Комментарий

Турак жайларды камсыздандыруу милдеттүү болот

Турак жайларды камсыздандыруу милдеттүү болот

Бүгүн Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алышты. Мыйзам долбоору боюнча маалыматты экономика министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын жакшыртууга багытталган.

Комментарий:

Акыркы мезгилде бийлик камсыздандыруу маселесин алга сүрүп келе жатат. Буга чейин ыктыярдуу болгон камсыздандырууну бүгүн мыйзам аркылуу милдеттүү түргө айлантууда. Учурда турак жайларды да, унааларды да камсыздандыруу милдеттүү болуп эсептелет.

Негизи капитализмде камсыздандыруу маселеси кеңири жайылган, ал тургай банк сыяктуу эле экономиканын негизги бөлүгү болуп саналат. Түпкүлүгүндө, камсыздандыруу аркылуу капиталисттер элдин эсебинен баюусуна шарт түзүлөт. Ушундай жол менен камсыздандыруу компаниялары үлкөн кирешелерди табышат. Алар бийлик менен чөнтөктөш болгондуктан, аз өлчөмдө салык төлөө менен гана чектелет.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын жалпы кирешеси болуп көрбөгөн деңгээлге көтөрүлүп, 12,2 млрд сомду түздү. Ал эми, 2023-жылы камсыздандыруу компанияларынын жалпы кирешеси дээрлик 4 млрд сомго жеткен болчу. Демек, эки жыл ичинде алардын кирешелери 3 эседен ашык көбөйгөн. Камсыздандыруу компанияларынын мындай үлкөн пайда табышына бийликтин камсыздандырууну милдеттүү кылган мыйзамы түрткү болуп жатат.

Ал эми, турак жай же унаанын камсыздандырылганы ар кандай кырсыкта компенсация төлөнүшүн билдирбейт. Кырсык болгон учурда камсыздандыруу компаниясы текшерүү өткөрүп, келишимде көрсөтүлгөн же көрсөтүлбөгөн шылтоолор менен каражат бөлүп бербегенге аракет кылат. Кээде жеке тарап менен компаниянын ортосунда талаш жаралып, соттошууга чейин барышат.

Мунун жаркын мисалын жер-жерлерде болуп жаткан акимдер менен жарандардын жолугушуусунда болгон окуядан көрүүгө болот. Тагырак айтканда, бир жаран унаасы камсыздандырылганын, бирок унаасы өрттөнүп кеткени үчүн камсыздандыруу компаниясы каражат бөлүп бербегенин айтып арызданды. Ошол эле маалда, камсыздандыруу компаниясынын өкүлү ал жаран ОСАГО алып, бирок КАСКО албаганын, ошондуктан каражат берилбегенин билдирди. Башкача айтканда, ал жаран унаасын стандарттык камсыздандыруудан тышкары өрттөн кошумча камсыздандырышы зарыл болгон.

Арийне кырсыктын кошумча түрлөрү, аларга кошумча төлөмдөр арбый берет. Анын натыйжасында элдин жон терисинен алынган каражаттар камсыздандыруу компанияларын байыта берет. Бул кудум кошумча милдеттүү салыкка окшош. Бул тууралуу ЖК депутаты Дастан Бекешов да парламенттеги жыйын учурунда билдирди: «Адамдар ОСАГО үчүн кошумча салык төлөгөндөй эле акча төлөп жатышат. Жол кырсыгы болгондо жол инспекторлору да, камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү да келет, бирок жыйынтыгында көп учурда камсыздандыруу каражаты жаранга төлөнбөй, кырсыкка катышкан эки унаа тең айып короого жеткирилет. Албетте, адамдарда “биз акчаны эмне үчүн төлөп жатабыз?” деген суроо жаралат».

Исламда шариятка тескери келген ар кандай салык же төлөм зулум болуп эсептелет. Учурдагы камсыздандыруу амалы шариятка каршы келет. Анткени, Исламда белгисиздик үстүндө алдын ала келишим түзүүгө тыюу салынган. Андан тышкары бүгүнкү камсыздандыруу жараяндарынын маңызы кырсык болгондо адамдарга жардам көрсөтүүгө эмес, тескерисинче алардын эсебинен каражат өндүрүүгө негизделген.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button