Басма сөз

Индиянын ашынган индус өкмөтү «Улуттук тергөө агенттигин» өзүнүн ыплас иштерине колдонууну улантууда

Басма сөз баянаты

Индиянын ашынган индус өкмөтү «Улуттук тергөө агенттигин» өзүнүн ыплас иштерине колдонууну улантууда

2025-жылдын 14-июнунда Улуттук тергөө агенттиги «Хизб ут-Тахрир иши» деп аталган кысымдын алкагында Мадхья-Прадеш штатындагы Бхопал шаарында үч жерде жана Раджастан штатындагы Жалор шаарында дагы эки жерде координацияланган рейддерди жүргүздү. Агенттик бул операция партияга каршы кошумча далилдерди чогултуу максатында жүргүзүлгөнүн билдирди жана «санариптик жабдуулар жана партияны айыптай турган материалдар» тартып алынганын айтты, алар көп учурда жөн гана китептер жана материалдар болот. Бул рейддерден мурда Жаркханд штатындагы терроризмге каршы бөлүм ошол эле иш боюнча эки адамды камакка алган. Индия өкмөтү 2024-жылдын 10-октябрында Хизб ут-Тахрир партиясын «глобалдык Халифалык мамлекетин түзүүгө умтулат» деп айыптап, аны «терроризм жана экстремизм» деген жалган шылтоо менен мыйзамсыз деп жарыялаган.

Биз мурда да баса белгилегендей, Улуттук тергөө агенттиги Хизб ут-Тахрирге жана анын жигиттерине каршы коюлган терроризм айыптоолорунун бирин да далилдей алган эмес. Чындыгында, азыркы өкмөттү кошкондо, мурунку индиялык өкмөттөр да мусулмандарды, урууларды жана коомдун четке кагылган катмарларын ырааттуу түрдө бутасына алышып, расисттик саясат жана кысым кылган мыйзамдар аркылуу коркутуп келген. Иш жүзүндө, козголоң мыйзамы, мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алуу мыйзамы, улуттук коопсуздук мыйзамы жана куралдуу күчтөр мыйзамы сыяктуу актылар оппозицияны басуу жана мусулмандарды үркүтүү үчүн колдонулуп, коркуу атмосферасын орнотуп, мусулмандарды экинчи сорттогу жаранга айлантышмакчы. Учурдагы бийлик бул багытты андан ары күчөтүп, конституциялык укуктарды чектеп, мусулмандардан ашыкча жана кемсинткен деңгээлде берилгендикти далилдөөнү талап кылууда. Ошого карабай, индиялык мусулмандар бекем туруп, күч-кубатын өздөрүнүн акыйдасынан жана тарыхый мурасынан алып, бөлүп-жарган улуттук риторикаларга баш ийбей жатышат.

Жакында жарандык эркиндиктер биримдиги уюму жүргүзгөн изилдөөдө Мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алуу мыйзамынын колдонулушунда кооптуу көрсөткүчтөр аныкталды. 2015–2020-жылдар аралыгында 8371 камакка алуу катталган, бирок алардын ичинен болгону 235 адам (2,8%) айыптуу деп табылган. Бул 97,2% камакка алынгандар эч кандай айыпталбастан узак мөөнөттө түрмөдө отуруп, жылдар бою адилетсиздик жана азап чегип, андан кийин акталган дегенди түшүндүрөт. Жогорку соттун мурдагы төрагасы Д. Я. Чандрачуд да терроризмге каршы мыйзамдардын оппозициялык үндөрдү басуу үчүн колдонулушуна каршы эскерткен. Бирок биринен сала бири келген өкмөттөр мусулмандарды бутага алууну улантып, коркуу жана узак мөөнөттүү камоо аркылуу адилетсиз соттук процесстер менен абалды күчөтүп келет.

Көптөгөн иштер мусулмандарга каршы бул адилетсиз мыйзамдардын коркутуу куралы катары колдонулуп жатканын ачык көрсөтөт. Алардын көбү далилсиз камалып, ондогон жылдар бою темир тор артында өмүрлөрүн кыйроого учураткандан кийин гана акталган. Буга мисал катары Тамиил Наду штатындагы Хизб ут-Тахрир ишин айтууга болот. Оор айыптоолорго карабастан, айыптоо актыларында ишенимдүү бир да далил келтирилген эмес. Бул факт мамлекеттин терроризмге каршы мыйзамдарды системалуу түрдө жөнөкөй адамдарга каршы колдонуп, сөз эркиндигин бууп, мусулмандар арасында коркуу жайылтып жатканын көрсөтөт.

Индуизмди ашынган түрдө жактаган, RSS кыймылы тарабынан колдоого алынган Индия өкмөтү коомдук пикирди бурмалоону улантып, мусулмандарды жана алардын уюмдарын ашыкча максаттуу түрдө бутага алуу аркылуу өлкөнү башкарууда кетирген олуттуу ийгиликсиздиктерин жаап-жашырып келет. Алар вакф мыйзамын өзгөртүү, үч жолу талакты кылмыш катары кабыл алуу сыяктуу зулум мыйзамдарды кабыл алып, ошол эле учурда төмөнкүдөй чукул маселелерди көз жаздымда калтырууда:

  • 49 миллион адамдын иши чечилбей жаткан кыйраган сот системасы;
  • Коркунучтуу экономикалык теңсиздик — калктын 1%ы өлкө байлыгынын 58%ын көзөмөлдөйт, ал эми жан башына киреше болгону 2880 доллар (дүйнөлүк рейтингде 119-орунда);
  • Жумушсуздук деңгээли 7,6% түзүп, миллиондогон адамдарды аялуу шарттарда калтырууда;
  • Мамлекеттик саламаттык сактоо системасынын абалы өтө начар, бул көптөгөн адамдардын — айрыкча балдардын — шалаакылык жана коррупциянын айынан каза болушуна алып келди.

Ошол эле учурда, Манипур, Гуджарат, Уттар-Прадеш, Мадхья-Прадеш жана Уттаракханд сыяктуу штаттардагы четке кагылган коомдорго карата расалык жана расмий кол салуулар уланууда. Мисалы, үйлөрдү негизсиз түрдө бузуу, мыйзамсыз өлтүрүү, абактардагы кыйноолор сыяктуу ыкмалар колдонулууда. Мунун баары азыркы өкмөттүн артыкчылыктары элдин чыныгы муктаждыктарына эч кандай тиешеси жок экенин, тескерисинче, кооптуу багытка кеткенин айкын көрсөтөт. Ошондуктан, биз дагы бир жолу кайталайбыз:

Биз Индия өкмөтүн жана Улуттук тергөө агенттигин акыл-эс менен иш кылууга, өз позициясын кайра карап чыгууга жана Хизб ут-Тахрир партиясына болгон мамилесин оңдоого чакырабыз.

  1. Хизб ут-Тахрир — ислам мабдасына негизделген саясий партия болуп, 50дөн ашуун өлкөдө иш жүргүзөт жана исламий акыйдага таянган тынч ишмердүүлүк жүргүзгөнү боюнча ачык таржымалы бар.
  2. Көптөгөн укук коргоочулар аны зомбулукка кайрылбастан, фикрий жана саясий күрөш жүргүзгөн саясий партия катары жогору баалашат.
  3. Партиядагы ислам үммөтүнүн уул-кыздары демократиялык, диктатордук же монархиялык же кайсы режимде болбосун даават ишин алып барып, террористтик аракеттерге катышкан эмес.
  4. Анын негизги чакырыгы — мусулман өлкөлөрүндө Халифалыкты кайра орнотуу. Бул жолдо күчүн Аллах Тааладан жана үммөттүн чечкиндүүлүгүнөн алат, жана кысымга карабай туруксуз калбайт. Бул идеяны белгилүү индиялык лидер Ганди да 1919–1922-жылдардагы жазмаларында колдогон.
  5. Хизб ут-Тахрирдин өзгөрүү методологиясы Пайгамбарыбыз ﷺ  сийратынан алынган болуп, диалогго, фикрий талкууга жана ачык акыйдавий позицияга басым жасайт.
  6. Партиянын адабияттары интернетте, басылган китептерде жана ири ири сайттарда ачык жарыяланган, бул анын ачык фикрий диалог жүргүзүүгө берилгендигин далилдейт.
  7. Мурдагы жылдардагыдай эле, быйыл да Хизб ут-Тахрир дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде 2025-жылдын апрелинде АКШда өткөн Халифалык конференциясын эч кандай тоскоолдуксуз өткөрдү. Анда эмне үчүн Улуттук тергөө агенттиги муну көрбөйт? Башка бардык ишинде АКШнын көрсөтмөсүн угуп турушса да, бул жерде эмне үчүн көрмөксөн болушат?!

Биз дүйнөдөгү пикир ээлерине суроо узатабыз: кайсы «террордук» уюм өзүнүн китептерин эң белгилүү сайттарда сата алат жана ондогон жылдар бою ачык конференцияларды өткөрө алат?! Хизб ут-Тахрир — дүйнөдөгү эң ири исламий саясий партиялардын бири катары күн өткөн сайын өзүнүн коркпостугун, артка чегинбей турганын жана Халифалыкты орнотуу боюнча үммөттүн умтулууларын чагылдырып жатканын далилдеп келет.

Биз жалпы ислам үммөтүнө, айрыкча анын аалымдарына кайрылабыз: Хизб ут-Тахрир дүйнө мусулмандарын ойготууда чынчыл булак болуп иштеп келе жатат жана 1953-жылы улуу аалым, казы жана муфаккир аалым, Азхар бүтүрүүчүсү, Палестинадагы мубарак жерден чыккан шейх Такийуддин Набхани (рахимахуллах) негиздегенден бери пайгамбарлык тарикатта бекем туруу менен аракеттенүүдө.

Акырында, биз Индиядагы мусулмандарды алардын улуу ата-бабаларын эскерүүгө чакырабыз. Шейх Саййид Ахмад Шахид, шейх Шах Валиуллах Дехлеви, шейх Ахмад Сарханди жана Шейхул-Хинд Махмуд аль-Хасан Дьюбанди (рахимахумуллах). Алар ислам үммөтүнүн улуулугун кайтаруу үчүн жанын аябай курман болушкан жана ошол жолдо каза болушкан. Ошондуктан, көтөрүлгүлө, оо Индия мусулмандары! Экинчи Халифалыкты орнотуу үчүн аракет кылгыла, жана Аллах жолунда эч кимдин сын-пикиринен коркпогула!

Аллах Таала айтты:

﴿يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللهُ إِلَّا أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ﴾

«Алар Алланын нурун (тактап айтканда, Исламды) ооздору (пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат. Алла болсо, каапырлар каалашпаса да, Өз нурун (динин) толо (ар тарапка) жайуучу». (Саф сүрөсү, 8-аят)

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

20.06.2025

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button