Басма сөз

Кудс жана Ыйык жерлердин баш муфтийинин келе жаткан муниципалдык кеңештер шайлоолоруна карата берген фатвасы!

Басма сөз баянаты

Кудс жана Ыйык жерлердин баш муфтийинин келе жаткан муниципалдык кеңештер шайлоолоруна карата берген фатвасы!

Палестина фатва башкармалыгы тарабынан 21апрелде баш муфтий шейх Мухаммад Хусейн кол койгон фатва жарыяланды. Бул фатва келе жаткан муниципалдык кеңештер шайлоолоруна катышуунун өкүмү тууралуу суроого жооп катары берилген. Бирок, муфтийдин жообу жалпы эле муниципалдык кеңештерди шайлоонун өкүмү жөнүндө болду. Фатвада мындай деп айтылат:

«Негизинен муниципалдык шайлоолорго талапкерлигин коюу жана добуш берүү – маслахат (пайда) жана мафсадат (зыян) эрежелери эске алынуучу ижтихадга таянат… Жергиликтүү кеңештердин иши жана аларды башкаруучу органдарды шайлоо адамдар биргелешип ишке ашырууга тийиш болгон маанилүү иштер… Алар эч кандай күнөө же шариятта тыюу салынган нерсени жасабастан жүргүзүлүшү керек…» Фатвадан алынган үзүндү ушуну менен аяктайт.

Жооптун формасы бул шайлоолорго уруксат бар деген түшүнүктү бергендиктен, төмөнкүлөрдү баян кылуу зарыл болду:

Биринчиден: суроо берүүчү келе жаткан шайлоолор тууралуу сураганда, негизинен жооп түздөн-түз ошол тууралуу болушу керек. Суроо жалпы муниципалдык шайлоолор тууралуу эмес, Америка менен яхудий түзүмүн ыраазы кыла турган шарттарда өтө турган келе жаткан шайлоолор тууралуу болуп жатат. Ал эми жергиликтүү кеңештердин шайлоолору тууралуу жалпы шарият өкүмүн жашыруу Аллах Таала илим берилгендерден алган убадага каршы келет:

﴿وَإِذْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ لَتُبَيِّنُنَّهُ لِلنَّاسِ وَلَا تَكْتُمُونَهُ﴾.

Эстегин, (эй Мухаммад) Алла Китеп берилген кишилерден: «Албетте, ал Китепти адамдарга ачык баян кыласыңар жана жашырбайсыңар!» деп убада-шерт алган эле”. (Али Имран: 187).

Экинчиден: эгер муфтий шарият өкүмүнө чындап кам көргөн болсо (биз анын ошондой болушун үмүт кылабыз), анда али да кеч эмес. Биз анын алдына келе жаткан шайлоолордун вакыйлыгын коюп жатабыз, ал чындыкты айтып, адамдарга максаты бийликтин эскирип калган «легитимдүүлүгүн» жаңылоо болгон шайлоолордун шарият өкүмүн түшүндүрүп берсин. Бул шайлоолордун негизги түрткүсү элдин кызыкчылыктарын ишке ашыруу эмес, бийликтин Батыш мамлекеттери алдында алган «реформа» милдеттенмелерин аткаруусу болуп жатат. Ошондуктан булар маслахаттардын алкагында карала турган нерселерден эмес, тескерисинче мафсадаттарга жакыныраак.

Андан соң, жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан ар бир талапкерге бийлик тарабынан коюлган милдеттенме тууралуу шарият өкүмү кандай? Ал милдеттенмеде мындай деп айтылат: «Палестина элинин жалгыз жана мыйзамдуу өкүлү катары Азаттык уюмуна баш ийүү, анын саясий жана улуттук программасына жана тиешелүү эл аралык легитимдүүлүк чечимдерине милдеттенүү».

Исра жана Мираж жери болгон, Умар ибн ал-Хаттаб тарабынан фатх кылынган, Салахуддин жана андан кийинки мусулмандар тарабынан азат кылынган, харажий жер эсептелген жерден баш тарткан жана келишимдерге кол койгон уюмдун шарият өкүмү кандай? Аллахка жана Анын Элчисине , ошондой эле берекелүү жерге кыянат кылган бул уюмду палестин элинин жалгыз өкүлү катары кабыл алуунун өкүмү кандай?

Ошондой эле, баскынчы яхудий түзүмү менен «бирге жашоо» негизинде курулган бул уюмдун программасынын өкүмү кандай?

Азаттык уюму милдеттенген Осло келишиминин шарияттагы өкүмү кандай? Палестинаны бөлүп, анын 1948-жылы басып алынган жерлерин яхудийлерге толук менчик кылып берген эл аралык чечимдердин өкүмү кандай?

Бул кылмыштардын бардыгына милдеттенген адамдын өкүмү кандай? Андан соң, ушундай милдеттенмелерди алган адамды шайлаган адамдын өкүмү кандай? Анткени аны шайлоо ага ыйгарым укук берүү жана Аллахка жана Анын Элчисине кыянат кылган милдеттенмелерин кабыл алуу болуп эсептелет.

Үчүнчүдөн: бул уюм өзүнүн кыянатчылык жолунда жүрдү, андан кийин бийлик келип, кылмыштарды кылмыштар менен улантты. Ал кыянатчылыгынан тышкары эч качан Исламга жана анын өкүмдөрүнө маани берген эмес. Ал эң башынан эле өзүн секулярдык уюм деп жарыялап, секулярдык бийликти жараткан. Ошондуктан бул бийлик да, андан мурдагы уюм да шарият өкүмүнө маани беришпейт. Алардын жолун жолдогондор да шарият өкүмүнө маани беришпейт. Бирок булардын шарият өкүмдөрүнө фатва сурап кайрылуусу Аллахка такыбалык кылган жана Аллах алдында Ага жана Анын Элчисине кыянатчы болуп жазылып калуудан корккон Палестина элин алдоо максатында гана болуп жатат. Ошондуктан жергиликтүү кеңештердин шайлоолору тууралуу жалпы фатва берүү адамдарды адаштыруу болуп саналат жана бул абийири жоктор Палестина элин кыянатчылыкка түртүшү үчүн ачкан эшик. Адамдарга фатва берүү ордун ээлеген киши адамдарды адаштырбоого эң катуу кам көрүшү керек. Аллах Таала мындай деген:

﴿إِنَّ الَّذِينَ يَكْتُمُونَ مَا أَنْزَلْنَا مِنَ الْبَيِّنَاتِ وَالْهُدَى مِنْ بَعْدِ مَا بَيَّنَّاهُ لِلنَّاسِ فِي الْكِتَابِ أُولَئِكَ يَلْعَنُهُمُ اللَّهُ وَيَلْعَنُهُمُ اللَّاعِنُونَ﴾.

“Биз түшүргөн далилдер жана Хидаят – Туура Жолдон турган нерселерди адамдарга Китепте (Тооратта) ачык-айкын кылып бергенибизден кийин аны жашыргандарды, кадиксиз, Алла наалат кылат жана наалат кылуучулар (периштелер жана момундар) да наалат кылышат”. (Бакара: 159)

Төртүнчүдөн: ким фатва берсе да, бул Аллахтын ачык-айкын өкүмдөрүн жашырып коё албайт. Анткени мусулмандар үчүн, айрыкча Палестина эли үчүн Ыйык жерден баш тартууга кандай гана ишара болбосун, анын өзү Аллахка, Анын Элчисине жана момундарга каршы кылмыш жана кыянатчылык болуп саналат жана бул динден зарыл түрдө белгилүү болгон нерселердин бири. Жер жүзүндөгү бардык адамдар ага каршы фатва беришсе да, ага эч качан макул болушпайт!

Бешинчиден: бул кыянатчылык менен дүйнөлүк пайда болобу же анын кооздугунун бир бөлүгү болобу – эч нерсе алынбайт. Анткени уюмдун бардык багынуулары яхудий түзүмүнүн алдында ага пайда алып келген жок. Аллахтын жана Анын Элчисинин шариятынан баш тартуу аркылуу кыянатчылар сунуш кылган бардык нерселер мурда Аллахка кыянат кылгандарга пайда бербегени сыяктуу, аларга да пайда бербейт. Демек, шайтан жана анын жардамчылары Палестина элине кооздоп көрсөткөн нерселер менен алар дүйнөдө да эч нерсе табышпайт, акыретте да утушпайт. Мындан да чоң жоготуу барбы?! Чынында бул ачык жоготуу.

Аллах Таала мындай деген:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَخُونُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ وَتَخُونُوا أَمَانَاتِكُمْ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ﴾

“Эй момундар, Алла жана анын пайгамбарына кыянат кылбагыла жана билип туруп силерге ишенип берилген нерселерге (дин жана башка ар кандай аманаттарга) кыянат кылбагыла!” (Анфал: 27).

Хизб-ут-Тахрирдин Берекелүү Палестина жериндеги маалымат бөлүмү

22.04.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button