Экзистенция
Саясий сөздүк:
Экзистенция
Экзистенция – бул тилде сын атооч түркүмүнө кирет. Саясатта ал мамлекеттин, коомдун же түзүмдүн бар болушуна түздөн-түз таасир этүүчү коркунучту билдирет. Кеңири колдонулган “экзистенциалдык коркунуч” термини жөн гана жоготууларды билдирбейт. Ал мамлекеттин, режимдин, же өздүктүн биротоло жок болуп кетишине, же толук кыйрашына алып келиши мүмкүн болгон коркунучту жана саясий кырдаалды түшүндүрөт. Жөнөкөй тил менен айтканда, «өлүм-өмүр» маселеси. Бул жерде кеп убактылуу кыйынчылыктар жөнүндө эмес, акыркы чекке жеткен кырдаал тууралуу болууда.
Глобалдык саясаттагы мисалдар:
– Монголдордун басып алуулары жана Багдадга кол салуу (1258).
Чыныгы экзистенцианалдык коркунуч катары Аббасий Халифалык мезгилинде монголдордун Багдадды басып алышын алсак болот. Борбор калаанын талкаланышы, башкаруучу элитанын кырылышы, саясий борбордун жана башкаруу системасынын жоголушу менен Халифалык Ислам дүйнөсүндө бирдиктүү күч катары жок болуу коркунучунда калган.
– Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки Осмон Халифалыгы.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Осмон Халифалыгы жеңүүчү өлкөлөрдүн ортосунда толук бөлүнүү коркунучуна туш болду. Маселе Ислам мамлекетин биротоло жок кылуу жөнүндө болгон. Натыйжада мамлекет ыдырап, анын ордуна жаңы улуттук мамлекет катары Түркия Республикасы түзүлгөн.
– Ислам Халифалыгынын аймактарына жүргүзүлгөн колониалдык басым (XIX–XX кылымдар).
Британиянын жана колониалдык Франциянын экспансиясы, жергиликтүү саясий системалардын бар болушуна коркунуч туудурган. Мисалы, Алжир жана Мисирде саясий башкаруу жоголуп, коомду тышкы колониалдык башкарууга баш ийдирүү аракеттери байкалган. Бул мамлекетке гана эмес, Исламий өздүккө да багытталган экзистенциалдык коркунуч болгон.
– Индиянын бөлүнүшү (1947).
Индиянын бөлүнүшү Пакистандын өзүнчө мусулман мамлекети катары түзүлүшүнө алып келген. Мусулман калкы үчүн бул маселе экзистенциалдык мүнөзгө ээ болгон: алар, же саясий тагдырын өз алдынча чечүүгө жетишүүлөрү керек эле, же бирдиктүү мамлекеттин алкагында коопсуздугу менен таасирин жоготуу тобокелдигине туш болушмак.
– Бүгүнкү Иран: Санкциялар, обочолонуу жана чыңалуу коркунучу .
Иран үчүн тышкы күчтөр менен болгон узакка созулган тирешүү, анын ичинде экономикалык санкциялар жана аскердик кагылышуунун күчөп жаткан реалдуу коркунучу, экзистенциалдык чакырык катары каралат. Өлкө ичинде бул жагдай экономикага, саясий туруктуулукка жана эгемендүүлүктүн пайдубалына багытталган басым катары чечмеленүүдө.
Жыйынтык
Экзистенция – бул өлүм-өмүр маселеси чечилип жаткан өзгөчө оор кырдаалды сүрөттөгөн саясий термин. Саясатта бул жөн гана олуттуу каатчылыкты эмес, мамлекеттин, бийликтин же коомдун өздүгүнүн бар болушу кыл үстүндө турган учурду билдирет.

