Өзгөрүүдө режимди түп-тамыры менен жоюу

Өзгөрүүдө режимди түп-тамыры менен жоюу
Устаз Исам аш-Шейх Ганим
Көркөм сөздөргө карабастан, башкаруу же бийлик же мамлекет эң оболу бийликтин каалаганын ишке ашыруучу, атаандашы жок үстөм жана мажбурлоочу күчкө ээ болууну талап кылат. Ар бир үммөттө башкаруу анын чыныгы коргоочусу болгон үммөт аркылуу гана бекем болот. Башкаруунун бекемдиги үммөт өз пикирлери жана максаттарынан канчалык деңгээлде алыстаса, ошончолук даражада алсырай берет. Биздин өлкөлөрдө 1924-жылдан кийин бийлик Курандан толугу менен ажырап кеткен. Башкача айтканда, Куран бир өрөөндө, бийлик башка өрөөндө калды. Ал тургай ал Куранга түздөн-түз каршы келип, душманга айланды. Башкаруу режимдери бул чындыкты жашырууга аракет кылышат, бирок окуялардын көп учурларында ачыкка чыккан бул чындыкты жашыруу кыйын.
Башкаруу же бийлик кандай түрдө болбосун, акыры белгилүү бир багытка жана белгилүү саясий ыктоолорго бириккен адамдар тобу аркылуу көрүнөт. Алар белгилүү бир тарикат негизинде уюшуп, топтолуп, акыры бийликке айланышат, башкача айтканда жетекчилерге, башчыларга, таасирдүү жана салмактуу адамдарга айланышат. Ушундай абалга жеткен соң, алардын бийлиги алардын уюшуу жана топтолуу тарикатына айланып, бутактарын улам кеңейтип, үммөттү толук көзөмөлгө алууга умтулат. Башкача айтканда, жетекчилик жана башкарууда ага эч ким атаандаш болбошу үчүн жана анын башкаруусуна эч ким тоскоол болбошу үчүн аракет кылат. Максаты үммөттү өзү белгилеген багытка жетелөө жана ошол багытты алардын түзүлүшүнүн ажырагыс бөлүгүнө айлантуу.
Эгер коом адамдар жана алардын өз ара мамилелери десек, анда ошол мамилелердин башында турган бийлик адамдарга пикирлерди сиңирип, ошол пикирге ишендирүүнү каалайт. Ошондо үммөт ишеним-иътикад жагынан бийликтин үммөтүнө айланат. Ошондой эле ал үммөттүн жүрөгүндө мекен, мекенчилдик, калк, улутчулдук сыяктуу туйгуларды жаратып, аларды сиңирүүгө аракет кылат. Ошондо үммөт бийлик кайсы тарапка оосо, ошол тарапка ооп турат. Бул башкаруунун уланышын камсыз кылуу жана үммөттүн өзү бул бийликти коргой турган абалга жетиши үчүн жасалат. Башкача айтканда, башкаруу режими өзүнүн пикирий деңгээлине жараша мүмкүн болушунча үммөттү өз ишенимдерине ынандырып, өзү кайсы жакка оосо ошол жакка оодурууга аракет кылат.
Биздин өлкөлөрдө бийлик үммөткө батыштык секулярдык багытты таңуулап жаткандыктан, бул секулярдык багыт мекенчилдик, улутчулдук, социалисттик же башка кандай гана кабыкка оролбосун, үммөттүн пикирлерине жана майилдерине каршы келет. Үммөттүн аң-сезими канчалык жогору болсо жана өзгөрүү үчүн иш алып барган аң-сезимдүү кыймылдар канчалык күчтүү болсо, үммөт менен бийлик ортосундагы карама-каршылык да ошончолук даражада ачыкка чыга берет. Бүгүнкү Ислам үммөтү таптакыр бул бийликтин коргоочусу эмес, тескерисинче, ага каршы туруп, анын кара күнүн күтүп турат. «Араб жазы» учурунда элдер өзгөрүү үчүн көтөрүлгөндө, бийлик өз кожоюндары берген жардам аркылуу элге каршы күч менен жооп берди. Натыйжада үммөт менен бийликтин ортосундагы ажырым дагы да тереңдеди. Бийлик болсо айланып өтүү, алдоо, бурмалоо жана зомбулук аркылуу гана өзүн сактап калган, эч кимге чындап өкүлчүлүк кылбаган бөтөн бир түзүлүшкө айланды.
Өлкөлөрүбүздөгү ар бир режимдин өз ара айырмачылыктарынын деталдарын, башкаруу системасынын кандайча түзүлгөнүн, анын жергиликтүү шарттарын жана бул түзүлүшкө таасир эткен эл аралык жиптерди түшүнгөнүбүз менен, бул жерде убактысын кийинкиге калтырып, бир гана жалпы мүнөздөмө менен чектелебиз жана айтабыз: бул бийликтин же башкаруунун адамдары – өз бийлигин сактап калуу үчүн түн уйкусунан кечкен мамлекеттик адамдардын тобу. Анткени алар үчүн ар түрдүү кызыкчылыктар бар: жетекчилик жана башчылык ырахаты, көп сандагы адамдарды өз багытына мажбурлап ээрчитүү ырахаты, ошондой эле Батыш аларга жүктөгөн көзөмөл жана сакчылык милдетин аткарууда ийгиликке жетүү ырахаты. Бул милдет Ислам менен күрөшүү, аны бийликке келтирбөө жана Батыштын таасирин сактоо. Ошондой эле бул “кароолчулар” сактап калууну каалаган эң чоң сыйлык же акы бар, ал каржылык жана бийлик бузукулугуна чөмүлүү жана бул өтмө дүйнөнүн ырахаттары менен жашоо.
Эгер күтүлгөн өзгөрүү жүз берсе, анда бул бийлик өзүнө таянып турат деп ойлогон күчтүү бир катмар ага каршы чыгып, кырдаалды бир заматта өзгөртөт. Эгер бул катмар алгачкы күндөрдө жаңы абалды бекемдөөгө жетишип, эски бийликтин башка күчтөрдү топтоп, мурдагы абалга кайтарууга жол бербесе, анда эски бийлик жеңилген болот жана Ислам жаңы бийлик катары бекемделе баштайт. Мындай учурда жаңы бийликтин эң шашылыш милдети эски бийликтен дароо арылуу болот.
Эски бийликтин мүмкүнчүлүктөрүн кыймылсыз абалга келтирүү автоматтык жана өзүнөн-өзү боло турган иш деп ойлогон адам жаңылат. Тескерисинче, бул өтө татаал милдет. Эгер ал туура аткарылбаса, кулатылган бийликтин калдыктары кайрадан биригиши мүмкүн. Ошондуктан дароо жана шашылыш чаралар көрүлүшү зарыл. Анын эң төмөнкү деңгээли кулатылган режимдин жан-жөкөрлөрүн катуу көзөмөлгө алып, кандай гана аракет болбосун анын алдын алып, аны башында эле жок кылууга жөндөмдүү болушу керек. Бирок суроо туулат: кулатылган режимдин кайсы жан-жөкөрлөрү толук көзөмөлгө алынышы керек? Алар кандай катмарларга бөлүнөт?
Бул макала режим өкүлдөрүн эки бөлүккө бөлүүнү сунуштайт: биринчиси – режимдин адамдары, экинчиси – алардын жардамчылары. Ошондой эле саясий режимдин калың сөңгөгү бар жана ар түрдүү бутактарга бөлүнгөн даракка окшош. Бул бутактардын айрымдары күчтүү, айрымдары алсыз, ошондой эле анын майда бутактары жана тамырлары бар. Ушуга негизделип, биз режим дарагындагы ар бир бөлүк менен катмарга мүнөздөмө берип, алардын коркунуч деңгээлин түшүндүрөбүз, ошондой эле аларга каршы көрүлө турган чараларды жана алардын убакыт чегин баяндайбыз.
Ал эми сөңгөк болсо – бул режимдин өзөгүн түзгөн, анын негизин түзгөн адамдар. Булар режимсиз жашай алышпайт. Эгер режим куласа, алар кайра аны калыбына келтирүүнүн жолдорун табуу үчүн чогулуп, кеңешишет. Башкача айтканда, булар режимдин саясий чөйрөсүндөгү эң бекем, эң туруктуу өзөк болуп саналат. Бул адамдардын тизмеги, алгачкы мууну жок болуп, кийинки муунга өтсө да, өзүнүн секулярдык багытында жана Исламга болгон душмандыгында өзгөрүүсүз калып, муундан муунга жашыруун түрдө өтүп келет, Батыш менен байланышы барбы же жокпу – айырмасы жок. Демек, бул катмар өз алдынча аракет кылууга, катарларын кайра уюштурууга жөндөмдүү. Бул күчтүү адамдар тобу режимдин өзү болуп эсептелет жана биздин өлкөлөрдө Батыштын таасир жүргүзүүсү жана кеңейиши үчүн негизги таяныч болуп саналат.
Булардын саны ар бир өлкөгө жараша айырмаланат: кичине өлкөлөрдө, мисалы Ливия же Йеменде жүзгө жакын, ал эми чоң өлкөлөрдө, мисалы Мисир же Пакистанда миңге чейин жетет. Бул адамдар режимдин башка өкүлдөрү жана саясий чөйрөсү таянган негизги тирек болуп эсептелет. Алар бардык бутактар үчүн негизги таяныч жана чечим чыгаруучу борбор болуп саналат. Алардын күчү, акылы жана салмагы ушунчалык күчтүү болгондуктан, керек болсо Батыш менен байланышпай эле режимди коргоо үчүн өз алдынча аракет кыла алышат. Алар ар бир режимдеги күч борборлорун түзүшөт. Мына ушулар менен өзгөрүүнүн алгачкы сааттарында катуу мамиле кылуу зарыл жана алардын басымдуу бөлүгү менен иш алып баруу өзгөрүүнүн алгачкы үч күнүндө аякташы керек. Ал эми режим дарагынын бутактары – бул биринчи бөлүктөгү адамдар тарабынан режимди сактоо үчүн кызматтарга коюлган адамдар. Мисалы, коопсуздук түзүмдөрүнүн жетекчилери, министрлер, валий же губернаторлор жана ушуга окшогондор. Негизи булардын кызматтары режим кулаганда бүтүп, өзү да кулашы керек, башкача айтканда алар кызматкерлер. Бирок режим өкүлдөрү менен узак убакыт иштеши жана алардын жашоосу менен кызыкчылыктары режимге байланганы себептүү, алар режимдин ажырагыс бөлүгүнө айланып калышкан. Бул адамдар биринчи бөлүктөгү, башкача айтканда «сөңгөк» болгон режим адамдарынын каалаган белгиси менен абалды мурдагысына кайтарууну үмүт кылып, жаңы режимге каршы аракет кыла алышат. Алар өз алдынча иш алып барышпайт, күчтүү режим адамдарынын көрсөтмөсү менен гана аракет кылышат, өздөрү өз алдынча каршы иш-чараларды пландаштырууга батына алышпайт, алар жогоруга көз каранды. Бирок бул алардын коркунучун азайтпайт.
Эгер бул катмардагы адамдарды режим өкүлдөрү Батышка алып чыгып, аларга секуляризмди үйрөтүп, аны жайылтуу жана сактоо үчүн өз министрликтери жана мекемелери аркылуу уюштурса, анда бул катмардагы күчтүү бутак менен алсыз бутакты айырмалоонун эң негизги белгиси алардын Батыш менен байланышы болот. Ошондуктан өзгөрүү үчүн иш алып баргандар азыркы режимдеги Батыш менен байланышкан бардык борборлорду так билиши зарыл. Батыш сөзсүз түрдө армия жетекчилери жана коопсуздук түзүмдөрү менен байланышта болот. Бул байланыш борбор шаар менен гана чектелбестен, облустарга да жетет. Ошондой эле ал билим берүү сыяктуу негизги эмес министрликтер менен да байланышып, өзүнүн секулярдык фикратын жайылтуу жана аны Исламга каршы тоскоолдук кылуу үчүн колдонот. Демек, көңүл буруу зарыл болбогон алсыз бутактар – Батыш менен байланышы жоктор. Бул ар бир өлкөгө жараша айырмаланат, мисалы вакфтар, айыл чарба, транспорт жана байланыш сыяктуу министрликтер. Батыштын мындай алсыз бутактар менен байланышы техникалык же кесиптик колдоо гана болсо, анда аны да эске албоого болот, анткени Батыштын таасири өлкөлөрүбүздө кеңири жайылган. Башкача айтканда, жөн гана кызматкер бойдон калган алсыз тарап менен режимге жабышып, анын бир бөлүгүнө айланган негизги кызматкерди айырмалоо зарыл.
Бул күчтүү бутактарды түзгөн адамдар – борбордогу негизги жетекчилер жана алардын айланасындагылар, ошондой эле облустардагы жана райондордогу жетекчилер жана алардын айланасындагылар. Булар менен да дароо иш алып баруу зарыл: өзгөрүүнүн биринчи жумасында алардын башчыларынан баштап, андан кийинкилерине өтүп, экинчи ай башталганга чейин алардын үстүнөн толук көзөмөл орнотулушу керек. Мындай адамдар Мисир, Саудия же Ирак сыяктуу өлкөлөрдө он миңден кем болбойт. Ал эми режим дарагынын майда бутактары өтө көп сандагы адамдар: төмөн даражалуу офицерлер, коопсуздук кызматкерлеринин катардагы кызматкерлери жана кулатылган режимдин башка кызматкерлери. Булардын мааниси чоң эмес жана алардан кандайдыр бир коркунуч пайда болгонго чейин алар менен иш алып барууну кечиктирсе болот. Негизинен булар жөн гана кызматкерлер. Башкача айтканда, эгер кайсы бир уюм аларга мурдагы мамлекеттик айлыгынан жогору айлык же жакшыраак иш шарттарын сунуштаса, алар мурунку режимден баш тартышат. Бирок үммөт аларды көбүнчө режимдин негизги тиреги катары көрөт, анткени алар кызматтык милдети боюнча коопсуздук кызматкерлери катары элдин кыймылдарына каршы турушат жана режимди коргошот. Жалпысынан булар коркунучтуу эмес, булар бийликтин өзү эмес, болгону анын жардамчылары. Бирок аларды кайрадан колдонууга жол бербөө үчүн узак мөөнөттүү жана катуу көзөмөлдө кармоо зарыл. Бул жардамчылар үммөт жана анын жаңы бийлигине тыңчылык кылуу үчүн «очок» болуп кала беришет жана Батыш үчүн Ислам өлкөлөрүндө сатып алууга эң арзан товар болуп саналат. Алардын айрымдары үммөттүн күч-кубаты көрүнгөндө өзгөрөт, ал эми башкалары көп жылдар бою көнүп калган жаман чөйрөсүн сагынып, ага кайра кайтууну каалай беришет.
Бийликтин жан-жөкөрлөрүнүн акыркы бөлүгү – биз «тамырлар» деп атаган бөлүк калды. Бул бөлүк үммөт ичинде кеңири жайылган, башкача айтканда бардык шаарларда жана айыл-кыштактарда бар болушу – анын эң чоң коркунучу. Алардын айрымдары таптакыр мамлекеттик кызматкер болбошу мүмкүн, өзүнүн башка иштери бар, бирок ошого карабастан бийликти жан аябастан коргойт, бул анын ага болгон ишенимин билдирет.
Аларды кантип таануу боюнча мындай сунуш кылынат: алар бийликти коргоо үчүн өз ыктыяры менен чыгып, эч ким тапшырма бербесе да аны жактап, жардамга шашкан адамдар. Бул алардын кызматынан же кирешесинен ажырап калгандыктан эмес, тескерисинче, режим алардын ишенимдерин жана багыттарын чагылдырып тургандыктан ушундай кылышат. Эл бул «тамырларды» тааныйт жана аларды коомдогу режимдин акыркы өкүлдөрү, башкача айтканда режимдин борбордук күчүнө жакын турган катмар катары көрөт.
Болжол менен бул катмар үммөттүн миңден экисин түзөт, бул сан аймакка жараша бир аз көбөйүп же азайышы мүмкүн. Бул адамдар коркунучтуу жана Исламга жана анын башкаруусуна душман болгондор. Анткени алардын мүнөзү алар намаз окуп, орозо кармашса да, секулярдык же улуттук негизде калыптанып, тамырлашып кеткен. Алар Исламды саясатка кийлигишүүгө укугу жок дин катары көрүшөт. Аларды ар түрдүү исламий топторго карата катуу душмандык мамилесинен таанууга болот. Режим өкүлдөрү үммөт ичинде таасир жүргүзүүдө дал ушул катмарга таянышат, алар мамлекеттик кызматкер болбосо да, андан пайда көрбөсө да, ал тургай оппозицияда болсо да. Анткени ар бир режимдин өзүнө окшош, ошол эле табияттагы оппозициясы болот.
Эгер абал өзгөрүп, тескери шамал соксо, булар Исламды бийликтен кулатуу үчүн ыктыярчылардын алдыңкы сабында турушат. Ошондуктан алар менен да иш алып баруу зарыл. Өзгөрүү башталган алгачкы үч айдын ичинде аларды аныктап, катуу көзөмөлгө алуу керек, ар кандай аракетти башында эле басуу харыл. Ушундай иш алып баруу бул катмарга карата эң аз чара болуп эсептелет. Исламды колдонуу жана анын коомго жайылышы ийгиликтүү болушу үчүн, бул катмардагы адамдардын коомдогу аброю же таасири сакталбашы керек. Ошондуктан Ислам бекемделип, анын өкүлдөрү көрүнгөнгө чейин, ал тургай эң алыскы айылдарда да, аларга кандайдыр бир коомдук иштерди жүргүзүүгө кескин түрдө тыюу салуу зарыл.
Бул макала Батышка көз каранды бийликтин «рак» сыяктуу көрүнүшүн, башкача айтканда анын жетекчилерин, башчыларын жана мамлекет менен коомдогу салмактуу, таасирдүү адамдарын түп-тамырынан жоюу үчүн ушундай кадамдардан баштоону сунуштайт. Ошондой эле өзгөрүү башталаары менен секуляризм «рагынын» да толук жоюлушун, бул кара катмарлар кайрадан жанданып, жаңы Ислам бийлигине каршы чыгышы мүмкүн болгон күл астындагы чок болуп калбашын талап кылат.
Жогоруда айтылган үч катмардагы бийлик өкүлдөрү Аллахтын дининин үстөм болушуна тоскоол болгон бекем тосмо экендигин так жана даана түшүнүү керек. Алар биздин өлкөлөрдө Батыштын алдыңкы катардагы өкүлдөрү, «Лаа илааха иллаАллах» сөзүнүн үстөм болушуна жол бербөө үчүн күнү-түнү аракет кылган негизги күч. Ошондуктан Аллахтын сөзү үстөм болушу үчүн бул негизги күч менен дароо жана чечкиндүү түрдө иш алып баруу зарыл. Анын «сөңгөгү» менен дароо, күчтүү бутактары менен ыкчам иш алып баруу, тамырларын болсо кечиктирбей жулуп салуу керек. «Баргыла, силер боштондукка чыгарылдыңар» деген пикирге таянуу бул жерде туура эмес, анткени зомбулукка негизделген, үммөттү басмырлап, ага куфрду таңуулаган жана Исламдын үстөм болушуна тоскоол болгон бийлик менен мындай мамиле кылуу туура эмес.
Бул бийликтин өкүлдөрү жогорудагы катмарлары менен үммөттүн бир бөлүгү эмес, алар Исламдын душмандары жана Исламга каршы күрөштө кафирлер менен бирге биринчи катарда турган адамдар. Ошондуктан аларга жумшак мамиле кылууга болбойт. Мисирде Абдельфаттах ас-Сисинин Мухаммад Мурсиге кылган катуу мамилесин көрдүңөр, дагы башка мисалдарды да көрдүңөр. Ошондуктан, аларга карата катуу жана өзгөчө өкүмдөр колдонулушу керек. Мындай мамиле кандай ишке ашырылаары тууралуу сөздөрдөн көрө, болгон окуяларды баяндап берген жаңылыктар жакшыраак түшүндүрүп берет.
﴿وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هُوَۖ قُلۡ عَسَىٰٓ أَن يَكُونَ قَرِيبٗا﴾
«Али алар «Ал качан болот?» деп (сурашат). Балким жакында болоор», деп айткын!» (Исра: 51).




