Эгер анын бир бөлүгү вакыйлыкта ишке ашканын эске алсак, Ахад хадис мутаватир даражасына көтөрүлөбү?

Эгер анын бир бөлүгү вакыйлыкта ишке ашканын эске алсак, Ахад хадис мутаватир даражасына көтөрүлөбү?
Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатуху.
Ислам пикирин жайылтуу үчүн адамдар менен пикир алышканыбызда далил катары колдонгон жана Расулуллахтын ﷺ башараты менен сүйүнчүлөнгөн, субуту зонний болгон хадистер бар. Мисалы, төмөнкү хадис:
«Силердин араңарда Аллах каалаган убакытка чейин пайгамбарлык болот… Андан кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».
Суроо: Бул хадис зонний болуп, үммөт башынан өткөрө турган саясий абалдар жөнүндө сөз кылат. Хадистин маанисинен биз Пайгамбар ﷺ бул абалдарды бешке бөлгөнүн көрөбүз:
Пайгамбарлык;
Рошид Халифалык;
Залим падышалык;
Жабыр көрсөтүүчү падышалык;
Рошид Халифалык.
Хадисте айтылган беш абалдын төртөө үммөттүн башынан өткөнүн көргөнүбүздө, хадистин бир бөлүгү ишке ашканын эске алуу менен, бул хадис мутаватир даражасына көтөрүлбөйбү?
Жооп:
Амал кылуу маанисин камтыган хадистин мутаватир же зонний болушуна карабастан, анын өзү жетиштүү. Тагыраагы, хадис сахих болсо, анда камтылган өкүм фарз болсо, амал кылууга күчтүү түрткү берет.
Мисалы, Имам Ахмад риваят кылган төмөнкү хадис:
.«لَتُفْتَحَنَّ الْقُسْطَنْطِينِيَّةُ، فَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا، وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»
«Албетте, Константинополь фатх кылынат. Аны фатх кылган амир кандай гана жакшы амир! Анын кошууну кандай гана жакшы кошуун!».
Бул хадис кабар болгонуна карабастан, амал кылуу маанисин камтыйт. Ошондуктан ар бир мусулман башкаруучу бул хадистин өз колу менен ишке ашышына умтулган. Натыйжада Константинополго бир нече жолу аскерлер жөнөтүлгөн. Акыры Аллах Мухаммад Фатихти бул фатх менен сыйлаган.
Ошондой эле яхудий мамлекетине каршы согушуу жана аны жок кылуу жөнүндөгү хадис да ушундай. Пайгамбарлык минхажы негизинде келе турган Халифалык жөнүндөгү хадис да ушундай. Хадис сахих болгон соң, анын мутаватир же мутаватир эмес болушу бул маселеге таасир этпейт. Биз, иншааллах, бул хадис биздин колубуз менен ишке ашышы үчүн аракетибизди тездетебиз, андагы жакшылык менен сүйүнчүлөнөбүз жана анын эртеби-кечпи ишке ашарына ишенебиз. Анын мутаватир же ахад экенин билүү үчүн терең изилдөөгө кирип, өзүбүздү убара кылбайбыз.
Мунун баарына карабастан, хадистин бир бөлүгүнүн ишке ашышы анын калган бөлүгүнүн да ишке ашарына болгон ишенимди күчөтөт. Мисалы, Константинополдун фатх кылынышынан кийин Римдин фатх кылынышы сыяктуу. Анткени Расулуллахтын ﷺ башка бир хадисинде бул эки шаардын тең фатх кылынышы айтылган. Бирок жогоруда айтканымдай, хадис амал кылуу маанисин камтыгандыктан, анын мутаватир экенин талкуулоонун зарылдыгы жок. Себеби сахих зонний хадис амал кылуу, тастыктоо, ишенимдүү болуу жана анын ишке ашышы менен сүйүнчүлөнүү үчүн жетиштүү. Ошондуктан мусулман бул артыкчылыкка жетүүгө умтулат.
Ал эми: «Анын бир бөлүгү ишке ашкан болсо, аны мутаватир деп эсептейбизби?» — деген сөзүңө келсек, жообу төмөнкүдөй:
Мутаватир хадистин иснадында белгилүү шарттар бар. Термин илими хадистин мутаватир экенин аныктоодо ошол шарттарга таянат. Башкача айтканда, бул илимде хадистин мутаватир болушу анын ишке ашкан-ашпаганын байкоого байланыштуу эмес. Анткени мутаватирлик жөнүндө өкүм хадистин иснадына жана ага байланыштуу нерселерге ылайык чыгарылат.
Ошентсе да, хадистин айрым бөлүктөрүнүн ишке ашышы анын сахихтик даражасына болгон ишенимди күчөтөт жана калган бөлүгүн ишке ашыруу үчүн күч-кубат жана жигердүүлүк менен амал кылууга түрткү болот.
Аллах Субханаху Камкорчу жана бардык нерсеге Кудуреттүү Зат.
29.01.2013




