Роя гезити

Согуш төртүнчү жылына кирди: Судан кайда бара жатат?!

Согуш төртүнчү жылына кирди: Судан кайда бара жатат?!

БУУ жана анын уюмдары Судандагы абалды дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык кырсык жана эң ири ачарчылык менен жер которуу кризиси деп сыпаттады. АКШ тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысынын башкы орун басары: «150 миңден ашуун адам өлтүрүлдү, 14 миллиондон ашуун адам жер которууга мажбур болду жана трагедия дагы эле уланып жатат», – деп билдирди. Ал эми Социалдык иштер министри министрлик согуш башталгандан 2025-жылдын октябрына чейин 1800 зордуктоо фактысын каттаганын айтты. Бул көрсөткүчкө Фашир жана Кордофан окуялары кирбейт. Бул кылмыштар көбүнчө үй-бүлө мүчөлөрүнүн көзүнчө жасалууда. Мындан тышкары, аялдар менен балдарды кул кылуу, аларды соодалоо жана коңшу өлкөлөргө сатып жиберүү көрүнүштөрү да орун алууда.

“Sudan Tribune” басылмасы Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына таянып билдиргендей, бомбалоолор жана чабуулдар себептүү медициналык мекемелердин 37%ы иштен чыккан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетуна ылайык, 1858 медицина кызматкери каза болуп, 490у жаракат алган. Жумушсуздук деңгээли согушка чейин 32% болсо, азыр 80%га жетти. 5 миллион адам негизги киреше булагынан ажырады. Улуттук валютанын баасы 2023-жылдын апрелинде бир долларга карата 570 фунт болсо, азыр 4200 фунтка чейин түшүп кетти. Бажы доллары согуш башталганда 18–20 фунт болсо, кийин 2769 фунтка, азыр 3222 фунтка жетти. Бул болсо товарлар менен кызматтардын баасынын кымбатташына алып келди.

Жазуучу Жон Лилинин 1579-жылы айткан сөзү бүгүн Суданда болуп жаткан согуштун абалын сүрөттөп тургандай. Ал: «Сүйүүдө жана согушта бардык нерсе адал», – деген. Бул сөздөр бүгүнкүдөй зордук-зомбулукка толгон, арты чоң кырсыкка алып келген кагылыштардын символуна айланды.

Африкада эле 26 жарандык согуш жүрүп, 30дан ашуун өлкө жабыр тартууда. Бул жарандык согуштар эл аралык колонизатордук күрөштүн көрүнүштөрүнүн бири болуп саналат. Алар Конго, Эфиопия, Эритрея жана Судан сыяктуу өлкөлөрдүн бөлүнүшүнө алып келди. Мунун баары мамлекеттерди алсыздандыруу жана колонизаторлордун бул согуштан жана жакырчылыктан алсыраган майда мамлекеттерди көзөмөлдөшүнө шарт түзүү үчүн жасалууда. Африка континентинин карызы 400 миллиард доллардан ашып, бул өлкөлөрдүн жалпы улуттук өндүрүшүнүн 70%дан көбүнө барабар болуп калды. Ошондой эле бул согуштар дүйнөдөгү миналардын төрттөн бирине барабар болгон 30 миллиондон ашуун жер минасын калтырды.

Согуш төртүнчү жылында кайсы баскычка жетти?

Аскерий абалга келсек, 18 вилаяттын 11и дагы эле согуш отунда калып, анын үстүнө Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүндө турат. Калган жети вилаят болсо дайыма дрон чабуулдарынын коркунучу алдында. Бул дрондор маанилүү инфраструктураларды бутага алып, армиянын позицияларына сокку урууда. Алардан карапайым жарандар да аман калган жок. Ушундай шартта жаңы куралдуу кыймылдар көбөйүп, айрыкча Судандын чыгышы менен түндүгүндө жаңы топтор түзүлө баштады. Азыр 110дон ашуун куралдуу кыймыл бар болуп, алардын 90у согушуп жаткан эки тараптын бирине кошулуп иш алып барууда. Согуш күчөп, Кордофандын түндүгү менен түштүгүнө жана Көк Нилдин түштүгүнө өтүшү анын жакын арада бүтөрүнө же аскерий жол менен чечилерине эч кандай белги жок экенин көрсөтүүдө.

Ошондой эле милициялардын курамындагы чоң айырмачылыктар согуштун жана туруксуздуктун уланышына коркунуч жаратууда. Себеби бул жерде идеологиялык багыттагы куралдуу кыймылдар, 25 исламий кыймыл, ошондой эле аймактык жана уруучул күчтөр бар. Мындан тышкары, Судандын түндүгүндө биринчи жолу куралдуу милициялар пайда болду. Маселен, “ал-Жакуми” деген ат менен белгилүү Мухаммад Саййид Ахмад 2025-жылдын июлунда “Түндүк түзүмү” кыймылында 50 миң жоокер даярдалып жатканын жарыялаган. Ошондой эле Түндүк аймагындагы “Авлад Кимр” күчтөрү жана Жазира вилаятындагы “Орто эл күчтөрү” да бар.

Аймактык, уруучулук, кызыкчылык жана идеологиялык багыттагы милициялардын колунда куралдын кеңири жайылышы абалды ого бетер татаалдаштырып, тынчтык мүмкүнчүлүктөрүн алсыратууда.

Саясий абалга келсек, жогорудагы милициялашкан аскерий абалдын негизинде бир нече сценарий каралууда. Алардын эң көрүнүктүүсү — Ливия сценарийи. Анткени Ыкчам колдоо күчтөрү 2025-жылдын февралында Дарфур аймагында “убактылуу өкмөтүн” жарыялап, Хамидтини анын башчысы деп жарыялаган. Ал эми Бурхан өкмөтү Порт-Судан өкмөтү көзөмөлдөгөн аймактарда калып, кийин Хартумга көчтү. Бул көрүнүш дүйнө акырындап эки өкмөттү таанууга өтүп жаткан Ливиядагы абалга окшош. Ал тургай жакында эле эки өкмөт үчүн бирдиктүү бюджет жарыяланды.

Бирок мындан да коркунучтуу сценарий — Судандын “сомалилешүүсү”, башкача айтканда, анын Дарфур, борбордук аймак, түндүк, чыгыш, Түштүк Кордофан жана Көк Нилдин түштүгү болуп майда мамлекеттерге бөлүнүшү. Бул Сомалинин үч мамлекетке бөлүнгөнүнө окшош көрүнүш.

Колонизатордук күрөш жана анын Судандагы согуштагы ролу менен анын кесепеттери эч кимге жашыруун эмес. Анткени аскерлер  (армия да, Ыкчам колдоо күчтөрү да) Судандагы Американын кызыкчылыктарын билдирсе, жарандык күчтөр Британиянын кызыкчылыктарын билдирет.

Өкмөттүк эмес уюмдардын бир отчетунда согуштун жер которуу, үй-жайсыз калуу жана ачарчылыкка алып келгени баса белгиленген. Анда миллиондогон үй-бүлөлөр күнүнө бир эле жолу тамактанып жатканы, кээде бир нече күн бою тамаксыз калып жатканы айтылган. 2026-жыл үчүн гуманитардык муктаждыктар жана жооп кайтаруу планына ылайык, Судан калкынын 61,7%ы, башкача айтканда, болжол менен 29 миллион адам азык-түлүк коопсуздугунун жоктугунан жапа чегүүдө (Reuters, 13/4/2026). Ошондой эле БУУнун отчетунда Судан олуттуу мыйзам бузуулар жана каржылоонун жетишсиздиги шартында дүйнөдөгү эң чоң жер которуу кризисине туш болуп жатканы айтылган. Качкындар боюнча комиссариат 14 миллион жер которгон адам бар экенин билдирген.

Бул абал өлкөгө жана анын байлыктарына көз арткан колонизатор мамлекеттердин кийлигишүүсү үчүн ыңгайлуу шарт түзүүдө. Мисалы, “Ыкчам жооп берүү терезесине” (RRW) түз берилген колдоо аялдардын тынчтык жараянына же тынчтык келишимине катышуусун жана таасирин күчөтүүнү максат кылууда. Ошондой эле экономикалык абал боюнча каржы министринин мамлекеттик министри жана Судан банкынын башкаруучусу Дүйнөлүк банктын Африка тобу боюнча аткаруучу директору менен жолугушту. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жазгы жыйындары, ошондой эле Британиянын аталган фонд жана банктагы аткаруучу директору менен жолугушуулар өткөрүлдү. Булардын баары Судандагы абалга кийлигишүү аракеттери болуп саналат.

Мунун жыйынтыгы — аскерий жана жарандык жетекчиликтин өлкөнү колонизатордун кызыкчылыгына байлап бериши болду. Премьер-министр Камил Идрис 2026-жылдын 18-апрелинде журналисттер менен болгон жолугушууда өкмөт согуш кыйраткан инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн “Судан Маршалл долбоору” баш болгон стратегиялык долбоорлор топтомун ишке киргизүүгө даярданып жатканын айтты. Бул АКШнын тышкы иштер министри Жорж Маршаллдын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кыйраган Европаны калыбына келтирүү үчүн сунуш кылган жана кийинчерээк 1948-жылдагы “Маршалл долбоору” деп белгилүү болгон планынын негизинде айтылды.

Камил Идристин бул билдирүүлөрү өлкөнү жана анын байлыктарын Америкага сунуштап жаткан Бурхандын жолун улантуу болду. Анткени Бурхан 2025-жылдын 26-ноябрында The Wall Street Journal гезитине жазган макаласында мындай деген: «Судан Америка Кошмо Штаттарынын күчтүү шериги болууну, аймактык туруктуулукту коргоого жана кыйраган шаарлар менен кыштактарды кайра курууга салым кошууну каалайт. Америкалык компаниялар кайра куруу, инвестиция жана узак мөөнөттүү өнүгүүдө маанилүү роль ойнойт».

Жогорудагылардын баарынан чыгара турган жыйынтык: Судан эли тарчылыкка, оорчулукка, машакатка, балким бөлүнүүгө жана күч-кубатын жоготууга туш болот. Эгер өлкөнү бул кооптуу аңга түшүп кетүүдөн сактап калуу үчүн аң-сезимдүү жана ыкластуу адамдар аракет кылбаса, абал ушундай уланат. Бул болсо батыштык кафирлерге жана алардын долбоорлоруна моюн сунган саясатчылар менен аскерлердин колунан саясий жана фикрий иштер аркылуу кармап, алардын пландарын жана малайлыгын ашкерелөө менен гана мүмкүн болот.

Ошондой эле армия, коопсуздук жана полициядагы ыкластуу адамдар бийликти малайлар менен чыккынчылардын колунан алып, Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткандарга нусрат бериши зарыл. Анткени колонизатордун колун кесип, аны мусулмандардын жеринен сүрүп чыгарууга, Аллахтын шариятын орнотууга, мусулмандардын ыйыктыгын жана абийирин коргоого, алардын байлыктарын душмандын эмес, өз колуна кайтарууга кудуреттүү болгон жалгыз түзүм мына ушул. Дал ушундай иш үчүн аракет кылуучулар аракет кылышсын.

Роя гезити

Устаз Насир Рида

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button