Үйүн буздурууга каршы чыккан жаран өз жанын кыюуга аракет кылды

Үйүн буздурууга каршы чыккан жаран өз жанын кыюуга аракет кылды
21-апрелде Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда прокуратура кызматкерлери менен үйү мажбурлап буздурула турган жарандардын ортосунда жаңжал чыгып, конуштун жашоочусу өз өмүрүнө кол салууга аракет кылды. Бул окуяны чагылдырган видео социалдык тармактарга да таркады.
Маалыматка ылайык, буздурула турган төрт үйгө байланыштуу иш учурда административдик сотто каралып жаткандыктан, тургундар бузуу иштерин токтотуп турууну өтүнүшкөн.
Өлкөдө буга окшогон окуялар байма-бай катталып, бийлик менен жарандардын ортосундагы келишпестиктерди курчутууда. Анткени, өмүрүнүн негизги бөлүгүн турак-жай куруу үчүн жумшап, бирок бир күндө андан ажырап калуу карапайым калк үчүн оор кесепет. Көпчүлүк эл жер тилкесин көп жыл мурда алып койгон. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөндөй, 2021-жылга чейин турак-жайын тургузганга үлгүрүшкөн эмес. Ал эми, акыркы жарлыкка ылайык, жер тилкелери үй курулуштарын 2021-жылга чейин жүргүзгөндөргө гана берилет.
Тилекке каршы, расмий бийлик аталган жерлерди мыйзамсыз саткан аткаминерлерди жазалоонун ордуна, аларга алданган карапайым калкты жазага тартууда. Тартип орнотобуз деген шылтоо менен адамдарды өз жанын кыюуга да түртүп жатышат.
Ал эми, өкмөт калкты турак-жай менен камсыз кылуу жоопкерчилигин пайда табуучу долбоорго айлантып жатат. Мындан да кооптуу тарабы, мусулман калктын муктаждыгын шариятта арам болгон кредиттик саясатка байлап, ипотекалык үйлөр аркылуу капиталисттердин пайда табуусуна шарт түзүп берүүдө.
Мунун каршысында Ислам бийлик ээлерине калкты негизги муктаждыктын бири болгон турак жай, жер тилкеси менен камсыз кылууну милдет кылган. Бул үчүн каражат Байтулмадан алынат жана турак-жайга ээ болууга кудурети жетпеген жарандарга үй курулуп берилет. Ошондой эле, менчик мүлк мамлекет же жеке тарап үчүн болобу айырмасыз, кол тийгис болуп эсептелет. Буга Ибн Аббастын азирети Умарга жер тилкесин мечит үчүн бөлүп бербей соттошуусу ачык мисал боло алат:
“Умар (р.а)нун халифалык доорунда жергиликтүү жамааттын көбөйгөнүнө байланыштуу Алланын Элчисинин (с.а.в) мечитин кеңейтүүгө муктаждык пайда болот. Мындан улам, мечитке жакын жерлерди, үйлөрдү сатып алуу чечими кабыл алынат. Айланадагы мусулмандар бул чечимди кубануу менен кабыл алышат. Бир гана адам өз менчигиндеги жерди мечит үчүн бөлүп берүүдөн баш тартат. Ал пайгамбарыбыздын абасы ибн Аббас (р.а) болчу. Ошондо момундардын амири Умар (р.а) өзү ортого түшүп, сунушталып жаткан каражат аз болуп жатса көбөйтөөрүн жана курулушту тез арада бүткөрүү каалоосун айтат. Буга карабастан ибн Аббас сунуштан баш тартат. Натыйжада, Умар (р.а) казыга кайрылууга мажбур болот. Ошол учурда казы өзүнүн фикх илими менен белгилүү Убайй ибн Кааб (р.а) болчу. Халиф казыга кайрылып: “Мен мамлекет жетекчиси катары Аббаска жер тилкесин сатуусу үчүн базар баасынан кымбат каражатты сунуштадым. Ал каршылык кылуусун токтотуп, жерин сатуусу керек”, – дейт. Ал эми, Аббас (р.а) айтат: “Бул менин жеке менчик мүлкүм. Аны кымбат баага да, мечит үчүн берүүнү да каалабайм. Казы менен менчик укугумду мамлекеттен коргоп бериши керек”. Казы Убайй ибн Кааб эки тарапты уккан соң төмөнкү чечимди чыгарат: “Эч кимдин менчик мүлктү күч менен тартып алууга укугу жок. Бул мечитти кеңейтүү үчүн болсо да мүмкүн эмес. Аббастын мүлкү өзүндө калат. Эч ким, халиф дагы аны сатууга мажбурлай албайт”.
Тараптар эшикке бет алып баратканда, ибн Аббас казыга кайрылып сурайт: “Оо Убай, казынын өкүмү күчүнө кирдиби?”. Ал “ооба” деп жооп берген соң Аббас (р.а) айтат: “Андай болсо мени уккула, ушул мүнөттөн тарта жер тилкемди кайтарымсыз түрдө мечиттин кеңейүүсү үчүн тапшырдым. Ушул учурдан тартып менин жерим халифтин башкаруусуна берилди. Буга таң калган Кааб сурады: “Оо, Аббас! Беш мүнөт мурда жериңди кымбат баага сатууну каалабаган элең. Өкүм чыккан соң аны белекке берүүгө түрткү болгон нерсе эмне? Буга Аббас (р.а) мындай деп жооп берет: “Мен дүйнөгө Ислам менчик мүлктү канчалык коргоп берүүсүн көрсөтүүнү кааладым”.
Демек, Ислам гана адилеттүүлүк менен калктын негизги муктаждыгын чечип, жеке мүлкүн толук коргоого алып берет. Ал эми, капиталисттик түзүм пайдага негизделгендиктен капиталисттердин коопсуздугун коргоп, зыян жана жазаны карапайым калк тартат.
Жыйынтыктап айтканда, басып алуунун бардык түрлөрү арам. Ким бирөөнүн жерин тартып алса, ал чоң күнөө жасап, оор кылмыш кылган болот. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«مَنْ ظَلَمَ قِيدَ شِبْرٍ مِنَ الْأَرْضِ طُوِّقَهُ مِنْ سَبْعِ أَرَضِينَ»
«Ким бир карыш жерди да зулумдук менен тартып алса, ал жети кат жер менен моюнуна оролот» (Муслим риваяты, Айша разияллаху анхадан).
Ошондуктан, мамлекет жердин наркын базардагы баа менен төлөп бергенден кийин гана жерди мамлекеттин үлүшүнө алууга укуктуу. Зулумдук кылуу менен карапайым калкты өз үйүнөн кууп чыгуусу арам. Ошондой эле, жердин үстүнө курулган курулуштун наркы жердин наркынан жогору болушу керек.
Мумтаз Маверанахрий




