Качан армияларыбыз Палестина аялдарын коргоо үчүн кыймылга келет?!

Качан армияларыбыз Палестина аялдарын коргоо үчүн кыймылга келет?!
Палестиналык Туткундар коому баскынчы күчтөр басып алган аймактын ичиндеги Дамон түрмөсүндө кармалган аял туткундарга каршы кылмыштарын күчөткөнүн, айрыкча системалуу түрдө жүргүзүлгөн кысым операциялары күчөгөнүн билдирди. Билдирүүдө Дамон түрмөсү мындай операциялар эң көп кайталанган түрмөлөрдүн бири экени, анда жалпысынан 88 аял туткун кармалып турганы, алардын айрымдары тергөө жана убактылуу кармоо борборлорунда экени айтылды.
Ошондой эле билдирүүдө баскынчы түрмөлөр башкармалыгына караштуу жазалоочу бөлүктөр 2026-жылдын март жана апрель айларында кеминде он жолу кысым операциясын жүргүзгөнү, алардын жүрүшүндө аял туткундарды катуу сабап, жерге жатууга мажбурлап, колдорун артына байлап, атайылап ошол абалында зомбулук көрсөтүшкөнү, натыйжада алардын айрымдары ар кандай жаракаттарды алгандыгы белгиленди.
Берекелүү Палестина жеринин азат аялдары туткунга айланган ушундай кейиштүү абалы жана яхудийлердин аларга каршы кылган кылмыштары тууралуу Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар бөлүмү чыгарган басма сөз баянатында мындай деп айтылды:
«Бул денени зыркыраткан жана акылга сыйбаган көрүнүш. Кантип мусулмандардын азат аялдары туткунга алынып, кордолуп, кыйноого кабылып жатса, үммөт жана анын армиялары муну билип туруп, аларды куткаруу үчүн, алардын өчүн алууга каны кайнабайт?!»
Билдирүүдө Палестинанын азат аялдарынын яхудий түзүмүнүн түрмөлөрүндө тарткан азаптары Ислам үммөтүнүн армиялары үчүн уят экендиги баса белгиленип, мындай деп айтылган:
«Баскынчылардын түрмөлөрүндө кармалып жаткан эже-карындаштарыбыз дуушар болуп жаткан азаптар Ислам үммөтүнүн жүзүнө түшкөн так жана аларды куткаруу үчүн аракетке келбеген бардык мусулман армияларынын маңдайындагы уят белгиси болуп саналат».
Билдирүүдө ошондой эле бул окуялардын негизги себеби мусулмандар үчүн коргоочу калкан жана бекем чеп болгон Халифалык мамлекетинин жоктугу экени баса белгиленип, мындай деп айтылды:
“Эгер мусулмандардын мамлекети жана имамы болгондо, мусулмандардын азат аялдары мындай абалга туш болмок эмес. Абу Хурайрадан риваят кылынган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ
«Чындыгында, Имам – бул калкан. Анын артында туруп согуш жүргүзүлөт жана аны менен коргонулат».
Демек, мусулмандардын имамы үммөттүн уул-кыздарынын калканы болуп саналат”.
Ал эми Аллахтын макулуктарынын эң коркогу болгон яхудийлер берекелүү жердин элине каршы ушунчалык ашынып, өлтүрүү, жарадар кылуу, камоо, кыйноо, түрмөгө салуу, кордоо, көчүрүү сыяктуу ыплас иштерин тайманбай калышынын себеби тууралуу баянатта мындай деп айтылды:
«Бирок яхудийлер мусулман башкаруучулары үммөттү жана анын армияларын тосуп, аларды Палестинага жана анын элине жардам берүүдөн эң оор учурларда да, эң катуу муктаждык мезгилдеринде да кармап турганын көргөндөн кийин, эмне кылышса да алардын чек араларын жана түзүмүн коргогон, үммөт менен анын армияларынын колун байлап турган сакчылар бар экенине ишенип калышты. Ошондуктан башкаруучулардын тактары дагы эле туруктуу турганын көрүп турушканда, алар үммөттүн же анын армияларынын реакциясына таптакыр маани бербей калышты».
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар бөлүмү өзүнүн басма сөз баянатында Палестинанын эркек жана аял туткундарына жардам берүү, берекелүү жерди яхудийлерден тазалоо, мындан тышкары бардык басып алынган исламий жерлерди бошотуу жана зулум көргөн мусулмандарга жардам берүүнүн чечимин баяндоо менен жыйынтыктап, мындай деди:
«Өзгөрүүнүн башталышы жана ага алып баруучу жол мусулмандардын көкүрөгүнө отуруп алган башкаруучуларды четтетүүдөн башталат. Андан соң үммөт үчүн бир гана рошид халифага байъат берилет. Ал үммөттү жана анын армияларын динди тургузууга, кыйналгандарга жардам берүүгө, Палестинаны жана мусулмандардын басып алынган башка жерлерин азат кылууга жетектейт. Оо мусулмандар, биз силерди ушуга чакырабыз. Шашылгыла, шашылгыла!
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَن يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Алла жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси». (Рум: 4–5).
Роя гезити




