Роя гезити

Колонизатор Америкага көз каранды болуунун кыйратуучу кесепеттери

Колонизатор Америкага көз каранды болуунун кыйратуучу кесепеттери

Заманбап Америка колонизаторлугу аскерий жана экономикалык үстөмдүктү орнотуу менен гана чектелбейт. Тескерисинче, ал өзүнүн биринчи жана эң кыйратуучу соккусун алсыз калтырылган элдердин акылына, пирилөө тарикатына жана дүйнөгө болгон жалпы көз карашына багыттаган сегизаяк сымал система болуп эсептелет. Бул үстөмдүк кылуучу күчкө көз каранды болуу фикрий жана саясий көз карандылыктын кишендерин өз ыктыяры менен кабыл алуудан башка эч нерсе эмес. Кандай гана шылтоо болбосун, Батыш колонизаторлугуна таянуу эгемендүүлүктү бузуп, үммөттөрдү өз эркинен ажыратылган, Американын кызыкчылыктарына кызмат кылган куралдарга айлантат.

Төмөндө бул өлүмгө алып баруучу көз карандылыктан келип чыгуучу беш тагдыр чечүүчү кесепетке кыскача токтолобуз:

Биринчиден: фикрий жана сакофий иденттүүлүктөн ажыратуу.

Бул көз карандылыктын биринчи кыйратуучу кесепети — Ислам үммөтүнүн сакофатын жана анын акыйдалык негиздерин Батыш калыбына салып эритүү. Америка секуляризмди, улутчулдук сезимдерди жана саясий реализмди жайылтуу сыяктуу ар түрдүү куралдарды колдонот. Мындан тышкары, үммөттү өз иденттүүлүгүнөн ажыратуу жана анын уулдарынын жүрөгүндөгү каршылык отун өчүрүү үчүн Ибрахим келишимдери жана адаштыруучу Ибрахим федерализми идеясы сыяктуу иденттүүлүктү жок кылууга багытталган долбоорлорду пайдаланат. Ошондой эле Америка мусулмандардын биригишине, алардын мурдагы даңкын жана иззатын кайтарып алышына, Халифалык роясы астында географиялык жана саясий биримдигин калыбына келтиришине тоскоолдук кылууга умтулат. Муну үммөттүн саясий ой жүгүртүү манхажын өзгөртүү, анын акимдерин өзүнө кызмат кылдыруу жана Ислам өлкөлөрүндө өз таасирин жайылтуу үчүн жумшак жана катаал колонизаторлук куралдарын колдонуу аркылуу ишке ашырат. Бул агрессивдүү саясат Ислам акыйдасынын ордуна Батыштын материалдык баалуулуктарын орнотууну жана Исламдан келип чыккан ар кандай көз карандысыз саясий пикирди басууну көздөйт. Мунун максаты — Ислам өлкөлөрүндөгү өз үстөмдүгүнүн уланышын камсыз кылуу.

Экинчиден: кызыкчылык иллюзиясы жана системалуу түрдө жардамсыз калтыруу.

Айрым элиталар жана партиялар реализм жана саясий кызыкчылык сыяктуу кооз, бирок адаштыруучу ураандардын астында адегенде экономикалык жана аскерий күчкө ээ болуп, андан кийин үммөттүн максаттарын ишке ашыруу деген шылтоо менен Батыш жана Америка менен тыгыз мамилелерге кирүү зарыл деп ырасташат. Бирок акыркы кылымдагы окуялар бул дооматтарды толугу менен четке какты. Бул жалган божомол кийинчерээк күч топтоп, шайтанды кулатуу үмүтү менен аны менен убактылуу келишип алуу фикратына толук окшош! Ушул пайдапарас логикага ылайык, Түркия, Сирия, Пакистан, Саудия, Булуң өлкөлөрү, Иордания жана Египеттеги башкаруу режимдери Газага жана үммөттүн маселелерине ачык кыянаттык кылууда. Мазлумдарга жардам берүү үчүн армияларды кыймылга келтирүүнүн ордуна, бул режимдер Америка үчүн коопсуздук капкагына айланып, яхудий түзүмүн куткаруу жана Американын кризистерин ооздуктоо үчүн ортомчулук ролдор менен гана чектелип, аскерий келишимдерге кол коюшту.

Үчүнчүдөн: келишимдерди жана убадаларды бузуу.

Америка дипломатиясы келишимдерди жана убадаларды ар кандай ахлакый баалуулуктан ажыратып, аларды каршылаштарды алдоо, убакыттан утуп алуу жана кризистерден чыгуу үчүн тактикалык курал катары колдонот. Мындай кайталанып туруучу келишим бузууларга бир катар эл аралык окуялар далил болот. Алардын катарында Ирандын өзөктүк келишимин бир тараптуу чечим менен бузуу, Париж климат келишиминен чыгуу жана Талибан кыймылы менен түзүлгөн Доха келишимин бузуу бар. Газа тилкесинде жүрүп жаткан геноцид согушунда яхудий түзүмүн коргоо үчүн курал-жарак жана каржылык колдоо көрсөтүү, ошондой эле вето укугун кайра-кайра колдонуу бул кыянаттыктын эң жийиркеничтүү көрүнүштөрү. Америка адам укуктары тууралуу жалган сүйлөп жатканда, оккупациянын арсеналын курал-жарак менен камсыздоону улантып, он миңдеген мусулман аялдар менен балдардын канынын төгүлүшүнө түздөн-түз шерик болууда.

Төртүнчүдөн: малайлардын жана куралдардын качып кутулгус тагдыры.

Оккупацияны жана колонизаторлукту улантуу үчүн Америкага таянган малайлардын акыбети шерменделик тагдыры менен бүтөт. Америка колдогон технократтардын шерменде болуп качып кетүүсүнө, мисалы, Ашраф Ганинин Афганистандан качып кетишине жана Залмай Халилзаддын аларды ачык жана кайра-кайра айыпташына кошумча, Пакистандагы саясий көрүнүш да эч кандай шек жаратпаган далил болуп турат. Америка мурдагы премьер-министр Имран Ханды аймактагы өз таасирин бекемдөө үчүн пайдаланды. Ага болгон муктаждыгы бүтөрү менен, I-0678 номерлүү жашыруун «Сайфер» телеграммасы аркылуу жана Пакистан армиясынын жетекчилиги менен тил табышып, ага каршы кутум уюштурду. Натыйжада ал бийликтен кулатылып, түрмөгө камалды. Америка өз куралдарын пайдаланып бүткөндөн кийин аларды эч кандай ырайымсыз таштап коёт. Ал тургай, коомдорду каптаган ийгиликсиздиктин, коррупциянын жана башаламандыктын кесепеттерин да алардын мойнуна жүктөйт!

Бешинчиден: Америка — дүйнөлүк коркунуч.

Америка колонизаторлугу рак сыяктуу Ислам өлкөлөрүнүн чек аралары менен гана чектелбейт, тескерисинче, бүткүл адамзат анын эзүүсү астында калууда. Украина кризиси жана Киевдин НАТО альянсынын геосаясий күрөшүндө курмандык катары пайдаланылышы мунун ачык далили. Латын Америкасында Венесуэладагы акыркы окуялар бул үстөмдүктүн талап-тоноочулук табиятын ачык көрсөттү. Каракаска каршы көп жылдар бою таңууланган кыйратуучу экономикалык блокададан кийин Америка өз үстөмдүгүн орнотуп, Венесуэланын мунайын талап-тоноду. Бул колонизаторлук баскынчылык — элдерди системалуу жакырчылыкка жана кеңири жайылган коррупцияга батыруунун негизги себеби.

Бүтүндөй бир кылымга созулган кордуктун жыйынтыгы жана миллиондогон мусулман курмандыктарынын кербени колонизаторлуктун кишендеринен бошонуп, таңууланган Батыш системасынан толугу менен ажырамайынча жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тиктемейинче мүмкүн эместигин анык далилдеп турат. Америка дүйнөдөгү өзүнө ээрчигендерге таңуулап жаткан кордук жана басынуудан тышкары, Ислам өлкөлөрүндөгү акимдерди жана армияларды Исламий саясий пикирлөөдөн баш тартканы үчүн, динди тургузууну жана аны үстөм кылууну таштап, мазлумдарга жардам берүүдөн баш тартканы үчүн тозоктун эшиктерине жакындатып, аларды өзү менен кошо ушул каргашалуу тагдырга сүйрөп барат. Халифалык гана өзүнүн чыныгы саясий эгемендүүлүгү жана алдыңкы Исламий саясий пикирлөөнү кайра калыбына келтирүүсү менен бул Батыш колонизаторлугу сегизаяктын буттарын шал кылууга жана адамзатты капитализмдин зулумунан Исламдын адилеттүүлүгүнө жана кеңдигине куткарып чыгарууга кудуреттүү.

Роя гезити

Устаз Юсуф Арслан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button