Комментарий

Трамптын Иран менен келишимге жетишкенин жарыялоосу – Американын алсыздыгынын далили

Трамптын Иран менен келишимге жетишкенин жарыялоосу – Американын алсыздыгынын далили

Америкалык Axios сайтынын маалыматына ылайык, Америка менен Иран төмөнкүлөрдү камтыган өз ара түшүнүшүү меморандумуна жетишти: «Ливанды кошкондо бардык фронттордо душмандык аракеттерди дароо жана туруктуу токтотуу».

Меморандумда Ормуз кысыгын дароо кайра ачуу жана өтүү үчүн төлөмдөрдү киргизбөө каралган. Мунун ордуна Иранга карата америкалык санкциялар акырындык менен жеңилдетилет жана Иранга мунай сатууну кайра жандандырууга мүмкүндүк берүүчү 60 күндүк убактылуу санкциялык жеңилдиктер берилет. Иранга карата санкциялардын жеңилдетилиши анын келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди канчалык деңгээлде аткарганына байланыштуу болот.

Ошондой эле келишим Ирандын байытылган уран запастары маселесин жөнгө салуу үчүн алкактык негизди камтыйт. Бирок өзөктүк программага байланыштуу кандайдыр бир практикалык кадамдар мындан да кеңири жана деталдуу экинчи келишимге жетишилгенден кийин гана ишке ашырылат.

Өз кезегинде Иран бул түшүнүшүү меморандумуна ылайык Ормуз кысыгы үстүндөгү эгемендигинен баш тартпай турганын баса белгиледи. Ирандын IRNA агенттиги: «Иран бул текстте кысыкты башкаруудан баш тартуу же Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранга каршы аскерий агрессиясына чейинки абалга кайтуу боюнча эч кандай милдеттенме албайт», – деп билдирди.

Axios билдиргендей, Трамптын келишимге жетишилгенин жарыялашы Нетаньяху өкмөтү үчүн күтүүсүз болду. Анткени акыркы күндөрү ал сүйлөшүүлөрдүн майда-чүйдөсүнөн кабарсыз калып, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат алуу үчүн Трамп администрациясына жакын өнөктөштөр менен байланышууга мажбур болгон.

Маалыматтарга караганда, жакынкы күндөрү АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс келишимге кол коюу аземине катышуу үчүн Женевага барышы күтүлүүдө.

Комментарий:

АКШ президенти Трамптын Иран менен келишимге жетишилгенин жарыялоосу акыркы күндөрү Иранга каршы жасалма түрдө уюштурулган аскерий чыңалуунун толкунунан кийин болду. Мунун максаты – келишимди басым өткөрүү позициясынан түзгөнүн, согуштагы максаттарына жеткенин жана бул келишим Америка үчүн чоң жетишкендик экенин көрсөтүү болчу. Ошондой эле ал бул келишимди 2015-жылы Обама Иран менен түзгөн, ал эми Трамп 2019-жылы жокко чыгарган келишимден жакшыраак экенин көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок бир нече күндөн кийин кол коюлушу күтүлүп жаткан келишимдин меморандумун кылдат изилдеген адам анын негизинен толук келишим эмес экенин көрөт. Ал болгону жалпы алкактык келишим болуп, аны толук жана ар тараптуу келишимге айландыруу үчүн оор жана деталдуу сүйлөшүүлөр талап кылынат.

Меморандумдагы жоболорду кылдат караган адам Америка согуш аркылуу көздөгөн максаттарынын бирине да жетпегенин байкайт. Анткени Иран өз талаптарынын биринен да баш тарткан жок. Америка болсо өзү катуу талап кылып келген бир дагы пункт боюнча Иранды багындыра алган жок. Иран Америка жарыялагандай багынып берген жок, андагы башкаруу режими өзгөргөн жок, байытылган уранды Америкага өткөрүп берүүгө макул болгон жок, Ормуз кысыгын башкаруудагы ролунан баш тарткан жок, Ливан, Ирак жана Йемендеги өнөктөштөрү жана союздаштары менен байланыштарын үзгөн жок, ошондой эле өзүнүн ракеталык арсеналын талкуулоого же ал боюнча сүйлөшүүгө да макул болгон жок. Башкача айтканда, бул меморандумга ылайык Иран Америка андан талап кылган нерселердин биринен да баш тарткан жок. Натыйжада Америка бул меморандумда өз күн тартибиндеги бир да маселени Иранга таңуулай албаган, алсыз абалдагы улуу держава катары көрүндү. Тескерисинче, ал Ирандын талаптарынын көбүн кабыл алууга аргасыз болду. Бул болсо Американын эл аралык аренадагы ордун стратегиялык жактан олуттуу төмөндөшүнүн ачык көрсөткүчү болуп саналат.

Ал эми яхудий түзүмү америкалык консультациялардан толугу менен четтетилип, саясий жактан обочолонгон тарап катары көрүндү. Иранга каршы чабуул иран режимин өзгөртө албагандан кийин, ал өзүнүн күч рычагдарынын көбүн жоготкону айкын болду. Натыйжада Америка аны сүйлөшүүлөргө катыштырууга, атүгүл сүйлөшүүлөрдүн деталдары менен тааныштырууга да муктаж болбой калды. Ал тургай, яхудий түзүмү Америка менен Ирандын сүйлөшүүлөрү тууралуу маалыматтарды Ак үй менен байланышы бар жакын адамдары аркылуу аңдып жүрүп чогултууга аргасыз болгон абалга түштү.

Бул согуш Американын саясий жана аскерий күчүндөгү ачык алсыздыкты ашкереледи. Орточо көлөмдөгү мамлекеттерде жетиштүү эрк жана чечкиндүүлүк болсо, алар өздөрүндөгү чектелүү мүмкүнчүлүктөр менен да Америкага каршы тура алары, анын буйругунан чыга алары, ал тургай ага каршы чыгып, анын кызыкчылыктарына сокку ура алары айкын болду. Ошондой эле алар тышкы саясатында чыныгы көз карандысыздык жолуна түшүп, өздөрүнүн чыныгы кызыкчылыктарын Американын үстөмдүгүнөн жана зомбулук саясатынын таасиринен чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги көрүнүп калды.

Ахмад Ал-Хатвани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button