БРИКС: дүйнөлүк система өзгөрөбү же анын ичиндеги күч борборлору өзгөрөбү?

БРИКС: дүйнөлүк система өзгөрөбү же анын ичиндеги күч борборлору өзгөрөбү?
2026-жылдын 12-сентябрында БРИКС лидерлери Индияда чогулуп, саммиттин жыйынтыгында «Нью-Дели декларациясын» кабыл алышты. Анда уюм көп тараптуулукту бекемдөөгө, дүйнөлүк башкаруу институттарын реформалоого, өнүгүп келе жаткан рыноктор менен өнүгүп жаткан мамлекеттердин өкүлчүлүгүн көбөйтүүгө жана «адилеттүүрөөк жана калысыраак» эл аралык системаны курууга берилгендигин баса белгиледи.
Бул жыйынтыктар БРИКС түзүлгөндөн бери аны коштоп келе жаткан суроону кайрадан күн тартибине чыгарууда: ал Батыштын үстөмдүгүн чектөө үчүн чыныгы куралбы, же эл аралык системага альтернативалуу принципке ээ болбостон, күчтөрдүн тең салмагын өзгөртүүнү каалаган, кызыкчылыктары ар түрдүү мамлекеттердин бирикмесиби?
БРИКС: бир уюлдуу блок куруу эмес, үстөмдүктү тең салмактоо
Адегенде БРИКС башынан эле дүйнөлүк капиталисттик системаны кулатуу үчүн түзүлбөгөнүн эске салуу зарыл. «БРИК» терминин 2001-жылы Goldman Sachs банкындагы экономист Жим О’Нил АКШнын бир уюлдуу үстөмдүгү шартында Бразилия, Россия, Индия жана Кытайды өнүгүп келе жаткан экономикалар катары сыпаттоо үчүн ойлоп тапкан. Кийинчерээк бул термин саясий жана экономикалык кызматташтыктын алкагына айланып, анын жолугушуулары 2006-жылы башталган, ал эми биринчи саммити 2009-жылы өткөрүлгөн. Андан соң 2010-жылы Түштүк Африка кошулуп, аталышы «БРИКС» болуп өзгөргөн.
Кызыгы, Батыштын капиталисттик системасынын ичинде жаралган бул классификация кийин ошол системанын ичиндеги күчтү кайра бөлүштүрүүгө, Батыштын үстөмдүгүн чектөөгө жана өсүп келе жаткан күчтөрдүн таасирин арттырууга умтулган бирикмеге айланды. Бирок ал капитализмден чыгууну же дүйнөлүк экономикалык системаны кулатууну сунуштаган жок. БРИКСтин кеңейиши аны бир уюлдуу кылган жок, тескерисинче, карама-каршылыктарын көбөйттү. Индия Америка менен өсүп келе жаткан стратегиялык өнөктөштүгүн сактап, ошол эле учурда Азия чөлкөмүндө Кытай менен атаандашууда. Россия болсо Америка менен түздөн-түз кагылышуудан чочулап, анын таасир аймактарында ага каршы чыгуудан оолак болууда. Ошондой эле Кытайдын өсүп жаткан таасири өзүнө үстөмдүк кылууга айланып кетпешине аракет кылууда. Мындан тышкары, араб мамлекеттери менен Ирандын кошулушу бири-бири менен чырмалышкан регионалдык тең салмактарды жана жаңжалдарды кошту. Иран айрымдары Вашингтон менен тыгыз мамиледе болгон каршылаштарга туш болуп жатса, Сауд Арабиясы Америка менен стратегиялык мамилелерин сактап келет жана саммитте тышкы иштер министринин өкүлчүлүгү менен гана чектелди. Ошого карабастан, БРИКС бул ар түрдүү тараптарды бир чатырдын астына чогулта алды.
Бул карама-каршылыктардын тереңдиги өткөн май айында ачык көрүндү. Анда БРИКСтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны Жакынкы Чыгыштагы согуш боюнча пикир келишпестиктерден улам биргелешкен билдирүү чыгара алган жок. Бирок кийин Нью-Дели саммити бул сыноодон өтүп, «эң жогорку деңгээлде сабырдуулукка», диалогго жана дипломатияга чакырган биргелешкен декларацияны чыгарууга жетишти.
Бул жагдайда Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын катышуусу жөн гана катардагы көрүнүш болгон жок. Ал Америка менен тыгыз мамиледе болгон мамлекеттердин лидерлеринин жанында отуруп, Перс булуңундагы мамлекеттерди тынчтандырууга жана диалог каналдарын ачууга аракет кылды. Ошондой эле Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы менен жолугушуу өткөрдү.
БРИКСтин мааниси мына ушунда: ал сөзсүз түрдө өз мүчөлөрүнүн ортосундагы жаңжалдарды чечпейт, бирок Вашингтон отуруунун эрежелерин аныктабаган шартта каршылаштарга бир үстөлгө отурууга мүмкүнчүлүк берген алкак түзөт. Ошентип, Батыш борборунан алысыраак аракеттенүү мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө, бирок ошол эле учурда уюмдун кеңейиши анын ички карама-каршылыктарын да күчөтүүдө.
Кытай: күчтү тең салмактоодон түзүмдү көзөмөлдөөгө карай
Эгер Россия менен Кытай дүйнөнү көбүрөөк көп уюлдуу кылууга умтулуп жатышса, Кытайдын мындан тышкары дагы бир куралы т.а. өнөр жай жана технологиялык күчү бар. Төрага Си Цзиньпин саммитте жасалма интеллект тармагындагы өнөр жай кызматташтыгын тереңдетүүгө, изилдөө жана иштеп чыгуунун натыйжаларын жана аларды колдонуу тажрыйбасын алмашууга, ошондой эле өнөр жай жана жеткирүү чынжырлары жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Бул багыт саммиттин декларациясында да чагылдырылып, анда технологияларды өткөрүп берүү жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өндүрүштүн жогорку кошумча нарк жараткан баскычтарына катышуусун көбөйтүү жөнүндө сөз болду. Бирок Кытайдын өнөр жайы өсүшүнө суктангандарды өзүнө тартышы мүмкүн болгон бул ураандар экономикалык таасир үчүн жүрүп жаткан атаандаштыктын чындыгын көмүскөдө калтырбашы керек. Жарыяланган кызматташтык иш жүзүндө Кытайдын жеткирүү чынжырларына болгон таасирин кеңейтүүгө жана Ислам өлкөлөрүнөн чийки заттарды алууда анын позициясын бекемдөөгө айланышы мүмкүн. Ал эми кайра иштетүү, өндүрүш жана жогорку нарктагы технологиялык баскычтар мурдагыдай эле ал өлкөлөрдүн сыртында топтолуп кала берет.
Ошентип, бүгүн Батыш өзү коркуп жаткан күчтүн жаралышына өзү салым кошту: ал өндүрүшүн Кытайга көчүрүп, аны дүйнөнүн фабрикасына айлантты. Андан кийин бул фабрика товарларды гана өндүрбөстөн, жеткирүү чынжырларынын ачкычтарына да ээ экенин түшүндү. Ошондуктан Батыштын Кытайдын таасирине байланыштуу азыркы тынчсыздануусу Батыш компаниялары менен мамлекеттеринин ондогон жылдар бою өздөрү кабыл алып келген экономикалык чечимдеринен ажыратылган нерсе эмес.
Сейрек кездешүүчү минералдар: жаңы күрөш майданы
Сейрек кездешүүчү минералдар маселеси бул саммитте Индия тарабынан көтөрүлгөн жөн гана убактылуу демилге болгон жок. Ал Нью-Дели декларациясынын 67-пунктунда ачык айтылып, анда сейрек кездешүүчү минералдарды жеткирүү чынжырлары ишенимдүү, ар түрдүү, туруктуу жана адилеттүү болушу, ошондой эле ресурстарга бай мамлекеттерде пайданы бөлүшүү, кошумча нарк жаратуу жана экономиканы диверсификациялоо зарылдыгы белгиленди. Декларацияда бул минералдар энергетикалык коопсуздук жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугу менен да байланыштырылды. Ошондой эле башка пункттарда өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин жогорку кошумча нарк жараткан өндүрүшкө катышуусун көбөйтүүгө жана технологияларды өткөрүп берүүгө чакырык жасалды.
Сейрек кездешүүчү минералдар — антимоний, галлий, германий жана вольфрам сыяктуу материалдарды да камтыган кеңири түшүнүк. Алардын «сейрек» деп аталышы экономикалык жана стратегиялык маанисинин жогорулугуна, ошол эле учурда аларды жеткирүү үзгүлтүккө учуроо коркунучуна же белгилүү бир мамлекеттерде топтолуп калуусуна байланыштуу.
Бул маселе дүйнөлүк капиталисттик экономика түзүмүндөгү терең тең салмаксыздыкты ачып көрсөтөт: ресурстарга бай мамлекеттер көп учурда чийки зат экспорттоо менен гана чектелет, ал эми кайра иштетүү, өндүрүш жана технология сыяктуу эң жогорку кошумча нарк жараткан баскычтар ири өнөр жай мамлекеттеринде топтолот. Демек, сейрек кездешүүчү минералдардын айланасындагы күрөш өзөгүндө ресурстар кимдин колунда болот, аларга кошумча наркты ким кошот жана алар менен байланышкан өнөр жай жана технология чынжырларын ким көзөмөлдөйт деген маселелердин айланасындагы күрөш болуп саналат.
Американын болжол менен 1900 курал системасындагы 80 миңден ашык тетикте беш критикалык минералдын бирөө же бир нечеси колдонулат: антимоний, галлий, германий, вольфрам жана теллур. Мунун натыйжасында АКШнын Согуш министрлигинин курал системаларынын болжол менен 78%ы бул жеткирүү чынжырларындагы өзгөрүүлөрдүн таасирине дуушар болушу мүмкүн.
Кытай бул беш минералды өндүрүүдө же кайра иштетүүдө жана алардын дүйнөлүк жеткирүү чынжырларында чоң үстөмдүккө ээ. Ушундан улам анын галлий, германий, антимоний жана башка минералдарды экспорттоого киргизген чектөөлөрү Америка үчүн түздөн-түз тынчсыздануу булагына айланды. Натыйжада Америка жана анын союздаштары жеткирүү чынжырларына экономикалык маселе катары гана эмес, улуттук коопсуздук маселеси катары да карай башташты. Кызыгы, Кытайдын бул күчтү пайдаланышы Батышты ага болгон көз карандылыктан кутулуу аракетинде альтернативдүү жеткирүү чынжырларын түзүүнү тездетүүгө түртүшү мүмкүн.
Көп уюлдуулуктан мабда жөнүндөгү суроого карай
БРИКС кеңейип, салмагы да артты. Ал Батыш системасынын үстөмдүгүнө жөн гана каршы чыгуудан ага болгон көз карандылыкты азайтуучу финансылык, өнөр жай жана технологиялык куралдарды түзүүгө аракет кылууга өттү. Бирок ал өзүнүн негизги карама-каршылыгынан арыла алган жок: топтун ичинде Кытай эң кубаттуу өнөр жай жана технологиялык күч бойдон калып жаткан шартта, Батыштан көбүрөөк көз карандысыз системаны кантип түзүүгө болот? Көп уюлдуулук сөзсүз түрдө адилеттүүлүктү билдиреби же эл аралык мамилелердин логикасы мурдагыдай эле күчкө, кызыкчылыкка жана таасирге негизделип кала береби?
Бүгүн талап кылынган нерсе — бузулган капиталисттик системанын ичиндеги үстөмдүк кылуучу уюлду жөн гана алмаштыруу эмес, элдердин ортосундагы мамилелерди башкарууга тийиш болгон мабданы өзгөртүү. Мына ушул жерде Хизб ут-Тахрирдин чакырыгы жаңы геосаясий уюлду эмес, альтернативдүү цивилизациялык моделди сунуштайт. Рошид Халифалык мамлекетинде чагылдырылган бул цивилизациялык долбоор күч-кубатты кайра бөлүштүрүү менен гана чектелбестен, анын өзүн башкара турган өлчөмдү — Исламды сунуштайт. Ал, мамлекеттердин ортосундагы мамилелер адилеттүүлүккө, акыйкатка, келишимдерге берилгендикке жана экономикалык же аскердик күчтү үстөмдүк кылуу укугуна, элдерди эзүүгө жана алардын канын сорууга болгон каалоого айландырууну четке кагат.
Демек, БРИКС Батыш борборунун айрым куралдарын алсыратууда ийгиликке жетиши мүмкүн, бирок ал өз ичинде курууну каалаган дүйнө тууралуу толук кандуу түшүнүктү камтыбайт. Чыныгы боштук мына ушунда: бул күчтөгү боштук эмес, мабдадагы боштук, бул стратегиялык цивилизациялык боштук. Аны, Аллахтын уруксаты менен, жакында келе турган Ислам мамлекети гана толтурат.
﴿وَعْدَ اللَّهِ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ وَعْدَهُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾
«(Бул) Алланын убадасы. Алла Өз убадасына тескери иш кылбайт. Бирок көп адамдар билишпейт».
(Рум: 6).
Роя гезити
Инженер Висам аль-Атраш




