Роя гезити

Афганистан менен Пакистан ортосундагы кагылышуу

Афганистан менен Пакистан ортосундагы кагылышуу
Афганистан менен Пакистан ортосундагы кагылышууга үч жума болду. Согуш аракеттери өзгөрмөлүү темпте уланууда. Өлкөлөр АКШ жана яхудий түзүмүнүн Иранга каршы башка согушуна күбө болууда. Мунун натыйжасында, Афганистан менен Пакистан ортосундагы кризистин оор гуманитардык жана коопсуздук кесепеттерине карабастан, ага болгон көңүл бурулбай калды.
Пакистан өз операциясын «Акыйкаттын каары» деп атады, ал эми Талибан өкмөтү ага жооп кылып «Зулумга жооп» деген аталыштагы операцияны жарыялады. Катар, Түркия жана Саудия сыяктуу ок атышууну токтотууга ортомчулук кылган мамлекеттер азыр башка кризистер жана артыкчылыктар менен алек болуп калышты. Бул маалыматтык боштук түздөн-түз таасир берип, Пакистан аны пайдаланып, Талибан өкмөтүнө каршы күчтүүрөөк соккуларды жасоого өттү.
Пакистан бул операциялардын максаты Пакистан Талибанынын баш калкалоочу жайларын бутага алуу деп билдиргени менен, жердеги чыныгы абал анын Афган Талибанын бутага алып жатканын көрсөтүүдө. Пакистандын операциялык ыкмасы көбүнчө аба күчтөрүнө таянат. Ал курал-жарак кампаларын, аскердик инфраструктураны жана объекттерди бомбалап, учкучсуз учактар аркылуу күзөт жүргүзүп жатат. Бул Талибан өкмөтүнүн аскердик мүмкүнчүлүгүн алсыратууга багытталган атайын аракет.
Бул ыкма акыркы жылдары яхудий түзүмү Сирия жана Ливанда колдонгон ыкмага кандайдыр бир деңгээлде окшош. Ал так жана кайталанма аба соккулары аркылуу алардын инфраструктурасын акырындап алсыратат. Ал эми Талибан өкмөтү өзүн коргоодо көбүнчө кургактыктагы тактикаларга таянууда.
Пакистандын Афганистанды бомбалоо аркылуу жетишүүнү көздөгөн максаттары төмөнкүлөр:
1. Талибан өкмөтүнүн саясий жана коопсуздук жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн басым көрсөтүү:
Пакистан Афган Талибанына нааразы. Анткени, ал Талибан кыймылы бийликке кайтып келгенден кийин, анын Афганистандагы стратегиялык жана саясий кызыкчылыктары табигый түрдө камсыздалат деп күткөн. Бирок Талибан Пакистандын талаптарына жооп берүүдөн баш тартуу менен гана чектелбестен, айрым тармактарда дагы да көз карандысыз багытты карманды. Мындан тышкары, анын Индия менен практикалык жана саясий байланыштары Пакистан үчүн олуттуу тынчсыздануу булагына айланды. Ошондуктан Пакистан аскердик басым аркылуу Талибан өкмөтүнүн жүрүм-турумун өзгөртүүгө аракет кылууда. Бир жагынан, бул Афганистандагы Талибан өкмөтүн Пакистан Талибанына каршы чыныгы басым көрсөтүүгө мажбурлайт, экинчи жагынан болсо, анын тышкы саясатында жана аймактык байланыштарды түзүүдө Пакистандын сезимтал маселелерин жана кызыкчылыктарын көбүрөөк эске алууга түртөт.
2. Талибан өкмөтүн алсыратуу:
Бул операция АКШнын максаттары менен да шайкеш келет. АКШ Талибан өкмөтүнө басым жасап, айрым маселелерде ийкемдүүлүк көрсөтүүсүнө жетишүүнү каалайт, ошол эле учурда анын Кытай жана Россия менен ашыкча жакындашуусуна жол бербөөгө умтулат. Бул кырдаалда Талибан өкмөтүнүн аскердик күчүн алсыратуу, ал тургай АКШнын шерменде абалда чыгып кетишинен кийин Афганистанда калган жабдуулардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн бир бөлүгүн жок кылуу АКШнын каалаган натыйжасы катары каралат. Айрыкча, Трамп бул жабдууларды кайтарып алуу жөнүндө бир нече жолу айткан. Ушул көз караштан алганда, Пакистан иш жүзүндө АКШ абдан каалаган жетишкендикти камсыздап жатат. Трамп акыркы кагылышууда Пакистандын аткаруучу жана аскердик жетекчилигин мактап: «Пакистан Талибанга каршы күрөштө абдан жакшы аракет кылууда», — деп билдирди.
3. Тышкы кризистерди саясий жактан пайдалануу:
2025-жылы Пакистандын тышкы саясаты АКШ жана араб өлкөлөрү менен мамилелерди белгилүү деңгээлде оңдоого жана өзүнүн аймактык ролун кайра калыптандырууга багытталды. Бирок ички деңгээлде олуттуу ийгиликсиздиктерге дуушар болду. Мындай шартта тышкы фронт ачуу бийликтегилер үчүн коомдук пикирдин көңүлүн ички кризистерден сырткы коркунучка буруу үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Мурда бул ролду Индия аткарса, азыр Афганистан кризисти акырындап сыртка чыгаруунун борборуна айланып баратат.
Афган мужахиддери менен Пакистан армиясынын ортосундагы кагылышуу жөн гана чек ара же коопсуздук талашы эмес, ал ири державалардын атаандаштыгы жана аймактык саясий динамикалардын кеңири алкагында өнүгүп жатат. Узак жылдар бою Түштүк Азия Индия менен Пакистан ортосундагы чыңалуунун т.а. Кашмир маселесинин айланасында аныкталып келген. Бирок азыр бул чыңалуунун ордун Афганистан менен Пакистан ортосундагы Дюранд сызыгы боюнча чыңалуу ээлеп жатат. Бул өзгөрүү АКШнын аймактык саясаты менен шайкеш келет, ал Пакистан менен Индия ортосундагы атаандаштыкты азайтып, аны Пакистандын уруулар аймактарына жана Афганистанга бурууга багытталган. Эки тараптын ортосундагы ишенимсиздик жана шектенүү күчтүү болгондуктан, бул чыңалуу жакын арада аякташын күтүү кыйын. Ал аягы көрүнбөгөн чарчатуу согушуна окшоп турат.
Тарыхта Рамазан айы Ислам үммөтү үчүн чоң жеңиштердин жана фатхтардын айы болуп келген. Бирок тилекке каршы, бүгүнкү күндө мусулмандар улутчулдук руху менен козголгон кагылыштарда бири-биринин канын төгүп жатышат. Бул кагылыштар акыр аягында Америка, Индия жана Пакистан армиясынын ичиндеги тар чөйрөнүн кызыкчылыктарына кызмат кылууда. Афган мужахиддери жана Пакистан армиясындагы ыймандуу офицерлер бул кан төгүүнү токтотуп, Британия колонизаторлору түзгөн чек араларды жоюу жана эки өлкөнү башка мусулман өлкөлөрү менен бириктирип, пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалык астында бириктирүү үчүн аракет кылышы керек.
Роя гезити 
Д-р. Абдуррахман Ирфан – Афганистан вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button