Ийгиликтүү өзгөрүүнүн эң чоң тоскоолдуктарынын бири болгон прагматизм кантип калыптанат?

Ийгиликтүү өзгөрүүнүн эң чоң тоскоолдуктарынын бири болгон прагматизм кантип калыптанат?
Бул макалада бүгүн Ислам үммөтү жана жалпы адамзат туш болуп жаткан ар кандай маселелерди чечүүгө жөндөмдүү, ийгиликтүү өзгөрүү фикратын ишке ашырууга тоскоол болгон факторлордун бирин талкуулайбыз. Бул максатта макала азыркы Батыштагы саясий иш-аракеттерди багыттап турган философиялык негиздерди талдап, аларды Исламдын философиясы менен салыштырат. Батыштагы үстөм болгон манхаждын ички кемчиликтерин аныктоо аркылуу макала бул манхаж эмне үчүн системалык маселелерге чыныгы чечимдерди бере албай жатканын түшүндүрөт. Андан соң макала Исламий саясий көз карашты жалгыз туура альтернатива катары сунуш кылып, чыныгы өзгөрүүнү ишке ашыруу жана бар болгон тоскоолдуктардан өтүү үчүн мусулман инсанда, Ислам үммөтүндө, саясий партияда жана мамлекетте болушу зарыл болгон сапаттарды аныктайт.
Батыштагы саясий тажрыйбанын философиялык негизи:
Батыштагы саясий тажрыйба негизинен прагматизмге таянат. Прагматизм XIX кылымда мурда Батыш философиясында үстөмдүк кылып келген рационализм жана эмпиризмге жооп иретинде пайда болгон.
Рационализм билим тубаса фикраттарга же өзүнөн-өзү анык болгон акыйкаттарга негизделген дедуктивдүү ой жүгүртүүдөн алынат. Мында вакыйлыкты түздөн-түз байкоо зарыл эмес дешет. Бул мектептин көрүнүктүү өкүлдөрүнө Декарт, Спиноза жана Лейбниц кирет.
Ал эми эмпиризм билим сезимдик тажрыйба жана байкоодон келип чыгат деп эсептейт жана түшүнүк индукция жолу менен калыптанышын айтышат. Эмпиризмдин белгилүү өкүлдөрүнүн катарына Бэкон, Локк, Беркли жана Юм кирет.
Чарльз Пирс, Уильям Джеймс жана Жон Дьюи сыяктуу ойчулдар тарабынан иштеп чыгарылган прагматизм бул эки манхаждын элементтерин бириктирет. Билим алуу вакыйлыкты байкоодон башталып, андан соң акылга таянган теорияларды түзүү менен уланат, кийин алар практикалык түрдө сыналат. Теория байкалган вакыйлыкка шайкеш келген учурда гана туура деп эсептелет. Вакыйлык өзгөргөн сайын теориялар кайра каралышы же жокко чыгарылышы мүмкүн. Ошондуктан билим өз табияты боюнча убактылуу жана өзгөрүүгө ачык нерсе катары каралат.
«Кара куунун» (черный лебедь) табылышы буга кеңири белгилүү мисал болуп саналат. Ал мурда чектелүү байкоолорго негизделип, бардык куулар ак түстө болот деген кеңири тараган ишенимди жокко чыгарган. Прагматизмде вакыйлык жөн гана ой жүгүртүүнүн объектиси эмес, тескерисинче анын булагы болуп саналат жана акыйкат шарттуу бойдон калат.
Ахлакый жактан алганда, прагматизм абсолюттукту да (мутлакыйа), салыштырмалуулукту да (нисбийа) четке кагат. Абсолюттукту жактагандар жакшылык менен жамандыктын туруктуу жана жалпыга бирдей өлчөмдөрү бар экенин баса белгилейт, ал эми салыштырмалуулук ахлакый өлчөмдөр сакофий, тарыхый же жеке шарттарга жараша болот деп эсептейт. Прагматизм туруктуу ахлакый өлчөмдүн бар экенин четке кагып, анын ордуна ахлакый өкүмдөрдү шарттарга жана күтүлгөн натыйжаларга жараша дайыма кайра баалап туруу зарылдыгын баса белгилейт. Натыйжада туура менен туура эмести баалаган түшүнүктөр убакыт өтүшү менен өзгөрүп турат, бул болсо коомдук адаттардын өзгөрүшүн чагылдырат.
Батыштагы саясий тажрыйбада прагматизм тоскоолдук катары:
Прагматизм азыркы Батыш саясатында саясат түзүү процессине өтө күчтүү таасирге ээ. Саясий чечимдер учурдагы вакыйлыкка негизделип кабыл алынат жана шарттар өзгөргөн сайын бул чечимдерди дайыма кайра баалап туруу зарыл деп эсептелет. Бүгүн кабыл алынган саясат эртең жаңы сунушталган альтернативалардан азыраак натыйжалуу экени белгилүү болсо, ал алмаштырылышы мүмкүн.
Бул ыкма айрыкча кризистин тамыры саясатты ишке ашырууда эмес, системанын өзүндө жаткан учурда олуттуу көйгөйгө айланат. Эгер маселе аткаруудагы кемчиликтен келип чыкса, прагматикалык түзөтүүлөр убактылуу чечимдерди сунуш кылышы мүмкүн. Бул логика капиталисттик башкаруунун негизин түзөт, анда мыйзамдык реформалар системаны жакшыртууну көздөйт деп каралат.
Бирок, мисалы капитализм шартындагы кайталанып турган каржы жана карыз кризистери сыяктуу көйгөйлөр системанын өзүнө сиңип кеткен учурда, аткаруудагы өзгөртүүлөр туруктуу чечим бере албайт. Бул кризистердин кайталанышы алар системанын өзүндө тамырлаганын көрсөтөт. Ошондой эле мамлекеттин кийлигишүүсү же улутташтыруу сыяктуу чаралар капитализмдин негизги принциптерине каршы келгени менен бул системанын өз карама-каршылыктарын чечүүгө жөндөмсүз экенин далилдейт.
Маселе системанын өзүнөн келип чыккан учурда, аны чечүүнүн жалгыз жолу — системанын өзүндө түп-тамырынан өзгөрүү жүргүзүү. Бул өзгөрүү табиятынан революциялык болот. Бирок прагматизм мындай революциялык чечимдерди реалдуу эмес деп четке кагып, аларды колдогондорду идеалисттер деп мүнөздөйт. Натыйжада прагматикалык саясатчылар түзүмдүк кризистерди чечүүгө түзүмдүк жактан жөндөмсүз болуп калышат. Тескерисинче, алар талкууну учурдагы өзгөртүүлөр менен гана чектеп, чыныгы өзгөрүүгө тоскоолдук кылышат жана системанын тууралыгы тууралуу жалган элести бекемдешет. Бул болсо ийгиликтүү өзгөрүү фикратын ишке ашырууга чоң тоскоолдук болуп саналат.
Исламий саясий көз караш жалгыз туура альтернатива:
Исламдын саясий философиясы адам, аалам, тирүүлүккө, акыйкат менен батылга, жакшылык менен жамандыкка байланыштуу бардык иштер Аллах Субханаху ва Таала тарабынан белгиленген деген ыйманга негизделет. Аллах Субханаху ва Таала адамдын жана ааламдын Жаратуучусу, ошондой эле толук башкаруу жана бийлик Ээси.
Ислам эки тармакты айырмалайт: алардын биринде адам эч кандай өкүмдарлыкка ээ эмес жана ал Аллах койгон табият мыйзамдарына баш иет. Ал эми экинчисинде адамга тандоо жана аракет кылуу эркиндиги берилген. Бирок эки тармакта тең мыйзам коюу жана иштердин кандай жүрөрүн аныктоо укугу жалгыз Аллахка таандык. Тандоо тармагында адам моюн сунушу да, каршы чыгышы да мүмкүн, бирок илахий бийлик абсолюттук бойдон калат.
Ошондуктан Исламдагы башкаруу Аллахтын өкүмү адилет жана кемчиликсиз деген бекем ишенимге негизделет жана аны эч бир адамдык бийлик алмаштыра албайт. Ыйык Куран жана Пайгамбарыбыз ﷺ дын сүннөтү илахий шариятка тиешелүү билимдин булагы болуп саналат жана бул шарият эң жогорку мыйзам катары каралат. Ушул мыйзамдарга ылайык башкаруу — башкаруунун жалгыз туура формасы.
Бул алкакта халифа шарияттын үстөмдүгүн сактайт, ал эми саясий бийлик өз алдынча адамдык өкүм эмес, тескерисинче Аллахтын шариятын колдонуу катары түшүнүлөт.
Ошого жараша Исламда вакыйлык фикраттын булагы эмес, анын изилдене турган объектиси болуп саналат. Илахий вахий — вакыйлыкты түшүнүү жана аны дарылоо үчүн өлчөө болуп эсептелет. Ошондуктан шарттар канчалык өзгөрсө да, жакшылык жакшылык бойдон, жамандык жамандык бойдон калат.
Демек маселелер системаны өзгөртүү же башка системалардан элементтерди алуу аркылуу чечилбейт. Чечимдер Ислам системасынын өзүнө кайрылып, анын канчалык туура колдонулуп жатканын изилдөө аркылуу изделет. Кемчиликтер системанын өзүнөн эмес, аны аткарууда адам тарабынан кеткен кемчиликтерден келип чыгат. Жоопкерчилик болсо Ислам шариятына ылайык, бул дүйнөдө да, акыретте да жүктөлөт.
Прагматизм жана Ислам:
Прагматизм менен Исламды салыштырганда, айырмачылык алардын вакыйлыкка болгон мамилесинде гана эмес, ошондой эле таанып-билүү негиздеринде да жатат. Прагматизм адам акылынын жана түшүнүгүнүн чектелген мүмкүнчүлүктөрү менен чектелет, ал эми Ислам Аллахтын илимине жана хикматына ишенүүгө негизделет.
Прагматизм мүмкүн эмес же реалдуу эмес деп эсептеген нерсе Исламда толук мүмкүн болушу ыктымал. Идеализм деп четке кагылган нерсе, Исламий мабдага ылайык бааланганда, чындыгында реалдуулук болушу мүмкүн.
Бул айырмачылык чыныгы өзгөрүүнү ишке ашыруудагы негизги тоскоолдукту көрсөтөт: адам борборунда турган ой жүгүртүүгө таянуу жана илахий жол көрсөтүүнү четке кагуу.
Тарыхтан жана азыркы замандан мисалдар:
Ислам мамлекетинин баштапкы доорунан мисал катары Мута согушун айтууга болот. Бир мусулман элчиси Византиянын союздашы тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин, Пайгамбар ﷺ үч миң адамдан турган аскер топтогон. Алар өздөрүнөн сан жана курал жагынан күчтүү күчкө каршы турарын билгенде, айрымдары күмөн санашкан. Ошондо Абдуллах ибн Раваха аларга жеңиш санга же материалдык күчкө эмес, ыйманга жана Аллах Субханаху ва Таалага моюн сунууга байланыштуу экенин эскерткен.
Практикалык көз караштан караганда мындай күчкө каршы туруу маанисиз көрүнгөн. Ошентсе да чечим материалдык эсептерге эмес, диний милдетке негизденип кабыл алынган. Душман сан жагынан үстөм болгонуна карабастан, бул кармаш Ислам мамлекетинин аброюн сактап, анын чечкиндүүлүгүн көрсөткөн.
Азыркы мисал катары 2023-жылдын 7-октябрындагы чабуулду айтууга болот. Практикалык көз караштан караганда, чакан күч азыркы доордогу эң күчтүү аскерий түзүмдөрдүн бирине каршы турушу реалдуу эмес көрүнгөн. Ошого карабастан операция ишке ашырылып, андан кийин каршылык уланган. Бул дагы практикалык эсептер менен жеңишке болгон башкача көз караштын ортосундагы айырмачылыкты көрсөтөт.
Жыйынтык: өзгөрүүгө тоскоол болгон факторлорду жеңүү:
Мусулмандардын акыретти биринчи орунга коюуга даяр болушу алардын саясий аракеттерге жана башка бардык иштерге болгон мамилесин түп-тамырынан өзгөртөт. Таза акыл же практикалык көз караштан караганда кооптуу көрүнгөн чечимдер ыйманга жана Ислам шариятына берилгендик менен мүмкүн болуп калат.
Ийгиликтүү өзгөрүү фикратын ишке ашырууга негизги тоскоолдук — практицизмдин үстөмдүгү. Ал чечимдерди учурдагы система ичинде дароо колдонууга мүмкүн болгон нерселер менен гана чектейт. Бирок Ислам башкача көз карашты т.а. илахий хидаятка бекем берилгендикти, ахлакый ишенимдүүлүктү жана системалык тазалыкты талап кылган көз карашты сунуш кылат.
Бул тоскоолдуктарды жеңүү үчүн инсандар, үммөт, саясий кыймылдар жана Ислам мамлекети ыйманды, тартипти жана Аллах Субханаху ва Таалага тобокел кылууну өздөрүндө чагылдырышы керек. Анткени чыныгы ийгилик Ага моюн сунууда жатат.
Пайгамбар ﷺ айтты:
«لَا تَكُونُوا إِمَّعَةً؛ تَقُولُونَ إِنْ أَحْسَنَ النَّاسُ أَحْسَنَّا، وَإِنْ ظَلَمُوا ظَلَمْنَا، وَلَكِنْ وَطِّنُوا أَنْفُسَكُمْ إِنْ أَحْسَنَ النَّاسُ أَنْ تُحْسِنُوا، وَإِنْ أَسَاءُوا فَلَا تَظْلِمُوا».
«Иммъа болбогула: “Адамдар жакшылык кылса биз да жакшылык кылабыз, эгер зулум кылышса биз да зулум кылабыз” деп айтпагыла. Тескерисинче, өзүңөрдү тарбиялагыла: адамдар жакшылык кылса, силер да жакшылык кылгыла, ал эми жамандык кылышса, силер зулум кылбагыла». (Тирмизи риваят кылган)
Сумая бинт Хайат




