. Ал эми, динин башка бирөөнүн дүйнөсү үчүн сатып жиберген тиги “кернейлер” болсо, исламий жамааттардын адашкандыгы, алар Умматты бөлүп-жарып жаткандыгы, аларга мүчө болуу харам экендиги тууралуу жалган жалааларды ойлоп таап, аят-хадистерди бурмалашып, сайрап-байсап чыгышат. Ушул эле учурда, бир бүтүн Уммат империалист кафирлер тарабынан Египет, Саудия, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Кыргызстан ж.б.у.с. мамлекеттерге бөлүп ташталганы, “бөлүп сал да, башкар” урааны артында, империалисттер тарабынан башкарылып жатканы, мунун болсо харам экени тууралуу чурк этип коюшпайт. О.э. “Алга”, “Ата Мекен”, “Акжол”, “КСДП”, “Ата-Журт” сыяктуу демократиялык (исламий эмес!) партияларга мүчө болуунун харамдыгы жаатында “балык болуп” калышат. Жада калса, айрым “сарайчылар” шайлоолордо мындай партияларга жанаша үгүт өнөктүктөрүнө катышышат.

Жогоруда аят-хадистердин бурмаланышы тууралуу айткан элек. Биз кыскача баяныбызда алардын ар биринин тафсир же шархын келтире албайбыз, балким, алардан келип чыккан тыянак пикирди баяндап бермекчибиз. Маалым болгондой, адамдар арасында төмөнкү хадисти бурмалоо кеңири белгилүү. Расулуллах (с.а.в) айтты:

«افْتَرَقَتْ الْيَهُودُ عَلَى إِحْدَى وَسَبْعِينَ فِرْقَةً، وَافْتَرَقَتْ النَّصَارَى عَلَى ثِنْتَيْنِ وَسَبْعِينَ فِرْقَةً، وَسَتَفْتَرِقُ هَذِهِ الْأُمَّةُ عَلَى ثَلاَثٍ وَسَبْعِينَ فِرْقَةً كُلُّهَا فِي النَّارِ، إلاَّ وَاحِدَةً، قِيلَ مَنْ هِيَ يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ: مَنْ كَانَ عَلَى مِثْلِ مَا أَنَا عَلَيْهِ وَأَصْحَابِي»

«Яхудийлер жетимиш бир фиркага, насранийлер жетимиш эки фиркага бөлүндү, Үммөтүм жетимиш үч фиркага бөлүнүп кетет. Алардын бирөөсүнөн башкалары тозокто болот. Ошондо сахабалар: «Ыя, Аллахтын элчиси, алар (т.а. бейишке кире тургандары) кимдер?», – деп сурашканда, Расулуллах A айтты: Менин жана сахабаларымдын жолун жолдогондор».

Бул жааттагы “сарайчылардын” түшүндүрмөсү боюнча, “Хизб-ут-Тахрир”, “Ихван” сыяктуу саясий партиялар, “Хамас”, “Исламий жихад” сыяктуу жихадий уюмдар, “Хизмет”, “Таблиг” сыяктуу коомдук кыймылдар ж.б.у.с.ларды түзүү жайиз эмес экен. Мындайлар “тозокто болуучу” 72 фиркага кирет имиш. Ал эми, алар өздөрүн кантип бейишке кирүүчү фиркага киргизип алышканы тууралуу өз кезегинде өзүнчө узун сабак сөз болор. Ошондуктан, бул жааттагы алар сызган ийри сызыктын жанына түз сызыкты чийүүгө кирише берели. Негизи, бул фиркаларга тиешелүү райлардын акыйкатка жакыны кайсы өзү? Бул туурасында жогорудагы хадистин айланасында кыскача кеп кылуу менен чектелебиз.

Хадистин мааниси: яхудийлер көптөгөн фиркаларга бөлүнүп кетишет, акыбетте, алардын туурасы калбайт; насронийлер яхудийлерден да көп фиркаларга бөлүнүп, алардын да туурасы калбайт; мусулмандар алардан да көпкө бөлүнүп кетишип, бир гана фиркасы туура болот. Мисалы, яхудийлер: фарисейлер, саддукейлер, эссейлер, зелоттор ж.б.ларга бөлүнүшүп, кийин доорлор өткөндөн кийин дагы да башка фиркаларга бөлүнүп кете беришти. Алардын фиркалары бири-биринен акыйда бабындагы түшүнүктөрдө карама-каршылыктарга барышты. Так эле ушундай көрүнүш христианчылыкта да кайталанып, балким андан да ашып түштү. Мисалы, ал католик жана православиеге бөлүндү, андан кийин ушул экөөнүн өзү эле эчен фиркаларга бөлүнүп кетишти. Андан сырткары, орто кылымдарда капитализмдин “динди турмуштан ажыратуу” акыйдасы жаралышына негиз болуп берген протестантизм келип кошулду. Азыр ушул протестантизмдин эле акыйда бабында айырмаланган эчен түрлөрү бар.

Эми мусулмандарга келсек, мусулмандар Пайгамбарыбыз жана анын сахабалары ишенген иътикадга ыйман келтиришип, Ислам Умматы болуп калышты. Бирок, кийинчерээк бул мусулмандардын айрымдары Мухаммаддын (с.а.в) дининен чыгып кетишти (жана чыгып кетишет), мындай абалдар Кыяматка чейин боло берет. Алар Пайгамбарыбыз (с.а.в), анын сахабалары жана мусулман жамааты ыйман келтирген Ислам акыйдасына жана катий далилдерге каршы чыгышып, динден чыгышты (жана чыгып кетишет). Исламдан чыгып кеткен мындай фиркалар көп болот жана алардын баардыгы тозоку болушат. Ал эми, жетимиш үчүнчү фиркасы Пайгамбарыбыз (с.а.в) жана анын урматтуу сахабалары ыйман келтирген нерсеге ыйман келтирген, Ислам акыйдасын жана катий далилдерин бекем кармаган – Ислам Умматы болуп – жаннатий болот. Бул Ислам Умматы Аллахка, периштелерине, китептерине жана элчилерине, Ахырет күнүнө жана тагдырдын жакшылыктары менен жамандыктары бир гана Аллах Тааладан деп ыйман келтирген Уммат. Демек, жаннатий фирка – бул жалпы маанидеги Ислам Умматы. Ал Уммат фикхий маселелердеги, мазхабдардагы, шаръий өкүмдөрдөгү көз караштары жана пикирлери айырмачылыктуу болушуна карабастан, Ислам акыйдасын жана анын катий далилдерин бекем кармаган, анын негизинде бириккен Уммат. Бул фирканын жаннатий болуусунун себеби – ал Ислам акыйдасына ыйман келтирип, катъий далилдерин бекем кармап, анын негизинде бириккендиги. Мисалы, акыйда бабын б.а. усули динди изилдөөчү ашъарий, матуридий мазхабдары, башка каламий мазхабдар, «салафийлер» ж.б.у.с. исламий мазхабдардын баардыгы, Аллахтын мархаматы менен, бардыгы жаннатий болгон фиркага кирет. Анткени, алардын баардыгы Ислам динине, анын катий далилдерине ишенген Мухаммаддын (с.а.в) жолдоочулары. Алардын ортосундагы айырмачылыктар, карама-каршылыктар аларды Ислам дининен чыгарбайт. О.э. Ханафий, Маликий, Шафи’ий, Ханбалий, Имамия, Зайдия ж.б.у.с. фикхий мазхабдар, жана дагы ар кандай мужтахиддерди ээрчигендер – бардыгы Аллахтын буйругу менен нажат тапкан фирка ээлеридир. Анткени, алар Ислам динине, анын катий далилдерине ишенген Мухаммаддын (с.а.в) жолдоочулары. Алардын ортосундагы айырмачылыктар, карама-каршылыктар аларды Ислам дининен алыстатпайт. Жана да Хизб-ут-Тахрир, «Ихван», «Таблиг», “Исламий жихад” ж.б.у.с. саясий партиялар, исламий кыймылдар, исламий коомдук уюмдардын бардыгы тең – Аллахтын мархаматы менен – жаннатий фирка ээлери. Анткени, алар Ислам динине, анын катий далилдерине ишенген Мухаммаддын (с.а.в) жолдоочулары. Алардын ортосундагы айырмачылыктар, карама-каршылыктар аларды Ислам дининен алыстатпайт. Демек, ушул мубарак хадиске таянуу менен Ислам Умматындагы кайсы бир исламий жамаатты “ал нажат тапкан бейиштик топ” деп, бөлүп айтуу туура эмес, себеби, бул ага макул болбогон башка мусулман жамааттарын Ислам чөйрөсүнөн чыгаруу дегенди билдирет, бул болсо эч кандай шартта туура эмес. Аллахтын буйругу менен Ислам ишенимине ишенген жана анын катий далилдерине бекем жабышкан бардык мусулмандар нажат тапкан бейиштик жамаат ээлери болуп саналат.

Ал эми, Ислам дининен бөлүнүп чыгып, тозокко түшүүгө татыктуу болуп калган фиркалар – бул мусулмандардын акыйдасына каршы келген акыйдалар таап алган, мисалы, Аллахка ширк келтирген, же Мухаммад (с.а.в)дан кийин дагы бөлөк бирөөнү пайгамбар деп тааныган, же пайгамбар (с.а.в)дын суннатын четке каккан о.э. Исламдагы катий далилдерди четке каккан жамааттар. Мисалы, друздар, нусайрилер, бахаилар, кадиянийлер, ахмадийлер ж.б.у.с. башка каафир болуп кеткен жамааттар сыяктуу Ислам дининен чыгып кеткен фиркалар.

Эми сөзүбүздү аяктоодон мурун исламий хизб, кыймыл же уюмдар ортосундагы өз ара мамилеге токтоло кетели. Албетте, алардын арасында фикирлерде, райларда айырмачылыктар болот. Бул Ислам динибиздин табиятында бар нерсе. Демек, бул орунда өз ара талкуунун болушу да табийгый, болгону, бир эрежени эске алуу керек. Мындай талкуулар Ислам талабына ылайык хикматтуу жана чырайлуу түрдө жүрүшү лаазым, империалист каафирлер тыгыштырган “дебат” стилинде болбошу керек. Хикматтуу талкуу тыянагында акыйкат же акыйкатка жакын вариант тан алынышы важиб. Бул талкууларда империалист кафирлерге же алардын малайларына мурун тыктырбаш керек, анткени, бул исламий талкуу, бул мусулман бир туугандардын ортосундагы талкуу. Ал эми, империалист кафирлер болсо өз малайлары аркылуу, билим берүү программалары аркылуу мазхабпарастык, уюмдар фанаттыгы фикрлерин киргизишип, бизди чыныгы мусулмандарча талкуудан адаштырышат. Алардын мындан көздөгөн максаты, бизди, Ислам Умматын ич ара жаңжалдаштырып, майда бөлүкчөлөргө бөлүп туруу. Ошондуктан, пикирлердеги келишпестик себептүү бири-бирине жаман көз менен кароо, өз ара душмандарча мамиледе болуу жана жаңжалдашуу – булар жаматтар ортосунда болобу, же мазхабдар ортосунда болобу, айырмасыз – мусулмандар ортосунда болуп жаткан бул сыяктуу иштер күнөө жана харам. Ооба, кайсы бир тараптан каталар кетиши ыхтымал, бирок, мындай иштер ал мусулмандарды динден чыгарып жибербейт. Ал каталар маъруфка буйруу жана мункардан кайтаруу иштери аркылуу оңдолот. Болгону, мында мусулмандар калыстык менен талкуу жүргүзүп, акыйкатты тан алмагы важиб.

Демек, ар кандай жамаатардагы же кыймылдардагы мусулман бир туугандар! Кафирлердин өз ара каршылаштыруу фитналарына чек коюунун, өз ара хикматтуу калыс талкуу алып барып, кафирлерге биргеликте каршы күрөшүүнүн мезгили алда качан келген!

Сакофат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button