Ирандын сүйлөшүү стратегиясы өзгөрүү менен туруктуулуктун ортосунда

Ирандын сүйлөшүү стратегиясы өзгөрүү менен туруктуулуктун ортосунда
«Фарс» агенттиги 2026-жылдын 2-майында Иран Пакистан аркылуу 14 пункттан турган сунушун бергенин жарыялады. Бул сунуш Американын 9 пункттан турган сунушуна жооп болгон. Ошондой эле Ирандын сунушу өзүнүн кызыл сызыктарын камтып, согушту токтотуу үчүн белгилүү жол картасын көрсөткөнү айтылды. Ал эми Ирандын «Тасним» агенттиги 2026-жылдын 3-майында америкалык сунуш эки айлык ок атышууну токтотууну камтыганын, ал эми ирандык сунуш болсо маселелерди 30 күн ичинде чечүүнү баса белгилегенин маалымдады. Ошондой эле ал согушту толук жана биротоло токтотууга, аскерий агрессиянын кайталанбашына кепилдик берүүгө, америкалык күчтөрдү Ирандын айланасынан чыгарып кетүүгө, деңиз блокадасын алып салууга, тоңдурулган ирандык активдерди бошотууга, компенсация төлөөгө, бардык фронттордогу (Ливанды кошуп) согушту токтотууга жана Ормуз кысыгы боюнча жаңы механизм түзүүгө көңүл бурганы айтылды.
Мындан мурда да Иран 10 пункттан турган сунуш берген болчу. Аны «Тасним» агенттиги 2026-жылдын 8-апрелинде жарыялаган. Алар төмөнкүлөр: Американын кол салбоо боюнча баштапкы кепилдик берүүгө милдеттениши, Ирандын Ормуз кысыгы үстүнөн көзөмөлүн улантышы, Ирандын уран байытуудагы укугун кабыл алуу, бардык баштапкы санкцияларды алып салуу, бардык экинчи даражадагы санкцияларды алып салуу, БУУ Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү чечимдерин жокко чыгаруу, Эл аралык атомдук энергия агенттигинин Башкаруучулар кеңешинин чечимдерин токтотуу, согуштан улам Иранга жеткен зыян үчүн компенсация төлөө, америкалык согуштук күчтөрдүн аймактан чыгып кетиши жана бардык фронттордогу (Ливанды кошуп) согушту токтотуу. Агенттик: «Трамп Ирандын шарттарын алдыдагы сүйлөшүүлөр үчүн негиз катары кабыл алды», – деп билдирди.
Демек, эки сунуштагы пункттарда өзгөрүүлөр бар. Мисалы, Ирандын талабы мурда «Ормуз кысыгы үстүнөн Ирандын көзөмөлүн улантуу» болсо, кийин ал «Ормуз кысыгы боюнча жаңы механизм түзүү» деп өзгөргөн. Бул болсо кандайдыр бир чегинүү катары көрүнөт.
Биринчи сунушта «Ирандын уран байытуудагы укугун кабыл алуу» деп ачык жазылган эле. Бирок экинчи сунушта бул пункт тууралуу эч нерсе жарыяланган жок! Көрүнүп тургандай, бул жерде өзгөрүү болгон жана аны атайылап айтпай коюу көздөлгөн. Негизи сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы дал ушул маселе болгондуктан, андагы өзгөрүүлөрдү билүү зарыл. Ошондо андагы чегинүүнүн көлөмү түшүнүктүү болот.
Мурунку сунушта «америкалык согуштук күчтөрдүн аймактан чыгып кетиши» деген пункт бар болчу. Ал эми акыркы сунушта болсо «америкалык күчтөрдү Ирандын айланасынан чыгарып кетүү» деп берилген. Башкача айтканда, Америка күчтөрүн бүтүндөй аймактан эмес, Ирандын айланасынан гана чыгаруу жөнүндө сөз болуп жатат. Бул жерде да чегинүү байкалат.
Ошондой эле төмөнкү эки пункттун тагдыры эмне болгону белгисиз бойдон калды: «БУУ Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү чечимдерин жокко чыгаруу» жана «Эл аралык атомдук энергия агенттигинин Башкаруучулар кеңешинин чечимдерин токтотуу».
Белгилей кетчү нерсе, бул эки пунктту ишке ашыруу оңой эмес. Анткени анда Британия жана Франция сыяктуу башка тараптар да бар. Алардын Иран жана Америка боюнча позициялары ар башка. Америка болсо аларды Иран маселесине аралаштыргысы келбейт. Тескерисинче, Европанын калган мамлекеттери сыяктуу эле аларды өзүнө кызмат кылуучу тарап катары гана көрөт. Мисалы, Ормуз кысыгын күч менен ачуу үчүн Иранга каршы аракеттенүүнү талап кылган. Себеби Американын максаты 2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге катышкан башка тараптарды четтетүү, Иран маселесинде жалгыз үстөмдүк кылуу жана аны менен эки тараптуу келишим түзүү. Бул саясат Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө 2018-жылы ал келишимден чыккан күндөн бери уланып келет.
Көрүнүп тургандай, Иран бул эки талаптан баш тарткан же аларга өзгөртүү киргизген. Ал эми Америка Эл аралык атомдук энергия агенттигин Ирандын үстүндө илинип турган курал катары сактап калат. Анткени Иран 2015-жылдагы келишимде аны кабыл алган эле. Ал келишим Иранды кордоочу жана анын өзөктүк өнөр жайын чектеген келишим болгон. Ал уран байытуунун деңгээлин болжол менен 3,67% менен чектеп, Иранды эл аралык көзөмөл астына койгон.
Дал ошол келишим Иранга бүгүнкүдөй көйгөйлөрдү алып келген. Текшерүүчү топтор өзөктүк реакторлорго күтүүсүз кирип, ал жакта болуп жаткан иштерди карап, кийин отчетторду жөнөтүп турушат. Бул отчеттор агенттик аркылуу кыйыр түрдө Америкага жетет. Анткени Американын бул агенттикке таасири бар. Ошондой эле агенттик Иран центрифугалардын санын көбөйтүү жана байытуу деңгээлин жогорулатуу аркылуу өзөктүк программасын өнүктүрүп жатканын байкаган.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 11-апрелинде Пакистанда өткөн америкалык жана ирандык делегациялардын биринчи жолугушуусунда болжол менен 45 күнгө созулуучу алкактык келишимге кол коюу дээрлик ишке ашып калган. Ал келишим 4–6 айга созула турган кеңири сүйлөшүүлөргө даярдык болмок. Бирок Иран Американы “түшүнүшүүлөрдөн артка чегинди жана ашыкча талаптарды койду” деп айыптоодо. Мунун айынан 2026-жылдын 21-апрелинде Пакистанда өтүшү керек болгон экинчи айлампа жана 2026-жылдын 25-апрелиндеги эки делегациянын жолугушуусу да үзгүлтүккө учураган.
Американын «Axios» сайты 2026-жылдын 27-апрелинде америкалык жооптуу кызматкерге жана кабардар булактарга таянып: «Иран Пакистандык ортомчулар аркылуу Ормуз кысыгын кайра ачуу жана согушту токтотуу боюнча келишимге жетүүнү көздөгөн жаңы сунуш берген. Ал эми өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр кийинки этапка жылдырылмак. Бул сунуш Иран тышкы иштер министри Аракчинин Пакистанга сапары учурунда талкууланган. Ал Ормуз кысыгы кризисин жана америкалык деңиз блокадасынын Иран портторуна тийгизген таасирин биринчи даражадагы маселе катары кароого багытталган», – деп маалымдады.
Айрымдар муну Ирандын сүйлөшүү стратегиясындагы өзгөрүү катары баалашты. Алардын пикиринде, бул өзгөрүүнү Ирандагы жогорку тараптар жетектеп жатат жана ал Америка менен болгон согуш абалын токтотууну башка маселелерге өтүүдөн мурдагы артыкчылык катары кароого негизделген. Ирандын эң маанилүү талаптарынын бири – согуштун толук токтошуна жана анын кайра кайталанбашына кепилдикке жетишүү. Бул жаңы ирандык сунуштун негизги өзөгү катары каралды.
Демек, Иран маселелерди бири-биринен ажыратып, алгач Ормуз кысыгы кризисинен баштоону көздөп жатат. Ал эми Америка болсо бардык маселелерди өзөктүк келишим менен байланыштырып, уранды тапшырууну ар кандай келишимдин негизги маселеси катары кароодо.
Көрүнүп тургандай, Иран өзүнүн көлөмүн, мүмкүнчүлүгүн жана абалын Американын зор аскерий күчү, дүйнөлүк экономикалык жана саясий кубаты менен салыштырып өзүнүн абалын жакшы түшүнүүдө. Ошондуктан ал Америка менен согуштун уланышын каалабайт. Тескерисинче, согушту токтотуп, өзүнүн бар болушун сактап калууну каалайт. Себеби ал Иран жери жана эли менен чектелген мамлекет болгондуктан, улуттук мамлекет болуп эсептелет.
Улуттук мамлекет өзүнүн аймагында жана башкаруусундагы адамдар арасында сакталып калууга умтулат. Эгерде андан да чоңураак амбициясы болсо, анда таасирдүү аймактык мамлекет болууга аракет кылат. Эгер мындай максатка чоң мамлекеттин орбитасында жүрүү аркылуу жетем деп эсептесе, анда бул кооптуу жолго түшүүдөн тартынбайт. Иран да аймактык таасирге жетүү үчүн ондогон жылдар бою Американын орбитасында жүргөндө ушундай жолду тандаган. Бирок ал чектен чыгып кеткенде жана Америка анын күчүн чектеп, өзүнө көз каранды мамлекетке айландырууну каалаганда ага каршы бул агрессияны баштады. Ошондон кийин Иран мындай багынууларга бара баштады.
Бул болсо эч качан багынууларга барбаган жана туруктуу турган мабдаий мамлекеттен айырмаланат. Себеби багынууга баруу туруктуулуктан алда канча кымбатка түшөт. Туруктуулук ага зыян жана азап алып келиши мүмкүн, бирок акырында жеңишке жеткирет. Ал эми багынууга баруу болсо мамлекеттин тагдыры менен ойноо болуп эсептелет. Натыйжада ал же мамлекетти өлтүрөт, же аны эч нерсеге жарабаган алсыз абалга түшүрөт.
Мабдаий мамлекет держава мамлекетке көз карандылыкты четке каккандай эле, кайсы бир державанын орбитасында жүрүүнү да кабыл албайт. Ал өзүнө ылайык орунга жеткенге чейин ташты тешип жол салгандай күрөшөт жана өз мабдасын дүйнөгө алып чыгууга жөндөмдүү болот. Мындай нерсени болсо жакында, Аллахтын уруксаты менен, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинен гана күтүүгө болот.
Роя гезити
Асъад Мансур




