Роя гезити

Йемендеги деңиз порттору: таасирдүү адамдардын коррупциясынан жана малайлардын тирешинен пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкка чейин

Йемендеги деңиз порттору: таасирдүү адамдардын коррупциясынан жана малайлардын тирешинен пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкка чейин

Йемендеги деңиз порттору Кызыл деңизде, Аден булуңунда жана Араб деңизинде жайгашкан өзгөчө стратегиялык орду менен айырмаланат. Алар, өзгөчө Йемен эли үчүн жана жалпы Ислам үммөтү үчүн өтө чоң байлык болуп эсептелет. Анткени портторго болгон көз караш эң оболу Исламий көз караштан келип чыгышы керек. Себеби туура көз караш жалгыз ушул гана. Бул байлыктар бардык табигый байлыктар сыяктуу эле мусулмандардын умумий мүлкү болуп саналат. Буга Расулуллахтын ﷺ төмөнкү сөзү далил болот:

«الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: فِي الْمَاءِ وَالْكَلَأِ وَالنَّارِ، وَثَمَنُهُ حَرَامٌ»

«Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто. Аларды сатуудан түшкөн акы арам». Ибн Маажа риваят кылган.

Ошондой эле Расулуллахтан ﷺ мухажирлерден болгон бир киши риваят кылган хадисте:

«الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: الْمَاءِ وَالْكَلَأِ وَالنَّارِ»

«Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто». Абу Дауд риваят кылган.

Алимий өкмөтүнүн коррупциясы жана тараптардын бул порттор үчүн болгон тиреши Йемен портторун мусулмандар үчүн пайдасы тийбеген колонизаторлук байлыкка айлантты. Бул болсо пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети жоктугунун табигый натыйжасы гана.

Ошондуктан, шарият боюнча бул портторду чет элдик же жергиликтүү компанияларга менчиктештирүү арам. Ушул негизге ылайык, алар бардык мусулмандардын мүлкү бойдон калышы керек. Мамлекет болсо аларды башкарып, кирешелерин раияттардын (жарандардын) муктаждыктарына жумшоосу зарыл. Алар коррупция системасынын колундагы куралга айланып калбашы керек.

Йемен дүйнөдөгү эң маанилүү суу жолдорунун айрымдарын көзөмөлдөгөн аймакта жайгашкандыктан, бул порттор жөн гана соода объектилери эмес, саясий жана аскерий күчтүн куралы болуп саналат. Дал ушул маанилүүлүгүнөн улам, жаңжал тараптары Йемен элине кам көрүү жана алардын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн эмес, өздөрүнүн колонизатор каапыр кожоюндарына кызмат кылуу жана бийликте калуу үчүн бул портторду көзөмөлдөөгө умтулушууда.

Рашад Алимий өкмөтү коррупция жана малайлык системасынын бир бөлүгү болуп саналат. Ал өлкөнүн байлыктарын колонизатор каапырдын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылдырган күнөөкөр режим. Мунун баары Йемендин эл аралык соодадагы ордун күчөтүү деген шылтоо алдында жүргүзүлүүдө. Йемендин транспорт министри: «Министрликтин көз карашы Аден порту менен гана чектелбейт. Тескерисинче, ал Хадрамауттагы Бурумдан тартып Сокотрадагы Курмага чейин Йемен портторун өнүктүрүүнүн толук картасын камтыйт. Ошондой эле токтоп калган бардык долбоорлорду кайра жандандырууну да өз ичине алат», — деген. (“Аш-Шаркул Авсат” гезити, 27.04.2026).

“Аль-Хурра” каналына атайын булак мындай деген: «Йемен аймактары аркылуу мунай экспорттоонун альтернативалуу жолун түзүү идеясы эрте эле пайда болгон. Анда Хадрамаут же Махра аркылуу өтүп, Араб деңизине чыга турган ири мунай түтүгүн куруу долбоорлору сунушталган. Бул Ормуз кысыгынан алыс коопсуз жолду камсыз кылмак». (“Аль-Хурра”, 22.04.2026).

Ошондой эле “Аш-Шаркул Авсат” сайты 27.04.2026-жылы мындай деп жазган: «Бул багыт өкмөт тарабынан өлкөнүн Араб деңизиндеги жана Аден булуңундагы порттору эл аралык сооданын келечегинде жана араб коңшу мамлекеттерине кызмат көрсөтүүдө маанилүү роль ойной алат деген оптимизмдин шартында жүргүзүлүүдө».

“Аш-Шаркул Авсатта” келген маалыматтардан көрүнүп тургандай, Йемен порттору жергиликтүү сооданын келечеги үчүн эмес, дүйнөлүк сооданын келечеги үчүн кызмат кылууда жана кыла берет. Ал эми силер, эй Йемен эли, силердин үлүшүңөр — зулумдук, жакырчылык жана муктаждык!

Бул иштер жөн гана административдик коррупция эмес. Тескерисинче, бул кылдат даярдалган пландын негизиндеги уюшкан саясат. Булардын баары каапыр кожоюндарынын колундагы пешкалар гана. Алар кожоюндары каалагандай багытташат. Порттор саясий берилгендиктин ордуна чет элдик компанияларга белек катары сунушталууда. Натыйжада алардын кирешелери экономиканы жандандыруунун ордуна таасирдүү адамдардын чөнтөктөрүнө кетүүдө.

Мындан тышкары, айлыктардын токтошу жана ачарчылыктын жайылышы да бар. Мунун бардык баасын Йемен эли төлөп жатат. Ал эми элиталар алтын үйүлгөн дөбөлөрдүн үстүндө отурушат. Алардын кылып жаткан иштери кандай жаман!

Ааламдар Раббисинин шарияты болгон Ислам бизге бул байлыктар тууралуу туура көз карашты көрсөтүп, туура багыт берген. Бирок бул өкүмдөр Аллах биз үчүн ыраазы болгон түзүм т.а. Хизб ут-Тахрир даъват кылып жаткан Халифалык түзүмү тикеленмейинче толук ишке ашпайт.

Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык көлөкөсүндө Йемен порттору тиреш очогунан экономикалык нур чачкан борборго айланат. Себеби алар исламий экономикалык түзүмдүн негизинде башкарылат. Бул түзүмдө порттор умумий мүлк болуп эсептелет жана аларды сатууга же монополия кылууга жол берилбейт.

Бул порттордон түшкөн кирешелер мусулмандардын Байтул Мал казынасына түз барып, адамдардын жашоосуна жакшылык болуп кайтат. Алар ички жана тышкы көз карандылыкты бекемдөө үчүн эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн жумшалат.

Мындан тышкары, бул порттор Халифалык мамлекетинин аскерий күчүнүн бир бөлүгүнө айланат. Халифалык мамлекетинин деңиз флоттору суу жолдорун коргоп, коопсуздукту жана сооданы камсыз кылат. Канчалык күчтүү болбосун, эч бир мамлекет аларды шантаж кыла албайт.

Жөнөкөй айтканда, Халифалык бир гана Йемендин эмес, дүйнөдөгү бардык көйгөйлөрдүн жалгыз чечими. Ал порттор үчүн болгон тирешти Ислам үммөтү үчүн жалпы экономикалык жана коопсуздук пайдасына айлантат.

Коррупцияга жана өз ара согушка баткан Йемен порттору таптакыр башка көрүнүшкө айланат. Бул болсо үммөттүн Ислам роясы астында биригиши менен гана ишке ашат. Ошондуктан Йемен эли үчүн Хизб ут-Тахрир сунуштап жаткан улуу Ислам долбооруна, башкача айтканда пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык долбооруна нусрат берүү ылайыктуу (зарыл).

Аллах Таала айтат:

﴿وَابْتَغِ فِيمَا آتَاكَ اللَّهُ الدَّارَ الْآخِرَةَ وَلَا تَنْسَ نَصِيبَكَ مِنَ الدُّنْيَا وَأَحْسِنْ كَمَا أَحْسَنَ اللَّهُ إِلَيْكَ وَلَا تَبْغِ الْفَسَادَ فِي الْأَرْضِ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْمُفْسِدِينَ﴾

«Дагы Алла, сага берген байлык – дөөлөт менен (оболу) Акырет (жыргалчылыгын) издегин, дүйнөдөн болгон шыбагаңды да унутпагын. Алла сага кайрымдуулук кылган сыяктуу сен да (Алланын пенделерине) кайрымдуулук кыл. Жерде (зордук – зомбулук менен) бузукулук кылууга аракеттенбе. Албетте Алла бузуку кишилерди сүйбөйт…» (Касас: 77)

Роя гезити

Устаз Сулайман аль-Мухажирий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button