Яхудий түзүмү менен тынчтык келишимин түзүү шариятта арам, саясий жактан кооптуу

Яхудий түзүмү менен тынчтык келишимин түзүү шариятта арам, саясий жактан кооптуу
«Биз (израиль) менен кагылышуудан качабыз жана мында биздин эч кандай кызыкчылыгыбыз жок. Бир катар мамлекеттердин катышуусу менен (израиль) менен коопсуздук келишимине жетишүүгө аракет кылып жатабыз. Эгер бул коопсуздук келишими ийгиликтүү болсо, анда ал Сириянын оккупацияланган Голанга болгон акыйкат укугунан баш тартпастан, жалпы тынчтыкка жол ачат».
Ушул сөздөр менен Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмад аш-Шара келечекте яхудий түзүмү менен болгон жаңжал кандай нукта болору тууралуу сөзүн баштады.
Билдирүүдөгү саясий контексттин эң маанилүү пункттары:
Аскерий чыңалуудан качуу:
Аш-Шара Дамаск азыркы учурда яхудий түзүмү менен кандайдыр бир кагылышууга же аскерий тирешүүгө кирүүдөн эч кандай пайда көрбөй турганын баса белгиледи. Анын айтымында, чек ара маселелерин жана чыңалууларды саясий жана дипломатиялык каналдар аркылуу чечүүгө артыкчылык берилет.
Эл аралык камкордук жана колдоо:
Ал Сирия тең салмактуу жана туруктуу коопсуздук келишимине жетишүү үчүн бул жараянга аймактык жана эл аралык деңгээлдеги таасирдүү бир катар мамлекеттерди катыштырууга аракет кылып жатканын түшүндүрдү.
«Улуттук» туруктуу позицияларды кармануу:
Ал сунушталып жаткан коопсуздук түшүнүшүүлөрү ийгиликтүү болсо, жалпы тынчтык жараянына жол ачышы мүмкүн экенин, бирок бул Сириянын эгемендүүлүгүнөн баш тартууну же эл аралык мыйзамдуулукка байланыштуу чечимдерге ылайык Сириянын оккупацияланган Голан дөңсөөлөрүнө болгон туруктуу укугуна шек келтирүүнү билдирбей турганын баса белгиледи.
«Мекенчилдик» деген ураандардын алдында болуп жаткан тайгалануулар акыл-эси бар ар бир адам үчүн жашыруун эмес мааниге ээ. Бул көрүнүштүн орун алышына эч ким четте калбастан жоопкерчилик тартат. Аны четке кагууга күчү жеткен ар бир адам жоопкерчиликтүү.
Кайра-кайра берилип жаткан жеңилдиктер жана жакындашууга, нормалдашууга шашылуу көп жолу кайталанды. Ар бир жолу таптакыр түшүнүксүз себептер жана Аллах эч кандай далил түшүрбөгөн шылтоолор менен ишке ашырылды.
Башынан эле тар улуттук мамлекет долбоорлоруна жана анын чек араларына аралашуу ыйык нерселерди сатууга жана яхудий түзүмү менен тынчтыкка шашылууга жол ачкан алгачкы кадамдардын бири болгон. Бөлүп-жаруучу улутчулдук идеясы үммөттү күч-кубат булактарынан ажыратуунун, туруктуу баалуулуктардан баш тартууга жана баскынчы канкорлор менен нормалдашууга жол ачуунун негизги кыймылдаткычы болуп калды.
Бүгүн үммөттүн абалы эмне үчүн ушундай деңгээлге жеткени эч кимге жашыруун эмес. Мунун себеби – душмандарыбыз бизге каршы токуп жаткан кутумдар тууралуу аң-сезимдин жоктугу жана ыйык нерселерди колдон чыгарууга жол бербеген, үммөттү моюн сунуудан жана багынып берүүдөн сактай турган аң-сезимдүү саясий жетекчиликтин жоктугу.
Үммөттө күч-кубаттын бардык себептери – байлыктар да, мүмкүнчүлүктөр да бар. Алардан баш тартуу жана элдешүү үчүн эмес, алар өзүнүн ыйык нерселерин коргоо үчүн бар. Бүгүн бизге бул күч туура багытты чийип бере турган, ага туура максатты аныктап бере турган саясий жетекчиликке муктаж экени ачык көрүнүп турат. Ошондо гана ал өз максатына жетет. Кандай гана чоң мүмкүнчүлүктөр болбосун, эгер аларды башкарып, багыттап жаткан адам муну үммөттүн душмандарына кызмат кылуу үчүн жана өз ичиндеги алсыздык менен бардык нерседен баш тартуу сезимине баш ийип, убактылуу гана турган кыйшык тактысын сактап калуу үчүн жасап жатса, анда ал мүмкүнчүлүктөрдүн эч кандай пайдасы тийбейт.
Ошондой эле яхудийлердин тарыхы кыянаттык, убадаларды жана келишимдерди бузуу менен толо экенин унутпашыбыз керек. Тарыхты аң-сезим жана кыраакылык менен окуу талашсыз бир чындыкты ырастайт: яхудийлердин мусулмандар менен жана алардан мурда Аллахтын пайгамбарлары менен болгон тарыхындагы эң көрүнүктүү өзгөчөлүк – кыянаттык жана чыккынчылык.
Расулуллах ﷺ негиздеген алгачкы Ислам мамлекети түзүлгөндө, Мадина аларды кабыл алып, алардын укуктарын жана коопсуздугун кепилдеген Мадина келишимин түзгөн. Бирок алардын келишимдерди бузуу табияты бат эле үстөмдүк кылды. Бану Кайнуканын чыккынчылыгы жана мусулмандардын ар-намысына кол салышынан тартып, Бану Надирдин Пайгамбарды ﷺ өлтүрүүгө жасаган кутумуна чейин, андан соң Ахзаб согушунда Бану Курайзанын мушриктерди мусулмандарга каршы колдогон эң чоң чыккынчылыгына чейин – кыянаттык дайыма алардын белгиси болуп келген.
Бул муну менен эле токтоп калган жок. Тарых алардын Аллахтын пайгамбарлары менен элчилерине каршы да чыккынчылык кылганын, аларды өлтүргөнүн, жалганчыга чыгарганын жана сөздөрдү өз орундарынан бурмалаганын каттап калган. Бул тууралуу Аллах Таала алар жөнүндө айткан. Ошондуктан алар менен чек ара үчүн эмес, бар болуу үчүн күрөш жүргүзүү зарыл. Биз жогоруда эскерген алардын тарыхы бүгүн берекелүү жерде, өзгөчө Газа тилкесинде ачык көрүнүп турат.
Аллахтын каарына калган бул түзүм күн сайын момундарга карата эч кандай туугандыкты да, келишимди да сактабай турганын далилдеп жатат. Күн сайын төгүлүп жаткан кан, балдар менен аялдардын бөлүнүп калган денелери, мажбурлап көчүрүү жана жашоонун бардык негиздерин системалуу түрдө кыйратуу – мунун баары бул баскынчы түзүмдүн жырткыч табиятынын тирүү далилдери. Газада болуп жаткан окуялар бул түзүмдүн кылмышкер табиятын айкын көрсөттү. Ошондой эле «Аль-Акса ташкыны» операциясы бул баскынчы түзүмдү жерибизден түп-тамыры менен жулуп салууга мүмкүн экенин да далилдеди.
Эгер ушул чындыктардын алдында турсак, анда акыл-эси бар адам кантип түпкүлүгүндө кан төгүүнүн негизинде курулган яхудий түзүмү менен «коопсуздук келишимдерине» же «жалпы тынчтыкка» үмүт арта алат?!
Баскынчы менен тынчтыкка үмүт артуу – бул куру кыялга үмүт артуу жана шарияттагы бардык туруктуу өкүмдөрдөн баш тартып, аларга каршы чыгуу болуп эсептелет. Нормалдашууга шашылуунун шаръий да, саясий да коркунучу өтө чоң. «Саясий реалдуулук» же «кагылышуудан качуу» деген шылтоо менен тынчтыкка же элдешүүгө чакыруу бардык деңгээлдерде өтө чоң коркунуч жана жамандык болуп саналат.
1. Шаръий коркунуч:
Мусулмандардын жеринен жана алардын ыйык нерселеринен баш тартууга же баскынчылардын алардын бир карыш жерин болсо да ээлеп турушун мыйзамдуу деп таанууга жол берилбейт. Басылып алынган жер убакыттын өтүшү менен баскынчынын менчигине айланып калбайт. Баш тартууну же кылмышкер канкорлордун мыйзамдуулугун таанууну камтыган тынчтык келишими таптакыр жараксыз келишим болуп эсептелет. Анткени ал баскынчыга каршы жихад кылууга жана Ислам жерине кол салган душманды сүрүп чыгарууга буюрган катъий шарият өкүмдөрүнө каршы келет.
2. Саясий коркунуч:
Заманбап тарыхый тажрыйба яхудий түзүмү менен тынчтык деген куру кыялдын артынан чуркоо көз карандылыктан жана кордуктан башка эч нерсе алып келбегенин далилдеди. Ошондой эле баскынчы өзүнө бекер коопсуздук камсыздап берген өлчөмдө гана ар кандай түшүнүшүүлөргө маани берери белгилүү болду. Анын шарттарын «коопсуздук келишимдери» деген ат менен кабыл алуу – анын бүтүндөй аймакка үстөмдүк кылуу максатындагы көзөмөлүн күчөтүүгө жол ачуудан башка нерсе эмес. Айрыкча Газа анын сүрүн кетиргенден кийин.
Бүгүнкү күндө ар кандай четтөөнүн алдын алуу шаръий милдет болуп саналат. Бул үммөттүн иши Исламдын улуу долбоорун көтөргөн ихластуу саясий жетекчилик аркылуу гана оңолот. Ал үммөттү ушул долбоор менен жетектейт. Ошондуктан Аллах силерди кандай болууга буюрса, ошондой болгула: Ага ихластуу пенделерден болуп, Анын ыраазычылыгын көздөп, буюрганын аткарып, тыйганынан тыйылып, Аллах жолунда эч бир айыптоочунун айыбынан коркпогула.
Аллах Таала айтты:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар». (Анфал: 24).
Роя гезити
Устаз Абду Ад-Далий (Абу Аль-Мунзир)




