Макала

Санарип каржылык – көзөмөлдөө куралы

Санарип каржылык – көзөмөлдөө куралы

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети, биринчи окууда векселдердин электрондук формасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Бул документ Кыргызстандын «которуу жана жөнөкөй векселдер жөнүндөгү» конвенцияга кошулуу тууралуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөйт.

Бир караганда, бул кезектеги «модернизация», эски каржылык куралдарды санарипке өткөрүү, иш кагаздарын жөнөкөйлөтүү жана чыгымдарды азайтуу сыяктуу бейтарап, же прогрессивдүү кадам катары көрүнүшү мүмкүн. Расмий түрдө мунун бардыгы, бизнеске ыңгайлуу шартты түзүү жана эл аралык стандарттарга жакындашуу катары сунушталууда. Бирок, бул өзгөртүүлөрдү каржы түзүмүндөгү жалпы процесстердин алкагында карасак, кеп (өзгөчө бизнес үчүн) ыңгайлуулук жөнүндө эмес, экономикалык мамилелердин түпкү табиятын өзгөртүү тууралуу болуп жатканы айкын болот.

Вексел өзү кагаз жүзүндө болсо дагы, жалпы ортомчулуксуз экономикалык милдеттенмелерди бекитүү үчүн колдонулуп келген. Аны милдеттүү түрдө санариптик кол коюу менен электрондук формага өткөрүү ыңгайлуулук үчүн гана эмес (айрыкча мамлекетке) балким, ар кандай милдеттенмелер, көзөмөл астындагы чөйрөнүн ичинде гана бар боло турган жазууга айланган системага каттоо дегенди билдирет. Мындай жазууларды көзөмөлдөөгө, талдоого жана керек болсо чектөөгө болот. Демек, кеп экономиканын өнүгүшү жөнүндө эмес, анын иштөө принцибинин өзгөрүшү, тагыраагы, кыйыр көзөмөлдөн толук көзөмөлгө өтүүсү тууралуу болуп жатат.

Бул жаңы көрүнүш эмес жана Кыргызстан бул тармакта биринчи болуп эсептелбейт. Кыргызстан, Орусияда 2022-жылдагы окуялардан кийин күчөгөн ыкманы кайталоодо. Орус бийлиги, пайда болгон көйгөйлөрдүн кысымы астында, каржы түзүмүн башкарууга жана көзөмөлдөөгө аргасыз болуп, аларды өз куралына айланткан. Жалпысынан алганда, Борбор Азия ар кандай экономикалык активдүүлүктү ачык-айкын, башкарууга мүмкүн боло турган абалга алып келүүчү санариптик куралдарды киргизүү аркылуу дал ушул багытта бара жатат. «Тобокелдиктерди азайтуу» жана «эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу» деген шылтоо менен жеке экономикалык демилгелер, колонизаторлорго көз каранды чөйрөдө сакталып калууда.

Кеп банк операциялары, же салыктар жөнүндө эле эмес, каржылык мамилелердин бардык деңгээлдеринин акырындык менен көзөмөлгө алынуусу тууралуу болуп жатканын баса белгилей кетүү зарыл. Жада калса, вексел сыяктуу куралдар санариптик форматка өткөрүлүп жаткандыгы, көзөмөл кылуу мүмкүн болгон ар кандай чөйрөнү баскычма-баскыч көзөмөлгө алынып жаткандыгынан кабар берет. Натыйжада, каржылык купуялуулук деген түшүнүктүн өзү жоголуп, ар кандай келишим маалыматтар базасынын бир элементине айланууда.

Мындан улам, маселенин экономикалык тарабы эле эмес, анын дүйнө карашка байланыштуу жагы да өзгөчө мааниге ээ. Исламда акча жана баалуу кагаздар маселесине тийшитүү өзгөчө эрежелер жана негиздер бар. Ата ибн Халил абу ар-Раштанын «Санариптик акчалар тууралуу Ислам өкүмдөрү» (2017) тууралуу эмгегинде, Шариятта валюта катары Пайгамбарыбыздын убагында колдонулган алтын жана күмүш динар менен дирхам гана эсептеле турганы баса белгиленген. Санариптик жана виртуалдык түзүлүштөр, валюта катары эмес, толук кандуу камсыздоосу жок жана келип чыгышы белгисиз болгон товар катары каралат. Ал эми, вексел бул жерде карыздык милдеттенме катары гана кабыл алынат. Андыктан, «санариптик акча» түшүнүгүнүн өзү жана анын ар кандай көрүнүштөрү, заманбап системанын көйгөйлөрүн чечпейт, тескерисинче, аларды ого бетер күчөтөт.

Мындан, дагы кененирээк жыйынтык чыгаруу мүмкүн: алтын жана күмүш жүгүртүүдөн кагаз жүзүндөгү акчаларга, андан соң санариптик формаларга өтүү көрүнүшүндөгү каржылык эволюция бир бүтүн процесс болуп эсептелет. Бул процесс:

Акчаны чыныгы баалуулугунан ажыратат, инфляцияга жана алып-сатууга жол ачат;

Алсыз экономикалардын күчтүү мамлекеттерге болгон көз карандылыгын арттырат;

Акчаны сүткорлук (риба) жана көзөмөлдөө куралына айлантырат.

Буга ылайык, санариптештирүү бул жөн гана бейтарап бир баскыч эмес, тескерисинче, каржылык өзгөрүүлөрдүн логикалык жыйынтыгы болуп саналат. Бул баскычта, акча биротоло абстракттуу жазууга айланып, системанын ичинде гана бар болуп калат жана толугу менен ошол система аркылуу башкарылат. Мындай көз караштан алганда, кесепеттер техникалык эмес, системалык мүнөзгө ээ болот. Андыктан, учурда экономикалык турмуш толугу менен ачык-айкын болуп, башкарылуучу жагдай жөнөкөй көрүнүшкө айланган, ал эми башка альтернативалар четтетилген модел калыптанууда. Эгер Исламий көз карашка таянсак, бул абалдан санариптештирүүнү улантуу менен эмес, тескерисинче, каржы системасынын өзүн түп тамырынан бери кайра карап чыгуу аркылуу чыгуу мүмкүн. Башкача айтканда, алтын жана күмүш сыяктуу чыныгы баалуулукка негизделген, камсыздоосу бар акча формаларына кайра кайтуу керек. Мындай кадам аркылуу, учурда топтолуп калган тең салмаксыздык жоюлуп, колонизаторлордун тышкы каржы борборлоруна болгон көз карандылык жоголот.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button