Саясий

Судандагы кырдаал жана Американын максаттары

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроожооп

Судандагы кырдаал жана Американын максаттары

Суроо: Акыркы мезгилде Судандын түштүк-борбордук бөлүгүндөгү Түндүк Кордофан штатында Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы салгылашуулар туу чокусуна жетти. (Аль-Арабия Аль-Жадид, 07.28. 2026). Операциялар үч жылдан ашык убакыттан бери дагы эле уланууда, айрыкча Ыкчам колдоо күчтөрү 2025-жылдын 26-октябрында Эль-Фашерди көзөмөлгө алып, армия андан чыгып кеткенден кийин. АКШнын элчиси Массад Булос тарабынан 2026-жылдын 20-июнунда сунушталган үч айлык элдешүү келишимин түзүү боюнча америка сунушу ал салгылашуулардын күчөшүн басаңдаткан жок. Ошондуктан Судандагы окуялар кайда баратат? Америка сунуштаган чечим менен эмнеге жетүүнү көздөйт? Жана ага жакында жетишүүгө болобу? Аллах сизге жакшылыктарды берсин.

Жооп: Жогорудагы суроолорго жоопту тактоо үчүн төмөнкүлөрдү карап чыгабыз:

1. Ыкчам колдоо күчтөрү 2025-жылдын 2-февралында Кениянын борбору Найробиде Судандын конституциялык документине кол коюшкан. Андан кийин Суданды Негиздөөчүлөр Альянсы расмий түрдө түзүлгөн. Бул альянс (коалиция) 2025-жылдын 26-июлунда, ишемби күнү, өлкөдөгү расмий бийлик органдарына параллелдүү өкмөт түзүлгөнүн жарыялаган. (Коалициянын басма сөз катчысы Алаа Эль-Дин Накд Түштүк Дарфур штатынын борбору Ньяладан X платформасы аркылуу жасаган билдирүүсүндө коалициянын жетекчилик органы жыйын өткөрүп, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн башчысы Мухаммад Хамдан Дагло Хамидти жетектеген 15 мүчөдөн турган президенттик кеңеш түзүү чечимин кабыл алганын жана SPLM-Түндүктүн лидери Абдуль Азиз аль-Хилу ага орун басар болуп бекитилгенин, Мохамед Хасан аль-Таайши премьер-министр болуп дайындалганын жарыялады… (Аль-Жазира, 07.27. 2025).

2. 2025-жылдын 26-октябрында Ыкчам колдоо күчтөрү 2024-жылдын май айынан бери курчоого алып келген Судандын батышындагы Түндүк Дарфур штатынын борбору Эль-Фашерди өз көзөмөлүнө алганын жарыялашты. Бул шаар Ливия, Чад жана Дарфур аймагынын батыш шаарлары менен чектешкендиктен стратегиялык жактан маанилүү жерде жайгашкан. Ошондой эле, ал Дарфур султандыгынын (1604-1874) тарыхый борбору болгондугунан тышкары административдик жана саясий борбор болуп саналат, бул ага башкаруу жактан символикалык маани берет. Бул Судан өкмөтүнө паралелдүү өкмөт түзүүдө бул шаарга көзөмөл жүргүзүү чоң символикалык маани берет. Ыкчам колдоо күчтөрү жекшемби күнү бир жылдан ашык убакыттан бери курчоодо турган Эль-Фашер шаарын өз көзөмөлүнө алганын жарыялашты. Бул окуя Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфурдун беш штатынын баарын көзөмөлдөөнү күчөткөнүн билдирет. Өлкө иш жүзүндө экиге бөлүнгөн: чыгыш бөлүгү Судан армиясынын көзөмөлүндө, ал эми батыш бөлүгү Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүндө. (Аль-Жазира, 28.10. 2025). Эль-Фашер Дарфурдагы беш штаттын ичинен Ыкчам колдоо күчтөрү али көзөмөлдөй элек жалгыз штат болгон.

3. Ошентип, Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфурду көзөмөлдөгөндөн кийин, Американын бир топ убакыттан бери даярдап келген Дарфурду Судандан бөлүү планы ишке ашты. Судан армиясы бул тенденциянын ишке ашышына салым кошту, анткени ал системалуу кыйроолордун жана жай тургундардын өлтүрүлүшүнүн алдын алуу шылтоосу менен шаардан чыгып кетерин жарыялады, ал эми бул планды ишке ашыруу үчүн ал шаарды Американын көрсөтмөсү же буйругу менен Ыкчам колдоо күчтөрүнө өткөрүп бергени белгилүү. Биз муну 2025-жылдын 3-ноябрында берген жообубузда абдан ачык айттык, анда мындай деп айтылган: Америка Вашингтондо эки малайынын делегациясын чогултканы төмөнкүнү тастыктайт: Кечээ, бейшемби күнү, дипломатиялык кызматкер төрттүк өлкөлөр (АКШ, Сауд Арабиясы, БАЭ жана Египет) бүгүн Вашингтондо Судан армиясынын жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тарапты үч айга созулган гуманитардык элдешүүгө түртөөрүн ырастады. Мунун максаты ок атышууну токтотууну бекемдөө жана гуманитардык жардамдын жарандарга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн бирдиктүү кысым көрсөтүү экенин айтты, (Al Arabiya, 10. 24. 2025). Бул Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Эль-Фашерге чабуул коюусу жана Судан армиясы андан чыгып кетүү убактысы Вашингтондогу жолугушууга дал келиши стратегиялык шаарды Ыкчам колдоо күчтөрүнө өткөрүп берүү чечими Вашингтондо кабыл алынганын жана судандык эки тарап аны дароо эле жер-жерлерде, башкача айтканда, эки күндөн кийин ишке ашыра баштаганы жана натыйжа үчүнчү күнү жетишилгени бул Америка ишарты экенин шексиз көрсөтүп турат. (цитата бүттү).

4. Ыкчам колдоо күчтөрү 2025-жылдын 26-октябрында Эль-Фашерди көзөмөлгө алгандан кийин, параллель өкмөттүн Президенттик кеңеши 2026-жылдын 1-июнунда өткөөл мезгилде улуттук коопсуздук жана коргонуу иштерин башкарууну уюштуруу максатында бирдиктүү улуттук армия, коопсуздук, коргонуу жана чалгындоо боюнча чечимдерди жарыялады. (Sky News Arabia, 01.06.2026). Мунун баары Американын Эль-Фашерди Ыкчам колдоо күчтөрүнө өткөрүп берүүнү көптөн бери пландап келгенин көрсөтүп турат. Кыязы алар жөн гана муну жасоо үчүн ылайыктуу убакытты жана жагдайды күтүп жатышкан. Америка Найроби документи аркылуу, параллель өкмөттү жарыялоо, министрликтерди дайындоо жана армия менен чалгындоо чечимдери алкагында этап-этабы менен пландуу мамлекет куруу менен Суданды катуу көзөмөлдөгөн түрдө бөлүү стратегиясын ишке ашырып жатканы айдан ачык. Сүдандын батышында түзүлө турган уюмдун конституциялык түзүлүшү алгач Найроби документи менен калыптанган. Андан кийин Хамидти башында турган параллелдүү өкмөттү түзүү жана Аль-Таайшини премьер-министр кылып дайындоо, андан кийин министрликтер жана банк системасы боюнча чечимдер кабыл алуу аркылуу дүйнөгө бул түзүлүштүн саясий институтташуусун жарыялады. Болгону, борбору Ньяла болгон параллель өкмөттү символикалык мааниге ээ жана дагы эле мамлекеттин административдик жана саясий борборун түзгөн Эль-Фашерге көчүрүү гана калды.

5. Андан кийин Американын жаңы сунушу 2026-жылдын 20-июнунда АКШ президентинин араб жана африкалык иштер боюнча өкүлү Массад Булос аркылуу жарыяланып бул “өзгөрүлбөс чечимге” баш ийүү сунушталды. Судан өкмөтүнө жазган жаңыланган макаласында ал: 90 күндүк жалпы улуттук гуманитардык ок ​​атышууну жарыялоо, Гуманитардык жардамды жеткирүүнү жана анын муктаж болгондорго жетүүсүн жеңилдетүү, ошондой эле жарандарды, инфраструктураны, мекемелерди жана коомдук кызматтарды коргоо жана оңдоого чакырган. Ошондой эле, документте гуманитардык жардамды жеткирүүнү жеңилдетүү, жарандарды коргоо, жер которгон адамдардын кайтып келиши үчүн шарттарды түзүү, келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн координациялык комитетти түзүү жана ок атышууну токтотуу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай талаш-тартыштарды көзөмөлдөө жана чечүү механизмдери үчүн Африка Биримдиги жана Араб мамлекеттеринин лигасынын катышуусу менен БУУнун механизмин түзүү) сунушталган. Ошондой эле, документте (ок атышууну токтотуу мөөнөтүнөн туруктуу ок атышууну токтотуу мөөнөтүнө жетүү жана жарандык жетекчилик кылган өткөөл процессти баштоо үчүн пайдалануу) чакырыгы камтылган. Анда туруктуу ок атышууну токтотуу жана ага байланыштуу коопсуздук чараларын сүйлөшүү, анын ичинде зарыл болгон учурда күчтөрдү чыгарып кетүү жана кайра жайгаштыруу боюнча чараларды көрүү, биринчи этапта Түндүк Дарфур жана Түндүк Кордофан штатарына артыкчылык берүү, БУУнун механизмине ылайык, куралсыздандыруу, демобилизациялоо жана кайра интеграциялоо программаларын ишке ашыруу, лагерлерде күчтөрдү чогултуу жана башка тиешелүү чаралар каралган. Документте көз карандысыз шайланган жарандык өкмөткө отчет берүүчү бирдиктүү улуттук армияны сактоо жана БУУнун механизминин негизинде эл аралык байкоочуларды жайгаштыруу да каралган.

6. Гуманитардык жардам жеткирүү шылтоосу менен, Американын сунушу камтыган ок атышууну токтотуу сунушу, Ыкчам колдоо күчтөрү сыяктуу сепаратисттик козголоңчуларга келгенде, сунуш алардын түзүлүшүн кандай болсо ошондой тааныйт. Ошо сыяктуу эле, документе (күчтөрдү чыгарып кетүү жана кайра жайгаштыруу боюнча чараларды көрүү сыяктуу коопсуздук чаралары) жөнүндө сөз болгондо, ал Ыкчам колдоо күчтөрүнүн бар экендигин жана анын туруктуу калышын тастыктайт жана аларды жоюп жиберүү жөнүндө сөз кылуудан качат. Тескерисинче , ал Ыкчам колдоо күчтөрүн кайра жайгаштыруу жөнүндө сөз кылганда анын туруктуу калышын кыйыр түрдө талап кылат. Анда өлкөнүн армиясын бөлүп жарууну көздөгөндөрдү Ыкчам колдоо күчтөрү сыяктуу теңештирилген. Документте гуманитардык жардамды жеткирүүнү жеңилдетүү, жарандарды коргоо жана жер которгон адамдардын кайтып келиши үчүн шарттарды түзүү деген шылтоо менен чектелген аскердик чегинүүлөргө чакырык ташталган. Бул аскерий күчтөрдүн туруктуу сакталып калышын тастыктайт. Бул документе: 90 күндүк жалпы улуттук гуманитардык ок ​​атышууну токтотуу талабы Ыкчам колдоо күчтөрүнүн бар экендигинин жана үстөмдүгүнүн мыйзамдуулугун ырастайт. Документе ок атышууну токтотуу мөөнөтүнөн туруктуу ок атышууну токтотуу мөөнөтүнө жетүү жана жарандык жетекчилик кылган өткөөл процессти баштоо үчүн пайдаланууга чакырганда, ал Ыкчам колдоо күчтөрүн сепаратисттик жана козголоңчу күчтөр деп айткан жок, тескерисинче, Суданды бөлүү үчүн анын сепаратисттик өкмөтүн мойнуна алып жатат.

Маалымат үчүн айта кетейин, Американын акыркы сунушу жаңы эмес, бул эски сунуш, төрттүк атынан (Америка, Сауд Арабиясы, Египет жана БАЭ) берилген Американын сунушунун жаңыртылышы. Булар 2025-жылдын 12-сентябрында үч айлык гуманитардык элдешүүгө, туруктуу ок атышууну токтотууга чакырышкан.

7. 2026-жылдын 20-июнунда келип түшкөн акыркы Америка сунушуна 2026-жылдын 25-июнунда Судандын жообунун чоо-жайы кеч жарыяланган. Al Jazeera каналы 2026-жылдын 10-июнунда Судандын расмий булактарына шилтеме берип, өкмөттүн акыркы америка сунушуна болгон жообу тууралуу кабарлаган. Бул булактардын айтымында, жооп (өкмөттүн согушту сүйлөшүүлөр аркылуу токтотуу жана 90 күндүк гуманитардык элдешүү келишимин түзүү боюнча милдеттенмесин жаңыртты, бул шартта Ыкчам колдоо күчтөрү 2023-жылдын 11-майынан бери көзөмөлдөп келген бардык шаарлардан чыгып кетиши керек). Бул эки тарап Америка-Сауд Арабиясынын колдоосу астында Жидда декларациясына кол койгон күн. Жооп чаралары төмөнкүлөрдү камтыган: Судандын биримдигин жана анын аймагынын бүтүндүгүн камсыз кылуу, Судандын Куралдуу Күчтөрүн бирдиктүү улуттук армия катары сактоо жана ага бардык аскердик түзүлүштөрдү интеграциялоо, анын иштерине чет элдик кийлигишүүнү токтотуу жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн куралдуу топторун курал-жарак жана жалданма аскерлер менен колдоону токтотуу. Судан өкмөтүнүн жообунун экинчи бөлүгү шаарлардан Ыкчам колдоо күчтөрүн чыгарып, аларды үч этапта белгилүү бир жерлерге кайра топтоону камтыган: Биринчиси 30 күндүн ичинде ишке ашырылат жана Көк Нил аймагынан, Түндүк Кордофан штатынан жана Түндүк жана Борбордук Батыш Дарфурдан аскерлерди чыгарып кетүүнү камтыйт. Экинчи фаза биринчи фаза аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде башталат, анда Ыкчам колдоо күчтөрү Батыш Кордофан жана Түштүк Дарфур штаттарынын шаарларынан чыгып кетишет. Үчүнчүсү: экинчиси ишке ашырылгандан кийин 30 күндүн ичинде башталат жана Чыгыш жана Түштүк Кордофан штатарынан чыгып кетүүнү камтыйт. Топтоло турган жери катары Кауда аныкталган, ал Абдель Азиз аль-Хилунун жетекчилиги астындагы Судан элдик боштондук кыймылынын (SPLM-N) таянычы жана ал Ыкчам колдоо күчтөрү (RSF) менен союздаш. Жооптун үчүнчү бөлүгүндө эркин жана адилеттүү шайлоолор өткөрүлгөнгө чейин улана турган жарандык өткөөл өкмөткө алып келүүчү Судан менен Судандын ар тараптуу диалогу аркылуу саясий процессти жүргүзүү камтылган. Судан өкмөтү Ыкчам колдоо күчтөрү басып алган шаарларынан чыгып, андан кийин белгилүү бир жерлерге кайра жайгашуусун талап кылышы алардын бар экендигин моюнга алуу жана аларды жоюп жиберүүдөн баш тартуу болуп саналат. Белгилей кетүүчү нерсе, Ыкчам колдоо күчтөрү өкмөт аны чыгып кет десе же сүйлөшүүлөр боюнча андан талап кылса ал оңой-олтоң эле чыгып кетпейт, болбосо алар козголоң чыгарып, жийиркеничтүү иштерди жасашмак эмес. Ал өзү жасаган кылмыштарды жасап, миллиондогон адамдардын зыянга учурашына жана жер которушуна алып келген иштерди кылмак эмес.

Маселени аскердик күч колдонуп, аны толугу менен жок кылууга бекем чечкиндүүлүк менен гана чечүүгө болот.

8. Трамптын араб жана африкалык иштер боюнча улук кеңешчиси Массад Булос тарабынан 20-июнда Каирде жарыяланган бул планды эске алсак, бул ок атышууну токтотуу пландары жана мурункулары чындыгында АКШнын Дарфурду Судандан бөлүү планына кызмат кылат. Башкача айтканда, Америка Кошмо Штаттары тарабынан азырынча сунушталган пландар эки нерсени көздөйт: Биринчиси, Ыкчам колдоо күчтөрүн сүйлөшүү столунда отурган административдик түзүмгө жана саясий программага ээ болгон судан өкмөтүнө параллелдүү саясий түзүлүш катары көрсөтүү. Экинчиден, Америка Кошмо Штаттары өзү сунуштаган ок атышууну токтотуу келишимдери аркылуу Судан армиясынын Эль-Фашерди кайра басып алуусуна толугу менен бөгөт коюуну жана Хамидтинин ал жерде көзөмөлүн бекемдөөнү көздөйт. Ошондуктан, Америка тарабынан сунушталган ок атышууну токтотуу сунуштарын, Массад Булос жеке өзү аркылуубу же Төрттүк аркылуубу, ушул көз караштан кароо өтө маанилүү. Башкача айтканда, Дарфурду бөлүүнү аяктоо жана сүйлөшүүлөрдүн темасын башка чыр-чатак аймактары менен байланыштыруу үчүн акырындык менен даярдык көрүү. Түштүк Суданды бөлүү үчүн убакыт кеткендей эле, бул жерде да ошондой кылып жатат! Сунушта айтылган Судандагы гуманитардык кризиске келсек, бул Американы же Трампты кызыктырбайт!

9. Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Дарфурга көзөмөлүн бекемдөө максатында, Дарфурда гана эмес, чыгыш Судан штаттарын бөлүп турган Кордофандын үч штатында, айрыкча борбор шаар Хартумда да чабуулдар күчөдү. Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн беш Дарфур штатынын ичинде согуштук учактар ​​бир нече шаарларда жана айылдарда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн топторуна чабуул коюп, бул күчтөрдү Түндүк Кордофан штатынын борбору Аль-Абияд шаарын бутага алуудан баш тартууга мажбурлап жатат. Көрүнүп тургандай, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Кордофан штаттарына карата чабуулдары жана аль-Абияд шаарын басып алуу аракети Дарфурда өздөрү көзөмөлдөгөн аймактардагы кагылышуулардан көңүлдү башка жакка буруп, адамдарды бул кагылышуулар жөнүндө унуттурууга багытталган. Ыкчам колдоо күчтөрү баштапкы бутасы болбогон бөтөн жерде согушуп жатышат. Ошо сыяктуу эле, Судан армиясы Эфиопия чек арасына жакын Көк Нил штатындагы стратегиялык Курмук шаарын кайтарып алып, Ыкчам колдоо күчтөрү жана SPLM-Түндүк тарабынан башталган чабуулду токтоткондон кийин, 2026-жылдын 10-июлунда өзүнүн X платформасындагы аккаунтунда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Көк Нил штатындагы Дейм Саад жана Яра аймактарын көзөмөлдөй турганын жарыялаган. Ошондуктан, Дарфурдун баарын Ыкчам колдоо күчтөрү өз көзөмөлүнө алуу үчүн согуш башка аймактарда да улана берет жана бул Судан өкмөтүнө кайтып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн предмети эмес, тескерисинче, сүйлөшүүлөр согуш жүрүп жаткан башка аймактар ​​жөнүндө болот! Ошондуктан, Аль-Абияд шаары бир нече жумадан бери зомбулук жана өз ара чабуулдардын күбөсү болуп келет. Бириккен Улуттар Уюму өткөн май айында Кордофан аймагындагы кол салуулардын күчөшү тууралуу эскерткен, бул кол салуулардын натыйжасында 2026-жылдын январынан апрелине чейин кеминде 880 жай тургун каза болгон. Эл аралык кылмыш сотунун прокурорунун орун басары Нажат Шамим Хан 2026-жылдын 16-июлунда БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөн брифингде мындай деп эскерткен: “Эң оор эл аралык кылмыштар Түштүк Судандагы Түндүк Кордофан мамлекетинин борбору Аль-Абияд шаарында болушу мүмкүн. Мындан ары мыкаачылыктын алдын алуу үчүн чара көрүү жоопкерчилиги бул кеңеште жана бардык өлкөлөрдө”.. (Анадолу, 16. 07.2026). Судандын биримдигин сактоо жана анын ар бир бөлүгүн коргоо милдет болсо да, Кордофан штатарына көңүл буруп, Дарфур штатарын этибарга албай, армиядан аларды сепаратисттик Ыкчам колдоо күчтөрүнөн бошотууну талап кылбоо – бул Дарфурдун бөлүнүшүн кабыл алуу жана бул тууралуу унчукпай туруу жана башка штаттарга көңүл буруу дегенди билдирет! Ошондуктан, ал аймактарда салгылашуулар күчөп баратат. Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн куралдуу топторунун ортосундагы салгылашуулар акыры Судандын түштүк-борбордук бөлүгүндөгү Түндүк Кордофан штатында туу чокусуна жетти. (Аль-Араби Аль-Жадид, 28. 07 2026). Ошентип, Дарфур штатарынын сыртында салгылашуулар уланууда, ал эми армия келишимге кол коюуга убакыт келгенге чейин ал аймактарда салгылашууларды улантууда, ал эми сүйлөшүүлөр армияны Дарфурдун сыртындагы аймактарга чыгарып кетүү боюнча болот, ал эми Дарфур обочолонгон бойдон калат!

10. Жыйынтыктап айтканда, биз сиздерге, Судандагы элибизге, мурда бир эмес, бир нече жолу кайрылган кайрылуубузду кайталайбыз. Аллах Таалага жана Анын Элчисине чын жүрөктөн жана берилгендик менен, биз Аллахтан бул чакырыктын жакшы кабыл алынышын жана ага жооп берилишин суранабыз, Аллах такыбалардын коргоочусу:

Оо, улуу Исламдын үммөттү Судандагы элибиз… Судан, Судандагы алгачкы мусулмандар тарабынан курулган биринчи мечит болгон Дункула мечити… Судан халифа Усмандын (Аллах андан ыраазы болсун) тушунда улуу ислам жеңиштеринин бири болгон, ал Египеттин акимине Суданга ислам нурун алып келүүнү буйрук кылган, ошондуктан ал Абдулла бин Абу Сархтын жетекчилиги астында ислам армиясын жөнөткөн. Бул жеңиш хижраттын 31-жылы болгон… ошентип, Ислам Улуу Аллахтын жардамы менен тездик менен жайылып, түндүктөн түштүккө жана чыгыштан батышка чейин Судандын бардык жерин каптаган… андан кийин мусулман халифтеринин доорунда да уланган…

Эй, Судандагы элибиз, 1896-жылдан 1916-жылдагы Биринчи дүйнөлүк согуштун ортосуна чейин британдыктарга каршы күрөшкөн, ошол жылы Дарфурдун валийи, такыба жана күчтүү баатыр “Али бин Динар” шейит болгон. Ал Мединанын микаттарын жана “Зул-Хулайфаны” оңдоп, ажыларды суу менен камсыз кылуу үчүн кудуктарды казган. Бүгүнкү күндө да анын аты менен “Алинин кудуктары” деп аталган. Силер ошол аалым жана мужахиддин урпагысыңар…

Оо, Судан эли, биз сиздерди чакырып жатабыз, андыктан кеч болуп, өкүнүү пайдасыз болуп кала электе чара көргүлө. Согушуп жаткан эки тараптын тизгинен алып аларды акыйкатка мажбурлагыла. Туура жолдогу Халифалыкты куруу үчүн Хизб-ут-Тахрирди колдогула, анткени анда Ислам менен мусулмандардын даңкы, куфр менен каапырлардын кордугу жатат… жана Аллахтын ыраазылыгы андан да чоң…

﴿إِنَّ فِي ذَلِكَ لَذِكْرَى لِمَنْ كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ﴾

Чындыгында, мында туя турган жүрөгү бар же өзү күбө болуп турганда кулак салган адам үчүн эскертүү бар.

Мына ушундайча Судан Ислам аркылуу күчтүү жана сыймыктуу кайтып келет, укоб желеги, “Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад Аллахтын элчиси” деген желек бийик желбирейт:

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيم﴾

Ал күнү момундар Аллахтын жеңиши менен кубанышат. Ал каалаган адамына жеңиш берет. Ал – Кудуреттүү, Мээримдүү.

1448-х, 15-сафар.

2026-ж, 29-июль

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button