Басма сөз

Курман айтыңыздар куттуу болсун!

Курман айтыңыздар куттуу болсун!

Аллоху акбар, Аллоху акбар, лаа илааха иллаллох, Аллоху акбар, Аллоху акбар ва лиллахил хамд.

Бүткүл Ислам үммөтүн, анын ичинде Кыргызстан мусулмандарын, ажылык парзын өтөө үчүн Байтул-Харамда жүргөн ажыларыбызды, Исламий жашоону кайта алып келүү үчүн даъват алып барып жаткан боордошторубузду Курман Айт майрамы менен куттуктайбыз.

Бул жылдагы Курман айт Ислам үммөтү жер жүзүнүн ар бир бурчунда колонизаторлордун зулумун жон териси менен сезип жаткан учурга туш келди. Газа жана мубарек Палестин жеринде яхудий баскынчылар эч кандай жоопкерчилик тартышын билбегендиктен, каалаган кылмышын жасап жатат. Индия жана Кашмир мусулмандары бутпарас бийликтин азабын татып жатат. Мушрик Кытай өкмөтү болсо Түркистан аймагын мусулмандар үчүн ачык абакка айландырды. Америка Суданда Британия жана Европанын таасирин сүрүп чыгуу үчүн миңдеген мусулмандын канына забын болду, миллиондогону качкынга айланды. Ал эми, текебер Трамптын Иранга кол салуусу Ормуз кысыгынын жабылышына алып келди. Анын натыйжасында дүйнө энергетикалык кризистин босогосунда турат.

Албетте, үммөт мындай азап-тозоктон улуттук чек араларды жоюп, биригүү аркылуу жана Ислам шариятын турмушта колдонулушун кепилдей турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана кутулат. Анткени, Ислам жерлери дүйнөлүк мунай запастарынын болжол менен 65%ына ээлик кылат. Бул болсо мусулман жерлериндеги керектөөнү ашыгы менен камсыздайт. Ошондой эле, Ислам өлкөлөрү дүйнөлүк мунай ташуучу 7 негизги деңиз жолунун бешөөнү көзөмөлдөйт. Алардын катарына Ормуз кысыгы, Бабул-Мандеб, Суэц каналы, Босфор кысыгы жана Малакка кысыгы кирет. Бул аларга чоң экономикалык жана геосаясий салмак берет. Ал эми, мусулмандар бириксе дүйнөдөгү эң ири аскерий күчкө айланат. Катардагы жана резервдеги аскерлердин саны 25 миллионго жетет. Бул учурдагы ири державалардын армияларынан бир нече эсе көптүк кылат. Ал эми, Ислам өлкөлөрүнүн аймактары 15 миллион чарчы чакырымга созулат. Мусулмандардын саны болсо эки миллиардга жетет (дүйнө калкынын 26%ына жакыны). Орточо жаш курагы 24 жаштын айланасында болуп, бул дүйнөдөгү эң динамикалуу эмгек күчүн түзөт.

Ажылык үммөттүн мына ушул биримдик күч-кубатын эстетүүчү ырасым. Ал биздин бөлүнүү үчүн эмес, бир үммөт болуу үчүн жаратылганыбызды жыл сайын эстетет. Анткени миллиондогон мусулмандар бир денедей болуп, тартип, ихлас жана бирдиктүү максат менен кыймылдашат.

Курмандык — ажылык чагылдырган экинчи улуу баалуулук. Бул баалуулук кылымдар бою уланып келе жатат жана анын тамыры Аллахтын пайгамбары Ибрахимге (а.с) барып такалат. Ал эң улуу курмандык жана ихлас үлгүсүн көрсөткөн. Ажылардын абалы да ушундай. Алардын курмандыгы Меккеге жеткенге чейин эле башталат: иштерин, үй-бүлөсүн ташташат жана чоң каржылык чыгымдарды көтөрүшөт. Ал эми Меккеге жеткенден кийин курмандык мындан ары да уланат. Алар күйдүргөн күндүн астында ибадаттарды аткарышат. Буга аларды бир гана Аллахка болгон сүйүү жана Ага моюн сунуу түртөт. Андан соң курмандык чалып, чачтарын алышат. Бул Аллахка болгон берилгендикти жана Андан башкасына муктаж болбоо түшүнүгүн жаңылоонун белгиси болуп саналат. Ошондуктан мусулмандар Аллах Тааланын жолунда курмандык кылуудан эч качан тартынбашы керек.

Пайгамбардын ﷺ Бану Хашим өрөөнүндөгү курчоодо болгон күндөрү, Исламдагы алгачкы шахид болгон Сумайя (р.а) Хандак согушундагы сахабалардын бекемдиги, Константинополдун дубалдарынын жанында көмүлгөн Абу Айюб ал-Ансарийдин абалы Рисалатты көтөрүүчүлөргө ушундай эле курмандыкты талап кыларын эстетет. Мисалы, үммөттү алсыраткан саясий бөлүнүү курмандыксыз жоюлбайт. Колонизаторлор чийген жасалма чек аралар курмандыксыз ачылбайт. Зулум башкаруучулар курмандыксыз кулабайт. Фарздардын таажысы болгон Халифалыкты тикелөө да курмандыксыз ишке ашпайт.

Ошондуктан үммөт өз ойгонушун ишке ашыруу жолунда курмандык кылып, ихлас көрсөтүшү жана дайыма Аллах Субханаху ва Тааланын ыраазылыгын табууга умтулушу керек. Дүйнөдөгү жеңиш жана акыреттеги ажыр-сыйлык бул чакырыкка жооп бергендерди күтүп турат.
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да иерсенн шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) каапырлык кылса, демек алар баш ийбес адамдар». (Нур: 55).

Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

26.05.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button